Миргуль Текешова: Р.Шүкүрбеков жана Ч.Айтматов: орток идеялык-эстетикалык табылгалар

Райкан Шүкүрбековдун 110 жылдыгына Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналат Р.Шүкүрбеков жана Ч.Айтматов: орток идеялык-эстетикалык табылгалар Биринчиси белгилүү акын-сатирик, экинчиси жазуучу-философ, ортолорунда орток эмне болушу мүмкүн деген суроо туулары бышык. Бирок талант сыры ошондо тура, курч чыгармачылык туюм, эрк, көрөгөчтүк, жасалмалуулуктан алыс турмуштун таза сүрөтү, мына ушул нерселер орток болушу толук мүмкүн. Р.Шүкүрбеков адам турмушуна жат, нравалык-этикалык түшүнүктөргө сыйбаган, коомдогу терс көрүнүштөрдү мыскылдап, келекелеп, аллегориялуу, каймана мааниде, кээде ачык эле шылдың-сатира менен чагылдырган, же поэзиянын учкул кайрыктары, чагылгандай курч учкундары менен тартылып өткөн турмуш картиналары, Ч.Айтматовдо кара сөздүн кубаты менен ташка толугу менен…..

Үмүт Култаева: Түрк тилдүү элдердин фольклордук чыгармаларындагы эпикалык салттуулук маселеси

Түрк тилдүү элдердин фольклордук чыгармаларындагы эпикалык салттуулук маселеси (фольклорист-этнограф С.Т.Кайыповдун изилдөөлөрүнүн мисалында) Аннотация. Макалада түрк тилдүү элдердин фольклордук чыгармаларындагы эпикалык салттуулук фольклорист, текстолог С.Т. Кайыповдун изилдөөлөрүнүн материалында талдоого алынат. Окумуштуунун эмгектеринде изилдөөгө жасаган жекече мамилеси, колдонгон методдорунун негизинде жараткан илимий табылгалары фольклористикадагы жаңылык болгондугу илимий жактан аныкталат жана анын түрк тилдүү элдердин оозеки чыгармаларын мындан ары изилдөөлөргө үлгү болуучу сабактарына тиешелүү баа берилет. Тектеш элдердин оозеки чыгармаларындагы  эпикалык салттардын маданий баарлашууну өнүктүрүүгө, илимий изилдөөлөрдүн келечегине оң таасир этүүчү ролу талдоого алынат. Түйүндүү сөздөр. Эпикалык салттуулук, салыштырма-типологиялык, этногенез, этномаданият, этнография, архивдик толугу менен…..

Үмүт Култаева: Карыя наркы – калыстык

Карыя наркы – калыстык (Б.Мурзубраимовдун “Элдин келечеги өзүнүн жана аны ээрчите билген лидерлердин колунда” макаласын окуганда …) Кылым карыткан кыргыз элинде карыянын наркы анын калыстыгы менен бааланган. Чындыкты айтып турган кыргыздын аксакалдары калбай калгандай абалда турганыбызда, академик Бектемир Мурзубраимовдун “Эркин-Тоо” газетасынын 13-октябрдагы санына чыккан макаласы булуттан чыккан айдай эле болду окшойт. Аны окуп, тайманбай чынын айткан, эмгекти так баалаган калыс карыядан элибиз кур эмес экендигине кубандым. Маалымат сели каптаган азыркы доордун опурталдуу өнүгүү тенденциясынын таасириби же кутумчулук кыргыздын канындабы, бийлик менен элдин ортосундагы мамилеге бүлүк салган пикирлер кийинки кезде жаандан толугу менен…..

Исамидин уулу Бектурали: Айтпаса ким билет, жасабаса ким көрөт…?

Айтпаса ким билет, жасабаса ким көрөт…?  Кылымдын кыйыр жолунда кылычтын мизине, найзанын учуна, жебенин огуна, душмандын сүрүнө, наадандын запкысына, узуну канча болсо, туурасы да ошончо болушун каалаган державалардын кысымына карабай улуттун улуулугун даңазалап, ушул күнгө чейинки урпактарга урабай жетип келген тилибизге жүз ыраазы, миң таазим кылам. Жанын садага чаап, тилибиз үчүн тике туруп өлүмдү тосуп алган аталарыбыздын арбагы, руху бизден ыраазы болсун, бирок бул айтканга оңой болгону менен аткарууга келгенде опол тоодой оор, нар төөгө жүктөсөк араң көтөрө алгыс жоопкерчилик турат. Албетте, ар жылы эле тилибиз үчүн миңдеген суммалар, балким толугу менен…..

Зинакан Пасаңова: Залкар акындын музасы, акын жана романист Меңди Мамазаирова 80 жашта

Залкар акындын музасы, акын жана романист Меңди Мамазаирова 80 жашта Белгилүү акын-жазуучу, драматург, Кыргыз Эл акыны Менди Мамазаирова эженин кыргыз адабиятында өзгөчө орду бар. Залкар талант Жолон Мамытовдун музасы, татыктуу жары жана акындын адабий казынасынын мураскору болуу милдети эженин жеке чыгармачылыгын арткы планга сүрүп коюшу мүмкүн эле. Бирок, оргуштаган талант менен чыгармачылык эргүү Меңди эжеге тынчтык бермек эмес. Көөдөндү ургулаган жаратмандык ышкы, турмуштун миң тамырынын сокконун туйган сезимталдык, сергек эс-акыл жана профессионал инсандардын ордосуна жаштайынан аралашып калуу тагдыры кыргыз адабиятына таланттуу калемгерди берди. Меңди Мамазаирова кыргыз окурмандарына 70-жылдары тааныла баштаса, ошол убакыттан бери көркөм сөз өнөрдүн жүгүн моюбай көтөрүп, калемгерлердин сап толугу менен…..

Эрлан Жумагазиев: «Улуу мурас» – улуттук өзөк менен замандын талабын айкалыштырган китеп

«Улуу мурас» – улуттук өзөк менен замандын талабын айкалыштырган китеп Элдик оозеки чыгармачылыкты изилдөө, жыйноо, топтоо, басмадан чыгаруу бүгүн эле баштала калган жери жок. Айталы, XIX кылымда «Манас» эпосун эң алгач кагазга түшүргөн казак Чокан Валихановду, ошол эле кылымда кыргыздын элдик чыгармаларын топтоого эмгек сиңирген немис Василий (туулганда коюлган аты Фридрих) Радловду, XX кылымдын башында кыргыз жеринде элдик чыгармаларды жазып алуучулар ийримин түптөгөн башкыр Каюм Мифтаковду, Сагынбайдын артынан сая түшүп жүрүп, сан-миң саптуу «Манасын» кагазга түшүрүп алган Ыбырайым Абдрахмановду, XX кылымдын башында кыргыз жерине келип, азыр аты аңызга айланган андагы эчен толугу менен…..

Гүлзада Станалиева: Мурза Гапаровдун Сакы бабасы

Сакы баба, Зардалы жана Айгүл гүлү  Мурза Гапаровдун нойгут уруусунан чыккан түпкү бабасы Сакынын тарыхын изилдейм деген изги максаты, тилекке каршы, ишке ашпай калган экен. Анын сценарийи менен тартылган “Бабалар өрөөнү” аттуу тасмасы ошол Сакы бабасынын атына багышталгандай. Буга тасмадагы баш каарманынын атын Сакы деп атаганы да айгине. Эмесе, биз Мурзакенин жаркын элесине арнап, жазуучу ушунчалык аздектеген Сакы бабасы туурасында, Зардалы туурасында жана керемет гүл Айгүл туурасында азыноолак кепке өтөлү. Кашкардан Зардалыга, Зардалыдан Ноокатка чейин… Мурзакенин түпкү атасы болгон Сакы баба, уламыштарга караганда, жакын тууган-туушкандары менен Кашкардан келип, алгач Ысык-Көл аймагын толугу менен…..

Тыныстан Темиржан уулу: Мен муну азыр да түшүнбөйм

Мен муну азыр да түшүнбөйм Мен анда 4-5-класста болсом керек. Айылдаш бирөө үйлөнүп, шаардан бир топ коноктор келген. Үлпөт тойдун шаан-шөкөтүн бир аялдын чыйылдаган үнү бузду. Шаардан келген коноктордун бири экен. “Кызым, кызым” деп, жоолук учуна көз жашын аарчып алып, эне тооктой ары-бери кокуйлап басып жүрөт. Биз анча түшүнө бербей, тиги аялдын чөлдүк акцентине (Алайлыктар Оштун тегерегиндеги ысык аймактардын баарын чөл дейбиз) күлкүбүз келип, жардана карап турабыз. Аялдын же мас экени, же соо экени билинбейт, “кызым, кызым” деп эле чыйылдаганы-чыйылдаган. Көрсө байкуш неме ызы-чууда жанатан бери кызын таппай жүрүптүр. “Кайда толугу менен…..

Эгемберди Эрматов: Сабырдуулук

Сабырдуулук * * * Кудай Тааланын токсон тогуз атынын бири – сабыр. Демек, сабырдуу болуу – актыкка жетүүчү жолду тандап алуу. Биз барга да, жокко да, ачка да, токко да сабыр-канаат кылуу менен адамдык аброюбузду түшүрбөй жүрүп ийгиликтерге жетишебиз. Бекеринен ата-бабаларыбыз: «Сабыр түбү сары алтын»,– деп айтпаган чыгар. Сабырдуу адам көп нерсеге жетишет. Оор басырыктуу, токтоо болот. Бирөөгө ойлонбой туруп сөз бербейт. Кызуукандыкка алдырбайт. Ушак-айың сөздөргө алынып кетпейт. Бирөөлөрдүн артынан кыянат сүйлөбөйт. Көп нерсеге кечиримдүү болот. * * * Сабыр күтпөй жашагандарды бесабыр, сабыры жоктор, сабырсыздар деп коюшат. Андайлар ар кандай кесепеттерге дуушар болушат. Кыял-жоругу жүрүп олтуруп жеңил толугу менен…..

Эгемберди Эрматов: Саади

Саади  * * * Саадини замандаштары: «Чыгыштын булбулу» – деп аташкан. Анткени анын казалдары өтө ыргактуу, музыкалуу келгендиктен калк арасында обонго салынып ырдалып, кеңири таралган. Ыры ырдалбаган бир дагы оюн-зоок, элдик майрамдар өткөн эмес. Казалдарынын негизги темасы эки ашыктын сүйүүсү. Оттуу сезимдерди шурудай тизген көркөмдүгү, кынтыгы жок чеберчилиги акынды эң бийик даражага көтөрүп турат. Анын кырк жашка чейинки жазган казалдары «Куллият» деген жыйнагына топтолгон. Бул китеп махабатка арналган улуу эстелик. «Азабым көрүп кош көңүл эгер карасаң, анда мен кантип жан дүйнөм жыргап жай табам? Күзгүдөн сулуу жүзүңдү тиктеп көрөсүң, түшүнгүн бирок ашыктар шорго толугу менен…..