Аскар Медетов: Сын жана адабият илиминин күйдүргү көйгөйлөрү

Сын жана адабият илиминин күйдүргү көйгөйлөрү 

Бийлик тарабынан наам-даражалар акын-жазуучуларга чачыладай эле таратылып жатат, ошондой март мамиленин аркасында алган наамына корстон болуп, ырдан ыр курап, аңгемеден аңгеме чүргөп, эпигончулуктун эпкининен бошоно албай жүргөн бир эл жазуучусу “Менин чыгармаларыма илим докторлору, член-корлор, академиктер пикир айтпай жатпайбы, мени изилдебей жатышат” деп ортосаар чыгармаларын колко кылып, илимдин “каймактарына” дооматы бар экенин айтып, бир журналистке маек берип жатканын угуп отуруп таң калдым. Наамына чиренген бул жазуучу эми мындай бир карапайым калемгер кокус ал жөнүндө жаза тайып, сын пикир айтып калса, “Мен эл жазуучусу болсом, сен кимсиң?” деп калыс пикирди кабыл албай аксымданып, ыргыштачу түрү бар. Мамлекет алына жараша жазуучуларды колдоп, наам, сыйлыктарды берип жатат. Айрым маалыматтарга караганда “эл акыны”, “эл жазуучу” наамын алгандардын саны 91 болуптур. Алардын арасында классиктер менен катар халтурщиктери, калеми төшөлө элек адабият ышкыбоздору бар экени да ырас. Наам-даража негизи социалисттик системанын туундусу. Цивилизациялуу өлкөлөрдө ал турсун кошуна Орусияда мындай наам берилбейт. Бул ошол улуттук адабияттарды өнүктүрүү үчүн социализм кезинде республикаларда берилип келген. Бийликтин таланттарга карата мындай патерналисттик мамилесине ылайык жеңилдиктери, сый-урматы  да боло турган. Азыркы наамдардын аты эле болбосо андай бедели, сый ургаалы жок. Кыскасы, адабиятта наам, даража мансап болуп, жазуучу коомдо өзгөчө орун ээлеген учур эчак эле анахронизмге айланып, артта калган. Эми ошону түшүнбөй, алган наамына кербезденип, чунаңдагандар четтен чыгат.

Азыркы учурда наам, даражасы бар илимпоздор жазуучулардан да көп. Арасында макала чүргөй койсом эле сынчы болом, адабият тарыхына кирем дегенде эки көзүн төрт кылгандар да кезигет. Айрымдар жаман оюнда жармач макала жаза салсам эле сынчы болуп кетем деп ойлошот окшойт. Мындай илимпоз сөрөйлөр дүйнөлүк адабиятты, эстетикалык ой казынасын өзүнө сиңире албагандыгын боортоктогон эмпирикалык деңгээлде жазылган диссертациясы кашкайта далилдеп, адис катары дилетант экенин бадырайта көрсөтүп турат. Башкасын айтпаганда да адабият боюнча өзүнүн калыптанган эстетикалык көз карашы, тутунган бекем позициясы, же сынчылык кредосу жок туруп, бирөөнү мактаган өөдүк-сөөдүк макаласы менен сынчы деген ардактуу наамга кантип ээ болом деп ойлошот болду бекен?! Мына, 2012-жылы башталып, үч-төрт жылга созулган “Манас” эпосунун тегерегинде чоң талкуу жүрдү. “Ой, бул фольклор да” деп кергиштегендер чыгары бышык, кезинде адабий сындын корифейлери К.Асаналиев, С.Жигитов, К.Артыкбаев, К.Бобуловдордун “найзалары” сын майданынын талаасында дал ушул фольклор маселеси боюнча далай жолу кагышкан эмеспи. Жайсаңдын арбагы айтып, Бүбү Мариям жазган “Айкөл Манас” китебин эпостун жаңы варианты деп даңазалап, салттуу эпосту фальсификациялаган жайсаңчылардын жамыраган макалаларына жооп берип, алардын “ХХI кылымда да эпос жаралат” деген сыяктуу “теориялык” жалган жоболорун төгүндөп, полемикага чыгып, 3-4 жолу илимий конференцияларды уюштуруп, “Манас”эпосунун фальсификаторлору” (2013, 30 басма табак, түзгөн С.Алахан) аттуу макалалар жыйнагын чыгарып, идеологиялык диверсанттардын кара чабуулунун мизин кайтарып, О.Сооронов, Э.Нурушев, С.Алахан, К.Абакиров, Р.Эшматов сыяктуу адабиятчы, сынчылар элдин руханий дүйнөсүн, улуттук дөөлөттөрүн кыйратып, талкалоо максатында сырттан каржыланган экстремистик долбоордун алкагында кинорежиссер Э.Абдыжапаров, саясатчы К.Иманалиев, илимпоз Ө.Осмонов, журналист Т.Токтогазиев, манасчы Т.Бакчиевдер башында турган жайсаңчылардын жинин кагып, кынына киргизип, “Манасты” арбактар менен түздөн-түз байланышкан медиумдардын, мистиктердин, көзү ачыктардын “кол салуусунан” сактап, чыныгы патриоттуулуктун үлгүсүн көрсөтүшкөн. Коомчулукту дүрбөлөңгө түшүргөн ушундай кызыл кыргын, сары сүргүндө коңулга жашынган айрым адабиятчылар эми түштөн кийин баатыр болуп, адабиятка боор толгомуш этип, ачуу чындыкты айтып жаткансып “азыр адабий сын жок” деп оозун куу чөп менен аарчып, башкасын айтпаганда да илимде, адабиятта болуп өткөн ушул тарыхый окуяны танып, кашкая калп айтып, адабий сындын тарыхын бурмалап, өздөрүнө ылайыктоого аракет кылып жатканы айдан ачык. Күн тийген жердин күкүгү болуп жүргөн мындай жолбун сынчылар айрым авторлордун жеке мамилеси үчүн жазган чолок рецензияларын бетине кармап, “мен 20 макала жазгам” деп өзүн сынчы катары көрсөткүлөрү келет. Эт менен челдин ортосунда мүлтүлдөгөн ушундай “сынчылар” тууралуу В.Кожинов “Как это ни печально, мнимых критиков всегда было гораздо больше, нежели истинных. И дело не только в том, что очень многие из претендующих на звание критика то и дело впадали в грубейшие ошибки. Значительная часть из тех, кто пишет критические статьи, вообше уклоняется от каких-либо “решений”. Такие “критики” либо восхваляют уже увенчанных лаврами авторов, либо бранят заведемо посредственных, либо пишут в чисто нейтральном духе, не говоря, по сушеству, ни “да”, ни “нет”. Словом, в них нет главного свойства критика—способности к самостоятельному суждению…” (Кожинов В.В. Статьи о современной литературе. М.:1990,стр 101) деп автордук концепциядан кур жалак, өзүнүн позициясы жок, профессионалдык деңгээли төмөн сынчылар тууралуу ачуу чындыкты айтып койгон.

Анын сыңарындай учурда А.Койчиев, Т.Шайдуллаева сыяктуу азыркы адабиятта төбөсү көрүнгөн авторлордун чыгармалары сыйлык алып, даңаза болгон сайын бир беткей мактаган чолок рецензиялар сайттарга, гезиттерге жарыяланып жатат. Бирок ушул эле авторлордун ийгилик, кемчиликтерин азыркы адабий процесстин контексинде жалпылаштырып, проблемалар менен кошо караган квалификациялуу пикирлер жокко эсе. Ушул ыңгайдан караганда адабий сын илимий-теориялык даярдыгы шайма-шай, эстетикалык табити сергек, сынчылык шык даарыган адистерге чукак болуп турган  учур. Де-юре үч жүздүн тегерегинде адабият, фольклористика боюнча илим кандидаттары, докторлору болгону менен де-факто алардын канчасы чыныгы илимпоз боло алды, кеп мына ушунда! Улуу муундагы А.Эркебаев, А.Акматалиев, О.Ибраимов сыяктуу адабиятчылардын омоктуу изилдөөлөрүн эске албаганда, кийинки муундагы илимпоздордун эмгектери, жазган макалалары сыпаттама деңгээлден өйдө көтөрүлө албай жатат. Ушундай себептерден улам адабий сын аксап жатканы ырас. Жарыяланып жаткан рецензиялардын көпчүлүгү чыгарманын оң, терс жактарын талдап, көрсөтмөк түгүл баш аягы жок өөдүк-сөөдүк сүйлөмдөрдөн турат. Анан кантип ушундай деңгээл менен проблемалык, обзордук макалалар жаралат, аны жазганга мындай авторлордун шаасы жетпейт. Биз минтип адабият илимин сынга байланыштырып жатканыбыздын жөнү бар. Адабий сын үч уктаса түшүнө кирбеген кандидат, докторлорго сын адабият таануунун үч бөлүгүнүн бир бөлүгү экенин эстерине салып коюу ниетинде айтып жатам. Анткени сындын аксап жатканы – адабият илиминин аксап жатканынан кабар берип турат. Азыркы учурда адабий сын эле эмес, адабият тарыхынын, теориясынын “актай барактары” боюнча да көп маселелердин дыңы бузулбай, башы ачылбай жатат. Маселен, кезинде У.Абдукаимовдун “Майдан” романынын, С.Эралиев, Ж.Мамытов, А.Саспаев, Т.Ахметов, К.Акматов, Б.Жакиев, О.Айтымбетовдордун чыгармаларынын “кыйраткыч” сынга кабылышынын ички, сырткы факторлору, Т.Сыдыкбековдун “Көк асаба”, Т.Касымбековдун “Сынган кылыч”, Ш.Үмөталиевдин “Өзөктөгү өрт”, М.Мураталиевдин “Май айынын күкүгү” романдары, М.Байжиевдин “Алыскы сапар поезди” спектаклинин, Кыргызстан КП БКнын пленумунда сындалышы, К.Сактановдун Кочкор району тууралуу очеркине тыюу салынышы сыяктуу тоталитардык системанын жаасы катуу цензурасынын кесепеттерине байланышкан жүйөлүү маселелерге ушул кезге чейин баа берилбей, илимий жактан жыйынтык чыгарылбай келатат. Адабият тарыхынын изилденбей калган ушундай “ала” жерлери ошол мезгилдеги коомдук өнүгүүнүн контексинде, обьективдүү жана субьективдүү шарттары аныкталып, адабий процесстин мыйзамченемдүүлүктөрүнүн негизинде чечмелениши зарыл. Адабият тарыхына карата ушундай консервативдик көз караштардын кесепетинен тоталитардык режимдин нормативдүү эстетикасынын көркөм дөөлөттөрүнө теориялык жактан  баа берилбей, бул олуттуу маселе “архивге” өткөндөй эле козголбой турат, ошондуктан, соцреализмдин классиктери болгон А.Токтомушев, Н.Байтемиров, Ш.Бейшеналиев, С.Өмүрбаев, Ш.Абдыраманов, Ж.Мавлянов, М.Жангазиев сыяктуу ортосаар акын-жазуучулардын чыгармачылыгы кайра каралып, бааланышы абзел.

Жетимишинчи жылдардагы адабий сында “кыздар поэзиясы” деген жумушчу термин пайда болгон. Кыздардын адабиятка жигердүү аралашканын белгилеп, шарттуу колдонулган бул эмпирикалык түшүнүк кийин “аялдар поэзиясы” деген терминге айланып, аны жамынган айрым авторлор калем кармаган аялзатынын бардыгын жапырт мактап, теориялык негизи жок эле жасалма жол менен адабий “көрүнүшкө” айландырып алышты. А.Эгембердиеванын “Кыргыз аялдар поэзиясы: көркөм табияты, тарыхый өнүгүшү, идеялык-стилдик өзгөчөлүктөрү” (2012) деген китеби мунун айкын далили. А.Эгембердиеванын китебинин аталышы академик Д.С.Лихачевдин “Поэтика древнерусской литературы” деген фундаменталдуу эмгегиндей эле салмактуу экен, бирок, атына заты жооп бербеген бул китепти окугандан кийин, “Лев Толстойдукундай калпакты го кийиптир, эми аныкындай башты кайдан табаар экен” деген Р.Гамзатовдун сөзү аргасыздан эске түшөт. Анткени Т.Адышева, М.Абылкасымова, С.Абдыкадырова, М.Буларкиева, Ж.Тынымсейитова, Н.Жүндүбаева, З.Сооронбаева, Д.Жамансартова, А.Дегенбаева, Г.Момунова сыяктуу ортосаар агымдын өкүлдөрүнүн халтуралык чыгармалары илимий изилдөөнүн предмети боло алабы? Албетте, жок, эгер болсо, “ортосаар агымдын” көрүнүшү катары  изилдениши мүмкүн. Себеби илимде да, сында да бир эле критерий бар – ал эстетикалык критерий. Ушундай нукура поэзиянын чен-өлчөмдөрү менен караганда жогорудагы акындардын ырлары сын көтөрө албайт. Алар учурунда, албетте, көтөрмөлөнүп келген. Ал кезде соцреализмдин доорону сүрүп, идеологиянын капшабы менен ыр жазган кыз-келиндерди партия сүрөп турган. Эми адабиятка болгон теңдемечил, ошондой консервативдик мамиледен арылышыбыз керек. Поэзияга нукура искусствонун талаптарынан гана карай турган мезгил качан эле келген. Сындагы, адабият илиминдеги ыкшоолуктун кесепетинен С.Акматбекова, Р.Карагулова, Ш.Келдибекова, А.Узакова сыяктуу учурунда өз баасын албай келген, модернистик, экзистенциалистик багыттагы жаңы парадигмаларды жараткан акындардын поэтикалык изденүүлөрү кыргыз поэзиясындагы өзүнчө бир уникалдуу көрүнүш болгону менен дагы деле өз баасын албай, жеткиликтүү изилденбей келатат. Дүйнөнү башкача көрүп, өмүр маңызын терең аңдап, метафоралуу ой жүгүрткөн бул көркөм феномендин психологиялык, философиялык аспектилери терең изилдөөгө муктаж. Анан аларга кошуп, “күрүчтүн аркасы менен күрмөк суу ичет” болуп, “аялдар поэзиясы” деген жасалма, жайдак теорияга жамынып, теңдемечилик менен ортосаар ыр жазган кыз-келиндерди жаңычыл акындар менен бир катарга тизип алып, кан жинин аралаштырып, жезди “алтын” деп, бөздү “жибек” деп дүңгүрөтүп мактоо – бул көз боёмочулук. Живопистеги ушундай жагдайды көрүп Э.Хемингуэй “Грустно было видет новые никудышные картины рядом с настоящими…” деп (Э.Хемингуэй Собр.соч. в четырех томах, т.4, М.:1968, стр.465) айткан экен. Же А.Эгембердиева адабиятта искусствонун суррогаты болгон ортосаар ырларды “дубалап”, жалындап күйүп турган нукура поэзияга айландыра салган лириканын “алхимиги” болуп алганбы? Эч кандай методологиялык, теориялык негизи жок, көркөм-эстетикалык анализден кур жалак, эмпирикалык сыпаттоодон өйдө көтөрүлө албаган бул монография – илимдеги халтуранын кашкайган үлгүсү.

Азыркы учурда адабият тарыхына тийип-качып, китептен китеп жазып жүргөн эпигондор “тушалып” турган кез. Өмүрүн адабият тарыхын изилдөөгө арнаган С.Жигитов, К.Артыкбаев өңдүү бул түйшүктүү тармакты аркалап, убарлуу узанган адис деле көрүнбөйт. Ал эми О.Ибраимовдун “История киргизской литературы ХХ века” (2014) деген окуу китеби 90-жылдарга чейинки мезгилге арналган, академик А.Акматалиевдин жалпы редакциясында жарык көргөн 10 томдон турган “Кыргыз адабиятынын тарыхынын” азыркы адабиятка арналган бөлүгү акын-жазуучулардын портреттеринен турат. Ошентип постсоветтик мезгилдеги адабият тарыхын жазууга жол көрсөткөн даяр схемалар, даяр калыптар иштелип чыга элек. Акыркы 30 жылдагы адабияттын өсүп-өнүгүү жолдору, анын оош-кыйыштарынын, көйгөйлөрүнүн себептери ичкериден изилденип, жаңы көрүнүштөрдүн жаралыш шарттары, жаңы ориентирлери аныкталып, көркөм процесстин өнүгүү тенденциялары, жанрлардын өргө карай көтөрүлгөн учурлары, кедерине кетип, бөксөргөн жагдайларынын мыйзамченемдүүлүктөрү илимий-теориялык негизде изилденип, жалпылаштырылып, жаңы деңгээлде чечмелениши абзел. Көп кырдуу (герменевтика жана структурализм, салыштырма-типологиялык, тарыхый-генетикалык, компаративистик) усулдар менен жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн натыйжасында кыргыз адабият тарыхын изилдөөнүн жаңы теориялык жана методологиялык негиздери калыптанат. Анын негизинде жаңы теориялык жоболор иштелип чыгып, адабият тарыхынын бир этабынын алгачкы жыйынтыктарын чыгаруу адабият таануунун жана сындын алдында турган чоң милдет. Кыскасы, азыр адабиятчылар менен сынчылар бел чечпей иштей турган учур.

Аскар Медетов, филология илимдеринин кандидаты