“Ыр өмүр” аттуу поэзия кечеси өтөт

Урматтуу поэзия күйөрмандары, Кадырлуу калемдештер, 14-май күнү Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында “Ыр өмүр” аттуу поэзия муза кечеси өтөт. Келип, ыр угуп, ырахат алып кетиңиздер. С.Акматбекова, К.Бакиров, Р.Исаков, Ж.Исабаева, А.Исмаилов, Н.Өмүрбаева, Б.Келдибаев, М.Жангазиев, Б.Нурлан кызы, С.Турдубек уулу, М.Жумадилова, А.Кудайберди кызы ыр окушат. Кечени обондуу ырлар коштойт. Китеп жарманкеси, сиз сүйгөн автор менен сүрөткө түшүп алуу үчүн фотозона уюштурулат. Билет баасы 500 сом. Бир билетке бир китеп (“Күүгүмдөгү күү” С.Акматбекова) белекке берилет. Булардын бардыгы бир гана сиз үчүн. Келиңиздер.

С.Жапаров: “Ар бир калемгерге, чыгармачыл инсандарга шарт түзбөсөк руханий ачкачылыкты жоё албайбыз.”

КР Президенти С.Жапаровдун 2021-жылдын 27-февралында көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдыгына арналып өткөрүлгөн салтанаттуу иш-чарада сүйлөгөн сөзүнөн үзүндү.

КР Эл жазуучусу Орозбек Айтымбетовго 75 жыл

Жазуучу, драматург жана тарыхчы Орозбек Айтымбетов көзү тирүү болгондо 75 жашка чыкмак. Ал 1947-жылы 16-августта Ысык-Көл районундагы Сары-Камыш айылында туулган. 1964- жылы Балыкчы шаарындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы он бир жылдык орто мектепти бүткөндөн кийин ошол калаадагы кеме чарбасында матрос, ушул шаар менен аскердик гарнизондун футболдук тандалма командасында келишим боюнча оюнчу – тренер, “Тамчы” совхозунун курулуш бригадасында жумушчу, “Союзпечаттын” Ысык-Көл райондук агентствосунда эксплуатациялык иштер боюнча инструктору болуп иштеген. 1966-67 – жылдарда Токмок шаарындагы улуттук мектептер үчүн орус тил мугалимдерин даярдоочу бир жылдык окуу жайды ийгиликтүү аяктагандан кийин өз айлында, Ат-Башы жана Кочкор толугу менен…..

“Жаш толкун 2022” II республикалык поэзия сынагы старт алды

Жарыя! «Чыныбай Турсунбеков атындагы фонд» Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун колдоосу менен “Жаш Толкун 2022” II республикалык поэзия сынагын жарыялайт. Сынакка 18 жаштан 35 жашка чейинки жаш акындар катыша алышат. Конкурстук чыгармалар 2022 – жылдын 15 – июнуна чейин кабыл алынат. Байге фонду 200 000 сом. Конкурстук арыздар fond.tursunbekov@gmail.com электрондук почта аркылуу же Кулиев көчөсү № 2, почта индекси 720010 дарегине жиберилиши зарыл. Сурап билүү үчүн телефондор0312 658-658, 0557 27-23-07. Так маалыматты фонддун соц. тармактагы баракчасынан жана КР Улуттук жазуучулар союзунун интернет баракчасынан алсаңыздар болот.

Кыргыз Республикасынын Эл акыны Токтосун Самудинов менен маек

Кыргыз Республикасынын Эл акыны Токтосун Самудинов менен пародиялары, 40 жылдан бери үзгүлтүксүз чыгып келе жаткан балдардын сүйүктүү “Байчечекей” журналы, замандаштары жөнүндөгү маектин биринчи бөлүгүн сунуштайбыз. КР Улуттук жазуучулар союзунун ютуб каналына катталып, пикир калтырып, колдоо көрсөтүп туруңуздар.

Аскар Медетов: Азыркы эл акындары – орто заар поэзиянын өкүлдөрү

Кыргыз адабиятынын азыркы абалы кандай? Учурда адабияттын жүгүн көтөрүп, жоопкерчилигин алып жүргөндөр кимдер? Бул суроолор боюнча адабиятчы Аскар Медетовго кайрылып, жооп издеп көрдүк. Чогуу күбө болуңуздар.

Керимбек Кадыракунов: Бир тамчы

Бир тамчы Кылтайды тоодон күн чыгып, кыймылдан “тырс” деп үн чыгып. Бой түзөйт гүлдөр, жатты эле, шүүдүрүм басып тумчугуп.   Көлкүлдөп күндөн жашынбай, мөлтүлдөп жылып шашылбай. Бойлоду гүлдүн сабагын, бир тамчы көздүн жашындай.   Таркатар бойго кубатты, алмашар айлап сугатты. Бүт өмүр күткөн бир учур, кез келген балким убак бу.   Татканып тамчы мүрөктөй, кулпунду гүлгө кир өтпөй. Алыстап кетти айдарым, арманда калып бир өппөй.