Сүйөркул Тургунбаев: Мезгилдин кайрагына өзүн чыңаган акын

Мезгилдин кайрагына өзүн чыңаган акын

Өткөн доордун жетимишинчи-сексенинчи жылдарында кыргыз поэзиясынын асман-ырайын жаңыртып, шоокум-шарпа таратып, ургаалдуу бир толкун менен кирген калемгерлердин – Жолон Мамытовдун, Турар Кожомбердиевдин, Карымшак Ташбаевдин, Курбаналы Сабыровдун тобуна элибиздин байыртан берки көөнөрбөс, кыт куйгандай төл сөздөрүнө сугарылган чыгармалары менен Орозбай Көчкөнов кошулган эле. Акын чыгармачылыгынын алгачкы мезгилине мүнөздүү болгон жаштык демөөр, жашоо кумары, жарык дүйнө жарашыгы, өмүр сүргөн мезгили жана замандаштарынын жан дүйнөсүндөгү кубаныч-өкүнүчтөрүнүн купуя сырларын көркөм сөз кудуретине салып, образдуу ачып берүүдө ийгиликтерге жетишкен. Алгачкы “Бир түп дарак”, “Жарык дүйнө”, “Көрөңгө” аттуу китептеринен өрүш алган чыгармачылыктын жолу улам өрдөп, улам татаалдашып отуруп бабалар тарыхына баам салып байырлаган, ыйык жана опол тоодой салмактуу темага арналган “Эрөөл талаа” жана “Кан жол” сыяктуу дастандарды жаратууга алып келди. “Ак тайлак”, “Жай саратан”, “Жарык дүйнө” ырлар жана поэмалар жыйнактары поэзия аздектөөчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө эгедер болуп, өз кезегинде адабий коомчулук тарабынан татыктуу бааланган. Таланттуу акын катары анын өзүнө гана таандык, башка калемдештеринен айырмаланып турган өзгөчө угуттуу, кыргыз жыттуу, кыргыз боектуу, кан-сөлдүү, тузу касиеттүү кыргыз кыртыш даамданган тил көрөңгөсү, улуттун уңгу-өзөгүн, колоритин, кутун, нукура кыргыздын төл сөз байлыгын, сөз кенчин сактаган кемибес да кетилбес сөз дасмиясы, сөз сандык жабаны бар эле. Аны туруш-турпатына, дээр-жигерине, аң-сезим парасатына аспиеттеп сиңирген инсан эле. Казып алса түгөнбөс Кадамжай болчу тим эле дегендей, ошончо асыл кенчти, алдыда жазылчу дагы канча ак маржан чыгармаларды өзүнүн өнө бой-жасатына катып, аздектеген окурмандарын арманда калтырып, асылган оорунун зардебинен 53 жашында о дүйнө карап кете берди.

Кенедей кезинен накта карапайым элдин турмушуна аралаш-жуурулуш жүрүп эс тартып, элдик оозеки чыгармачылыктын орошон стихиясына кана сугарылып, нукура элдик тилдин корунан калыптанган акындын дүйнөгө көз карашы анын кийинки жетилген мезгилиндеги изденүү багытын тарыхый темадагы лиро-эпикалык дастан жанрына киришүүгө бурду. Орозбай Көчкөнов “Эрөөл талаа” дастанын чыгаргандан кийин окурмандарга акын гана эмес, кара сөздүн да чебери экенин далилдеди. Кыргыздын көөнө көркөм тилин мыкты билерин, оозеки элдик кенчтерге терең каныкканын байкатты. Бул дастан тез эле эл оозуна алынып, академик К.Карасаев баштап жазган көптөгөн сөздүктөргө акындын чыгармаларындагы элдик накыл, учкул сөздөрдөн, ой корутундулардан мисалдар тартылган. Чыгармага карата айтылган пикирлерде фольклор менен реалисттик чыгарманын жуурундусунан эстетикалык таасири күчтүү көркөм туунду жаралганы баса белгиленген.

Дастандардын мазмунунда элдин тарыхы, санжыра-легендалары, улама сөздөрү синтезделип, көркөм жалпылоого алынып, мекенчилдикке, баатырдыкка, акылгөйлүккө чакырган корутундулар чыгарылган. Акынга мүнөздүү артыкчылык – элдин оозеки тарыхы, канча бир катаал кезең калаймандуу кармаш менен кандуу кагылыштарды баштан кечирип, сандаган баскынчылардан эркиндигин коргоп келген бабалардын легенда, уламыш, дастандарынын учугун улап, өзүнүн талант күчүнө жараша, өз көз карашынан туруп көркөм баяндап берүүнүн жолун таба алгандыгында. Эзелтеден айтылуу акындар менен даңазалуу комузчулардын мекени болгон Аксы аймагынын керемет дүйнөсүндө торолуп өскөн акын Орозбай ажайып табийгаттын көз кубанткан көрүнүштөрү менен элдин оозеки поэтикасын бала чагынан жан дүйнөсүнө сиңирип алганы бардык чыгармаларынан өзгөчө илеп менен сезилип турат:

Мен сездим бала күндөн,

Айылдан алыс кетип бир күн келсең,

Таштар да сагынычын шыбырарын.

А түгүл добул жыккан дарактар да,

Адамча онтоп барып жыгыларын, – деп туулган жердин жансыз заты да сезимине жандуудай таасир этээрин билдирет. Ырды ыр жандантып турган кармалгыс ак маржан сөз айкалыштары, ички ыргак менен кыналган образдуу да, эмоциялуу да тартылган сүрөттөр ыр саптарын кулпуртуп, жан киргизип тургансыйт. Ырдын пири толкундаткан акын жан дүйнөсү жай албай, албырган оттуу сезимдерин ыр саптарына жуурулуштурат:

Мезгилдин тынбай соккон бир деминен,

Өмүр кызык күндөгүдөн,

Эшикте жашоо кызык үйдөгүдөн.

Боорума кысып алып ботомдой алдейлеймин,

Кызыл эт, жаш балапан дүйнөнү мен… Акындын сүрөткерлиги, чакан штрихтер менен элестүү образдарды тартып бериши “Ак тайлак”, “Кечмеликтеги өмүр”, “Кездешүү”, “Көрөңгө”, “Мансап”, “Кан базар” поэмаларында чебер көрсөтүлгөн. Чыгыш элдерине гана мүнөздүү уу-дуулуу, түркүн дүйнөлүү кайнаган базардын жандуу көрүнүшү “Кан базар” поэмасында өз айбары, асман-ырайы менен ыр саптары аркылуу панорама-портрети көз алдыга тартылат. Акын Орозбай Көчкөновдун көөнө тилдүү көөнөрбөс поэзиясы, лиро-эпикалык “Эрөөл талаа”, “Кан жол” дастандары кыргыз поэзиясынын казынасын байыткан асыл мурас-кенчтерден болуп калганы менен баалуу деп, бейнесине таазим этип, ыраазылык айтабыз.