
Мезгил канатындагы поэзия Кыргыз адабиятында чоң таланттар учурунда бааланбайт. Нукура поэзиянын бийик үлгүлөрүн жараткан А.Осмонов, О.Султанов, Т.Мукановдордун чыгармачылык тагдыры мунун айкын далили. Поэзиянын бул үч залкарынын көркөм дүйнөсү, поэтикалык казынасы толугу менен изилдене элек, чети оюлган жок. Белгилүү акын Өмүрбек Тиллебаевдин чыгармачылыгы да ушундай тагдырга туш болду. Анын курбалдаш калемдештери эл акыны, эмгек сиңирген ишмер наамдарын алышты, томдуктарын чыгарып жатышат, сыйлыктарга ээ болушту. Бирок Өмүрбек андай сый-урматка бөлөнгөн жок. Анткени кыргыз коомунда наамды да, сыйлыкты да чуркаган алат, татыктуулардын эмгегин калыс баалап, “татыктуу” деп наам, сыйлык ыйгаруу чанда бир көрүнүш, толугу менен…..