Акбар Рыскулов: Чыгармамды жазам деп бир ай гана, чыны, бүтпөй жүрөмүн жыл айлана.

Кыргызстан картасы

Карап көрчү Кыргызстан картасын!..

Калкыбызга канча сыймык артасың:

өрөөн, жайлоо, төрдү көр,

көлдөр, суулар, мөңгүлөр

көрккө бөлөйт Ала-Тоонун аркасын!

 

Карап көрчү Кыргызстан картасын!..

Капаны да, жапаны да тартасың:

чек араны чечейтип,

кең араны кекейтип,

кескендерди кайсы Кудай алкасын?!

 

Кайра кара Кыргызстан картасын!..

колго кармап кайчы, кылыч, балтасын,

Этек-жеңди өөнөгөн,

Эшик-төрдү жөөлөгөн

кас душмандан казыр дагы жалкасың!

 

Карап көрсөң Кыргызстан картасын,

Көз алдыңа Кумай кушту тартасың:

бир канаты кетилип,

бир канаты жетилип,

бийик зоого сүйөп турат аркасын!

 

Кумай кушту – “феникс” дейт гректер,

Кудай жазса, кабыл келет тилектер:

күлгө оонап жанданып,

беш жүз жылда чамданып,

Күндү көздөй талпынарын билет жер!

 

Кумай кушуң асманга учар атылып,

Кыргызстан – мекенимсиң аты улук!

Кумай куштай аркасы,

Кыргызстан картасы –

кайрат, айбат, калыстыкка чакырык!

 

Айттын эртеси

(Ардагым апам Күкүгө)

Айт маарек болсун, Апакебайым,

Айт маарек болсун, Апакем!..

Апкелсем минтип кант менен чайың,

Апакем неге капа экен?

 

Канчалык, Апа, тездесем дагы,

кечигип келген убагым.

Сөзүңдөн кине сезбесем дагы,

көзүңдөн көрүп турамын.

 

Бир оюң тынат, бир оюң сынат,

билерби аны эркеси?

Абалың сурап келдиби чунак

Айт эмес, Айттын эртеси?!

 

Айтпасаң дагы көп сөздү, Апам,

айыптуу уулуң алдастайт.

Сенин да капаң, менин да жапам —

Атабыз жокто алгачкы Айт!

 

Узакка колум ушалап сылай,

узакка сөздү созбодук.

“Оми-ийин!” — дедим батаңы улай,

ордуман коомай козголуп.

 

Мен кайтчу жолго дайындалайын,

муунуң бошоп жатабы?

Апкелип турам чайың да, майың,

аман кыл, кудай, Апамы!

 

… Бешенең жарык жан элең элпек,

бешмантың ташта сен эски.

Айылды түрө айттасак кантет –

Айт деген үч күн эмеспи!

 

Канаттуу кумурскалар

Кайдан чыкты канаттуу кумурскалар?..

Кыш чилдеде шаштыбы жумушка алар?

Капырай-эээ!.. Дубалда, терезеде

дубалаган дейдидей турушту алар.

 

Уруш калар мындайда, жумуш калар,

уйкусурап маңкурттай курушту алар!..

«Печка» деген меш мээсин эриткенде,

пайда болгон канаттуу кумурскалар!

 

Акыл-эстен ажырап калышты алар,

алжыгандай обу жок абышкалар.

Аттигиниң, канатын араң сүйрөп,

айнекке да, чайнекке жабышты алар.

 

Куруп калган дээринде жутап сыя,

кумурскалар – бүт жүндүү, бүт аксыя.

Муунтабы мээңди, муун-жүүндү

мутация деген дарт, мутация?!

 

Табияттын шоркелдей тузу басым,

табышмакты чечүүгө кызыгасың:

жай чилдеде жамбашың тоңбосун да,

кыш чилдеде мээң эрип ысыбасын!

 

Таалай-бакыт тең берчү берерине,

табияттын таңыркайм чеберине.

Учарыңа, бирок да жарабаса,

чычарыңа канаттын кереги не?!

 

Жаңгак жана бүркүт

Корообузда коолдойт бир түп жаңгак,

колу менен асманды түртүп кармап.

Барам десе жаңгактын бийигине,

парандадан бир гана бүркүт бармак!

 

Бүркүт менен күйү да, бийи бирге,

бул дарактын бактысы – бийигинде.

Туташтырат ааламга биздин үйдү

телефон зым жаңгактын ийининде.

 

«Интергельпо» Бишкекке келген кезби,

инженерлер көмөгүн берген кезби:

жердештери Фучиктин отургузуп,

жашыл көчөт кубанткан көргөн көздү.

 

Бул көчөттүн буюруп достон жолу,

барган сайын узарды созгон колу.

Чехтер кийин көчсө да Чехияга,

чет өлкөгө карт жаңгак козголбоду.

 

Жердин ээси болгондой, элдин ээси,

 

жарты кылым жашады кеминдеси.

Белгилүү да, беттеген бийигинен

бүркүт менен жаңгактын чегинбеси!

 

Чагылган жарлыгы

Шилибизден басып келип караңгы,

ширеңкедей «шырр!» деп, кайра агарды.

Күн күркүрөп, чартылдаган чагылган

күтүүсүздөн айтты кандай кабарды?

 

Окторкойдо саздын чаптык тулаңын,

ошондо мен он төрттөгү курагым.

Оңдой салып, күндүн көзү бузулса,

оор жумуштан сеп алганы турамын.

 

-Чагылгандын чартылдаган себеби –

«чалгыңарды чыңап койдум» дегени! –

Чоң атабыз Токтомамбет айткан соң,

чөп чабыктан кайда качам мен эми?

 

Такырайып, жапырайып ар булуң,

тартып кеттик чөмөлөнүн бардыгын…

Чоң атамдын насыяты деп билем

чагылгандын көктөн жазган жарлыгын.

 

Шайтан араба

Курбуга курбу тең беле?..

Кулпура түштүң сен неге?..

Селкинчек жаңы күүлөнсө,

секире качтың эмнеге?

 

Убакыт мынча тез өтөт

унтулбас ошол кесепет…

Селкинчек эмес, биз минген

лесепет эле, лесепет!

 

Лесепет — шайтан араба,

шайтаным менин бар, ана.

«Үйлөнөм!» — дедим өзүңө,

үйүңө жетер арада.

 

«Үйлөнөм» депмин оголе,

үйлөнөр оюм жок эле.

Лепилдей ала качыптыр,

лесепет деген шок эме.

 

Аралап ойду-түзөңдү,

«араба» араң түзөлдү.

Уйпалап чөптү отурдук,

сыйпалап кызыл тизеңди.

 

Убакыт өтсө, тез өтөт,

унтулду ошол кесепет…

Лепилдей кетип бараткан

лесепет, биздин лесепет!

 

Натюрморт

Кара кофе. Чакмак кант. Бир үзүм нан

Кайнайт чөөгүн. Пиала кыры сынган.

Тур, камдайын нанүштө дасторконду,

кур калбайын таңдагы ырысымдан!

 

Чыгармамды жазам деп бир ай гана,

чыны, бүтпөй жүрөмүн жыл айлана.

Бул мээнетти жазганбы маңдайыма?

Бул дөөлөттү буйруган Кудай мага!

 

Кур калбайын таңдагы ырысымдан.

Кайнайт чөөгүн. Пиала кыры сынган.

Караңызчы өзгөрбөс натюрмортту —

кара кофе. Чакмак кант. Бир үзүм нан!

 

Байтерек жөнүндө баллада

Жапжаш элек. Анда кайдан карт элек?

Жашташ элек кайгы-капа тарта элек.

Эрезеге эми толгон курагың,

терезеңе тушташ өскөн бар Терек.

Туулганыңа, турганыңа көз салып,

туюк сырга күбө болчу ал Терек.

 

Терең сырды айтайын мен, угуп тур:

терезеңен Терек карап туруптур,

жаштыгыңа, наздыгыңа суктана

жаздыгыңа жалбырагын сунуптур…

Кеттиң сен да, кеттим мен да айылдан,

картаң Терек буталыптыр, сыныптыр.

 

Теңтуш элек. Анда кайдан карт элек?

Терезеңен Терек колун тарта элек,

кошулганда сен экөөбүз бир бүтүн,

коштошкондо сен экөөбүз жарты элек…

Үй-бүлөнүн мүчөсүндөй сезилчү

үйгө жакын өсүп турган Байтерек.