Союз тууралуу

ВКП(б) БКнын 1932-ж. 23-апрелдеги “Адабий-көркөм уюмдарын кайра куруу жөнүндө” токтомуна ылайык ВКП(Б) нын Кыргыз обкому 1932-ж. июнда Кыргызстан пролетар жазуучуларынын ассоциациясын кайра түзүү жөнүндө чечим чыгарган.

Ошол эле жылы жазуучулардын тунгуч конференциясы чакырылып, 36 жазуучуну бириктирген Кыргызстан Жазуучулар Союзунун уюштуруу комитети түзүлгөн.

1934-жылы 22-апрелде республиканын жазуучулар союзунун биринчи съезди чакырылып, анда Союздун төрагасы Аалы Токомбаев кыргыз адабиятынын өнүгүшү жөнүндө кеңири баяндама жасаган. Съездде көркөм адабияттын идеялык деңгээлин жана сапатын жогорулатуунун милдеттери менен бирге уюштуруу маселелери, дунган, өзбек, орус секцияларынын иш пландары каралган.

1934-жылы август айында Москвада өткөн советтик жазуучулардын Бүткүл союздук биринчи съездине кыргыз адабиятчыларынан А. Токомбаев, Ж. Турусбеков, М. Элебаев, К. Маликов, Ж. Бөкөнбаев, К. Баялиновдор катышкан.

Бардык улуттардын адабият жана искусство ишмерлери катышкан советтик жазуучулардын жана сүрөтчүлөрдүн бүткүл союздук, республикалык съезддери, башкармалардын пленумдары, чыгармачыл союздардын ар кандай массалык иш чаралары тажрыйба алмашууга, көркөм маданиятты жемиштүү өнүктүрүүгө түрткү берген.

Ошол жылдары республиканын областтарында жазуучулар Союзуна баш ийген 20 адабий ийрим уюштурулуп, алардын ишине айылдык таланттуу жаштар тартылган жана катышкан.

Кыргызстандын партиялык уюму менен өкмөтү республиканын жазуучуларынын идеялык деңгээлин жогорулатуу үчүн бардык зарыл шарттарды түзгөн.

1934-жылы партиянын кыргыз обкому акын, жазуучу, сынчы, газета-журналдардын редакторлору, кабарчылары катышкан кеңешме өткөрүп, анда жазуучу сынчыларга социалисттик реализм методун өздөштүрүү милдети коюлган.

Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан кийин жазуучулар Союзуна “Улуттук” деген статус берилип, Улуттук жазуучулар Союзу болуп түзүлгөн. 2011-жылы 7-июнунда Улуттук жазуучулар Союзунун кезектеги курултайы өткөрүлүп, уставга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, Улуттук жазуучулар Чыгармачылык Союзу болуп каттоодон өттү. Жогорку курултайда жаңы башкарма мүчөлөрү, биринчи пленум өткөрүлүп жетекчилик кайра шайланды.

Учурда Жазуучулар Союзунун 600дөй мүчөсү бар. Проза, поэзия, драма, котормо, улуттар адабияты, адабий сын, балдар адабияты, жаштар чыгармачылыгы боюнча секциялар иш алып барууда.