Махабат Алымбекова: Таш ташыган карыя

Таш ташыган карыя Кээ күндөрү комуздун муңайым дирилдеген үзүл-кесил добушу таң менен кошо теребелди термете баштайт, бул чөлкөмдөгүлөр ушуга көнүп деле калышкан, таң эрте мал-жанын жайытка айдаган чоң-кичине айыл этегинде жайгашкан, төбөсү жалпак, чакан тамдын жанынан кыйгай өтүп баратып комуздун күүсүн угуп өтүшөт. Мында жалгыз баш карыя күн кечирет. Бир күндө канча ирет кирип-чыгып күймөнөт ким билсин, бирок жалгыз жандын деле жашоо түйшүгү арбын кыязы, азын – оолак кой эчкисин эрмектеген болуп, караан туткан болуп, ошолорду үйүнүн жанындагы эле жайытка чыгаруу, кайра кечинде айдап келип короого киргизүү анын бул тирүүчүлүктө толугу менен…..