Кубат Оторбаев: Аманат

Аманат (Аӊгеме) Ошол жылы Эркинбекке эс кирди… Мындан бир аз күн мурда эле таӊ заардан каш карайганча айылдын үй бетин көрбөгөн чыт курсактары менен бозала чаӊда оюндан колу бошобой, жашоо деген ушул экен дегенсип дооран сүрүп жүргөн. Эми күнүмдүгү таптакыр башка нукка түшкөнсүдү, турмушу таанылгыстай өзгөрдү. Ошол жайда Эркинбектин жан-дүйнөсү эле аӊтар-теӊтер болбостон өзүнүн да сырткы түспөлү кадересе башка адамга айлангансыды: бою теректей термелип, үстүӊкү эрдинин өйдө жагына балапан түктөрдүн ордуна кайраттуу кара кылдар темгилдеп, үнү корулдап, колдору аттиштей арбайып, далысы кеӊейди. Эӊ эле өзгөргөнү – анын жан-дүйнөсү болду. Ага толугу менен…..

Айдай Бекбоева: Момпосуй

Момпосуй Калима таттууларды абдан жакшы көрөт. Айрыкча ага жаңгак кошулган таттуу жагат. Эртең менен бакчага баратканда колунан таттуу түшпөйт. Бакчага жеткенде балдар аны тегеректеп, таттуудан көздөрүн албайт. Ал ансайын аларга мактана, жалгыз өзү жейт. Ата-энеси ага курбулары менен бөлүшүү керектигин түшүндүргөн. Бакчада тарбиячы эжеси да көп жолу айткан. Бирок… Жанында Адыл аттуу бала бар. Экөө кошуна. Ага ооз учунан: “Момпосуй жейсиңби?” демиш болот. Адыл момпосуйду оозуна эми сала берерде, кайра тартып алат. Таттуунун көп бөлүгүн жеп алат деп ойлойт ал ичинен. Чөнтөгү толтура момпосуй, бирок Калима эч ким менен бөлүшкүсү толугу менен…..

Мамат Сабыров: Жанат

Жанат (аңгеме) — Теперь здесь будет порядок, — деди Жанат. Пилоткасын куруна кыстарган кара-тору жигит ийнени шашпай сайып, погонуна старшинанын белгисин тагып атты. — Утром полковник Сидорчук присвоил мне звание и попросил обеспечить здесь порядок. Теперь будет железная дисциплина. А то совсем распустились… Бул учурда биз жаңы эле түшкү тамактануудан келгенбиз. Ачык капталдары шамалга желбиреген чатырлардын ичинде бутту сунуп коюп жатышкан студенттердин эч кимиси Жанаттын сөзүнүн чындык экендигине шек санашкан жок. Анткени, Жанат бир кезде Түркмөнстанда, биздин университеттин аскер кафедрасынын башчысы, полковник (ал кезде майор экен) Сидорчук командачылык кылган аскер толугу менен…..

Думан Рамазан: Көч

Көч Чындыкты билүү абдан кыйын, а аны айтыш андан да кыйын. Касиеттүү Хадистен. Кубарган боз талааны чаңга бөлөп узун-узун көч келет. Ат минген, төөгө жүк арткан, жөө-жалаңдаган адамдардын көчү. Алды жактагы сегиз ат чегилген алтын араба-чатырда ушу көчтүн башчысы Малбука көсөм үргүлөп отурат. Кашындагы айдай сулуу жаш токолу сырттагы сын-келбети келишкен жаш нөкөргө сүзүлө карап терезеге телмире түшөт. Шектүү шекинет дегендей, кайта-кайта күйөөсүнө көз кырын салып коёт. Алдыларында кашкалдактын каны куюлган кумура менен алтын табакка салынган кулжанын башы туру. Андан кийинки алты ат чегилген күмүш араба-чатырда көсөмдүн калган үч аялы толугу менен…..

Үрүниса Маматова: Ата-Мекен дегеним Атам экен, Атам байкуш алыста жатабы эсен?

Михаэль Лайтманга 1 Жакшыртууга дүйнөнү жанын үрөп, Жашоодо бир алоолоп жалын жүрөт. Опурталдуу көрүнгөн оолукманын Отурбайбы оюнан карын күрөп.   Адамзаттык бирдикти туру көздөп, Шайтанды да чакырып Улуу сөзгө. Жыландарды кийирмек ийинине, Жакшы, жумшак, ийиткен жылуу сөздө.   Жалын жүрөк бул киши баарын билет. Адамзаттын азабын, зарын билет. Ынтымак, – деп, бирдик, – деп какшай берип Жадап бүтсө, Кудайдын каарын билет.   Ойлорума ойлору туура келет, Түпкүлүгү биздин ой туура, демек. Чатак элге чарчабай, жадап бүтпөй, Жадап бүтпөй кеп-кеңеш кура берет.   Бөлүнбө, – деп, бирик, – деп какшай берет, толугу менен…..

Бейшебай Усубалиев: Таяк

Таяк (аңгеме) Уктатпачы мени, жазгы жаан, Жашыл дүйнө шаңын самайык (Айгул Узакова) Тунук акын Айгүл Узакованын жаркын элесине −Тим эле укмуш! Уксаң эми… Кичине көңүлдөнүп уксаң, тим эле укмуш ай!.. – деп аптыга сүйлөп, бирде каткырып, кайра эле бышактап ыйлап ийип жатып, бул окуяны бир кезде чогуу иштешкен Айгүл айтып берген эле. Көңүл коюп угумуш болуп отурганым менен, мен анда анча деле назар тиккен эмесмин. Көрсө… Окуя мындайча башталыптыр. Дөң-Алыш айылын өрдөй кеткен кара жолдо бир маршрутка келатты. Ичинде – жүргүнчүлөр. Бир кезде алды жактан үч караан көрүндү. Үчөө тең, убадалашып толугу менен…..

Сүйөркул Тургунбаев: Мезгилдин кайрагына өзүн чыңаган акын

Мезгилдин кайрагына өзүн чыңаган акын Өткөн доордун жетимишинчи-сексенинчи жылдарында кыргыз поэзиясынын асман-ырайын жаңыртып, шоокум-шарпа таратып, ургаалдуу бир толкун менен кирген калемгерлердин – Жолон Мамытовдун, Турар Кожомбердиевдин, Карымшак Ташбаевдин, Курбаналы Сабыровдун тобуна элибиздин байыртан берки көөнөрбөс, кыт куйгандай төл сөздөрүнө сугарылган чыгармалары менен Орозбай Көчкөнов кошулган эле. Акын чыгармачылыгынын алгачкы мезгилине мүнөздүү болгон жаштык демөөр, жашоо кумары, жарык дүйнө жарашыгы, өмүр сүргөн мезгили жана замандаштарынын жан дүйнөсүндөгү кубаныч-өкүнүчтөрүнүн купуя сырларын көркөм сөз кудуретине салып, образдуу ачып берүүдө ийгиликтерге жетишкен. Алгачкы “Бир түп дарак”, “Жарык дүйнө”, “Көрөңгө” аттуу китептеринен өрүш алган чыгармачылыктын толугу менен…..

Кубат Оторбаев: Бирок билбейм, сени көздөй баратам, Болаламбы бала кездей батымдуу?!

Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында акын, журналист К.Оторбаевдин “Гүлдөр күтөт” китебинин бет ачарына арналган кече болуп өттү. Чыгармачылык кечеге КР Мамлекеттик катчысы С.Касманбетов, Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков баштаган акын-жазуучулар, маданият ишмерлери, депутаттар, студенттер катышты. КР Эмгек сиңирген артисти Назым Мендебаиров режиссерлук кылган чыгармачылык кечеде автордун ырларын депутаттар, актерлор, акындар көркөм окуп, “Казыбек” поэмасынан үзүндү сахналаштырылды. Поэзия күйөрмандары К.Оторбаевдин ырларынан угуп, эс алып кайтышты. Кечени автордун сөзүнө жазылган обондуу ырлар коштоп турду. “Гүлдөр күтөт” китебинен айрым ырларды окурмандардын назарына сунуштайбыз. Айылым Жылдар алат, каталбайсың куракты, Баягыдай тарталбаймын улакты. Бирок толугу менен…..

Мирзохалим Каримов: Тирүүлөй жетим

Тирүүлөй жетим (кыскартылып алынды) Коңгуроо кагылаар замат тышта ары-бери чуркап, чурулдаган окуучулар бал аары сымак мектептин эшигине ыкталышып, ар кимиси өзүнүн классына кире баштаганда да Айзада партасынан карыш жылбай ойлуу олтурган. Мугалим кирери менен класстагы чурулдаган үн тып басылды. –Кана жай-жайыңарга отургула, сабакты улантабыз, ‑ чачы тармал, бели кумурсканыкындай ичке, өңү саал кызылыраак көрүнгөн жаш келин окуучуларына адаттагысындай астейдил тиктеди. Эми суроо-жооп өткөрөбүз. Мен суроо берем, а силер кезек менен так жана кыска жооп бересиңер. Антпесек, баарыңарга убакыт жетпей калат. Макулбу? –Макул эжеке! –Макул! –Анда баштадык: Каникулда ким каяка барды? Кантип толугу менен…..

Тыныстан Темиржан уулу: Мен муну азыр да түшүнбөйм

Мен муну азыр да түшүнбөйм Мен анда 4-5-класста болсом керек. Айылдаш бирөө үйлөнүп, шаардан бир топ коноктор келген. Үлпөт тойдун шаан-шөкөтүн бир аялдын чыйылдаган үнү бузду. Шаардан келген коноктордун бири экен. “Кызым, кызым” деп, жоолук учуна көз жашын аарчып алып, эне тооктой ары-бери кокуйлап басып жүрөт. Биз анча түшүнө бербей, тиги аялдын чөлдүк акцентине (Алайлыктар Оштун тегерегиндеги ысык аймактардын баарын чөл дейбиз) күлкүбүз келип, жардана карап турабыз. Аялдын же мас экени, же соо экени билинбейт, “кызым, кызым” деп эле чыйылдаганы-чыйылдаган. Көрсө байкуш неме ызы-чууда жанатан бери кызын таппай жүрүптүр. “Кайда толугу менен…..