Данияр Исанов: Менин бир эле диним бар. Ал менин – абийирим!

Сага

(Эссе)

Турмушта сагыныч болбосо, анда адамдар бири-биринин баркын билбей калышмак. Көпчүлүк адамдар: «сагынычтан өткөн азап барбы, адамды санаага салып саргайтып жиберет» – дешет. А мен тескерисинче, сагынычтан жашарам. Жаша түбөлүк сагыныч!

* * *

«Күтүүдөн өткөн азап барбы?» – дешет айрымдар. Жакын адамыңды сабыркап, санаага малына күткөндүн өзү канчалык рахат экенин айрымдары баамдабай калышат окшобойбу. Күтүү да, сагыныч сыяктуу жакыныңдын караанын алда канча аруу көрсөтө турган көрүнүш экенин эске түйө жүргөн дурус…

* * *

«Кудай кайда, барбы?» – деп бир канча ирет жаным кейигенде жаратканга акаарат айтып алган учурларым болду. Ошол саам да, эмнегедир Кудай жүрөгүмдөн чыкпай туруп алганын жакшы билем.

* * *

Алдындагы арактан тартып ийип: «түбүбүзгө ушул арак жетет!» – деди мукам үндүү обончу досум. Саамга анын муңдуу каректерин тиктеп олтуруп, чын ыкластан айтып жатканына ынандым. Айтканындай, ошол досум эртеси арактын айынанбы же тагдырдын жазмышынанбы, жалган жашоого түкүрүп туруп кете берди.

* * *

Дин – адамдын башын айланткан апийим! – деген Ленин. Сүйүү да апийим сыяктуу. Бар болгон айырмасы апийим заматта акылды алса, а сүйүү алгач жүрөктү ээлеп, күч алып кетсе соңунда апийим тариздүү акылды алып коет.

* * *

Менин бир эле диним бар. Ал менин – абийирим!

* * *

Адам өзүнө карата айтылган чындыкты эч качан мойнуна албайт. Качан гана ажал сааты жакындаганда, чындыктын эмне экенин түшүнөт.

* * *

Бейиш – энелердин таман алдында дейбиз. Эне мээримине эч нерсе теңдешсиз дейбиз. А дейбиз, бу дейбиз. Баары бир тирүүлүктө эне баркын биле албай келебиз…

* * *

Кыргыз башка элдерден момундугу менен, кең пейилдиги менен, каарына келгенде баатырдыгы менен, батылдыгы менен айырмаланат деп жүрүшөт. Ошону менен бирге сөз байлыгы менен да айырмаланат болушу керек.

«Кепиниң өрттөнсүн», «өлүкканаңды көрөйүн», «кара башыңа көрүнсүн», «балаңдын боор этин жеп кал» д.у.с. сөздөрдү угуп олтуруп, дүйнөдө бир да эл кыргыз элиндей душманын үрөйдү учурта каргай албаса керек деген бүтүмгө келдим. Каргыш сөздөргө чынында кыргыз – бай…

* * *

Жаным кейип иштен кайтып келе жатсам, коляскада олтурган эки буту жоон санынан жок киши: «кайрым кыл, бурадар!» – дейт. Ал кишиден айырмаланып бар болгон байлыгым – он эким мүчөмдүн түгөл экенин эстеп, жанатан кейип жаткан жаным, көңүлүм чайыттай ачыла түштү. Ошого каниет дедим…

* * *

Мурда «байлык колдун кири!» – дешчү адамдар. Азыр ушул сөздү эч ким айтпайт, кашайып…

* * *

Кайсы бир майрамда аянтка чыксам, калың элдин көпчүлүгү майрам шааниси кылып, калп жылмайышса дагы көздөрү ыйлап турушканын көрүп, ошондон кийин шаан-шөкөттөрдө аянтка барганды койдум. Көр турмуш калың элдин жонунан кайыш тилип жаткан замана…

* * *

Акыл үйрөткөндү жакшы көрөбүз, өзүбүз акыл үйрөнбөй туруп…

* * *

Мага турмушунда оор сокку жеген адамдар менен сүйлөшкөн кыйла жеңилирээк. Турмуштан жабыркаган жаралуу жандар гана жаман адаттардан оолак качат эмеспи.

* * *

Мен өзүмдү бактылуу жандардын катарына кошом. Себеби жүрөгүмө өкүнүч да, кубаныч да, сүйүү да батат…

* * *

Ыйлагандын көзү жаман дегенге, кошула албайм. Мерез адамдар гана  ыйлашпайт…

* * *

Такымын тарап, турмушта алчы-таасын жеген тапандардан корком.

* * *

Сокис курбум туура айтат: «Жок, мен андай адам эмесмин дегендер, ошондой адамдар!» – деп.

* * *

Жер бетинен адамдагы бардык илдет-сыркоону алып туруп, боорукерлик деген илдетке чалдыктырып койсо – эң сонун болмок.

* * *

Мактоо сөзгө семирип кеткен көп жанды көрдүм, асти, арыктап кеткен адамды көрө албай койдум.

* * *

– Сүйүүнүн сүрөтүн тартып бераласыңбы? – деп төбөсү элге көрүнгөн сүрөтчүгө кайрылсам, жооп бералбай мукактанып калды.

* * *

Сүйүү – деген сөздүн өзү сүрдүү. Азыркы тапта ушул сөздү сүрдөшпөй айткан адамдарга таңданам.

* * *

Оттору күйүшпөй калып, ажырашып кетишти! – деди бири. Жакшынакай эле күйчү, күйүп-күйүп атып оттору күлгө айланып калды да дедим.

* * *

Бир мыкты жөндөп кага албай убара болуп жатканымды көрүп, өлүм алдында жаткан энем оор энтигип, ачуу үшкүрдү:

– Ай, балам, ай, кантээр экенсиң?! Калем кармашты го билесиң, кашайып, балка кармаганды билбей жатпайсыңбы!?

* * *

Энемди түбөлүк жайга узатып жатып жана бир тиктедим. Жакшы адамдар өлгөндө сулуу көрүнөт деген, чын окшойт. Энемдин жүзүнөн нур чачырап, жылмайып турат. Мындай сулуу аялды эч жерден көргөн эмесмин. Атүгүл, оорунун азабын аябай тартып, жаны кейип турганда да ажарынан жанчу эмес. Ушуну эстегенде, жанымды коёрго жай таппай кетем. Кудай энемди жаратканда, сулуулугуна кошо ички дүйнөсүн да бай кылып жараткан тура!? – деп, көп ойлончу болдум…

* * *

Үйлөнгөнүнө бир ай болбой жатып, көңүлү чөгүп турган досума кайрат айттым:

–Досум, көп кейий бербечи! Үйлөнгөндөн кийин да арасында бир аз, бир аз жакшы күндөрүң деле болот!

* * *

Жаңы үйлөнгөн жаш жубайлардын үлпөтүндө олтурушуп, кубанычтары коюндарына батпаган адамдарды карап: «Булар эмнесине сүйүнүп жатышат? Жашоо опурталдуу экенин, жаш жубайлар алдыда канча ашуу ашып, жол басаарын бир эстеп коюшпайбы?! – дедим.

* * *

Ар бир таанышкан адамымдын алгач көзүнө үңүлө тиктегенди адат кылып алдым. Биринин көз нуру өчүп калган. Биринин көз оту жанат. Биринин көзүнөн заар чачырайт. Көздөрдү тиктеп олтуруп, көп нерсени үйрөнүүгө болоорун баамдадым.

* * *

Эки саат ээги-ээгине тийбей сүйлөп жаткан адамды көрүп алып: “мынчалык сөз байлыгын кайдан жүрүп топтогон?” – деп тан бердим.

* * *

«Тий-тий десең тийбейт, тийбе-тийбе десең тиет» – деген табышмакты кыргыз текей терип жүрүп чыгарбаганын түшүндүм. Сыягы, адамдын ички табигый түзүлүшүн терең түшүнүп, турмуштан каныккан кайсы бир кыргыз ойчулу ойлоп чыгарып койсо керек. Аны биз бир өңүттөн карап алып, баланын табышмагы катары санап жүргөн турбайбызбы, кургурдуку. Адам табияты да дал ушул табышмак сыңары «ай, жаман иш жасаба» деп буйрусаң жаман ишке барып, «жаман иш жаса» десең жаман иштен оолак качкан кокуй-наалаттардан болот эмеспизби…

* * *

Ар качан кыялдын жетегинде жүргөнүмдү көрүп, жаны кашайган атам:

–Ой, булут минип жүрө бербей жерге түшсөң боло, байболгур! – деди.

–Жерге түшкөндөн коркуп жатсам кантейин, ата!

* * *

Жер бети жексен болмоюн, эзели тынчтык орнобой калды сыяктанат…

* * *

Жүрөгүмдү тыңшап жаткан доктурга:

–Жүрөгүм эмне деп сүйлөп, эмне деп ыйлап жатканын алдыгы сиздин аппарат айтып бералабы? – дедим.

* * *

Көз доктурдун кабылдамасында олтуруп, башыма бир ой кылт этти. Азыркы технологиянын аркасында, көз оорунун бир канча илдеттерин оппоңой дарылап коюшканы менен көзүн май басып, көпкөлөң тартышкан адамдарды сакайта албай жаткышканын карачы?!

* * *

– Эмне? Тааныбай калгансыңбы? Же көзгө илбей калдыңбы? – деп, таарына түштү эски таанышым. Жумуштан чыгып келаткам. Ыңгайсыздана түштүм. Чындап эле тааныбай калыпмын. Анын үстүнө көз айнегим да жок эле. Кечээ балам көз айнегим менен ойноп атып, сындырып алган. Көз айнеги жок узакка көз чаптыра албай убара болгонумду, кай бирде тааныштарым ушундан улам мага таарынышаарын, дегеле ушулардын баарын төкпөй-чачпай айтып олтуруунун кажети жок экенин ойлоп, экиге окуган окуучудай анын алдында шылкыйып тура бердим. Аздан соң көзүмдүн көрүүсү начар экениме чындап көзү жеттиби, кайра мурдакыдай барбалаңдап сүйлөшкөнгө аракет кылды. Бирок, менин көңүлүм көп нерсеге ооруп турганынан коштошуп, жолума түштүм…

* * *

Күн уясына батып барат. Кадам таштап жатып күндүн бүгүн өтө тез ылдамдык менен өткөндүгүнө таңыркай, бала кезде убакыт мындай зуулдап тез өтпөчү эле деген ойго кабылдым. Балким, мунун баарына адамды айран-таң калтырган өнүккөн технология күнөөлүү болуп жатпасын?! Мурда бир күн кечке көп иштер бүтөр эле. Азыр бир күндө бир ишти араң бүткөрүп үлгүрөсүң. Шордуу Күн! – дедим, алоолоп кызарган Күндүн соңку нуруна көзүм тойбой.

Өткөндө Күндөн кубат алып үйдүн ичин жылыта турган нерсе ойлоп табышканын укканда, көз көргөн нерсенин баарын жалмап бүтүп, эми сени да соруп түгөткөнү калдыкпы деп, Күндөн көзүмдү ирмебей көпкө тиктегем.

Оо, Улуу Күн! Сенден кубат алып, сенин аптабыңа жылынып, мээримиңе канып, сенин алдыңда көзүбүз эч нерсеге тойбой келатканыбыз үчүн бизди, кечир!?

* * *

–Ой, буту-ум! Көзүң барбы? Көзүңө карабайсыңбы! – деди, чырайлуу кыз автобустун ичиндеги жымжырттыкты жара, маңдайында турган жигиттин олдоксон кыймылына жаны кашайып. Кыздын үнү терезеге тигилип өз ойлору менен алек болуп бараткан жүргүнчүлөрдү жалт каратты. Ойлору үзүлгөн жүргүнчүлөрдүн бири кызга үңүлсө, бирлери олдоксон жигиттин оозуна карап телмиришет.

–Кечиресиз, карындаш! Байкабай басып алдым! – деди, жигит ыңгайсызданып.

–Байкаш керек! Көзүңдү чоң ачып жүрбөйсүңбү! – деди, кыз бутунун ооруганы дале басылбай. Саамдан кийин автобус ичи кайрадан жымжырттыкка оролду. Бири автобустун терезесине көз чаптырса, бирлери айланасындагы бири-бирине көз салып.

Көздөр…Көздөр…

Көздүн ичине көп ой түнөп… Көрүп турган нерсе гана батпастан, аалам түгөлү менен батып…

* * *

–Көзү жаман экен, каапырдын! – деди, телевизорду тешиле тиктеп олтурган кемпир.

–Ии-й, чоң апа! Жөн көрчү! Сөздөрүн укпай калдым! – деди, небереси.

–Ии-й, түрүң соолгур! Кокуй, өлтүрдү! Ап, байкуш ай-йе! Жаш эле неме экен, өлүп калды, шордуу! Көзү ачык кетти! Жашоого тойбой кетти, кургур! – деди, кемпир көздөрүнөн жашы агып…

* * *

–Ой, деги балээ болду го! Чоңдоруң биздин көзүбүзчө бирди айтып, анан өзүлөрүнчө бирди айтып, кечке эле жаш балача алдай беришеби, ыя?

–???

–Кандай эле буларың байлыкка, бийликке көздөрү бозоруп, тойбой турат, ыя? Ой, баарына эле көз арта беришеби?!

–???

– Ой, көзүм толук жетти! Өстүрөт экен деп кыйын сүйлөгөнүнөн башчы кылсак, анысы көзү тойбой жеп-жутуп, анан заматта көздөн кайым болду…

* * *

–Экинчи мындай кылбай жүр! – деди, жетекчиси орун басарына үнүн өктөм чыгара.

–Ооба, ооба, сөзсүз! Экинчи андай кылбайм! – деди, орун басары.

–Мунусун кечирдим! Болуптур, бул кылганыңа көз жуумп койдум! – деди, жетекчиси.

–Рахмат, бул жакшылыгыңызды унутпайм! – деди, орун басары.

Кожоюну орун басарына карата аябай ак көңүл экенин, анын дайыма тетири иштерди кылып жүргөнүн көрүп турса да көрмөксөнгө салып, калк алдында калп урушумуш болуп койчу. Орун басары алдыда турган дагы бир иши үчүн кожоюнунун бармак басты, көз кысты кылып коёрун, экөө табакташ экенин ойлоп ичинен жымыңдап алды…

* * *

–Аялым көз жарды! – деп кудуңдаганынан коңшубуздукуна кире калсак, кубанычы койнуна батпай барпалаңдап тосуп алды. Элдин турмушу сыяктуу эле дасторкону мукурап турса да анын көңүлү тоюп, ымыркайынын жарыкка келгенине жетине албай сүйүнүчтөн көздөрү чачырап турду.

–Келгиле, алдыңардагы чөйчөктөн калтырбай алып койгула! Менин бүгүн кубанычымда чек жок…

–Туура, туура!  – дешти, коңшу-колоңдор жабыла.

–Анда алдыңардагы чөйчөктөн алып койгула! – деди, коңшум жамажайы жарыла.

–Атын ким койдуң! – деди, бир коңшубуз капталдан алып.

–Атын өлкөнүн көзгө басар уулдарынан болсун деп Бекболсун койдум!

–Аа, эмнеге Бекболсун? – деди, бир коңшума ымыркайга коюлган ысым анча жага бербей.

–Ой, уулум эр жеткенде көзү тойбос мыкчыгерлерди жазалаган сот болсун дейм. Өз ишин мыкты билген көзү жетик болсун дейм! – деди, коңшум алдындагы шараптан көңтөрүп ийип.

–Мм, дурус! – деди, чоң кызматта иштегенине алты ай аяк баспай, катар-катар унааларды алган бир коңшубуз көзүнүн төбөсү менен карап…

* * *

Каралдым, келишкен келбетиңе, айдай жүзүңө деги көзүм тойсочу! – деди, жигит чырайлуу кызды кабыштыра кармап.

–Кой, анчалык суктана бербе! Менден да өткөн сулуулар бар! – деди, кыз көздөрүн жоодурата.

–Жок, сенден өткөн сулууну көрө элекмин! – деди, жигит чөк түшө калып, көздөрүн алайта.

–Анткорлонбо! Жаныңды жеп жатасың! – деди, кыз жигиттин көздөрүнөн көздөрүн албай.

–Ой, чын! Калп айтсам куруюн, мен! – деди, жигит.

–Анан эмне жана мени колтуктап баратып, көчөдөгү кыздарга көзүң аккыча тешилип тиктеп жатасың? – деди, кыз бултуңдап.

–Ой, эми көз болгон соң тиктейт экенсиң да. Экинчи сенден башка бир да кызды карабайм! Эгер карасам, көзүм соолусун! – деди, жигит кыздын тизесине башын жөлөп, көчөдө аркы-терки өткөн кыздардын буттарынан көздөрүн алалбай…

* * *

Баш кошоор алдында жигит кыздын манжаларын бек кармап:

–Жаркыным менин! Көркөмүңө деги көз тойбойт! – деди, энтигип. Анан арадан айлар агып, жылдар узаганда:

–Тойдум сага! Деги көрөйүн деген көзүм жок! – деди, колун булкуп…

* * *

         –Бала чакта кыштын узак түндөрүндө атамдын тизесине башым жөлөп, таң агарып аткыча айылыбыз менен Сулайман ырчынын «Саринжи-Бөкөй», «Кожожаш» дастандарын угар элек.

–Сулайман ырчы деген ким? – дээр элем, чоң атамдын сөзүн бөлүп.

–Ал атам менен тамыр болчу?

–Тамыр деген эмне? – дээр элем элейип.

–Тамыр деп досту айтат. Айылга келгенде биздикине түшөр эле. Казанда эт кайнап, эл этке деле анчалык этибар албастан ырчынын көмөкөйүнөн чыккан добушка магдырап, ал эми Сулайман ырчы дастандарын тынымсыз баяндап, айтор, сонун эле заман болуптур. Сулайман ырчы кадимки Алымкул төкмөнүн устаты болгон. Токтогулдун замандашы! – дечү, чоң атам. Анан, көзүнөн кай бирде жылт деп тамган көз жашын алаканы менен аарчып, узакка унчукпай олтуруп калар эле. Ким билсин, балким, эми кайра кайтпаган балалыгын эстеп ичинен кейип аткандыр деп, мен да чоң атамды өзү сөз баштамайынча көпкө тиктеп олтура берээр элем. Саамдан кийин алыста калган балалыгына бир аз көз чаптырып болуп, анан эсине келгендей:

–Ээ, балам! – деп, үшкүрүнүп алат да, кайра:

–Андагы таң агарып аткыча ыр уккан элдин азыр бири жок. Кожожаштын аскада калганын, кайберендин каргышын уккан эл чыдай албай көздөрүнөн буурчак-буурчак жаштарын төгүп, баары шолоктоп ыйлашчу эле. Көрсө, ыр укканды да, ыйлаганды да билишчү тура. Анда адамдар боорукер экен! – деп менин башыман сылай, кайрадан тунжурап ойго батып кетчү. А, мен тунжурап олтурган чоң атамдан көз айырбай көпкө дейре тиктеп олтурганды жактырчумун…

* * *

Бала чагымда ой багып жашаган аксакалдарды көп учуратар элем. Азыр негедир ой багып жашаган адамдар сейрек учурачу болду. Мурдараак менин элим башка элдерден айырмаланып ой баккан, ойду кастарлаган улуттарга кирет деп ар качан сыймыктанар элем.

Ар күнү аткан таңда башын жаңыдан көтөрүп жер үстүнө жарыгын чачайын деген Күн менен учурашып атып, журтубуздун көрө турган күнү менен түнү туурасында бир саам ойго батып кетмей адатым бар. Биздин бабалар сөз баккан, анан ой баккан, көкүрөгүн тунук сактап, ар намысын аскар тоодой кармаган улут эле, уюткубуз, уңгубуз ыйык эле, анан неге мындай заманга туш болуп, кайырдиндер каптап кетти экен деген ойлор күн санап жаныма тынчтык бербей келет…

* * *

–Ой мени сойду! – деди, колундагы кырдуу стаканды көңтөрүп ийип, ачуу үшкүрүнгөн бир аракеч. Аны чындап эле ой союп таштаганын, ойдун аркасы менен учурунда чоң максаттарга жетип, бир кездерде бир чоң мекеменин чоңу болуп, анан турмуштун бир соккусуна туруштук бералбай ачуусун, ызасын, арманын тең бөлүшчү бир гана арак деп аны эш тутуп ээрчитип жүргөнүн, бир кездерде айланасында көзүнүн агы менен кошо айланган кошоматчылар ар күнү кой союп берип атканы менен көрсө, ошол койлору, анан арам ойлору аркылуу мунун өзүн да акырын союп жатканын анда аңдабай жүрө берип, мезгил өтүп кеч түшүнгөнүнө арман кылып, көздөрүнөн буурчак-буурчак жаштарын агызып жатты…

* * *

Кетирген кемчилигим үчүн албетте, уялам… Жана Жараткан алдында жооп берүүгө толук даярмын!

* * *

Коркок адамдарды көпчүлүк жек көрүшөрү ырас. А мен коркок адамдарды урматтайм. Табиятынан коркок жаралган адамдардын ыпылас иш жасагандан да коркуп турушкандарына, эчен курдай күбө болгон жайым бар.

* * *

Мен бир күлкүчү кызды жакшы билем. Качан көрбө каткырып-күлүп, шатыра-шатман жүрөт. Ошого жараша көп да ыйлайт, кургур!

* * *

8-март… Алдыда эрди-катын баратты.

–Мага эмне белек алып бересиң, алтыным? – деди аял жалооруй.

«Алтыным, кечирчи! Акча болсо, атаңгөрү?!» – деген кепти айтат экен деп, эркектин кебине кулак төшөсөм:

–Жөн басчы! Эми сеники жетишпей тургансып! – деп бурк этти эри.

* * *

Өзүм жөнүндө жакшы пикир айтуудан алысмын. Анткени, көзүмө ириде – өзүмдүн кемчиликтерим көрүнөт.

* * *

Мен үчүн эң чоң жоготуу, кетирген каталарымды кайра кайталап алгандыгым.

* * *

Акчанын артынан адам тоголонбой, адамдын артынан акча тоголоноор болсочу!

* * *

Эринчээктиктин айынан эрдимди ит жалаган күндөр көп болду.

* * *

Ыкшоолук боюнча тажрыйбалуу адис катарында айтам:

–“Бүгүнкү ишти “эртең бүтүрөм” деген ой башыңа келээр замат, эртеңки ишиң бүрсүгүнкүгө калаарын эскертем.

* * *

Сазайыңды колуңа кармата турган убаракерчиликтүү бир жумуш бар – “убада берүү” деген…

* * *

Чөнтөкчү бирөөнүн чөнтөгүнө кол сунуп баратып: “Оо, Кудай! Бүгүн үйгө олжолуу кайтсам экен!” – деп, Жаратканга жалбарыптыр…

* * *

–Үйлөнгүчө сени далай күттүм эле, үйлөнгөн соң мени жумалап күтүп атканың үчүн кечирим сурайм! – дептир күйөөсү аялына…

*  * *

Аялы күйөөсүнө:

–Эсиңдеби? Сен мага үйлөнө электе эмне деген гана убадаларды бердиң эле?

–Ооба… Асманда турган айды, алыста турган алтын тоону алып берем дегем!

–Анан эмне болду?

–Табиятка каршы күрөш жүргүзүштүн өзү күнөө экенин сездим!

* * *

Турмушту ыйлап атып каткырып, каткырып атып ыйлап ийгендей абалда кабыл алыш керек…

* * *

Жашоодо: “Бактылуумун” дегендер да, “бактысызмын” дегендер да өзүлөрүн алдап жашагандар…

* * *

–Кудайды карасаң боло! – деп, коркуткандардын өзүлөрү – Кудайды карабай туруп айтышканын көрүп алып, үрөйүм учту.

* * *

“Бүгүн 31-декабрь. Жаңы Жыл. Бардык балдар жана кыздар көчөгө майрамдашканы кетишкен. Бөлмөдө жалгыз мен эле калгам!” – деген жазууну жатакананын бир бөлмөсүндөгү дубалдан окуп алып ким жазса да, демек, бул адам шапар тепкени кетишкен бардык курбуларынан алдаганча өйдө тураарын, адамдар 365 күндүн кай бирлерин кызыл кылып боеп алышып өзүлөрүн жаш балача алдап жатышканын, тирүүлүктүн ар бир мүнөтү адам баласы үчүн майрам сезилишин сезген акылы сергек неме жазыптыр деп урматтап калдым.

* * *

Үйдө жатканда, көчөдө баратканда, жумушта олтурганда, алтургай, кимдир бирөө менен чер жазыша аңгемелешип жатып көңүлүм куунак олтурган маалда да, жан адамга билгизбей ичтен ыйлаганга жана ырдаганга үйрөнгөм.

* * *

Ким көп ырдап, шатыра-шатман жүрсө, демек, ал адам дайым ыйлап жүрөт деп кабыл алам. Ал эми көп ыйлагандар – кубаныч деген Улуу майрамга жетишке аз калгандар деп түшүнөм.

* * *

Атагы алыска угулган жеке ишкерлердин бири менен маектешип олтурсам:

–Мен эч нерседен коркпойм! – деди, сөз арасында.

–Коюңузчу! Кантип эч нерседен коркпойсуз? Сизде коркуу сезими жашабайбы? – деп аң-таң болдум.

–Ооба! Менде коркуу деген сезим жок. Мына ушул жашка келгичекти эч нерседен коркуп көргөн эмесмин. Баарынын таш-талканын чыгара алам! – деп эрдемсиди. Анын спорт тармагында да бир топ аброй топтогон билеги жоон неме экенин билчүмүн. Жеке ишкерлигин сакташтын айла-амалдарын издеп убайым жээрин, бийлик менен байлыкка кулдук уруп жүргөнүнө караганда, демек, бардык нерседен корккон суу жүрөк экен деп түшүндүм.

* * *

Өлүмдөн коркпогон баатырлардын катарына үстүндө үйү жок, үйрүп алаар кийими да жок селсаяктарды да кошууга болот. Анткени, алардын жогото турган эч нерсеси жок.

*  * *

Ырга ышкылуу бир адам:

–Мен бул кызды унуталбай аябай жүдөдүм. Сүйүп калдым! – деди, өңү-түсү көпчүлүктү өзүнө имере ала турган бир бийкечтин сүрөтүн мага сунуп.

–Ооба, сүйүп кала тургандай эле бар экен! – дедим. “Анан ал кишинин жашы элүүдөн эңкейип баратканын, “оболу, мен ал кыздын сүйүүсүнө татыктуумунбу?” – деген өңдүү суроолорду өзүңүзгө узатып көрсөңүз кантет?” – деп айтууга камынып баратып, кайра анын улуулугун урматтагандыктан, оюм айтылбаган бойдон кала берди. Чөгүп турган көңүлүн огобетер жабыркатып албайын дедим. Ал адам турмушунда беш ирет үйлөнүп, бешөөнөн тең жолу болбой жалгыз күн кечирип жаткан чагы эле.

Арадан апта өткөрбөй зарыл жумуштар менен барып калсам:

–Мен бул кызсыз таптакыр жашай албайм! Ишенесиңби иничек, сүйүп калдым! – деди, мага чөнтөгүнөн сүрөт алып чыгып жатып. «Ооба, өткөндө эле айтпадыңыз беле?! Көргөм, ал кыздын сүрөтүн, сулуу кыз болчу!» – деп айтайын дегичекти болбой, колума кайрадан жалгыз сүрөттү кармата салды. Көрүп алып, чоочуй түштүм. Сүрөттө өткөндөгүдөн бөлөк, жамалы жанган бир бийкеч бизди жылмая тиктеп туруптур…

* * *

“Ата Журт үчүн өлүмгө да даярмын!” – деп төшүн койгулаган адамдарга караганда, кериле кетмен чапкан бир дыйкандын Ата Журтуна кошкон салымы – опол тоодой.

* * *

Кыязы, биз бир нерсени жакшы түшүнө албай убара болуп аткандайбыз. Жаш төкмөйүн – жашоо уланбай тургандыгын…

* * *

“Өлүмдөн коркпош керек!” – деп айткан менен тирүүлүктө өлүмдөн өткөн сүрдүү нерсе жок…

* * *

–Ата! Асманда канча Кудай бар? – деп, суроо узатты алты жашар уулум.

–Билбейм! Санап көрбөпмүн го?! – дедим башка жооп табалбай. Жер үстүндө адамдар тутунган диндерине, ырым-жырымдарына карата Жаратканды да майдалап, бөлүп-жарып алышканы туурасында ойго чөмүлдүм.

–Ата! Кудай асманда олтурабы? – деди, уулум Көктү тиктей.

–Ооба! – дедим жооп кайтара.

–Ал эмне, кечке чарчабай асманда эле олтура береби? Качан жерге түшөт? – деди, кайрадан мени жарга такай. Кудай жөнүндө күнүгө эле ойлоно бербеген пендечилик сапаттарыма ардана түштүм да, анан чындап эле Кудай качан жерге түшөт деген суроонун айланасында ой жоруп көрүп, коркуп кеттим. Чындап жерге түшсө, анда кандай алаамат болуп кетээрин, буга дейре жасаган жана жасала турган тоодой күнөөлөрүбүздү көрүп күбө болгон Кудай кантип гана түтөт болду экен деп жүрөгүм туйлап кетти. Анан, ыпылас турмуштун казанына кайнай элек уулумдун жооп күтүп элейе тиктеген туптунук көздөрүнө тик багып карай албай, каректерим жерге кадалды:

–Билбейм, балам! Балким, биз Кудай жерге түшүп келген учурларын байкабай калып, каарына калып атсак керек?! – дегенден башка сөз айталбадым.

* * *

Бала кезден чогуу өскөн бир досум турмуш курганга чейин Кудайды издеп, аябай азап тартты. Алгач ата-энесинин айткан насааттары менен болуп, кийин кандайдыр бир себеп менен христиан дининдеги агымдардын бирине баш ийип, Иса пайгамбарга таазим этип кетти. Ал жактан да Кудайды табалбай азап чектиби, айтор, акыры жүрүп олтуруп ислам динине баш буруп, беш маал намазын үзбөй окуганга үйрөндү.

Бирок, аны менен өткөн жылкы болгон жолугушуу, мен үчүн аябай кызык жагдайды жаратты. Алдында турган шарапты бир дем менен көңтөрүп ийди да, менин кандай суроо берээримди алдын ала баамдай коюп:

–Кээде анча-мынча шараптан ууртап койсо, Кудай деле кечирет! – деди.

–Кечке эле кечире береби?! – дедим элейе тиктеп…

* * *

Кеч күүгүм… Иштен кайтып келатам. Сыягы, Батыштан келген диний агартуучулардын бири го, жолумду торой өзүлөрүнүн диний ишеними гана башкалардыкынан алда канча улук экенин айтып, бир нече убакыт Кудай жөнүндө маалымат берип:

–Азыртан ойлон, кийин кеч болуп калат! Кудайды издеп көрчү? – деди.

–Көкүрөктө жүрсө, көчөдөн издеп не кылам! – деп атып араң кутулдум.

* * *

–Досум! Мага жардам кылып, аялдамага дейре жеткирип, анан автобустун номурун айтып коесузбу! – деди, жашы мен курдуу азиз жигит колундагы таягын ташка койгулай. Колунан жетелеп аялдамага алпардым. Аз убакыт ичинде аңгемелешкенге үлгүрдүк:

–Ээ, досум! Мага таң калып жатат окшойсуң!? – деди. Чынында ичимден аны аяп, айланадагы көз жоосун алган кооздукка биз сыяктуу эч качан суктана албасын ойлой, өкүнүп жаткам.

–Ооба! Аяп жатам сизди! – дедим.

–Эмнеге? – деди.

–Албетте, өкүнүчтүү! Азыр көчөдө жаз. Жазга кошулуп көчөдөгү кыздарды көргөн эркектердин бардыгы мас! – дедим.

–Ха-ха-ха! – менин сөзүм ага жакты окшойт!? Чын дити менен каткырып алды.

–Андай эмес! – деди, күлкүсү токтогон соң – Силер айлананын бардыгын башкача кабылдайсыңар! Көзүңөр тойбойт силердин! – деди, олуттуу тарта түшүп.

–Чын эле! Бул жагынан алганда силерге баа берсе болот экен! – дедим, анын оюна толук кошулуп, айланага, көр дүйнөгө, көчөдө аркы-терки өтүшкөн чырайлуу кыздардын жүздөрүнө тойбогон көздөрүмдү ачып-жумуп, ачып-жумуп…

* * *

           Бизге кошуна жашаган бир адам бар эле. Жашы элүүгө жетпей оорунун айынан аркы дүйнөгө кете берди. Башкалардан айырмаланып ал кошунам дудук эле. Көчөбүздүн чаңын кечип, бир үйдөн бир үйгө учуп кирип, учуп чыккан ушак сөздөрдүн бирин да укпай, эч ким менен жаман айтып жаакташпай, көкүрөгүн тунук сактап, жаны Көккө учуп кетти…

* * *

Өзү эзели оор жумуш жасап көрбөгөн аткаминер бир адам карала-торала болуп иштеп жаткан жумушчуларга карап акыл үйрөтүп жатты:

–Ок, кокуй, оо-й! Күрөктүн сабын бекем кармабайсыңбы! Ошентип да кармайт бекен? – деди, салаңдаган курсагын тырмап. Дагы биртике туруп:

–Атаны катыгүн, ээ-й! Бу силер мурда иштеп көргөнсүңөрбү өзү?! – деди кышылдап араң дем ала. Кара жумуш менен алектенген эки карапайым адам эриндерин тиштене араң карманышып жатты. Акыл үйрөткөн аткаминер ары узаган соң:

–Бизге акыл үйрөткөндөн көрө, курсагын дурустап көтөрүп жүрсө болот эле! – деди, бири кыжына.

* * *

–Сегиз жолу үйлөндүм. Эми дагы ажырашканы жатам!– дейт, жаңы таанышкан бир адам.

– Анчалык эмне болду? – дедим, таңыркап.

–Ой, башында көзүмө өөн учурачу ушул адат. Анан эки-үч жолу ажырашкан соң кадимкидей көнө түшөт экенсиң.

–Ар бир жолу ажырашып атып, байкуш аялдардын убалына калып атам деп кейибейсизби?

–Алар менин убалыма калып атышат!

* * *

–Суранам! Мага: “Сүйүү деген эмне?” – деп, суроо бербесеңиз!?

–Эмнеге?

–Качан: “Сүйүүгө тойдум!” – дегенде гана жооп берчү маселе бул!

* * *

–Таанышып алыңыз! Бул менин ойношум! – деди, бир таанышым чырайлуу кызды тааныштырып жатып.

–Ойнош дебеңизчи, көңүлдөш деп айтсаңыз, кулакка жагымдуу угулат! – деди, көңүлдөшү жадырай.

* * *

–Каралдым, мага сенин шыңк эткен күлкүң, оймоктой оозуң, анан карагаттай көздөрүң жагат!

–А мага сенин, м-мм?

–Эмнем жагат?

–Айткандан уялып жатам…

* * *

Колунан көөрү төгүлгөн жыгач устанын үйүнөн чыгып бараттым.

–Коё тур, узатып коёюн! – деп дарбазасына жетип, каалгасын ачалбай кыйлага убара болду. Бир маалда эскилиги жетип какжырап турган дарбаза талп этип жерге кулап түштү:

–Өтүксүз өтүкчү деген ушу! – деди, күлкүсүн кайда катаарын билбей.

* * *

–Кыйратам! – деп атып, кыйрап калыптыр…

* * *

Казактын ээн талаасын аралап автобус толо жүргүнчүлөр бараттык. Алдыңкы катардан орун алган кызымтал жигит жанындагы бейтааныш кызга таанышуунун айласын табалбай азап чегип жатты. Уктамыш болгон жигит кыздын ийинине башын жөлөөр замат кыз чок баскандай ордунан чоочуп турду.

–Эмне болуп кетти? – деди, жигит анткорлоно.

–Жөлөнбөй эле олтуруңузчу! – деди, кыз өтүнүп.

– Кыргызчылыгыңыз барбы? – деди, жигит ажыкыздана.

–Жок! – деди кыз.

–Эч тартынба! Ачык айт… Кыргызчылыгыңыз болсо, азыр казактын талаасында бара жатабыз. Анча-мынча казакчылык кыла коёбуз, – деди, жигит жадырай.

* * *

–Кыргыз базарга чыгат дегени эмнеси? – деп, таенем соодагерлик менен алектенген бир кемпирди жектегени дале эсимде. Ал кемпир керелден-кечке короосуна жашылча-жемиш эгип, көк сатып оокат кылчу. Азыр кыргыз көктү да, акты да сата баштаганы жанды кейитет. Кыргыз кымыз сатканда оңбой калат го деген ой, көкүрөктү эзет. Жолдо бараткан жолоочуга айран-сүтүн ала чуркаган доорлорду көз алдыма бир элестетип алып кусаланам. Анан туруп ошол пейил бала чактагы айылдын аксакалдары менен кошо кеткенине өкүнөм. Башына калайман заман түшүп, согуштун ачарчылык кездеринде да кымызын сатпаган кыргыз эми кызын да кошо сатып, пейилин да сатып түгөтүп бүткөнү калды окшойт деген ой ок болуп мээге кадалат…

* * *

Акчасы ашып-ташкан жеке ишкерге жардам сурап кайрылган жарды адам маанайы чөгүп:

–Тишиңдин кирин соруп кал! – деп, каалгасын карс жаап чыгып кетти.

* * *

Буйрубасын! Менде кайдагы акча! – деп, какшанып атып, каткан акчасынын бардыгы буйрубай калыптыр дейт…

* * *

Анда мен өлөм! – деп, коркутканды өнөр көргөн уулунун сөзүнө тойгон ата-эне:

–Каралдым! Биз билгенден сен эки жүз жолу өлүп тирилдиң. Эми сен түбөлүк өлбөс адамга айландың! – дептир.

* * *

–Аялды бекем кармаш керек! – деп, сүйлөгөндөрдүн көпчүлүгү, аялына бекем кармалып жүргөнүн көп көрдүм.

* * *

Карт бойдок өз арманын айтып жатты:

–Ылайыктуу кыз издеп жүрүп, жашымдан да, чачымдан да айрылдым!

* * *

–Чачы узун кызга үйлөнөм деп атып, акылы кыскага туш болдум! – дейт…

* * *

–Мен сени эч качан кор кылбайм! – деп жүрүп, өзү кордоп бүттү…

* * *

Ичкенин, кусканын, анан канча кыздын шоруна калганын мактанган эркектер көбөйүп барат…

* * *

Ийменгенди билбегендер – ийилгендерди тепселеп кетүүдө…

* * *

Акчасы көп бир адам:

–Менин акчам көп. Кары-картаңдарга, жетим-жесирлерге, жарды-жалчыларга анда-санда жардам берип коём. Кийин тигил дүйнөгө барганда Кудай менден:

–Кана, кандай соопчулук иштерди жасадың? – деп сураганында, ушуларды санап берем го! – дейт, өзүнө өзү канааттана…

2007-ж. Май. 2010-ж. Май.