Болотбек Таштаналиев: Жагымсыз обондор, жугумсуз тексттер

Жагымсыз обондор, жугумсуз тексттер

Обон кулактан кирип, бойду алыш үчүн ырдын тексти: ыргактары, уйкаштыктары жана мазмуну кыш кынагандай көзгө болумдуу, логикалык жактан айныксыз, обон да ошого ажайып, кулакка толумдуу болушу керек. Обон менен текст бирин бири толуктап турганда, ал өлбөс-өчпөс болуп калышы ыктымал. Эгер бири эле элдир-селдир болсо, анда ал бир жолу колдонулуп, ыргытылган буюмга айланат.

Эсил кайран Бөкөнбай Боркеев обондуу ырлардын тексттеринин ашмалтайлыгы: эсте кала турган ырыстуу ыр саптарынын жоктугу, алешемдиги тууралуу маселени кабыргасынан коюп, кыргыз обончуларынын арасынан саналуулары, же тагыраагы таланттуулары гана ырдын текстине маани беришерин, а орто саарлары менен элдир-селдирлери жок дегенде обонго дурусураак текст тандай албай турганын какшап жүрүп өттү. Ал мезгилде да ырчыларда ыйман бар экен. Алар жок дегенде орто саар болсо да элге таанымал акындардын ырларынын текстине обон чыгарышчу.

Акыркы 30 жылда той-тамашаларда жылдыз болуп жанган ырчылардын көбү ырдаган ырларынын текстин өздөрү жазабы, же поэзиядан эч түшүнүгү жокторго жаздырышабы, ал тексттерди угуп отуруп, жүрөк айланат. Тагыраагы кускуң келет. Арга жок, Кудайдын ичинин кенендигине тан берип, жакаңды кармайсың.

Той-тамашадан калбаган, жаштардын сүймөнчүгүнө айланган белгилүү ырчы Нурлан Насип “Мен сага жакпай койдум” деген ырды ырдап жүрөт. https://kyrgyz-audio.com/muzyka/nurlan-nasip/ сайтында ырдын тексти кайсы авторго тиешелүү экени жазылбаптыр. Сыягы, өзү жазса керек. Чогуу окуп көрөлү:

Көздөр, көздөр жашка толду,

Сүйгөн жүрөк жакпай койду сага…

Жаным сага.

Билсең дагы сүйөрүмдү,

ачпай койдуң жүрөгүңдү мага…

Оо мага…

 

Кайырма:

Мен сага жакпай койдум,

Көңүлүң таппай койдум,

махабатым менин.

Жаралуу жүрөгүңө,

Жалгыз мен батпай койдум,

махабатым менин! Ооо….

 

Маңдайыңдан табылайын,

Махабатым дарылайын, жаным

кагылайын…

Бакытка жол табыш үчүн,

Бир өзүңө жагыш үчүн, жаным

не кылайын?

Анын репертуарындагы бир эле бул ыры эмес, дээрлик бардык обондуу ырларынын тексти мына ушундай. “Мен сага жакпай койдум” деген обондуу ырынын текстин окуп, мында эмне айтып, эмне коюлганын, дегеле эч нерсе түшүнө албадык:

Бул ырдын текстинен бир нерсени түшүнө алдыңызбы? Көңүлүңүздө бир нерсе калдыбы? Албетте, жок. Көздөр жашка толуптур, жүрөк жакпай коюптур. Ачпай коюптур.

Ырдын текстинде логика да, ой да, кандайдыр бир маани да, жадагалса уйкаштык да жок. Ыр өзү 12-15 сап ыр болсо, 50гө жетпеген сөздөн куралса, көздөр деген сөз 2 жолу, жүрөк 3, сүйүү 2, махабат 3, жаным 3, сага 3, мен 5 кайталанган.

Анан эрикпей https://kyrgyz-audio.com/yrchylar/ сайтына кирип, айрым бир таанымал ырчылардын ырларынын тексти менен таанышып көрүүнү чечтик. Ырчы Данияр Эрматовдун репертуарындагы “Сени сүйөм” деген ырдын тексти мындай:

Сен дагы мени сагындыңбы

Мен сени сагынганда

Жактырдым сени алгач көздөр кабылганда

Жан шерик болдуң тайгак жолдо

Мен жалгыз баратканда

Ыраазымын сага жолуктурган жаратканга

Кайырма:

Сени сүйөм сени сүйөм
Кайталап сүйөрүмдү
Сага гана сага гана
Арнаймын гүлдөрүмдү
Карагат кара көздөрүң менен
Ээледиң жүрөгүмдү

Арнаймын сага ааламдагы
Сезимдин тазасын
Сен болдуң менин бир жаралган
Чексиз бактым
Түбөлүк таттуу өмүр сүрүп
Тунук сүйүү жашасын
Эч кимди мени алмаштыргыс махабатым.

Жадагалса, үтүр-чекити коюлбаган, же тагыраагы коюудан эринген бул ырдын текстинен поэзияга тиешелүү бир нерсе табуу кыйын. Бир эле бул эмес, “Кызгандыргың келе береби?”, “Бийле диско”, “Атакем”, “Тамчы шүүдүрүм”, “Күткөн жүрөк”, “Токто жаным”, “Айылымды сагындым”, “Жаштык кез”, “Суктанам”, “Аярым”, “Сага” ж.б. ырларынын тексти биринен бири өтүп шырылдаң. Мындай тексттерди кайсыл чуңкурдан тапты экен? Акыл жетпейт.

Алмаз Шаадаев деген ырчы бар экен. Аталган сайтка бул ырчынын да оголе көп ырынын музыкасы жана тексти коюлуптур. “Махабат деген ушундай” деген текстин окуп оозубуздан сөзүбүз түштү:

Сөздөн тартынып турам
Бирок жактырып турам
Мүмкүн бекен ашык болууга сизге
Сөз айтууга ашыкба
Байкап көз карашыңдан
Күмөн санап турам сенин жашыңдан

Кайырма:

Махабат деген ушундай
Жашка карабайт экен
Ойго салып аттиң аябайт экен
Махабат деген ушундай
Сүйүп ашыккан менен
Таанышып бирок жүрөк табышбайт экен
Махабат деген ушундай

Аппак жүзүңүзгө
Таптаттуу күлкүңүзгө
Суктанууга кантип эми болбосо
Менин айткан ойлорум
Туура деген ойдомун
Жылуу сөзгө кубанычта болойун

Мүмкүн, башкалары дурустур деп, үмүт кургур үзүлбөй, “Жүрөгүңдү ачып койчу”, “Жаным кой”, “Жубайым”, “Сагынам”, “Көлдүк кыз”, “Заман”, “Эрке кыз” ж.б. ырларынын тексти менен таанышып көрдүк. Колго илине турган бир сап жок.

Кайрат Примбердиев деген орус эстрада ырчыларынын көз кырына илинген ырчы бар го. Балким, ушул жигиттин репертуарындагы ырлардын тексти сөзгө татыктуу чыгар деген ойдо, бир топ ырынын текстин карап көрдүк. Чогуу “Акың жок” ырынын текстин окуйлу.

Таштадың санаага, акың бар беле?
Сагынтып жүргөнгө акың бар беле?
Саамайың сыласам, башка адамдай качасың,
Акың жок, сенин акың жок?!

Кайырма:
Жүрөгүмдү оорутканга акың жок
Жаш сүйүүмдү басынтканга акың жок.
Эми сени унутканга алым жок,
Таштаганга сенин акың жок.
Таң эрте түшүмдө көрүнөт элес,
Аттиң ай, ал элес кайрадан келбес.
Өкүнтүп жалгыздык азабына таштадың го,
Акың жок, билгин, акың жок.

Мына ушундай. Бул текстке комментарий кылууга да “акыбыз жок” экенин түшүнүп тургандырсыз. Анын “Калбаймын”, “Апам үчүн”, “Сагынганда”, “Үмүтүмө”, “Арноо”, “Бир тууганым”, “Жаңы жылдыз”, “Поезддеги махабат”, “Жигит сүйүүсү” ж.б. ырларынын тексти деле бул мисал келтирген ырынан жогору эмес. Мурдунан мыңкылдап сүйлөгөн кишинин сөзүндөй. Биринен экинчиси кол менен кармагыс.

Эми сөзү Камчы Ɵскөнбаев, Чыңгыз Кудайбердиевге, обону Ильяз Абдыразаковго тиешелүү Аваз Акимов ырдаган “Кайрылып келчи” деген ырдын текстин окуп көрөлү:

Эт жүрөгүм эзилип
Сенин жогуң сезилип.
Алсырап сездиңби
Арманга кезиктим.
Бирге басчу жол бүтүп
Махабаттан кол үзүп.
Кайылмын баарына
Таарынам тагдырга.

Кайырма:
Эт жүрөгүм эзип жаралай
Жалдыратып жаным аябай
Аны менен кеттиң карабай.
Ара жолдо турам кайгырып,
Калгым келбей сенден айрылып.
Келсең боло жаным кайрылып.
Кайырма:

Арман менен алышып
Сени андан талашып.
Эпсиз жүрөк ыйлайт
Сыздап сени кыйбай
Куса болуп эңсеймин
Кайрылбастан кеткениң
Кол жетпес гүл белең?
Гүлүм эңсеп келем.
Кайырма:

Аваз Акимовдун башка ырларынын тексти деле кыйрап кетпептир. “Убакыт”, “Балапаным”, “Сен”, Сүйүү деңизи” деген ырларынын текстин окуп, “убакыт” коротконго өкүндүк. . Бул ырлардын тексти кулактан кирип бойду албайт, тескерисинче чарчатат.

Текст демекчи, акын жаштардын арасынан, дегеле улуттук адабиятка тиешеси барлар арасынан Камчы Ɵскөнбаев, Чыңгыз Кудайбердиев дегендердин ырларын окуп, ыр китептерин колубузга кармап көрбөппүз.

Сайтта ырчы Самат Дөөлөтбаковдун “Жалгызым” деген жалгыз ыры коюлуптур. Биз билгенден бул деле белгилүү ырчылардын бири. Анда ырдын текстин окуп көрөлү:

Канча күн, канча жыл
Издедим жалгызым
Арманга чөмүлүп
Кусага көмүлүп, бүттүм

Кайырма:
Кайдасын менин жалгызым, жалгызым, жалгызым.
Кайдасын менин жалгызым, жалгызым, жалгызым.
Кайдасын менин жалгызым, жалгызым, жалгызым.
Кайдасын менин жалгызым, жалгызым, жалгызым.

Жүрөгүм жанчылды,
Сүйгөнүм барсыңбы?
Келчи жаным кайра,
Сүйөмүн өзүңдү гана.

Жүрөгүм жанчылды,
Сүйгөнүм барсыңбы?
Келчи жаным кайра,
Сүйөмүн өзүңдү гана.

Кайырма :

Сагындым өзүңдү,
Ак жуумал өңүңдү.
Кайра-кайра тиктеп,
Алыстадан издеп бүттүм.

Сагындым өзүңдү,
Ак жуумал өңүңдү.
Кайра-кайра тиктеп,
Алыстадан издеп бүттүм.

Бул ырдын текстин жазган азамат жалгыздыктан улам “жалгыздык” деген сөздөн башка да сөздөр бар экенин эсинен чыгарып койсо керек. Ыя, айланайын, ушул да ырбы, ушул да текстпи? Бу ырчылар угарманын сыйлаганды, текстке мамиле жасаганды качан үйрөнөт?

Башка эл обондуу ырлардын тексттерине кандай карашат, кандай мамиле жасашат? Калыстык үчүн алыс барбай, кошуна казактардын обондуу ырларынын тексти менен таанышып көрөлү, не деген керемет. Мисалы, обону Роза Алкожого таандык “Сагындым сени” бизде да популярдуу. Бул обондуу ырдын текстин казактын таланттуу акындарынын бири Исрайыл Сапарбай жазган:

Айдынға аққу-қаз оралды, сағындым сені,

Жайнады дүние, жаңарды, сағындым сені.

Жаз өтті, жапырақ тоналды, сағындым сені,

Ақ қайың ақ мамық оранды, сағындым сені.

Қайырмасы:

Күн батты, таң атты тағы да,

Ем таппай жаралы жаныма,

Жоғыңа сенбестен қарайлаймын жолыңа.

Сен едің ертегі аралым,

Дертімнің таба алмай амалын,

Таусылып ішімнен барамын-ау, қарағым.

 

Ақ қайың арылды ақ қардан, сағындым сені,

Сандуғаш сайрады бақтардан, сағындым сені.

Елесің жоқ болған тәтті арман, сағындым сені,

Келесің, жаным, қай жақтардан, сағындым сені.

“Сагындым сенинин” обонун угуңуз да, текстин миң кайталап окуңуз. Не деген керемет. Кулактан кирип бойду алган обон жана ырдын тексти болсо ушундай болуу керек. Бул ырда “сагындым сени” жүз кайталанган менен угарманды да, окурманды да эч тажатпайт. Тескерисинче, ырдын маанисин ошончо арттырат. Адамдын көкүрөгүндө кышы-жайы өчпөгөн кусалыкты, махабатты ого бетер даңазалайт. Биздин Нурлан Насиппи, Данияр Эрматов, Алмаз Шаадаев, Кайрат Примбердиев, Самат Дөөлөтбаков ж.б. ж.б. ырчылардын обондуу ырын укканда кадимкидей чарчасаң, өзүңдү каякка катарыңды билбей, ырчы үчүн, ырдын текстин жазган аты-жыты белгисиз акын үчүн уялсаң, Роза Алкожонун ырын укканда, Исрайыл Сапарбайдын тексти жүрөгүңү тилгенде тимеле жыргап эс аласың.

Бизде сүйүү темасындагы ырлардын текстине гана эмес, ата мекен, ата журт, Кыргызстан тууралуу ырлардын текстине да ат үстүнөн мамиле жасап, уйдун жампасын дубалга уруп кургаткандай, каалагандай чампалашат экен.

Эмесе, Азиз Батыровдун репертуарындагы «Алга, Кыргызстан” аттуу ырдын текстин окуйлу. Бул да https://kyrgyz-audio.com/aziz-batyrov-alga-kyrgyzstan-2/ жогоруда айтылган сайтта илинүү:

Ала Тоо өлкөм Кыргызстан

Ажайып көркөм Кыргызстан

Укмуштун баары табылган

Уютку чөлкөм Кыргызстан

 

Кыргызстан демим Кыргызстан

Кылымдык кебим Кыргызстан

Беш күндүк өмүрүмдөгү

Бейишим менин Кыргызстан

Кайырма:

Кыргызстан алга Кыргызстан

Кыргызстан жаша Кыргызстан

Сен гүлдөп өсө бересин

Кыз уулуң барда Кыргызстан

 

Эх кандай кенен Кыргызстан

Экинчи энем Кыргызстан

Туйлаган тулпар уулуңмун

Туу кармап берем Кыргызстан

 

Кыргызстан өсчү Кыргызстан

Кыйла алга көччү Кыргызстан

Ак калпак элим байырлап

Ансайын көрктүү Кыргызстан

 

Өзүнчө дүйнө Кыргызстан

Көрүнсүн көркүң жылдыздан

Кубалап бакыт шаштырсын

Кут даарып күндө Кыргызстан

 

Кыргызстан демим Кыргызстан

Кылымдык кебим Кыргызстан

Ала Тоо койнун ээлеген

Эгемен элим Кыргызстан

Болуптур, бул ырдын текстиндеги Кыргызстанга карата көркөмүн түшүнөлү, а чөлкөмү эмне? Кыргызстан акындын кылымдык кеби экенин түшүнөлү, беш күндүк бейиши эмне? Кыргызстан өнүгүп-өскөн өлкө болгонун баарыбыз каалайбыз, бирок ал кайда көчүшү керек?!.

Мына биздин ата журт, Кыргызстан темасына жасаган мамилебиз. Ырчылар ушул ырларды ырдап, Кыргызстанды даңазалап жүрөбүз деген ойдо жүргөндүр. Арийне, мындай ырлар менен биз Кыргызстанды даңазалабай эле, аны уят кылып жүргөнүбүз менен ишибиз жок.

Мекенди, элди даңазалоо дегенди дагы да болсо казак агаиндерден үйрөнсө болот. Башкасын айтпайлы, Казакстан Республикасынын гимнинин текстине баам салып, улам кайталап окуп, гимндин музыкасын тыңшап көрүңүзчү. Кулактан кирип, бойду алган текст жана музыка болсо, мына ошондой болсун.

Казакстан Республикасынын гимни:

Алтын күн аспаны,
Алтын дән даласы,
Ерліктің дастаны,
Еліме қарашы!
Ежелден ер деген,
Даңқымыз шықты ғой.
Намысын бермеген,
Қазағым мықты ғой!

Қайырмасы:

Менің елім, менің елім,
Гүлің болып егілемін,
Жырың болып төгілемін, елім!
Туған жерім менің – Қазақстаным!

Ұрпаққа жол ашқан,
Кең байтақ жерім бар.
Бірлігі жарасқан,
Тәуелсіз елім бар.
Қарсы алған уақытты,
Мәңгілік досындай,
Біздің ел бақытты,
Біздің ел осындай!

Қайырмасы:

Менің елім, менің елім,
Гүлің болып егілемін,
Жырың болып төгілемін, елім!
Туған жерім менің – Қазақстаным!

Жөнөкөй, түшүнүктүү. Жалган пафос жок. Баары ордунда.

Орустарда да текстке аябай маани берилет. Улуу Жеңиш күнүнө арналган “День Победы” деген ырды эле мисалга алалы. Бизде акындар эмне үчүн ушундай текст жаза алышпайт?! Башка элдердин ырларынын текстин окуп отуруп, өз элиң үчүн уяласың:

День Победы
слова В. Харитонова, музыка Д. Тухманова

День Победы, как он был от нас далек,
Как в костре потухшем таял уголек.
Были версты, обгорелые, в пыли,—
Этот день мы приближали, как могли.

Припев;
Этот День Победы
Порохом пропах.
Это праздник
С сединою на висках.
Это радость
Со слезами на глазах.
День Победы! День Победы! День Победы!

Дни и ночи у мартеновских печей
Не смыкала наша Родина очей.
Дни и ночи битву трудную вели,—
Этот день мы приближали, как могли.
Припев.

Здравствуй, мама, возвратились мы не все.,
Босиком бы пробежаться по росе!
Пол-Европы прошагали, полземли,
Этот день мы приближали, как могли.

Припев.

Бул ажайып ырды укканда, текстинин маанисинин тереңдигинен улам, көзүңдөн жаш ыргып кетет.

Биз жогоруда, Нурлан Насип, Данияр Эрматов, Алмаз Шаадаев, Кайрат Примбердиев, Самат Дөөлөтбаковдордун гана мисалында сөз кылдык. Чындыгында Рыспай Абдыкадыров, Калыйбек Тагаев, Каныкей Эралиева, Түгөлбай Казаков, Мукан Рыскулбеков, Асанкалый Керимбаев, Абидин Темиров, Кадыралы Артыков, Майрамбек Осмонов, Калмурат Рыскулов, Элмирбек Иманалиев, Түмөнбай Колдошовго окшогон обончулар эле текстке маани бербесе, калган ырчылардын репертуарындагы ырлардын тексттери аман эле болсун. Обондуу ырлардын тексттери улуттук поэзиянын ажырагыс бир бөлүгү. Поэзия кристаллдай таза болсун десек, ага келди-кетти, угарманды “иттен чыгаргандай” мамиле жасабай, олуттуу карашыбыз керек. Болбосо, ашмалтайы чыккан тексттер улуттук поэзияга, анын ичинде обонго ылайык ырлардын, песнянын өнүгүшүнө урулган балта болууда. Демек, бүгүн Маданият министрлигинин астында фонограмма менен ырдоого тыюу салгандай, алешем, колго кармагыс, дөөдүрөгөн тексттерге жазылган обондуу ырларды ырдаганга тыюу салуу керек. Министрликтин алдында атайын комиссия иштеп, алардын элегинен өткөн текстке жазылган обондуу ырлар ырдалып, калгандары тап душмандай таштандыга ыргытылууга тийиш.