Акбар Рыскулов: Чыгармамды жазам деп бир ай гана, чыны, бүтпөй жүрөмүн жыл айлана.

Кыргызстан картасы Карап көрчү Кыргызстан картасын!.. Калкыбызга канча сыймык артасың: өрөөн, жайлоо, төрдү көр, көлдөр, суулар, мөңгүлөр көрккө бөлөйт Ала-Тоонун аркасын!   Карап көрчү Кыргызстан картасын!.. Капаны да, жапаны да тартасың: чек араны чечейтип, кең араны кекейтип, кескендерди кайсы Кудай алкасын?!   Кайра кара Кыргызстан картасын!.. колго кармап кайчы, кылыч, балтасын, Этек-жеңди өөнөгөн, Эшик-төрдү жөөлөгөн кас душмандан казыр дагы жалкасың!   Карап көрсөң Кыргызстан картасын, Көз алдыңа Кумай кушту тартасың: бир канаты кетилип, бир канаты жетилип, бийик зоого сүйөп турат аркасын!   Кумай кушту – “феникс” дейт гректер, Кудай жазса, толугу менен…..