Кубат Оторбаев: Аманат

Аманат (Аӊгеме) Ошол жылы Эркинбекке эс кирди… Мындан бир аз күн мурда эле таӊ заардан каш карайганча айылдын үй бетин көрбөгөн чыт курсактары менен бозала чаӊда оюндан колу бошобой, жашоо деген ушул экен дегенсип дооран сүрүп жүргөн. Эми күнүмдүгү таптакыр башка нукка түшкөнсүдү, турмушу таанылгыстай өзгөрдү. Ошол жайда Эркинбектин жан-дүйнөсү эле аӊтар-теӊтер болбостон өзүнүн да сырткы түспөлү кадересе башка адамга айлангансыды: бою теректей термелип, үстүӊкү эрдинин өйдө жагына балапан түктөрдүн ордуна кайраттуу кара кылдар темгилдеп, үнү корулдап, колдору аттиштей арбайып, далысы кеӊейди. Эӊ эле өзгөргөнү – анын жан-дүйнөсү болду. Ага толугу менен…..

“Аманат” китеби казак тилинде жарык көрдү

Казакстандын Алматы шаарында, КР Эл артисти, ак таңдай төкмө Элмирбек Иманалиевдин Казак тилинде жарык көргөн “Аманат” ыр жыйнагынын бет ачары КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Түмөнбай Колдошев, РК Маданият жана спорт вице министри Данияр Алиевдин катышуусунда Казакстан Республикасынын Улуттук китепканасында өттү. Жыйынды филология илимдеринин доктору, акын Жакып Бауржан алып барды. Жыйынга эки элдин асылдары Улукбек Есдаулет, Акбар Рыскулов, Нурлан Калыбеков, Алтынбек Коразбаев, Сулайман Кайыпов, Карбалас Бакиров, Акан Абдуалиев, Өмүрзак Кайыпов, Сыймык Бейшекеев, ЖК депутаты Мирлан Самыйкожо, Кыргызстандын Алматы шаарындагы башкы консулу Назарали Арипов, китепти Казак толугу менен…..