Сагын Акматбекова: Келет ырлар, бири озунуп, биринен… Ыр даарыган келет менин күндөрүм.

29 …Көчө бойлоп өттү бирөө. Дабирөө Өттү чуркап. Токтоп турган автобус Жаан алдында тура берди кыймылсыз. …А биз кечки чайга олтуруп жатканбыз.   Жамгыр менен жалбырактар туш-туштан Жаай берди, жаай берди, бир кышка Эшик ачып, жаан артынан кар түштү Калың түштү.   Турду автобус турган бойдон козголбой. Бирин-серин өттү жандап бирөөлөр. … А биз таңкы чайга олтуруп жатканбыз.   Унутулган автобустай… айнектей Теңи сынык, тентип кирген, шамал, кар Баары башка, баары бөлөк… Мен сага Айтчу сөздүн жылуу учугун таба албайм.   30 Тамак ичпей жатып алды. Сай жактан суу ташкындап, толугу менен…..

Бурулкан Сарыгулова: Нысабы кем ушул кымкуут дүйнөнүн, Бийик болуу деген менен иши эмне.

Түстүү күз Сары, кызыл, буруу  түс Быйыл мынча сулуу күз! Бариктерге баркыттай, Суктандык ээ, быйыл биз.   Күрөң, ала, апарман, Түстөр чыгат катардан. Бак жылаңач. Түптөрү Ала кийиздей жасалган.   Кудум чоктой албырат, Көчө толгон жалбырак Өң алышса Күн менен, Кудум алтын жаркырак.   Күз көшүлөт, күн күлөт. Орундалды миң тилек. Далай жигит жанашты Сулууларга үлбүрөк.   Кечки күз Чыйрыктырып тулкусун кечки күздүн, Чыргоолонот капкачан оңгон сезим. Көкүрөктүн үлпүлдөк деми кайтып, Көңүл күздөй муңайып турган кези.   Телмирет жайдак калган мырза терек, Баарынан чарчап турган жамалыма. Боштукту көңүлдөгү толтурчудай, Жабышат толугу менен…..

Сагын Акматбекова: Кайда качам өзүмдөн, кайда качам?

Акматбекова Сагын эжени февраль айындагы туулган күнү менен куттуктап, ден-соолук каалап, чыгармаларын окурмандарга сунуштайбыз. Аманчылыкта болуңуз эже! ***** “Көк көшөгө көшөгө эмес түрүлгөн Түпсүз асман болду, — дешип келишти, — Кол чабуудан бүт жылдызы күбүлгөн…”   Эскен шамал, эркин куштар жөнүндө Сени өзгөчө ырдады деп келишти. Кышты тосуп олтурганда мен үйдө.   “Бир аз, бир аз дирилдеген үнүндө Бир аз, бир аз санаа бар, — деп келишти, — Бир аз, бир аз тумандуу күз түнүндөй.”   “Концерт бүтүп, чыксак түндө көчөгө, Кыш келиптир тез эле, — деп келишти, — Плащ толугу менен…..

Бектуруш Салгамани: Кечээ гана сүлкүлдөп жүргөн бакта, кайда менин күз деген коңур атым?

Кайда менин күз деген коңур атым? Сөөлөтүнө, көркүнө тоюп дайым, сук артчусуң көргөнүң, жолукканың. Кечээ гана сүлкүлдөп жүргөн бакта, кайда менин күз деген коңур атым?   Туйлачу ээлеп тоо, кыр, бак, шүдүгөрдү, токчулуктун, төр, дандын жыты келчү. Тула бою, тердиги – күмүш эле, токуганмын күн түспөл күмүш ээрди.   Күмүш – жүгөн, чылбыры башындагы, күмүш, мистен болчу – үртүк, жабуулары. Шыңгырачу да күмүш үзөңгүсү, шуулдап турчу жел, шамал жалындагы.   Күндөп-түндөп айкырып, кишинечү, кишинесе жер, асман титиречү. Чапсам дегем көк бөрү, улактарда! – чыктым бактан табалбай изин эми.   Уктап толугу менен…..

Айзат Кудайберди кызы: Кан көчөдө басып жүрөм, аралап жалбырактын өлүп жаткан денесин…

Кудайберди кызы Айзат Ош облусунун Араван районуна караштуу Кичик-Алай айылында 2003-жылы жарык дүйнөгө келген. Учурда Т.Осмонов атындагы №25-орто мектебинин 10-классынын окуучусу. ******** 17 жыл жашап койгон өмүрдө, Болду да эки нерсе: Ыр жаздым, Адам сүйдүм. Ыр жаздым, Адам сүйдүм. Менин эч ким жолумду тосо алган жок, Мага эч ким каршылык кыла алган жок. Эч кимге баш ийбедим, Кечирим сурабадым. Сүйгөндөр сүйүлбөдү. Мени эч ким унутпады, А бирок унутулду Дүйнө мага…   Тилектер миң өзгөрдү, Мен да өзгөрдүм. Бутум салсам деңиз суусуна, көк асманга сүрөт тартсам, Алаканым ысыса кумдун табынан, көпөлөктөй толугу менен…..