Сагын Акматбекова: Келет ырлар, бири озунуп, биринен… Ыр даарыган келет менин күндөрүм.

29

…Көчө бойлоп өттү бирөө. Дабирөө

Өттү чуркап. Токтоп турган автобус

Жаан алдында тура берди кыймылсыз.

…А биз кечки чайга олтуруп жатканбыз.

 

Жамгыр менен жалбырактар туш-туштан

Жаай берди, жаай берди, бир кышка

Эшик ачып, жаан артынан кар түштү

Калың түштү.

 

Турду автобус турган бойдон козголбой.

Бирин-серин өттү жандап бирөөлөр.

… А биз таңкы чайга олтуруп жатканбыз.

 

Унутулган автобустай… айнектей

Теңи сынык, тентип кирген, шамал, кар

Баары башка, баары бөлөк… Мен сага

Айтчу сөздүн жылуу учугун таба албайм.

 

30

Тамак ичпей жатып алды.

Сай жактан суу ташкындап, шамал урду.

Уй мөөрөп, ат кошкуруп, ит улуду.

Табагына тумшугун да малбады.

Түн басты айлананы.

Дөбөлөр дөң үстүндө тунжурашты…

 

Чакырдым эртесинде. Ой-чуңкурдан

Издедим. Сураштырдым көрүнгөндөн.

Түн кирди кайра дагы.

Ай чыкты. Ат кошкурду.

Сай жактан суу ташкындап, шамал урду.

 

Кабылан ошол бойдон кайрылган жок.

…О канча жоготууну баш кечирди

Андан бери!

 

31

Карга конуп карайган бир даракка

Кар чакырат. А мен жалгыз бараткан

Жолоочудай… бир кайрылып үңүлдүм,

Из жоголгон, иңир кирген тарапка.

 

Топ караган тоң шамалга ыргалат,

Ыргалат да, ыргалат да ырдалат

Бул турмушта баскан бардык жолдорум,

Бул турмушта кечкен бардык сууларым.

 

Ошол жолдор айрыгында айрылган

Сен бирөө элең… араз дагы, кайгы да

Унутулуп… кайттык шүгүр, дүйнөгө

Бир тазарып, жазгы жааган жамгырдай.

 

32

Тобун бузбай толкуп көктө бараткан,

Толкундатып бизди жерден караткан,

Каркыралар, кетесиңер каякка?

Каркыралар, келесиңер каяктан?

 

Жапыс учсаң улам жерге жакындап,

Жакшылыкка жоруйм түздөп ойумду.

Бийик учсаң улам бийик калкылдап,

Жакшылыкка дале баарын жоруймун.

 

“Жарыктыктар, болсун шыдыр жолуңар..”

Деп энекем күңгүрөнүп калчу эле.

“Жарыктыктар, болсун шыдыр жолуңар…”

Десем менин көзүмө ысык жаш келет.

 

Тобун ушул былтыркыбы, бөлөкпү?

Толук бекен бир уялаш, катарлаш?

Көкүрөгүм толуп муңга себепсиз,

Көктү тиктейм көздөрүмө толуп жаш.

 

33

… Керексиз бир буюм өңдүү денемди

Сулк таштадым керебетке, таштадым.

Эч нерсеге көңүл келбейт. Жүрөк бош.

Же бир кубанч, же бир өкүнч болсочу!

 

Токсон толкуп, токсон сууган көкүрөк,

Бошодуңбу, кандай жүктөн бошодуң?

Өтөп бүткөн жарыктагы жашоосун

Өткөн күздүн жалбырагы окшодум.

 

 Өскөн жер

… Жазда келдим жашыл чагың сагынтып,

Жайнап тосту жака-жээгин агын сууң.

Күздө келдим күрөң чагың сагынтып,

Күңгүрөнүп тосту алдыман агын сууң.

 

Тоо-түзүңө бир гана ирет кайрыла

Конуп өткөн куш да балким, сагынат.

Баалаганга баары чынар-багыңдын…

Калтыраткан аязың да жагымдуу.

 

Бурулушта… тыңдарыңдын бир даары

Булгап сууңду билгениңдей дуулады.

Өлкөм, өлкөм! Өчүп-күйгөн жылдардын

Өлөңдөрү, ырдала элек ырлары.

 

*****

… Күз да келет. Күз келет деп сүйүнөм,

Күүсүн туюп, булкуй согот жүрөгүм,

Келет ырлар, бири озунуп, биринен…

Ыр даарыган келет менин күндөрүм.

 

Келет ырлар. Келемин деп айттырбайт.

Турсун белен кагаз менен калемсап

Кай учурда келсе дагы. Алтүндө

Күйүп турсун курбум жашыл шамчырак.

 

… Эс да, жан да эркин турсун баарынан:

Кайгы-муңдан эт жүрөктү каарыган,

Жеңил достон, жеке душман заарынан.

Эс да, жан да эркин турсун баарынан.

 

Келет ырлар. Келет тагдыр сыяктуу,

Кээде жарык, кээде күңүрт жолдору.

Түгөнбөгөн түйшүктөрдөн убак таап,

Мен үлгүрүп жазып калсам болгону.

 

 Кызыма

… Балам, сен төрөлөөрдө

Күз маалы эле.

Жатканмын ооруканада дарыланып.

… Ар таңда терезеден сыртты карап,

Жарыкка сен келүүчү күндү санап,

Жатканда көзгө урунчу көчө учунан

Келаткан жалгыз караан.

Күн алыс күн чыгарбай келип турган

Ал болчу менин апам…

… Төрөлдүң түн ичинде

Кашыңа чейин жетип өскөн экен

Капкара калың чачың.

Тартышып сени дагы таразага

Алып кетишкен

Балдардын бөлмөсү деп

Аталган палатага.

… Үнүңдү таанычумун жазбай айрып

Тең баштап, тең жарышып, ызылдашып

Ыйлаган көп баланын арасынан.

 

… Күбүлгөн жалбырактар

Күз маалы эле.

 

Мен анда окучу элем Москвада.

 

Күн алыс жамгыр жаачу, булут көччү.

Көзүмө Тверь көчө

Элестечү…

Кетким келчү.

II

… Тоо түбүндө, ойдуңдагы айылда

Бир жапыс там, атакемдин тамы эле.

Ээн-жайкын эшигинин алдында

Сиңдим тиккен бир кара өрүк бар эле.

 

… Туйлап жүрөк кайда ашыктык, ким билет.

Канып-канбай балалыктын ойунуна,

Катар тарап, канат-куйрук бир күүлөп,

Биз учканбыз ошол тоонун койнунан.

 

Тоонун башын туман басса күүгүмдөп,

Ойдуңга тез түшөр эле караңгы…

Өзгөрбөгөн көкүрөктө сүйүүм да,

Муңум дагы ошол тоолор, каралдым!

 

… Бороон-карлуу боорлорунда көмүлүү

Боорлорум көп, а дүйнөдөн жолугаар.

Колдон келсе, алып барып сөөгүмү

Мен өлгөндө, ошол тоого койуңар.

 

Күкүк сайрап, гүл гүлдөгөн кез кана?

Көңүл да аңыз сыяктанат бош калган.

Жакшы кабар угулчудай эрте-кеч

Жапайы каз учуп келчү жактардан.

 

Бул болбосо тигил кырдын артында…

Каяктандыр кыйкуу салат каркыра.

Көрүнгөнсүйт көз уялткан бакты да

Эртеңкинин күндөрүнөн жаркырап.

 

Кыйрын каптап, бойлойт түздү боз чалгын.

Боз чалгындан келет деми жаш кырдын.

Эстебесим басып келер эске алып,

Бул болбосо башка өмүрдө кез бардыр.

 

***

… Үйдөсүңбү, жолдосуңбу? Бир муңдуу

Сен да мендей ойдосуңбу, о досум.

Биз экөөбүз бирге кечкен … ким билди?

Ушул ак кар былтыркы кар болбосун.

 

… Келсек бир кез кереметтүү бу жайга

Кетерибиз анык экен акыры.

Ким эле деп, кайда эми деп сурабай

Мына ушул кар жаай берер акырын.

 

… Жылт-этип жанып туруп жарыктан

Жылдыз сымал учканыбыз мейли эле.

Дил табышса, тил табыша алышпай,

Кадыр-көңүл калтырыштык эмнеге?

 

… Кездер болгон ар бир чыккан күнүбүз

Кем сезилген бирибизсиз бирибиз.

Сен өзүңчө турмуш куруп… Капырай!

Мен өзүмчө жашап эле жүрөбүз.

 

… Жаралган соң жарыкчылык шаарына,

Жанмак да бар, өчмөк да бар баарыга…

Акканындай ага берет мезгилдер,

Абалкы кар жаай берет дайыма.