Үрүниса Маматова: Ата-Мекен дегеним Атам экен, Атам байкуш алыста жатабы эсен?

Михаэль Лайтманга

1

Жакшыртууга дүйнөнү жанын үрөп,

Жашоодо бир алоолоп жалын жүрөт.

Опурталдуу көрүнгөн оолукманын

Отурбайбы оюнан карын күрөп.

 

Адамзаттык бирдикти туру көздөп,

Шайтанды да чакырып Улуу сөзгө.

Жыландарды кийирмек ийинине,

Жакшы, жумшак, ийиткен жылуу сөздө.

 

Жалын жүрөк бул киши баарын билет.

Адамзаттын азабын, зарын билет.

Ынтымак, – деп, бирдик, – деп какшай берип

Жадап бүтсө, Кудайдын каарын билет.

 

Ойлорума ойлору туура келет,

Түпкүлүгү биздин ой туура, демек.

Чатак элге чарчабай, жадап бүтпөй,

Жадап бүтпөй кеп-кеңеш кура берет.

 

Бөлүнбө, – деп, бирик, – деп какшай берет,

Жан-дилинен дүйнөнү сактай берет.

Альтруизм эгону жеңе турган

Тинтип, тытып бир жолду таппай келет.

 

Кудай өзү ушинтип чачып салса,

Кудай өзү ушуга батып калса,

Ушу киши өзгөртөт кантип муну?

Жооп издейм санаага батып канча.

 

Дүйнөлүк бир жаңылык ачкым келет.

Олуянын окуусун жапкым келет.

Кыямат – бул коркуткан тарбия, – деп,

Каббаланын катасын тапкым келет.

28.02.2023.

 

Михаэль Лайтманга

2

Эгом менен алтерэгом күрөшүп,

Эгом өлүп, жыргап алам бир өсүп.

Кыяматка каршы чыга баштадым,

Улуу устат, алдыңыздан бир өтүп.

 

Китептерде ким бирөөсү жанды жеп,

Ойлоп таап алгандыр бир алдуу кеп.

“Өлүм жок”, – дейт жыйырма биринчи кылым.

Кыямат жок, – дегеним да – жандуу кеп.

 

Кыяматты Ч.Айтматов да айткан.

Андан көбү эгосунан айыккан.

Мен силерди Периште деп түшүнөм,

Ч.Айтматовго уйкаш, тобо, Лайтман.

 

Пайгамбарлар киши, сиздей ата бүт.

Кыяматы – кишичилик каталык.

Окуу, жазуу – бул Теңирдин буйругу,

Жаздым мен да Жараткандан бата алып.

 

Владимир И.Л. Мухаммеддин “окусун”

Кайталаган жамы журтту окутуп.

Пайгамбардын кыйласынан кыйын ал

Кетириптир коммунизм кокусун.

 

Бүт Жер жүзү астын-үстүн болгону –

Бир кыйындын ойлоп таап койгону.

Кыямат да коммунизм сыяктуу,

Пайгамбардын жаңылышкан болжолу.

 

Сизди уккандар сиз жаңсаган жолдобуз,

Кыяматка ишенүүчү болбоңуз.

Оңдогондой баарыбыздын эгону,

Каббаланын бир катасын оңдоңуз.

09.03.2023.

 

Түркияда Зилзаладагы куткаруучу итке

Эки колун айнек, ташка алдырган,

Дагы издөөгө далбас уруп, таңдырган.

Өзөлөнүп өмүрү үчүн өзгөнүн,

Ушул иттей болсо кана ар бир жан!

 

Жан үрөгөн жаны үчүн кишинин

Жүз жүгүнөм жүрөгүнө итиңин.

Алааматта ачыктады Теңирим

Иш түшкөндө ит ким жана киши ким?

 

Айырма жок, жакшысы ким? Жаман ким?

Адамга, итке күнү түштү адамдын.

Калкып чыкты кыйрандыдан кашкайып,

Күн түшкөндө ит ким жана адам ким?

 

Алтын издеп арбактарды карактап,

Адам түспөл шайтан жүрөт шарактап.

Алаамат да акыл бере албаган,

Адам атын алып жүргөн бар акмак.

 

Алла-Таала, о, Кудайым-Теңирим,

“Ит!” – деп тилдеп кишилердин кээ бирин,

Адамды итке оңой теңей салабыз,

Ой жүгүртпөй маанисине кеңири.

 

Кишилерди өлүктөрдү тоногон,

Итти кара кыйраган үй, короодон

Киши жанын аман алып чыгууга

Тырмаланып каны-жаны корогон!

 

Жетсин деген Жаратканга тилегим,

Сөз-Кудайым, канталаган жүрөгүм,

Ар сөзүмдө куткаруучу аракет,

Мен дагы ушул итке окшогон бирөөмүн.

14.02.2023.

 

Рашид Бердибаевдин кичи мекени

Бул ырды жазмак эмесмин. Эл-жердеги көйгөйлөрдү жаза берип жададым беле, же күйүп кеткен акындарымы көрүп жалктым беле, же карылык келип каттым беле? Ушул ырдан качтым эле. “Жаманга айткан кайран сөз, өлгөнгө ыйлаган кайран көз” деген макалдын астында калсам, Кыштын кычыраган чилдесинде Кара-Кулжадан Бишкекке келип алып Рахат акын мурдараак жандүйнөмү аңтарып сүйлөткөн “Мезгил үнүн” берип Рашид-Баатырды жүрөгүмө салып кетти. Рашид газетанын бетинде, Кыргызстандын, бүткүл дүйнөнүн, биз жашаган мезгилдин бетинде көкүрөгүнө кызыл тасма тартынып, күнкараманын жалбырактарынын чети көрүнгөн Кызыл асабанын жанында бешенесинен беш жылдызы жайнап турат, бөөдө өлүм, аттиң! Тажиктин танкасын таш менен тоскон Баатырыма эстелик койдум ыр менен.

31.01.2023.

“Жетим-Дөбө” жетим калган баатырдан,

Жетиле элек барчын кушун качырган.

Томуктай уул. Тоодой эрдик… Бул эмне –

Боз топурак боз баланы жашырган?

 

Бул баатырдык – бечелдиги бирөөнүн,

Кеселдиги кармап турган жүрөгүн.

Жалгыз калган 15 кулдан ажырап,

Өзү кармай албай кетмен-күрөгүн.

 

Тартмак болуп таркап кеткен кулдарын,

Чачмак эмне кулдар тапкан пулдарын!

Кайраштырып, куралдантып түркөйүн,

Кысымга алып кыйынчыкма тыңдарын.

 

Ушул бечел туйгундарды кырган бүт,

Душманчылык, бул саясий курмандык

Өлгөндөргө атак берип, тирүүнү

Ажалга айдап, түртүп турган кырдаалды

 

Билбейт эч ким, – дейт бечелдик саясат.

Ырас, муну көбү билбейт, ай азап!

Мындан нары буйрубасын эч кимге,

Жексен болсун Чолпонбайдыкындай атак.

 

Айланайын Аскербашы, Элбашы!

Бейпилдикте Башчы болгон эң жакшы!

Кайда жүрөт Маамыттары Төштүктүн?

Каяктасың миң кошчуга бир Башчы?!

 

Жыландарды кийиргиле ийинге,

Жылуу сүйлөп, акыл, айла, билимге

Багынткыла башкалардын Башчысын,

Басым койбой, батинкеге, кийимге.

 

Айласы жок, атышканга таш терген,

Коргоноорго куралы жок аскерге

Албагыла, аягыла балдарды,

Аттырууга алып барбай ак жерден.

 

Чоң Мекени – алакандай Кыргызстан,

Сен көрбөгөн не калды эле турмуштан?

Билги-акылман, амалкөй бол. Билип кой,

Күчкө салса, чыкпасыңды бир муштан.

 

Жердин ыры

Баарыбызды көтөргөн Жер

Каарыбызды көтөрбөйт.

Бөлүнсөңөр-жарылсаңар, пенделер,

Чыдай албай мен да кошо жарылам.

Жарылуумдан силер кандай корксоңор,

Мен да ошондой корком жаным титиреп

Адамзаттык жарылуунун каарынан.

О, акылман Адамата тукуму,

Мен силерге айтам ыйлап ушуну:

Билип туруп көздөй Көлдү булгадың,

Тилип туруп боорумду ууладың.

Кубаладың тамекинин долларын,

Ошондо бир көз жашымдан сел жүрдү.

О, акылман Адамата тукуму,

Силер менин учурганда кутуму,

Башталганда кырылышкан атышмай,

Ошондо бир азабымдан кыйрадым.

О, акылман, о, теңдешсиз адамзат,

Мен силерге эл болсун деп Жер болгом,

Баарыңардын бактыңарга арналып,

Жаралгандан жалпыңарга тең болгом.

Баш-аяксыз, уч-кыйырсыз кең болгом.

Силер качан элчиликтен кеткенде

Менин дагы келбей кетет Жер болгум.

 

***

Мүйүздөрдү сындырбай бираз ийип,

Бири-бириңи жектебей бираз сүйүп,

Мындан нары жашоого туура келет

Мекен барын ортодо эске түйүп.

 

Жараткансып Жараткан жалаң чырдан,

Ашуу тосуп араны, араң турган,

Көрүп-көрбөй, түшүнүп же түшүнбөй,

Кагышпасын капилет караңгылар.

 

Жок жеринен чатакты таап туруп,

Эки бөлүп бир элди чабыштырып,

Бийлеп алып кул кыла тургандар бар,

Жик-жигиңен билдирбей жарып туруп.

 

Тепкилешпей текебер текөөр менен,

Кепти коюп кекенип кекээрлеген,

Эпке келише турган чекке жетти

Акыйлашууң, аңдышууң. Жетээр жемең.

 

Миз майтаруу максатым эмес менин,

“Курчту кында карма”, – деш – кеңеш кебим.

Туйгундарым, туйлаган тулпарларым,

Сактап калуум силерди керек менин!

 

Жаңы жылда жаңырды эски тилек,

Тааныса экен акылды эстүү жүрөк.

Мен көргөндү баатырлар неге көрбөйт?

Араңарда аңдыган шектүү жүрөт.

 

“Жаңыландык, жакшырдык быйыл, мына”,-

Деп, бейчеки кеткенден тыйылгыла.

Питардонун түтүнү сыяктанып,

Жаман ойлор таркасын уюлгуган.

01.01. 2022.

 

Сыйыныш керек мекенге

Кайда бар окуу “Манастай”?

Аны окуш керек намаздай.

Жүгүнүш керек беш убак

Меккеге эмес, Таласка.

 

Сулайман такка табынып,

Баргыла баарың жабылып.

Сыйыныш керек Мекенге,

Меккеге барбай ак уруп.

 

Сыйынып Чүйгө, Кеминге

Жүрөлү, – деген демилге

Кудайдан келди. Ыйыктык

Өз элиң менен жериңде.

 

Жалал-Абад, Баткен, Нарынды

Меккедей тут, – деп, – баарыңды

Үрөндөй чачып дилимди,

Үрөдүм ырга жанымды.

 

Ыйыктык Ысык-Көлүмдө,

Ата-Журтумдун төрүндө.

Курандай ыйык ырлар бар

Ар айыл-кыштак жөнүндө.

 

Укса эле салып чыйырын,

Кыдырып кыргыз кыйырын,

Махаммат улуу пайгамбар

Өзү да келмек сыйынып.

 

Кыргыз жер кымбат Мекеним

Бейиштин төрү экенин

Билеби кыргыз жарандар

Ыйыгын ар бир көчөнүн?

 

Тапканын ташып кажынып,

Таарпи болду ажылык.

“Сооптон мурда соода”, – дейт

Ачылган сыры бажынын.

27.01.2010.

 

***

Ата журтум

Келгиндерге калтырып кеткен элем,

Кабарым жок ал кезде эчтемеден.

Ушул учур оюма келген эмес

Калгандарды келгиндер желкелеген.

 

Бөтөн жерде бөрүдөй жортуп жүрдүм,

Бөлбөсө да бөрүлөр коркуп жүрдүм.

Ата-Журтту алдырып коём дебей,

Керт башымдан алдыртан коркуптурмун.

 

Эч ким мага тийген жок башка жерде,

Башым батып, баркым жок башка элге.

Мекени жок, эли жок, бир жаны бар,

Меникиби бу тагдыр башка келген?

 

Башканыкы дүнүйө тапкан жерим,

Башканыкы жанымы баккан жерим.

Баштагыдай батынбайм, баштагыдай,

Башканыкы киндик кан аккан жерим.

 

Мен аралап баскан бак ар кимдики,

Мен чоңоюп өскөн үй келгиндики.

Тентип кеткен жок элем тентегимден,

Эмесмин, – деп, – кимге айтам тегин киши?!

24.02.2008.

 

***

Ата-Мекен дегеним Атам экен,

Атам байкуш алыста жатабы эсен?

Жүрөгүмдөй Ала-Тоом эске түшүп,

Сагынычка, санаага батам эчен.

 

Эне Мекен дегеним Энем экен.

Жүрөт бекен алыста Энем эсен?

Сиңип кетпей сан жылдар арасына,

Сапарымды карытып келем эчен.

 

Агып кетип турмуштун сели менен,

Аман жүрөм Ата-Журт деми менен.

Өлкөм барда өзүмдү бар деп сезем,

Сыймыгым бар сырт жерде кемибеген.

28.10.2007.

 

***

Күркүрөгөн Кара-Кулжам, арыба,

Амансыңбы Төөчү менен Кырк-Күңгөй?

Кадырыңа түшүнгүчө мен сенин

Кырк жаш өттү билинбестен кырк күндөй.

 

Атам өткөн жетиле элек кезимде,

Апам өттү жетингиче турмуштан.

Үлгүрбөдүм бапестешке аларды,

Шарт болбоду эстелик да тургузган.

 

Жаштайымдан жолго чыктым сербеңдеп,

Жокту издедим, бардын баркын билбедим.

Ар бир Жазды ажарына чыгарып,

Мени күтүп бак-дарагың гүлдөдү.

 

Өмүр өтүп баратканын эскертип,

Бир кылчайтты кырктын кыры артыма.

Эч нерсеге жетпесем да өмүрдө,

Жетүүм керек сенин кадыр-баркыңа.

 

Сай толтуруп кирген кезин дайранын,

Жай толтуруп жайкалганын жайлоонун

Жазып, жайып туу чокуңа саяйын

Жан-дилимдин ырдап турган байрагын.

 

Аял музасы

(Айдай Сабитова үчүн)

1.

Эстелик койсом экен кандай таштан?

Ал ташка чексем экен кайсыл ырды?

Апаке, төбөсүнөн күмбөзүңүн

Төгүлтүп койсом экен кайсы нурду?

 

Көшүлтөөр көркү менен көңүл, дилди,

Мүрзөңө эксем экен кандай гүлдү?

Арманым – көрсөтүшкө үлгүрбөдүм

Мен сага тирүүңдө андай күндү.

 

Мен сага “эртеңдерди” арнагамын,

Өзүмдү өзүм күндө алдагамын.

Мен үчүн сен өткөрсөң бүт өмүрдү,

Сен үчүн бир күн жашай албагамын.

 

Туура жол – турмушубуз басмырлаган,

Багынбай баш көтөрсөк, жактырбаган.

Багыңы байың байлап, балдар басып,

Тагдырың талантыңы ачтырбаган.

 

Энекем, мага өткөргөн музаң менен:

“Темир тор, чынжырларды бузам”, – дегем.

Аргасыз айтканымдан алыстадым

Маңдайга Теңир жазган мыйзам менен.

 

Адашып, таппай кеттиң сен өзүңдү,

Аткарам айтпай кеткен керээзиңди.

Ачайын ачпай кеткен генийиңи,

Уруксат, ыраазылык бересиңби?

 

Апакем, асманымда ак булутум,

Акмалап, мен ырдасам, бактылуусуң.

А дүйнө, бу дүйнөгө ажат ачсын,

Арналган акыретке тартуум – ушул.