Адабият короосунан алыс калган көркөм котормо

Котормо боюнча акыркы конкурстар кыргыз адабиятында бул жанр кризисте экенин көргөздү. Республика боюнча котормочулар сынагына тапшырылган чыгармалардын дээрлик көбү талапка жооп берген эмес. Адистер мындай көрүнүш адабий чөйрөдө котормого олуттуу көңүл бурулбай калганынан улам пайда болгонун айтып жатышат. Котормочу Мукан Асаналиев кыргыз адабияты котормо жанры боюнча башка элдин адабиятына караганда бир топ жыл артта калды деген ойдо: – Бул учурда котормочуларга жакшы көңүл бөлүнбөйт. Биздин кээ бирадабиятчыларыбыз, атургай жазуучуларыбыз котормочуларды экинчи сорттогу адам катары көрүшөт. Мисалы, армяндар мынданэки миң жыл мурун эле өз тилинен башка тилге, башка тилден өзтилине которуп толугу менен…..