Гүлзада Станалиева: Мурза Гапаровдун Сакы бабасы

Сакы баба, Зардалы жана Айгүл гүлү 

Мурза Гапаровдун нойгут уруусунан чыккан түпкү бабасы Сакынын тарыхын изилдейм деген изги максаты, тилекке каршы, ишке ашпай калган экен. Анын сценарийи менен тартылган “Бабалар өрөөнү” аттуу тасмасы ошол Сакы бабасынын атына багышталгандай. Буга тасмадагы баш каарманынын атын Сакы деп атаганы да айгине. Эмесе, биз Мурзакенин жаркын элесине арнап, жазуучу ушунчалык аздектеген Сакы бабасы туурасында, Зардалы туурасында жана керемет гүл Айгүл туурасында азыноолак кепке өтөлү.

Кашкардан Зардалыга, Зардалыдан Ноокатка чейин…

Мурзакенин түпкү атасы болгон Сакы баба, уламыштарга караганда, жакын тууган-туушкандары менен Кашкардан келип, алгач Ысык-Көл аймагын жердеген. Азыркы ысык-көлдүк нойгуттар ошол Сакы бабанын туугандарынан тарагандар болушу мүмкүн. Белгисиз себептерден улам, Сакы Ысык-Көлдөн кетүүгө мажбур болуп, азыркы Кара-Балта аймагына барат. Берекелүү Чүй боорунда да ал биротоло байырлап кала албайт. Ошентип, акыры андан ары көчүп-жүрүп олтуруп, тажиктер жердеген аймактарга чейин сапарын улантат. Ошол тажик жергесинин бир аймагында анын бир тууганы Бакы тажик кызына үйлөнүп, бала-бакыра күтүп, калып калат. Сакы болсо, андан ары жолун улап, акыры түбү Баткендин Зардалы аймагына которулуп барат. «Зарыл ишиң болбосо, Зардалыда эмне бар» дегендей, киши колу тие элек дың жерге дарыядан кийиктин мүйүзү менен арык казып келип, суу алып өтүп, тоо арасындагы табияты жапайы Зардалынын бир капталын дүпүйгөн өрүкзарга айлантып, эли менен биротоло ошондо жердеп туруп калган экен.

Андан тараган эл совет бийлигинин алгачкы мезгилинде ат же эшек минип өтө турган кыя жол гана алпарган тоо башындагы Зардалыдан түзгө көчүрүлүп, Баткен шаарынан 100 чакырымдай алыстыктагы Кара-Бак айылына отурукташтырылган. Ал эми Мурзакенин Сакыдан тараган бабалары Зардалыдан Кара-Бакка эмес, азыркы Ноокат жергесине жүрүп кеткен экен. Алар Ноокаттагы өздөрү жердеген айылды Нойгут деп атап алышкан. Ал тургай, айылга өздөрү алып келген арыкты да Нойгут арык дешет.

Сакы баба кадимки Жаңыл Мырзанын казына башчысы болуптур

Уламышка караганда, Кашкарда турган Сакы элдик дастандагы кадимки эле Жаңыл Мырзанын жакын тууганы, ишенген акылкөйү болгондуктан, аны баатыр кыз казына башчысы кылып дайындаган экен. Жаңыл Мырза ууда жүргөн күндөрдүн биринде баатыр кызга көзү түшкөн бир бек куда түшүп келип, казына башчы Сакыга калың башы кылып, үйүр-үйүр жылкы өткөрүп берип кетет. Ошондо Жаңыл Мырзанын жан-жөөкөрлөрүнүн бири ууда жүргөн мергенчи кыздын артынан барып, Сакынын бул жоругун жеткирет. Күтүүсүз кабар Жаңыл Мырзанын бек-төрөлүк намысына катуу тийип, болгондо да эң жакын деп санаган ишеничтүү Сакысы өзүм билемдикке салып, артынан калың бычып жибергенине ачуусу кайнап, «шашпасын, барайын, өз колум менен ушул жаам менен атып өлтүрбөсөмбү» деп оолугат. Айтканынан кайтпаган көк жал мүнөз Жаңыл Мырзанын сырын өтө жакшы билген Сакы өз өлүмү жакындап келатканын билдирген бул суук кабарды эшитип калат. Жаалы келген Жаңыл Мырза аны эми соо койбойт. Же баатыр кыздын жебесинен өлүш керек, же эптеп башын куткарып, көз көрбөгөн, кулак укпаган жакка чукул арада качышы керек.

Ошентип, узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына аты угулуп, даңкы таш жарган айтылуу баатыр кыз Жаңылдын жакын санаалашы, ишенген казына башчысы, кандаш тууганы Сакы Кашкарды таштап, азыркы Кыргызстандын аймагын көздөй качат. Сакынын жакындары жөлөк-таяк болгон көздөй тууганын жалгыз-жарым жөнөтпөй, кошо көчүшөт. Ушул уламышка караганда, Мурзакенин Сакы бабасы менен кошо келген нойгуттар көчүп-конуп олтуруп, азыркы Кыргызстандын бир катар жерлерин жердеп калышкан. Учурда нойгут уруусу Ысык-Көл аймагында, Баткенде, Ноокатта жана Кара-Балтада жашашат.

Сакынын бийи, Айгүл гүлү, өрүкзарга болгон арзуу жана Нооруз

Мурза Гапаровдун сценарийи менен тартылган фильмдердин арасында «Бабалар өрөөнү» өзгөчө тасма. Тасманын массовкасына дал ошол Сакыдан тараган нойгуттар да катышкан. Өзүнүн тамырына, ата-тегинин тарыхына кызыккан жазуучунун «Бабалар өрөөнүнүн» каарманынын аты да Сакы. 1989-жылы Мурза Гапаровдун сценарийи менен Кадыржан Кыдыралиев тарткан ал тасмада жакшылап көңүл бура турган маанилүү бир эпизод бар. Анда карыя менен Сакынын азыр популярдуу болгон кадимки кара жорго бийин бийлегендери. Буту-колун ийрелеңдетип, ойдо жок кыймыл-аракет менен аткарылган бийди фильмди жаратуучулар кайдан тапканы тууралуу так маалымат жок. Бирок, аны Мурзаке тегин жерден Сакыга бийлетпегенин, биз, катардагы көрүүчүлөр, эми гана түшүнүп отурабыз. Чындыгында Сакынын бийи кара жоргонун бир түрү экенин анда эч ким деле билген эмес. Себеби андай улуттук бийибиз тууралуу көпчүлүктүн ал кезде эч кандай маалыматы да болбогон. Көрөгөч жазуучунун улуттук бийди Сакыга бийлетип, көрөрмандарына сунуштаганы – анын чыгармачыл адамга эң зарыл болгон интуициялык сезиминин күчтүүлүгүнө, экинчи тараптан, интеллектуалдык деңгээлинин өтө бийиктигине бизди дагы бир ирет ынандырып отурат.

Мурза Гапаровдун өрүкзарга болгон арзуу-сүйүүсү кино тартуу менен эле бүткөн эмес. Ал өрүкзарды көрүү үчүн, анын көз тайгылткан көркү менен сулуулугунан, акактай энергиясынан чыгармачылык эргүү алыш үчүн Баткен жергесине өмүрүнүн аягына чейин көп жолу барыптыр. Ал тургай, калемдеш досторун, шакирттерин да өрүкзарлуу түштүк жергесине далай жолу ээрчитип алпарган экен. Чындыгында түштүк жеринин кооздугун, ичкилик кыргыздардын таттуу тилин, үрп-адатын, көп кырдуу жашоо-турмушун чагылдыруу боюнча Мурза Гапаровго жеткен анын учурунда да, азыр да эч ким чыккан жок.

Ошондой эле дүйнөдө сейрек кездешчү, ушул аймакта гана өскөн Айгүл гүлүн таап, аны коргоого алуу керектигин айтып чыккан да дал ушул Мурза Гапаров болгон. Башкалар далай мезгил, далай доордон бери байкап баамга албаган Айгүл гүлүн Мурзаке Баткенге ушунчалык мээрими түшкөндөн улам таап алган болушу керек. Айгүл гүлүн көрүү үчүн Мурзакедей табиятты сүйө билип, көнүмүш болгон жерден сулуулукту көрө билип, бардык жандуу да, жансыз да дүйнөнүн сырын илгиртпей түшүнө билүү керек го.

Азыр бардык түрк элдери белгилеп жүргөн Нооруз майрамын да кыргыздарга алгач ирет Мурза Гапаров тааныткан. Ал Нооруз байыркы улуттук майрамыбыз болгонун айтып чыгып, ал тургай, небак унутта калган майрамыбызды кантип майрамдоо керектиги тууралуу да ой калчап, Ноорузду майрамдоонун сценарийин жазган. Кыргызстандыктар биринчи жолу Ноорузду Мурза Гапаровдун ошол сценарийи менен Ала-Тоо аянтында майрамдашкан.