Талант жана тагдыр

КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, Жазуучулардын адабий фондунун жетекчиси, КР Эл акыны Ж.Саалаев, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын, журналист Ө.Тиллебаев, акын, жазуучу Г.Орозматов, adabiyat.kg сайтынын башкы редактору Н.Маамытбаевдер жазуучу Мирзохалим Каримовдун ден соолугунан кабар алып, материалдык жардам көрсөтүп келди. Узак убакыттан бери дарыланып жаткан жазуучуга дем берип, маанайын көтөрүп, аз да болсо маектешип кайттык. Жашы улуу болсо да Ж.Саалаев, Ө.Тиллебаев, А.Акималиевдер менен кезинде жатаканада бирге жашап, бирге окуган экен. Студенттик курагын кеп кылып, Ж.Саалаев “Талант жана тагдыр” деген ырын окуп берди. Талант жана тагдыр (Курсташым, белгилүү кыргыз-тажик жазуучусу М.Каримовго) толугу менен…..

Нурлан Калыбеков: ТүркСОЙ адабиятка маани берип жатат

29-30-мартта Өзбекстандын Навои шаарында ТүркСой уюштурган Түрк жазуучулар уюмунун алгачкы жыйыны жана “Классикалык поэзия” фестивалы өттү. Фестивалдын алкагында “Түрк дүйнөсүнүн адабий берметтери” аттуу 100 томдук антологиянын бет ачары болду. Бул иш-чараларга Азербайжандын, Казакстандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын, Түркиянын, Татарстандын, Башкырстандын акын-жазуучулары катышты. Навоиде өткөн адабий жолугушуулар жана анын таасирлери тууралуу Кыргызстан жазуучулар биримдигинин төрагасы Нурлан Калыбеков менен Бурулкан Турдубек кызы Сарыгулова маектешти. -Өзбекстандын Навои шаарында өткөн түрк дүйнөсүнүн калемгерлеринин «Классикалык поэзия» фестивалы анын катышуучуларына шык берген демдүү, кадыр-барктуу иш-чара болду окшойт. Сиздин баамыңызда бул фестивалдын өзгөчөлүгү эмнеде болду? -Адабият менен искусствого Өзбекстандын толугу менен…..

И.Сатыбаевдин “Араңарда китеби жок акын бар” аттуу китебинин бет ачары өттү

Акын Ибраим Сатыбаевдин “Араңарда китеби жок акын бар” аттуу китебинин бет ачары болуп өттү. А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында өткөн эскерүү иш-чарасына КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, КР Жогорку Кеңешинин депутаты, акын М.Самыйкожо, КР Эл акындары М.Ааматов, К.Бакиров, КР Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы К.Осмоналиев, маданият, искусство ишмерлери, акындын үй-бүлөсү катышты. Кечеде акындын чыгармачылыгы боюнча сөз болуп, ырлары окулду.

Абдыкерим Муратовдун китептеринин бет ачары өттү

Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык педагогикалык колледжинде жазуучу, публицист, педагогика илимдеринин доктору, профессор, адабиятчы Абдыкерим Муратовдун китептеринин бет ачары болуп өттү. “Арча түбүндөгү айдың кеч”, “Ата конуш”, “Ак булут, аппак булут”, автордун чыгармачылык ишмердүүлүгүн чагылдырган “Биографиялык жана библиографиялык маалыматтар” жана казак тилинде жарык көргөн “Шегемдик кыз” китептеринин таанытымына КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлдөрү, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков баштаган акын-жазуучу, адабиятчылар, Казакстан жазуучулар союзунун мүчөлөрү С.Камшыгер, А.Шегебай катышты. Иш-чараны демилгелеп уюштурган жана модераторлук кылган Т.Колдошов эмгек жамааты, студенттери менен биргеликте келген меймандарга өз өнөрлөрүн тартуулап, кечени толугу менен…..

Нурлан КАЛЫБЕКОВ, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы: «Саясат – бийлик, бийлик – акча, акча – жакшы жашоо деген түшүнүк калыптанып калды»

– Отуз жылдан бери не деген замандарды, не деген опурталдуу окуяларды башыбыздан өткөрдүк. Кыргыз адабияты ушунун баарын чагылдырып бере албай жаткансыйт? – Ооба, коомду чагылдырып жазган мыкты роман болобу, повесть, аңгеме болобу, классикалык үлгүдөгү чыгармалар жокко эсе болуп жатат. Атуулдук ырлар, замандын оош-кыйышына болгон ички протесттер жазылып, поэзияжанры өз жүзүн көрсөтүп келе жатканы менен кара сөз жанры аксап калды. Ал тургай ушул чакчалекей заманды чагылдырчу сатира жанры таптакыр жоголду. – Бул кризистин себеби эмне? – Мунун себеби келип эле каражатка такалат. Мисалы, таланттуулардын көбү азыр чыгармачылыкты хобби катары пайдаланып, баш-оту толугу менен…..