Акбар Рыскулов: Чыгармамды жазам деп бир ай гана, чыны, бүтпөй жүрөмүн жыл айлана.

Кыргызстан картасы Карап көрчү Кыргызстан картасын!.. Калкыбызга канча сыймык артасың: өрөөн, жайлоо, төрдү көр, көлдөр, суулар, мөңгүлөр көрккө бөлөйт Ала-Тоонун аркасын!   Карап көрчү Кыргызстан картасын!.. Капаны да, жапаны да тартасың: чек араны чечейтип, кең араны кекейтип, кескендерди кайсы Кудай алкасын?!   Кайра кара Кыргызстан картасын!.. колго кармап кайчы, кылыч, балтасын, Этек-жеңди өөнөгөн, Эшик-төрдү жөөлөгөн кас душмандан казыр дагы жалкасың!   Карап көрсөң Кыргызстан картасын, Көз алдыңа Кумай кушту тартасың: бир канаты кетилип, бир канаты жетилип, бийик зоого сүйөп турат аркасын!   Кумай кушту – “феникс” дейт гректер, Кудай жазса, толугу менен…..

Сагын Акматбекова: Келет ырлар, бири озунуп, биринен… Ыр даарыган келет менин күндөрүм.

29 …Көчө бойлоп өттү бирөө. Дабирөө Өттү чуркап. Токтоп турган автобус Жаан алдында тура берди кыймылсыз. …А биз кечки чайга олтуруп жатканбыз.   Жамгыр менен жалбырактар туш-туштан Жаай берди, жаай берди, бир кышка Эшик ачып, жаан артынан кар түштү Калың түштү.   Турду автобус турган бойдон козголбой. Бирин-серин өттү жандап бирөөлөр. … А биз таңкы чайга олтуруп жатканбыз.   Унутулган автобустай… айнектей Теңи сынык, тентип кирген, шамал, кар Баары башка, баары бөлөк… Мен сага Айтчу сөздүн жылуу учугун таба албайм.   30 Тамак ичпей жатып алды. Сай жактан суу ташкындап, толугу менен…..

Данияр Исанов: Менин бир эле диним бар. Ал менин – абийирим!

Сага (Эссе) Турмушта сагыныч болбосо, анда адамдар бири-биринин баркын билбей калышмак. Көпчүлүк адамдар: «сагынычтан өткөн азап барбы, адамды санаага салып саргайтып жиберет» – дешет. А мен тескерисинче, сагынычтан жашарам. Жаша түбөлүк сагыныч! * * * «Күтүүдөн өткөн азап барбы?» – дешет айрымдар. Жакын адамыңды сабыркап, санаага малына күткөндүн өзү канчалык рахат экенин айрымдары баамдабай калышат окшобойбу. Күтүү да, сагыныч сыяктуу жакыныңдын караанын алда канча аруу көрсөтө турган көрүнүш экенин эске түйө жүргөн дурус… * * * «Кудай кайда, барбы?» – деп бир канча ирет жаным кейигенде жаратканга акаарат айтып алган толугу менен…..

Махабат Алымбекова: Таш ташыган карыя

Таш ташыган карыя Кээ күндөрү комуздун муңайым дирилдеген үзүл-кесил добушу таң менен кошо теребелди термете баштайт, бул чөлкөмдөгүлөр ушуга көнүп деле калышкан, таң эрте мал-жанын жайытка айдаган чоң-кичине айыл этегинде жайгашкан, төбөсү жалпак, чакан тамдын жанынан кыйгай өтүп баратып комуздун күүсүн угуп өтүшөт. Мында жалгыз баш карыя күн кечирет. Бир күндө канча ирет кирип-чыгып күймөнөт ким билсин, бирок жалгыз жандын деле жашоо түйшүгү арбын кыязы, азын – оолак кой эчкисин эрмектеген болуп, караан туткан болуп, ошолорду үйүнүн жанындагы эле жайытка чыгаруу, кайра кечинде айдап келип короого киргизүү анын бул тирүүчүлүктө толугу менен…..

Болотбек Таштаналиев: Жагымсыз обондор, жугумсуз тексттер

Жагымсыз обондор, жугумсуз тексттер Обон кулактан кирип, бойду алыш үчүн ырдын тексти: ыргактары, уйкаштыктары жана мазмуну кыш кынагандай көзгө болумдуу, логикалык жактан айныксыз, обон да ошого ажайып, кулакка толумдуу болушу керек. Обон менен текст бирин бири толуктап турганда, ал өлбөс-өчпөс болуп калышы ыктымал. Эгер бири эле элдир-селдир болсо, анда ал бир жолу колдонулуп, ыргытылган буюмга айланат. Эсил кайран Бөкөнбай Боркеев обондуу ырлардын тексттеринин ашмалтайлыгы: эсте кала турган ырыстуу ыр саптарынын жоктугу, алешемдиги тууралуу маселени кабыргасынан коюп, кыргыз обончуларынын арасынан саналуулары, же тагыраагы таланттуулары гана ырдын текстине маани беришерин, а орто толугу менен…..

Гүлзада Станалиева: Мурза Гапаровдун Сакы бабасы

Сакы баба, Зардалы жана Айгүл гүлү  Мурза Гапаровдун нойгут уруусунан чыккан түпкү бабасы Сакынын тарыхын изилдейм деген изги максаты, тилекке каршы, ишке ашпай калган экен. Анын сценарийи менен тартылган “Бабалар өрөөнү” аттуу тасмасы ошол Сакы бабасынын атына багышталгандай. Буга тасмадагы баш каарманынын атын Сакы деп атаганы да айгине. Эмесе, биз Мурзакенин жаркын элесине арнап, жазуучу ушунчалык аздектеген Сакы бабасы туурасында, Зардалы туурасында жана керемет гүл Айгүл туурасында азыноолак кепке өтөлү. Кашкардан Зардалыга, Зардалыдан Ноокатка чейин… Мурзакенин түпкү атасы болгон Сакы баба, уламыштарга караганда, жакын тууган-туушкандары менен Кашкардан келип, алгач Ысык-Көл аймагын толугу менен…..

Аскар Медетов: Сын жана адабият илиминин күйдүргү көйгөйлөрү

Сын жана адабият илиминин күйдүргү көйгөйлөрү  Бийлик тарабынан наам-даражалар акын-жазуучуларга чачыладай эле таратылып жатат, ошондой март мамиленин аркасында алган наамына корстон болуп, ырдан ыр курап, аңгемеден аңгеме чүргөп, эпигончулуктун эпкининен бошоно албай жүргөн бир эл жазуучусу “Менин чыгармаларыма илим докторлору, член-корлор, академиктер пикир айтпай жатпайбы, мени изилдебей жатышат” деп ортосаар чыгармаларын колко кылып, илимдин “каймактарына” дооматы бар экенин айтып, бир журналистке маек берип жатканын угуп отуруп таң калдым. Наамына чиренген бул жазуучу эми мындай бир карапайым калемгер кокус ал жөнүндө жаза тайып, сын пикир айтып калса, “Мен эл жазуучусу болсом, толугу менен…..

Аалы Токомбаев: Даат

Даат (уламыш) Арашандын тентек шарынын боюнда аңгеме айтышып олтурдук. Абдулла аттуу жаш өзбек, өзүнүн кезеги менен бир сонун аңгеме сүйлөдү. Ал сүйлөөдөн илгери мага карап жылмайды да: –Мен сиз сыяктуу жазуучу эмесмин. Мен токуу фабрикасынын жаш инженеримин. Сөзүм көркөм чыкпаса, мага капа болбоңуздар? – деп жупунуланып кечирим сурады. Чынында Абдулла сөзгө чебер, мүнөзү сылык, кең көкүрөк, көркөм жигит болучу. Ал сүйлөгөндө ылайыгы менен колуна уруп, өзүн-өзү күүлөп олтура турган адаты бар эле. Ал аңгемени мындайча баштады… …Өткөн бир замандарда Акыл аке аттуу бир киши жашаган. Уурулар Акыл акенин сөзүн элден толугу менен…..

Нурлан Калыбеков: ТүркСОЙ адабиятка маани берип жатат

29-30-мартта Өзбекстандын Навои шаарында ТүркСой уюштурган Түрк жазуучулар уюмунун алгачкы жыйыны жана “Классикалык поэзия” фестивалы өттү. Фестивалдын алкагында “Түрк дүйнөсүнүн адабий берметтери” аттуу 100 томдук антологиянын бет ачары болду. Бул иш-чараларга Азербайжандын, Казакстандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын, Түркиянын, Татарстандын, Башкырстандын акын-жазуучулары катышты. Навоиде өткөн адабий жолугушуулар жана анын таасирлери тууралуу Кыргызстан жазуучулар биримдигинин төрагасы Нурлан Калыбеков менен Бурулкан Турдубек кызы Сарыгулова маектешти. -Өзбекстандын Навои шаарында өткөн түрк дүйнөсүнүн калемгерлеринин «Классикалык поэзия» фестивалы анын катышуучуларына шык берген демдүү, кадыр-барктуу иш-чара болду окшойт. Сиздин баамыңызда бул фестивалдын өзгөчөлүгү эмнеде болду? -Адабият менен искусствого Өзбекстандын толугу менен…..

Мусакун Сатыбалдиев: Дүмүр

Дүмүр Кышкы тоо. Бардык тарап акка тунуп, кандайдыр бир жымжырттыктын оор салмагына басырылгандай тунжурайт. Бийиктеп отуруп, асманга туташып кеткен сымал көрүнгөн тоо боорундагы жыш карагайлар ак тон кийген жоокерлердей былк этпей, сөөлөт күтүшөт. Алар ушул турушу менен эле адамдын жан-дүйнөсүнө бир тазалыкты, улуулукту, ыйыктыкты билгизбей, акырын тамчылатып тургандай. Анан ошол тамчылар тирилик, турмуш, тагдыр деп аталган көйгөйлөргө толгон нерселердин көкүрөккө катмарлана жыйылган кара тактарын агартып, кез-кези менен жан сыздата ооруткан дартты айыктырып жаткансыйт. Ушу саам бардыгы унутулуп, али жашоо, дүйнө жүгүнө биротоло тепселе элек жүрөгүнө бычактай тийген ачуу сөздөр, денесин толугу менен…..