Махабат Алымбекова: Таш ташыган карыя

Таш ташыган карыя

Кээ күндөрү комуздун муңайым дирилдеген үзүл-кесил добушу таң менен кошо теребелди термете баштайт, бул чөлкөмдөгүлөр ушуга көнүп деле калышкан, таң эрте мал-жанын жайытка айдаган чоң-кичине айыл этегинде жайгашкан, төбөсү жалпак, чакан тамдын жанынан кыйгай өтүп баратып комуздун күүсүн угуп өтүшөт.

Мында жалгыз баш карыя күн кечирет. Бир күндө канча ирет кирип-чыгып күймөнөт ким билсин, бирок жалгыз жандын деле жашоо түйшүгү арбын кыязы, азын – оолак кой эчкисин эрмектеген болуп, караан туткан болуп, ошолорду үйүнүн жанындагы эле жайытка чыгаруу, кайра кечинде айдап келип короого киргизүү анын бул тирүүчүлүктө жашап жүргөнүнүн маанилүү себеби сыяктуу сезилет кээде. Анан комуз чертет… Черткенде да же шартылдаган шаңы жок, же муңайган муңу жок бир калыптагы күңгүрөнгөн күмөн күү, тагдырга баш ийген, тагдырдан эч нерсе талашпаган, күтпөгөн, сабыр күткөн бир күү. Талыкшыган бир ыргак.

*****

…Эки жыл илгери байбичесинен ажыраган. Өмүрү ойлогон эмес экен, ушул чүкөдөй кемпиринен айрылса томуктай башы тоодой күйүт тартарын. Ойлогон эмес экен ушуну! Байбичесин жерге берген күндүн эртеси бүтүн жашоосу аңгыраган муздак боштукка айланып, бул кыжаалат акыбалды көтөрө албаган карыя бир топ күн сары оору тартып жаткан. Тамакка табити тартпай, кез-кез гана жылымык суу ууртап, колу-буту мупмуздак болуп жата берди. Карыянын бул “обу жоктугун” аны айланчыктаган алыс-жакындары анча жактыра беришпеди ачыгы.

-Таңгөрү дүнүйө, атаны жаман айе…- дейт анын оор күйүттө, тамак-аш ичпей жатканын уккан өзү курдуу айрым абышкалар үшкүрүнүп.

-Тим эле бир илгеркинин Олжобай-Кишимжаны болмой болду го бул… Жаман десе!

-Эми, койсо боло! Тууган-туушканды да кыжаалат кылбай.

-Жамандын бир өнөрү артык…

…Башка дөөлөттүү абышкалар ушинтип кеп кылышкан карыяны.

Кезинде жубайы экөө кудайдан суранып-тиленип, барбаган жери, баспаган мазары калбай жүрүшүп араң бир кыздуу болгон, кийин жашы кырктан ашканда шашпай жүрүп бир эркек бала төрөп берди жубайы. Кызы шаар жеринде жашайт, азыр очор-бачар бүлөлүү. Бирок бул күндөрү энесин жоктоп, энесинин азасына алыс-жууктан келип-кетип жаткан элди тосуп, узатып, жалгыз инисине бел болуп кыз көпкө кетпей жүрдү. Кыз баланы күйүмдүү деп бекер айтышпайт экен. Ал болбосо, али турмушка кагылып-согула элек, башынан жамандык-жакшылык өткөрүп көрө элек жалгыз уулу баш-аягын таппай бир топ эле жүдөмөк.

Эл-журт жай-жайына тарап, карыя да тагдырына моюн сунуп бир топ өзүнө келип, баш көтөрүп калган соң кызы кете турган болду. Кетеринде инисине өтүнүч сыяктуу кеп козгоду.

-Үйлөнүшүң керек окшойт эми, жашың деле жыйырмадан өтүп калды. Апам тирүү болгондо го, өзүң билет элең, атам экөөңө кыйын эле болот, ылайыктуу кыз болсо үйлөн эми.

Уулу унчукпай жер карады. Көп нерсе айткысы келип барып, ансыз да кемпиринин күйүтүнөн бир топ өңү азып, кичирейип турган атасын, ошого эле окшоп бирдеме десе “баа” этип бакырып ыйлап ийчүдөй болуп араң турган эжесинин түрүн аяп унчукпады. Көп нерсе айтат эле…

*****

Эжесинин кетерде айтып кеткен кеп-кеңеши оңой эмес ойго салды жаш жигитти. Ичинен көп нерсени ойлонуп, чүнчүп жүрүп, ошондой күндөрдүн биринде атасына

-Ата, мен бир аз иштеп келейин- деди. Иштеп келип үй-жайды оңдобосом…

-Каякка –деген карыя, түшүнө бербей, көзүн үлүрөйтө тиктеп.

-Тааныш балдар Кореяга чакырып атышат, иш жакшы экен. Бир жылча иштей койсом үй салганга керектүү нерселерди алганга жетсе керек.

-Жалгыз башыңа жеткидей оокатың турат го, эмне бар алыста… Өлбөгүдөй мал-жаның турат, үйүң деле турат. Ушунун баарын мен көрүмө ала кетпейм да, сеники…

Уулу эмнегедир адаттан тыш үтүрөңдөдү.

-Үйүң турат дейсиз да, ушу да үйбү! Муну эч ким үй деп айтпайт азыр, ата! Эжем да үйлөн деп коет… Мен кантип ушу жерге…- жигит андан аркысын айта албай туталанып тим болду.

Андан ары экөө тең унчукпай калышты, карыя эми береги уулуна ачык каршы чыккысы келбей, унчукпай ичтен тынып тим болду. Кезинде баарын өзү жасап, өзү түптөй албаганы үчүн да ичинен сынып турду. Кемпири экөө жайбаракат турмуш кечиришкен тура, бар оокатына топук кылып. Азыр чын эле адамдар башкача… Бир чети уулумдуку да туура деп ойлоду карыя. Далай күндөрдөн соң уулу чын эле кетти. Көптүн арасында, көпчүлүк көргөндү көрөм деп, көпчүлүктүкүндөй турмушка жетем деп карыянын жалгыз уулу да кетти. Эл кеткен жакка кетти.

*****

Уулу кеткенден бери карыя таш ташымайды адат кылып алды. Ташыган чон-чоң таштарды кынаптап биринин үстүнө бирин үйө берүү – анын эң жакшы көргөн иши. Үйдүн жерпайына жарачудай ири-ири таштарды кай жерден көрсө да көзү кадала түшөт. Кээде бирин-экиндетип кол араба менен эптеп сүйрөп келет, кээде ыраак жактардан эшек арабасына бир топ кылып жүктөп алып келет үйүнүн алдына. Таштар – оор. Кары киши үчүн бир топ эле оордук кылат, бирок ошого карабай чоң-чоң таштарды көргөндө карыянын көөдөнүндө бир күч пайда болот. Бир жылт эткен жагымдуу үмүт-тилек пайда болот. Тердеп-тепчигенине карабай, көкүрөгү кышылдап демиккенине да карабай ташты жаналекетке түшүп көтөрүп, арабага салып, үйүнө сүйрөп келет. Уламдан-улам чоңоюп бараткан таш үймөктү көрүп ичинен убактылуу болсо да жеңилдеп алат. Анан, ташып келген ар бир ташы менен уулунун келер кезин жакындаткансып сүйүнүп калат. Ушунчалык чын пейилден, астейдил иштейт ушу таш ташымай ишин. Буюрса бир топ чоң үймөк болуп калды, бир үйдүн жерпайын түптөгөнгө жетейин деп деле калды. Уулу келгенде эч болбосо ташы даяр болуп калсын… “Анын талаа-түздө жер кезип жүрүп таап келген акчасына аз да болсо огожо болор таш даяр”…

*****

Телефондо сүйлөшүштү.

-Ата, жакшы элесизби, ооруган жоксузбу?- деди адегенде эле уулу.

-Шүгүр балам, менден камсанаба. Өзүң келчүдөйсүңбү деги…

-Аз калды ата, дагы бир аз чыдаңыз, кичине калды. Андан көрө сиз оорубай турсаңыз болду. Эжем барып-кетип атабы тез-тез эле? Мен жөнөтүп жаткан азыноолак акчалар менен кем-карчыңызды бүтөй бериңиз. Үйгө керектелчү акчаны мен өзүм алып барам.

-Мага акча салып убара болбогун сен, жалгыз башыма эч нерсе деле кетпейт, улам мага жөнөткөндү коюп, өзүң айткан нерселериңе жеткидей тыйыныңды чогулт, тезирек кел. Жүрө бересиңби ошо жакта?

-Аз калды ата, кичине чыдаңыз. Эжеме бир аз акча котордум, сизге жеткирип берет!

-Тыйын менен кайсы кем-кетигимди бүтөмөк элем мен…

-Түүт-түүт-түүт… сүйлөшүү аягына чыкпай калат.

Булардын сүйлөшүүсү көп жолу ушундайча өңүттө жүрдү. Бир аз чыдасаңыз барам деген баласынын кеткенине төрт жылга чукулдап, ал ортодо бир келип энесинин ашын өткөрүп кеткени болбосо, айылга биротоло келе элек. Үйүн баштай элек. “Кем-кетигиң” үчүн деп улам которулган акчаны эмне кыларын, каякка жумшарын билбеген карыя тек гана топтой берип, оңор эмес көбөйүп калды. Таш деле жеткидей чогулуп бүттү… Эми жасай турган маанилүү, уулуна жеңилдик апкелер иши түгөнүп, бош калган карыя эмне кыларын билбей жүрдү. Мал-жанын эрмектеген болот, бирок ошо да ишпи. Уулуна колкабыш кылса болор эле…

*****

Ошол таңда карыяга жакшы ой келген. Карыянын өзүнө жаккан, аны чындап сүйүнткөн жакшы ой келди. Ал күнү куштай сергек, көңүлү ачык баштады күнүмдүк тиричилигин. Малын эртелеп жайытка чыгарып, эрте мененки нанүштөсүн да көңүлдөнүп ичип, тасмалынын үстүн жаап коюп тышка чыкты. Мурунтан жаңы салынчу үйгө уулу экөө ылайык деп тапкан жайды бир сыйра көз элегинен өткөрүп, ыраазы боло карап чыкты да оюнда алде-бирдемелерди ченеп-өлчөй баштады. Эми буга иштеп бере турган адамдарды табышы керек… ага карыянын акчасы да арбын, ташы да белен, Уулу келгиче төрт бөлмөлүү үйдүн жерпайын бир жакшынакай кылып түптөтүп коет. “Ушуну мурда эле ойлонсом болмок экен, аз да болсо жеңилдик болот Аскеме, келип көргөндө бир кубанып калсын!”

Тамдын жерпайын түптөп бере турган эки-үч адамды тез эле тапты. Акысын келишип, сүйлөшүп ишти башташты. Айылдын тургундары карыянын бул ишине бир чети танданып, ар түрдүү кеп аралап, бир чети кубаттап, узун көчөнүн баш-аягына чейин укмуш жаңылык болуп тарады. Айрым коңшулар атайы эле сонуркап келип аны-муну сүйлөмүш болуп бакылдап, карап туруп кетет. Илгеркиден калган эки бөлмөлүү, кире бериши менен кошкондо үч бөлмө үйдөн соң өмүрү курулуш жасабаган бул кишинин азыркы, карып калгандагы иш-аракети тыштан карагандарга бир топ өөн көрүнсө да, акыры келип көпчүлүк айыл тургундары жүрөк тереңинен кубаттап, колдоду. Жыты тууган уруулаштары башка уруулардан намыстанып, колдон келген жардамын бере баштады карыяга. Аялдары кезек-кезеги менен ысык тамагын үзбөй, эркектери бир саамга болсо да бошоп, жетип келишип тиги иштеп жаткандардын жеңилин жерден, оорун колдон алып, көптөп, тез эле карыя каалаган жерпай түптөлүп бүтүп калды. Эмнегедир мунун баарын уулуна чалып айткысы келген жок, келгенде эле көрсүн деди… Жерпай ушунчалык тез бүттү. Чын пейилден жардам берип, жардам берүүнүн шааниси менен күүлөнүп алган немелер ишке моокуму канбай калгансып, дагы да жардам бергилери келди окшойт.

-Эми топурак болсо, кирпичин куйдуруп, дубалын тикелей бериш керек. Асан келгиче мынамесе деп туруп үйдү бүтүрүп салыңыз! – деп тамаша-чындан айтты коңшусунун баласы.

-Топурак деле түшүрсөм болот- деди карыя көңүлдөнүп.

-А кирпич деп отурбай эле сокмо менен согуп, заматта көтөрсө болот дубалды. Сокмо кирпичтей эле бекем болот, тез бүтөт –дей салды дагы бир билерман киши.

-Аны Асан билер, акыры үй ошонуку го, бериде туруп эле айта берген болбойт эй…

-Асан билеби ата? Кантип билбесин?

-Билер… Келгенде көрүп, бир кубансын деп атам да. Ансыз да мына төртүнчү жылы кетип баратат курган баланын, там салам деп жүрүп. Аз болсо да убактысы үнөмдөлөр… – карыя ушинтип аңгүдүк жооп берди.

Чогулткандан калган акчасына пенсиясын кошуп, анча-мынча мал-жанын пулдап ийип, топурагын түшүрүп, баягы эле айылдаш усталарга сүйлөшүп, жерпайдын дубалын тикелете баштады эми. Сокмо менен. Саман аралаштырып тургузса, кышта жылуу болот деди. “Ичи-тышын шыбап, жылмалап, тегиздеп, сырдап койсо алда немедей зыңгыраган там болот, мен билген элдин көбүнүн үйү эле ошондой, болгону убагында чон-чоң, кенен салынган, анан кийин эле алда-немедей кылып кооздоп-сырдап коюшса турат сыр бербей заңгырап…”

Суук түшкүчө кыбырап атып бир далай иш арбып калды.

*****

Эрте жазда биротоло келди карыянын уулу. Кебете-кешпири бир топ өзгөрүп, бараандуу тарта түшүптүр. Ак жуумал, толмоч тарткан, сулуучумак жигиттин мүнөзү да баштагыдан өзгөрүп, баса-баса батымдуу сүйлөп, кескин мүнөз күткөн түрү бар. Уулуна учурашканы келген кошуналары, жерге-жээк, туугандары анын кай жерлерде, кантип иштеп, эмнени көрүп келгенин сурап, ошонун тегерегинде кеп жүрдү. Карыя калдалактап, аксарбашыл айтып, эшикте эт бышырган бала-бакырага көз салып, үйгө улам кирип-чыгып уулуна көзү тое, бир түрлүү ыраазычылык менен карап коет. “Карааныңдан айланып кетейиним!!!” Ал уулун ушунчалык сагынып калыптыр.

Эл тарагандын эртеси ата-бала өзүнчө калып, жаңы башталып жаткан тамдын ичи-сыртын айлана басып жүрүштү. Төрт бөлмө тамдын жерпайы түптөлүп, дубалы да жарымына жетер-жетпес болуп көтөрүлүп турат. Дубалдын үстүн жаанга, карга эзилбесин деп атасы саман менен тегиз жаап, ар кай жеринен таш менен бастырып чыккан экен.

Карыя чечекейи чеч болуп, уулунун алдына түшүп алып, бөжөңдөп көрсөтүп баратты.

-Бул бөлмөсү кенен, аш үй болор, баарыбыз кенен-кесири отурганга. Тиги бурчуна печке салып аласың. А тиги бөлмөсү болсо силердики, бу жагына балдарың чоңойсо, ошолор укташат. Муногусу болсо үйгө киши-кара келсе, күткөнүңө… А мага тиги там болот, ошондо эле уктайм.

Карыя өзү көрө элек, жада калса уулу да көрө элек келини, неберелери тууралуу сүйлөп жатты. Кудум эртең эле ошол жашоо башталчудай шашып, карбаластап алганына уулунун күлкүсү келди.

-Бекер эле убаралана берген экенсиз, курганга жараша башкача, жакшыраак эле үй куралы да. Мен атайын долбоорун чийдирип келгем – деп чынын айтты.

-Ыя? – карыя мостое түштү. – Эмнеге болбойт? Эмнеси жакпай атат мунун сага? Эл катары эле үй болот. Кудум эл катары эле бир жакшынакай көтөрүлгөн там болот…

-Кое турсаңыз болмок го, мен деле жаш бала эмесмин да ата, чогуу сүйлөшөт элек го?

-Чогуу сүйлөшөт элек деп!.. Сенин келип там саларыңды күтүп жашаш үчүн мен кузгундун жашына чыгышым керекпи? Аз болсо да эртелетейин дедим, ушу турган ишиңди баштап, тапкан акчаңа үнөм болсун дедим балам. Өмүр коромжу болуп жатканда акча коромжу болбой не болуптур…

-Болору болуптур. Кайра башташ керек го баары бир…

-О, сен баарын кайра баштагыча качан эми? Кой, болбогон кепти айтпа балам. Канча эл келди, жүрүштү ушу жерде элдин баары. Бүгүн келип алып сен…- карыя сөзүнүн аягына чыккысы келбей туталанып кетти. Сөз угар түрү жок.

Кадимкидей эле кейип, уулуна сүйлөнүп, али бүтө элек “үйүнөн” чыгып баратты. Далысын бүкүрөйтүп, эки колун аркасына алып, сүйлөнүп чыгып бараткан карыяны уулу бир чети аяп карап турду. Минтип өзүм билемдик менен ого эле чоң ишти баштап салганы деле кечиримдүү, бир чети жаш баланын жоругундай, бирок ушу да болмок беле… деп ичинен нааразыланып да турду. Эми эмне кылмакчы бул “курулушту?” Жерпайы да жалаң таш, ылай аралаш курулуптур. Шаардан бери өзүнө учурашуу үчүн келе жаткан жалгыз эжесин күтүп отурду. Эжесинен бир арга табылчудай күтүп отурду.

Бир туугандар бирин-бири көргөнүнө жетине албай учурашты. Булар кадимки чоң үй-бүлөлөрдөй болуп бака-шака түшүп, карыянын бар дүйнөсү толуп, оңуп эле калды. Качан гана ээндей түшкөндө жигит эжеси менен тиги болуп жаткан “курулуш” тууралуу сүйлөштү.

-Атамды кой деп эле койбопсуң да? Эми кантип бузам “тигини?”

-Мен деле мынчалык иш жасап ийерин билгеним жок да, бир келгенимде таш чогултуп жүргөнүн көргөм. Дагы бир келсем чогулткан ташы кадимкидей чоң үймөк болчу. Сага деле чалганда айтпадым беле? Ии деп тим болдуң…

-Эми мунун баарын көзүм менен көрбөгөн соң, бирдемени эрмектеп жүрсө керек дедим да, кайдан билипмин мынчалыкка кетерин – жигит аргасы кете унчукту.

-Дагы бир келсем кадимкидей таш менен жерпай түптөлүп, топурак да түшүрүлүп турган. Айткам жакшы эле, кое туруңуз деп. Атамды билесиң го, менин бирдемеге кирише бергенимди жактырбайт.

-Анысы бар…

-Өзүңө айтсам көп маани бербедиң. Сен да көпкө жоголдуң, анан бир үйдө жалгыз кирип-чыгуу эле оңойбу? Сени күткөнчө жалгыз башына эрмек болду да… Билсең, ушу өзү курдуруп жаткан тамдын аркасы менен да атам ал-күчтөн тайыбай, алда немедей алдуу-күчтүү жүрбөдүбү!

-Эрмек болгону го болуптур, эми буздурбай атпайбы?

-Анда бузбаш керек! Сен тез-тез келип кетип турсаң атам деле билип-билбей ушуну жасамак эмес. Атамда эмне күнөө!

-Тез-тез келип кетиш эле оюнчукпу силерге?

-Ээ, мен кайдан билем… Сен сөзсүз эле ошону бузбай, түптөчү тамыңды огороддун башка жерине деле түптөй берсең болбойбу ыя? Же сөзсүз ошону бузуп, ошол жерге гана үй салышың керекпи???

-Башынан ошол жер ылайыктуу эже, орду болуш керек да ар бир нерсенин. Көчөгө жакын, короосу белен жай. Мурунтан эле ылайыктап жүргөнбүз.

-Өзүң бил, ошончо жыл жүрүп албай, эч болбосо тез-тез келип турсаң балким атам да убара болмок эмес.- эжеси негедир ушу саам озүнүн таарынычын билдирди буга.

-Ээ, эже! Баарын түшүнүп, көрүп, билип туруп сиз да ушинтесизби эми? Мен эмне кылам анда?!

Чындап аргасы куруп кеткен инисин кайра аяп кетти кайра.

-Мен анда атамды көндүрүп, меникине мейманчылап бир аз күн жүрүп келиңиз дейинби? Жок дегенде он беш күнчө жүрсө, сен тездеп “тигини” тазалатып салып, өзүңдүн жерпайыңды баштап ал, күчтүү-күчтүү балдардан таап, акысын төлөсөң, тез эле бүтөт. Айтор атам келгенде көрүп, сүйүнгүдөй болсун… деди эжеси.

*****

Кызынын көөнү үчүн гана араң макул болуп, шаарга барып алган карыя өзүнөн өзү кысылып, буулугуп үч күнчө араң чыдады, үчүнчү күндүн кечинде кызы жумуштан келгенде айылга кетпесем болбойт деген ниетин билгизди эле, анысы чок баскандай чочуп, такыр жуутпай койду.

Кийинки күнү баары ишке кетишкенде эч кимге айтпай-дебей эле карыя айылына жол тартып кетти. Мындай ыңгайлуу. Бирок кыларга иши жок жашоого өмүрү көнгөн эмес карыя.

*****

Дуу көтөрүлүп жаткан коюу чаңды көргөндө эле жүрөгү бирдемени сезди. Ансыз да шек алып атты эле, ушинтпесе экен деп. Көчө этегинен бери араң басып келе жаткан немеге үйүнүн тушуна жетмеги азап болду. Ылдамдай басты. Кадамы арбысачы же бир!!! Тез-тез эле баскандай болот, бирок ордунан жылбай аткансып муундары калчылдайт. Жакындап келгенде көрдү. Чын эле өзү шек алгандай иш болуп атыптыр… “Оо Жараткан” деп күбүрөнүп ийди.

-Асан! Ээ Асан, бу сенби?! Бу эмине кылганың!

Жүгүрө басты. Эмне айтып, эмне дегенин өзү да толук аңдабай, бирдемелерди тынбай айтып жүгүрүп келе жатты.

-Ой дейм, ой бала! Эмне кылып атасың! Токтот! Бузба дейм! Аны жалгыз мен курган жокмун! Балам…

Үйүнө жетип-жете бербей өз кадамына өзү чалыныппы, айтор мүдүрүлүп, көмөлөнүп кетти карыя. Жаткан жеринен тура албай кышылдап, оор дем алып жатып калды. Эки көзү тиги бузулуп аткан курулуштун үстүнөн коюу көтөрүлүп чыгып жаткан чаңда болуп, анын айланасындагы кажы-кужусу угулуп жатты, бирок буруксуган чаңдан улам кишилер карыяга көрүнгөн жок.

Аны көптөн кийин, трактордун дарылдаган үнү басылып, чаң тараганда көрүштү адамдар. Алгач эмне болгонуна тушүнбөй эки жигит эки каруусунан алып тургузушту. Карыяда дарман жок эле. Тек гана эки жагынан сүйөгөн эки жигитке салмагын артып, шоролуу көздөрү менен эми эле сүрдүрүлүп, бузулуп, орду бош калган жерди тиктеп, оор дем алып турду. Үстү-башы боз ала чаң болгон, энтигип араң дем алып турган атасынын түрүн көрүп уулунун үрөйү учуп кетти.

-Ата! Ата дейм, эмне болуп турасыз жарыктык? Ушуга да ушунча болосузбу? Мен сизге мындан он эсе жакшы үй куруп берем ата! – уулу атаны кучактап, чебеленип кетти.

-Ата, ачууланбаңыз эми… Сиз келе электе ордун тургузуп коймокмун… Эмнеге тура турбадыңыз шаарда? Бир жума тура турсаңыз болот эле го!

Карыя унчукпады. Үн-сөзсүз жетелегендердин жетегинде, көкүрөгү кышылдай оор дем алып, эски үйүнө кирип баратты.

*****

Уулунун элестетүүсүндө бар, а бирок өзүнүн элестетүүсүндө жок келечектеги мыкты үйдүн ичиндеги жарык жашоо тууралуу кыялдана албай койду такыр эле. Болгон кыялы, элестетүүсү таш менен өзү түптөгөн төрт бөлмө топурак курулуш менен кошо урап, талкаланып жоголуп, эми өзүнүн бул жарыкчылыкта жасай турган маанилүү иши деле жок калганын билди.

…Кайрадан баягы күүсү… Же шартылдаган шаңы жок, же муңайган муңу жок бир калыптагы күңгүрөнгөн күмөн күү. Тагдырга баш ийген, тагдырдан эч нерсе талашпаган, күтпөгөн, сабыр күткөн бир ыргак. Талыкшыткан гана бир ыргак.