Мирзохалим Каримов: Кыз күйүтү

Кыз күйүтү Улуу агам үйгө ыраӊы кубарыӊкы кирип келип: –Энемди ооруканага жаткырышты, – деди оор улутунуп. Бейкапар олтурган жаным, муну укканда чочуп кеттим. Жүрөгүм негедир ийне сайгандай катуу туйлап алды. «Доктурга көрүнүп кайра келем дебеди беле…» Эртеси мектепке да барбай, ооруканага кандай жетип келгенимди өзүм билбейм. Босогодогу нөөмөтчү аялдан айттырып жиберген соӊ, эки көзүмө жаш толуп, күтүп турдум мостоюп. Арадан кыйла убакыт өткөндөн кийин, жасалма жылмайып чыктыӊыз эне. Бир эле күндүн ичинде анардай жүзүӊүздүн кызылы качып, өӊүӊүз аза түшүптүр. Мага жакыныраак келип, көзүмдөн аста өөп, оттой кызып турган мээримдүү алаканыӊыз толугу менен…..

Талант жана тагдыр

КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, Жазуучулардын адабий фондунун жетекчиси, КР Эл акыны Ж.Саалаев, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын, журналист Ө.Тиллебаев, акын, жазуучу Г.Орозматов, adabiyat.kg сайтынын башкы редактору Н.Маамытбаевдер жазуучу Мирзохалим Каримовдун ден соолугунан кабар алып, материалдык жардам көрсөтүп келди. Узак убакыттан бери дарыланып жаткан жазуучуга дем берип, маанайын көтөрүп, аз да болсо маектешип кайттык. Жашы улуу болсо да Ж.Саалаев, Ө.Тиллебаев, А.Акималиевдер менен кезинде жатаканада бирге жашап, бирге окуган экен. Студенттик курагын кеп кылып, Ж.Саалаев “Талант жана тагдыр” деген ырын окуп берди. Талант жана тагдыр (Курсташым, белгилүү кыргыз-тажик жазуучусу М.Каримовго) толугу менен…..

Курманбек Абакиров: Чабыттуу жолдо (жазуучу Мирзохалим Каримовдун чыгармачылыгына сереп)

Чабыттуу жолдо (жазуучу Мирзохалим Каримовдун чыгармачылыгына сереп) Келгенинен кеткени тез, жыргалы менен таттуулугу дегеле бүтпөй калгансыган жаркын жана жарык бул дүйнөдө ар бир пенде аздыр-көптүр өзүнүн өмүрлүк вазийпасын «пешенеге жазылган» дегендей түркүн-түркүн шартта өтөйт. Адамдык парз-вазийпа канчалык байсалдуу, кайтарымдуу болгонун ошол адам өзү деле терең аңдап-биле бербей, ага бааны чөйрө гана берет да, өмүрдүн кайда өткөнү эмес, кандай өткөнү, же өтүп жатканы, коомго канчалык жакшылыгы менен алынганы анын накта нарк-баркы катары чыгат. Ошол сыңары, өзү башка жерден, башка улуттан болсо да, толгон-токой себептерден, ириде өздүк ишениминен улам башка бир элдин толугу менен…..

Мирзохалим Каримов: Тирүүлөй жетим

Тирүүлөй жетим (кыскартылып алынды) Коңгуроо кагылаар замат тышта ары-бери чуркап, чурулдаган окуучулар бал аары сымак мектептин эшигине ыкталышып, ар кимиси өзүнүн классына кире баштаганда да Айзада партасынан карыш жылбай ойлуу олтурган. Мугалим кирери менен класстагы чурулдаган үн тып басылды. –Кана жай-жайыңарга отургула, сабакты улантабыз, ‑ чачы тармал, бели кумурсканыкындай ичке, өңү саал кызылыраак көрүнгөн жаш келин окуучуларына адаттагысындай астейдил тиктеди. Эми суроо-жооп өткөрөбүз. Мен суроо берем, а силер кезек менен так жана кыска жооп бересиңер. Антпесек, баарыңарга убакыт жетпей калат. Макулбу? –Макул эжеке! –Макул! –Анда баштадык: Каникулда ким каяка барды? Кантип толугу менен…..

Мирзохалим Каримов: Бакма бала

Бакма бала Быйыл он экиге кадам койгон кыялкеч бала түшкө жуук мектептен чыгар замат күндө мына ушул шагыл төшөлгөн түз жол менен түптүз үйгө келет. Кээ бир бейдаба балдарга окшоп оюнкарактык кылып, көчө-көйдө кечке чейин тентип жүргөндү билбейт. Мүнөзү түнт болгону үчүнбү, айтор, башка балдар негедир ага анча жакындашпайт. Класста мугалим жок болуп калган убакта балдар бири-бирин кубалап, мектепти баштарына көтөрчүдөй айкырып-кыйкырышса бу бала кудум мык менен кагып койгондой партасынан жылбай тек турат. Дагы бир таң кала турган жери – чоң адамдан бешбетер терезеге телмирип, негедир ойлоно берет. Ал нени толугу менен…..