Думан Рамазан: Көч

Көч

Чындыкты билүү абдан кыйын,
а аны айтыш андан да кыйын.

Касиеттүү Хадистен.

Кубарган боз талааны чаңга бөлөп узун-узун көч келет. Ат минген, төөгө жүк арткан, жөө-жалаңдаган адамдардын көчү.

Алды жактагы сегиз ат чегилген алтын араба-чатырда ушу көчтүн башчысы Малбука көсөм үргүлөп отурат. Кашындагы айдай сулуу жаш токолу сырттагы сын-келбети келишкен жаш нөкөргө сүзүлө карап терезеге телмире түшөт. Шектүү шекинет дегендей, кайта-кайта күйөөсүнө көз кырын салып коёт. Алдыларында кашкалдактын каны куюлган кумура менен алтын табакка салынган кулжанын башы туру.

Андан кийинки алты ат чегилген күмүш араба-чатырда көсөмдүн калган үч аялы үч жакты карап, бири-бирине лам деп тил катпастан томсоро жымырайып отурушат. Ал эми төрт ат чегилген коло араба-чатырга жайгашкан балдары бири-бири менен айтышып-тартышып, чөкөтаандай чуркурашып баратат. Аларды мыкты ат минип, асем кийим кийинген аткаминерлер жандай курчап, жөжө коруган тооктой жөрмөлөңдөп, айткан-дегендерин илгертпей аткарып келишет.

Бул топтун сын-сыпаты да, түр-турпаттары да, кийим-кечелери да башкалардан өзгөчө. Курсак ток, кайгы-капа жок, көңүлдөрү шат. Ууру мышыктай жылмайышынан чымчыма арамзалыктын белгиси сезилет, көркоо карышкырдыкындай аркы-терки ойноктогон көздөрүнөн бетпактык менен арсыздыктын учкундары чачырайт. Жан-жактарында соот кийип, кылыч-найза асынган кароолдор канжар кезей далбалаңдап чапкылап жүрү.

Жамажайлары эки кулактарына жете каткырышкан ошо топтун соңун улай калың кара букаралар ээрчип келет. Алардын көздөрүнөн муң, жүздөрүнөн убайым, кебете-кешпирлеринен чарчап-чаалыккандары ачык көрүнөт. Кабактары салыңкы тартып, кирпик-кашын чаң баскан. Бардыгы жүдөп-арып, ач-жылаңач. Баштары шалбырап, алдыга шилтеген аяктары артка тарткандай, курук сүлдөрүн сүйрөйтүп, эптеп-септеп кыймылдашат.

Көчтүн оң жагын алп кара зымырык куш, сол тарабын алты баштуу ажыдаар аңдып келет. Желмогуздун экөө тең канча бир убакытка чейин көзгө урунбай жоголушат да, бир маалда тээ алыстан жылт этип кайра пайда болушат. А алардын артынан эси оогон байкуштардын издерин кууп, шилекейин чубалткан жору жортуп келүүдө.

Кээде зымырык куш, кээде ажыдаар көчкө жакын учуп келишип, эл ичине үрөй учурар коркунуч жаратып алда-нени тырмактарына илет да, четке чыга беришет. Жан аябай каршылык көрсөтүшкөнүнө карабастан алар жаш-карысын ылгабай айыпсыз адамдарды өздөрүнүн жеми катары карашат. Ата-энесинен айрылган балдар, баласынан ажыраган ата-энелер муңканып ыйлап жаш төгүшөт. Ал эми таз жору көчкө айбыгып кире албаганы менен, чаалыгып өлгөндөрдүн тарпын чокуп тоюнууда.

Көчтүн чок ортосунда кула бээге минген даанышман карыя менен күрөң тайга конуп алган он үч жашар бала келатат. Баланын таңдайы шакылдап, оозу жабылар эмес. Ак чачтуу даанышманга суроо артынан суроо ыргытат.

– Чоң ата, а эмне үчүн бул ыпылас куштар бизден калбай илешип алышты?

– Ээ, балам, алдуулар алсыздарга тырмактарын матырып тытып жегенден кайра тартчу беле?! Табият мыйзамы ушундай, – калбаат жооп кайтарат карыя. – Жер каймактаганы жашоо ушундай жаралган. Жараткандын өзү бирин алдуу, бирин алсыз кылып жасаган. Ошентип, эмне кылмак элең, алдуусу алсызын өзүнө баш ийдирет, а ал болсо анын айтканын аткарат!

– Демек, бизди да кимдир бирөө мобу аң-дөң менен айдап баратабы?

– Кудайдын албандыгына чек жок. Маңдайга эмнени жазса, так ошондой болот! Ал жазуудан эч кайда жашынып кала албайсың!

– Бирок бул калыстык эмес да!

– Бу жалган дүйнөдө калыстыкты издеп кереги жок, балам, аны баары бир таппайсың. Андан көрө тагдыр буюрганга баш ийип, татыктуу жашаганды үйрөн. Эгер сен күчтүү болсоң, акыйкат ар убак сен тарапта, а эгер алсыз болсоң кайсы жерден издебегин, ал сага көрүнүп койбойт. Аны колуңа кармап калыш үчүн болуп көрбөгөндөй алы-күчүң болууга тийиш!

Бала бираз унчукпай калып, маанилүү бирдемени эстей койгонсуп ышкылуу көздөрүн кайрадан чоң атасына бурат.

– Ата, биз кайдан чыктык?

– Менин билишимче, Багзы жактан чыккан сыяктуубуз!

– Ал кайсы жакта?

– Арт жагыбызда калбадыбы.

– Азыр кайсы жерге келдик?

– Жетер жерибиздин желке тушунда келатабыз.

– Ошонда биз кайда бара жатабыз?

– Биз кайдан чыксак, ошол жакка кайтып бара жаткан сыяктуубуз, карагым!

Бала карыяга үрпөйө карады. Түк эчтеке түшүнбөгөнү сустайган түрүнөн даана көрүнүп туру. Капилеттен эсине бирдеме келгендей, оозун күлкү уялады.

– Ата, сиз түк эчтемке билбейт экенсиз! Биз Бейиш-Төргө бара жатпайбызбы?! Аны башка эмес, көсөмдүн өзү айткан эмеспи!

– Ээ, анын сөзүнө ишенсең, биз алдакачан Бейиш-Төргө жетип калмакпыз.

– Сиз эмне, көсөмгө да ишенбейсизби?

– Мен эчкимге ишенбеймин. Керек болсо, өзгө түгүл, өзүмө да ишенбеймин!

Бала мыйыгынан бырс этти.

– Кандайча өзүңүзгө ишенбейсиз, ата?!

– Себеби, чындыкты билсем да, айта албаймын!

– Эмнеге?

– Анткени мен өзүмдүн баёо сезимдеримди өзгөртүп ийген кишимин. Өрттөй жанып турган жаш кезимде таптакыр башка элем, чындыктан башка эч нерсени айтчу эмесмин. А азыр болсо бул чындыкты өз колум менен алып ыргытып, калпка ыктаган кербезим.

– Кантип?

– Чындыктын жолу ар дайым катаал. Калп айтуу менен өзүңдүн жашоого жөндөмдүүлүгүңдүн артыкчылыгын далилдесең болот, а чындыкты айтуу менен эч качан бийик даражага жете албайсың. Тээтигини карачы! – деди карыя эшек минип эпеңдеп бара жаткан кийими жупуну, түрү жүдөө кимдир бирөөнү колу менен нускай: – Аябагандай акылдуу. Билбегени жок. Кудай талант берген өлчөбөй. Өзүнө, өнөрүнө нык ишенимдүү. Анан калса эчкимди көзүнө илбейт. Керек болсо, ханга да салам бербейт. Айтканынан кайтпайт. Тек, чырылдап чындыкты гана айтат. Калп сөйлөй албайт. Ошондуктан ыдык көрүп, тепкинин астында жүрү!.. А тигини карачы! – деди карыя алдыңкы жакта ооздугун тарттырбаган күлүк минип, асем чепкен жамынып, кундуз тебетейин кыйшайта кийген толмоч сарыны көрсөтүп, – Башында чымчым мээси жок. Арсыздыгы менен уурту майланган дардаңкөө. Калпты катыра сапырат. Кошоматтыгы менен аты чыгып, шерменделиги менен ысымы элге жайылган ордо акыны. Көсөм менен анын маңдайындагылар ушундай акмактарды жакшы көрөт. Үзүлө колдоп, урматтап турушат. Жибек менен дилдеге бөлөп, атак-даңкты төбөсүнө жете үйүп-жыйып, көкүрөгүн темир-тезекке толтуруп коюшту. Ошентип алар ичкен-жегендерине мас. Аркы жагын бойлой да, ойлой да албайт. Эшек сыяктуу кулактары калдайып турса да, телегейи тегиз.

Бала каткыра күлүп жиберди.

– Ата, бул өзү акылдуу адам болуп атпайбы! Акмак анык тетиги го! – деди эшек минген акынга көзүнүн асты менен сүзө карап, – Чындыкты айтуу өзүнө жакшылык апкелбесин билип туруп көсөмсүнгөнүн көр, байкуштун! Нагыз акмагың ошобу дейм!..

Даанышман карыя маңдайы ташка чабылгандай үн-сөзсүз сустайып туруп калды. Өзүнөн өзү кысыла буулугуп, өңү өрт каарыгандай карасур тартып кетти. Баланы баса калып күнөөлөш да кыйын. Акыл айтып, маселенин маанисин түшүндүрүштүн да айла-амалын таба албады. Тек гана ичинен: «шайтан алгыр десе, энесинин курсагында жатканда эле окуп туулган балээ булар!» деп койду. Башкача айтканда, ооз ачпады. Терең дем алып, оор күрсүндү.

Баланын аны менен айтышкысы келген жок. Ой деңизине сүңгүп кеткен. Анда-санда көз кыйыгы менен жоор эшек минип келе жаткан Нагыз акынга бүшүркөй, арсыз болсо да атырылган күлүк минип чиренип отурган Далдыр акынга кызыга карап коёт: «Чоңойгондо мен да ордо акыны болом. Жакшы ат минип, асем чепкен жамынып, кундуз тебетей кием! – дейт ичинен күбүрөнүп, – Эшек минип эпеңдеш акмактарга гана жарашат. Менин акмак болгум келбейт!..»

Бала оюн топтой элек жатканда беш-алты жасоол сөлпөң-сөлпөң эте жете келишип, аларды тооруп калышты. Ортодо турган кызыл жүздүү башчысы буйрук бере сүйлөдү:

– Эй, бокмурун, тай мингенди эмне кылат экенсиң, түшкүн да, тизгинди бери бер!

– Эмне үчүн? – деп сурады бала ыйлап ийе жаздап.

– Хандын казынасы тартыш, аны толтуруш үчүн биз салык жыйнап жүрөбүз!

– И эмне, биринчи болуп көзүңөргө менин тайым көрүндүбү?

– Тилиңди кесип ала электе келжирегениңди токтот, айтканыбызды аткар! – деди кызыл жүздүү кабагын карыш түйүп. – Эгер керек болсо, биз жаныңды да сууруп алабыз!

Көптү көргөн карыя небересин эңип алып, алдына өңөрдү да:

– Карагым менин, Арманжан, унчукпа: булар менен айтышкандан майнап чыкпайт. Тизгинди бер! – деди каргылдана шыбырап. Анан бүт дене-боюн керип туруп оор күрсүнүп алды.

Чоң атасынын айткандарынын бардыгы ал үчүн мыйзам өңдүү туюлган бала сөз кайырбай тайдын тизгинин кызыл жүздүү тарапка ыргытты. Ал аны дароо кармай калып, тайды жетелеген бойдон чаап жөнөдү. Бала бүрүшүп алып ыйлап кирди. Бул муңдуу ыйда аны коргоп кала албаган чоң атасына болгон таарыныч катылып жаткан.

– Карагым, – чоң атасы небересинин башынан сылай насаат кылды, – башыңды сактап калыш үчүн кулагыңды курмандыкка чалышың керек. Аман болсоң далай атты минерсиң!.. Мыктысын тандап туруп минерсиң! Сенин эң мыктыларыңдын баары алдыда, балам!

Ошол маалда араба-чатырынан уйкусурай эсинеп чыккан Малбука көсөм эки көзүн акшыйта, текедей бакырып коё берди. Добушу жер жарат.

– Бизди алдыда жаркын болочок, нурлуу күн күтүп туру! Мына бу жалама аскалуу бийик тоону көрдүңөрбү? – деди шилекейин чачыратып, – Ошону ашып түшсөк, аркы жагы жаннат багы!.. Кулпурган жашыл талаа, жайкалган таттуу жемиш-жашылчалар… Тоюнуп-ичинип, боюңарга күч толот. Саамал булагы – замзам суусу сыяктуу, ичкенде көздөрүң чырактай жанып, беттериңе кызыл жүгүрөт. Учкан куш, жүгүргөн аңдын сандаган түрү бар. Эмнесин айтасыздар, байлыкка белчеден батабыз, бакыттын бал даамын татабыз!.. Анын ары жагында Бейиш-Төр бизди күтүп турат! Көп кечикпей ага да жетебиз! Анда эмесе, ээ калайык, ындыныңарды түшүрбөгүлө, көөдөнүңөрдү бийик көтөргүлө!..

Үмүттөрү үзүлүп, тирүүлүктөн түңүлө баштаган каратаман калк көсөмдүн жалындуу сөзүнө кулактарын түрүп, элең эте калышты. Көздөрүндө учкун, көөдөндөрүндө үмүт оту жылт этти. Бирок көпчүлүгүнүн көңүлдөрү бош, жүрөктөрү күптү. Болочокко деген ишенимден көрө күдүк-күмөн басымдуу.

– Ата, айттым беле, биз Багзы жакка кайтып бара жаткан жокпуз, Бейиш-Төрдү көздөй келатабыз! – деди бала карыяга менменсине карап. Мен да бирдемени билемин дегендей, башындагы түлөгөн тепегин кыйшайта кийип, койколоктоп койду.

– Бейиш-Төрдүн айылы алыс, балам. Күнөөкөрлөр баштап келе жаткан көч эч убакта Бейиш-Төргө жете албайт. Алдап-сылоо менен амал кылып, кылмыштарын жашырып, калпты суудай агызып, жол бою жалгандын уругун сээп келишет. Ошентип Бейиш-Төргө жетүүнү кыялданышат. Андай кылыш мүмкүн эмес. Биз айдын-күндүн жарыгында жолдон адаштык, балам. Адаштырган да көч башындагылар. Биз алдыга бара жаткан жокпуз, артка кайтып баратабыз, – деди даанышман карыя кабагын салаңдатып.

– Аны эмнеге көсөмгө айтпайсыз?

– Мен жашаарымды жашадым, ашаарымды ашадым. Сага гана каралайм, карагым, сени гана ойлойм. Ошондуктан ашык сөз айтпай жашап келем. Айта турган кез келгенде чапанчандарды чандырыма теңебей, бучкакка чапкандай айтчумун. Бирок андан эчтеке өзгөргөн жок. Аягында мени ушакчы, ээнбаш аташты, мен керексиздер катарына кошулдум. А кошоматчы ээнооздор азыркыга чейин оозун жыйбай келишет. Бирок алардын саны кичине-кичинеден азаюуда – анткени аларды четинен жайлап жатышат. Ким болбосун жашагысы келет, бирдемеге ишенгиси келет. Эл коркуунун кучагында. Андан тышкары, көсөмүбүз ушу азыр кайрылууну уккусу келбейт. Маңдайындагылардын калп мактоосунан көзүн чел басып, кулагы бүтөлүп калган. Эчтеме көрө да, уга да албайт, көргүсү да, уккусу да келбейт.

– Маңдайындагыларчы?!

– Алда, балам-а-ай, алар андай сөздү көсөмгө жеткизбейт, далилдүүрөөк айтсак, жеткизе албайт. Кайта менин желкемди жулуп үзбөйбү. Себеби, чындыкты айтуу да, угуу да ар качан оор!.. А көсөм менен анын маңдайындагыларга жалган сөйлөп, калп мактасаң гана жагасың. Бирок, калптын куйругу кыска го, алыска бара албайсың. Убактылуу жолуң болушу мүмкүн, жеңилге тап өнүп-өсө албайт. Ушуну эсиңе түй, балам.

– Ой, ата, сиз акыл айткандан башка эчтеке билбейт экенсиз! Биз Бейиш-Төргө баратабыз! Көсөмдүн өзү убада бербедиби, өз кулагым менен уктум го! – деди бала оюндагысын бербей.

– Сенин ошол көсөмүңө мен ишенбейм. Көзүн жайнатып, бети кызарып койбой калп айтат. Анүстүнө өтөле картаң. Оюна эмне келсе, ошону кылат деп айтышат. Кыскасы, алжып калды. Ошого карабастан кудайындай ызааттап өз башына коюп алышкан эл-журтту эзгенин койбойт. Ошондон улам анын элди көкөлөтүп, бактылуу кыларына ишенбейм. Эл тургай ал өзүн өзү бага албайт, а мындай кишиге ишенүү – барып турган келесоолук. Кудай алып кетсин деп койгум келет, бирок… Аны койдой болуп ээрчиген элдин эсин оодарып, ач-жылаңач кандуу капсалаңга салып бербесе дейм. Жол баштаарларыбыз күнөөкөрлөр болсо, Бейиш-Төргө кантип барабыз? Кантип бармак элек?!.. – деди карыя кабагын салаңдатып.

– Ата, мен көсөм менен кезигип, тайымды тартып алышканын айтам! – деп бурк этти бала бетин тултуйтуп. – Балким аны кайтарып бергиле дээр.

– Алда, карагым-ай, тайыңды тартып кеткендерди анын өзү эмегенде ким жиберди деп ойлойсуң? Тайыңды сурасаң башыңдан айрылышың мүмкүн, көсөмүбүз аябагандай ачуулуу, өлөрман, каардуу киши, эч кимди аябайт. Андыктан кара башты сактоону эң башкы милдетим деп эсепте.

Бала али бала болсо да чоң атасы айткандарды түшүндү белем, унчукпастан башын ийкеп тим болду.

Көчтүн алды керилген аркандай узунунан созулуп жаткан жалама аскалуу бийик тоолорго таяп келет. Жакындаган сайын аткаминерлерден сабыр качып, тынчы кете баштады. Ызырынып камчы үйрүшүп, ат үстүндө короң-короң этип, аркы-терки чапкылашат.

– Кана, жол бергиле, кана, мындай тургула! – деп коёт чепкендүүлөр бири-бирине, – Алды менен көсөм өтсүн!.. Баарыбыз жабыла күн көсөмдү аркы жакка аман-эсен өткөрүп алалык! Кана… кана…

Чепкендүүлөрдүн буйругу боюнча көсөм отурган алтын араба-чатырды жалпы жарактуулар аягын жерге тийгизбей тик көтөрүп алып кетти. Кулап кетпесин дегендей, жан-жагынан камалай курчаган аткаминерлер жуптарын жазбастан жарганатча жарбаңдап, өлармандык менен өнтөлөшөт. Алардын түпкү ою – ушундайда көсөмдүн көзүнө урунуп, төбөлөрүн көрсөтүп калуу. Ошентип, бийликтин баскычына кол артып, казандын бир туткасын уучтоо.

Жанкечтилердин жан алып, жан берүүсүнүн арты менен көсөмдүн араба-чатыры жалама аскалуу кара тоонун башына чыкканда артта келе жаткан каратаман калктын алды этегине эми илешти. Ошол замат көк асманды кара-сур булут жаап, кокту ылдый ызгаар шамал ура баштады.

Ана-мына дегиче көсөмдүн араба-чатыры тоонун ары жагына түшүп, көрүнбөй кетти. Каратаман калк өпкөлөрү көөп, тоо башына өлөрмандана жөрмөлөп келет. Жүрүштөрү кыбыр, кыймыл-басыштары жай. Жалама асканы жакалап, бирин-бири калкалап, бир баскан жерин эки басышат бей-бечаралар.

Бир кезде тоо-таштын чаңын асманга сапырып катуу добул урду. Тегерек-чет түнөрүп, күңүрт тарта баштады. Табият-Эне алай-дүлөй мүнөзүн көрсөтүп, түкүрүгүн чача ышкырып-бышкырып жатты. О, пирим деп араң келаткан каратаман калк жан-жактарын кароого да чамалары келбей, көздөрүн да ача албастан кар-тозоңго көмүлүп кала берди.

Добул барган сайын күчөп, тоо башындагы таштарды тоголото баштады. Далай киши ат-маты менен, төө-мөөсү менен жалама аскадан кулап, мертинип жатты. Көптөгөн адамдын башы жарылып, мээлери чачырады, буту-колдору сынып, оозу-беттери айрылды.

Ат үстүндө аман калбасын сезген даанышман карыя менен бала да жөө-жалаңдап, баш калкалар жер издеп келишет. Башы бош калган бээ менен ээрчиткен кулуну жолундагыларды жөөлөй төмөн карай куюндаган бойдон жөнөдү. Карыя баланы кош колдой кучактап алган. Асканын бир коңулуна кирип, демдерин басты. Маңдайдан айгайлаган, онтологон, ойбойлогон ачуу добуштар жамырап чыгат. Бирөө бирөөнү таанып, бирөө бирөөнү билер эмес. Бирөөнүн бирөөнү кароого чамасы жок. Баары тең өз жаналекетин кылып, ар кимиси өзүнчө паана болор жер издеп сарсанаага түшкөн.

Баланын тиши-тишине тийбей шакылдап, денеси калч-калч этет. Карыянын бүткөн-боюн суук ура баштаса да, чепкенин чечип, небересине жапты. Үстү-башын кымтылап, бооруна кыса тартты.

– Оо, Алла-таала, мен ашаарымды ашадым, жашаарымды жашадым, мынабу жетим калган жетимчемди балээ-жалаадан сактай көр! – деп кайта-кайта Жаратканга жалбарат.

Канча отургандары белгисиз, бир кезде добул токтогонсуду. Калк да бир четинен көздөрүн ачып, баштарын көтөрө баштады. Ар жерден онтогон, кыңкыстаган, бакырып-чакырган добуштар чыгат. Адамдардын кебете-кешпиринен киши чочуй тургандай. Оозу-беттери айрык-тытык, ботала-шатала. Көздөрү гана билинер-билинбес жылтырайт. Өң-келбеттеринен кажыгандыктын белгиси байкалат. Бардыгы орундарынан сүйрөлүп араң туруп, үстү-баштарын кагып-силке башташты. Жан-жактарына каранып коюшат. Ар-ар жерде чачылган дүнүйө-мүлк, баштары жарылып, буту-колдору сынып, томолонуп жаткан жаралуулар. Далай адамды таш басып калган. Тигиндей жерде жүк-мүгү менен оодарылып түшкөн картаң төө ыңырына башын көтөрүп, алсыз тыбырчылоодо. Анын жанында быт-чыты чыккан арча бешик жатат. Саал нарыраакта кара казан көңтөрүлүп калган.

– Ой, астапыралла! – деди аны көргөн даанышман карыя жүрөгү тилине, – Эл-журт аман болгой эде!..

Тирүү калгандар эң алды менен жалама аскадан кулап мерт болгон, таш басып калган өлүм-житимдер менен өз алдынча басууга жарабаган жаралууларды жыйнай баштады. Каза болгондорду өңүнөн тааныган тууган-туушкандары жоктоп ыйлашып, тегерек азан-казан, уу-чуу болуп жатып калды.

– Оо, калайык! – деди даанышман карыя үнүн бек чыгарып, – Азыр ыйлап-сыктаар маал эмес. Эсиңерди жыйгыла, убакытты текке кетирбей аркы жакка өтүп алуунун камын ойлоштуралык!.. Шейит болгондорду да өзүбүз менен кошо ала кетелик. Аман-эсен өткөн соң, баарын Жер-Эненин койнуна тапшырып, аруулап жерге беребиз! Азырынча, болгон ишке болоттой бек болуп, жол камына киришелик!..

Көпчүлүк карыянын сөзүнө кулак төшөп, ыйлап-сыктаганын токтотуп, буунуп-түйүнүп, очорула орундарынан козголду. Кажып-мукураган калың букара бойлорундагы бардык күчтөрүн жыйып, илбий-селбий жогору карай өңтөңдөй жөнөштү.

Атасы менен небереси да көчтөн калбай, көп менен бирге жалама асканы жакалай чыгып келет. Баланын эки-үч ирет буту тайып, аскадан кулап кете жаздады. Карылык жеңе баштаса да кайраты кайта койбогон карылуу атасы кармап калды. Быш-күш дем алышып, өңдөрү кубарып, үстү-баштарынан кан аралаш ачуу тер суудай акты. «Көп менен көргөн – улуу иш!» дегендей, көпчүлүк бири-биринен анча алыстабай, илгери-кийин ташбакача тырбалаңдап жылып келет.

Өлүп-талып, араңдан-зорго тоодон ашып, аркы жакка да буттары илинди-ов. Баштары ооруп, балтырлары сыздап, кудайлап атып эптеп жетишсе, чепкендүүлөр той өткөрүп жатышыптыр. Четинен кызара бөртүп, кызып калган. Узун дасторкон жайылган. Үстү ар түрдүү даам-татымдарга толуп, арак-шарап шагырайт. Табак-табак эт, казы-карта, жал-жая. Каратаман калктын кыйналып, ашуудан араң өткөнү менен иштери жок. Аны ойлоого чама кайда?!. Кутурган иттей болуп көздөрү кызарып, ооздорунан ак көбүк ата жинигип алышкан. Аңчыларына аң аттырып, күүчүлөрүнө күү черттирип койгон. Жандарында жарым-жартылай жалаңач бийчи кыздар каштарын кагып, миң бурала бийлеп жүрү. Ал-жайды түшүндүрүп, дасторкондон даам татмакка алга умтулган калкты карылуу жасоолдор көкүрөккө түртүп, жакындатар эмес.

– Биз элди жалама аскалуу ашуудан аман алып өттүк. Ошон үчүн той берип жатабыз! Көсөмүбүздүн көрөшөндүгүнүн аркасы менен туура жолдо жүрөбүз. Буга эч кимдин күдүк-күмөнү болбосун! Мына эми жолубуз оңолуп, жагдайыбыз жакшыра баштайт! – деди баш вазир бакача бакылдап.

– Курмандыктар бар го!.. – деди бирөө мурду менен киңкилдеп.

Баш вазир аны көзү менен атып жиберчүдөй кекене карап:

– Курмандыксыз эчтемке болбойт. Ансыз алга жылуу жок. Эң башкысы, алтын баштуу көсөмүбүздүн дени сак, башы аман. Кудайдан баарыбызды Бейиш-Төргө баштап бара жаткан башчыбыздын амандыгын тилегиле! А бака баштуулардын бары-жогу баары бир эмеспи?! – деди камырабай.

– Биз элди адам өткүс ашуудан аман алып өттүк…

Төрдүн төбөсүндө көсөм кам-капарсыз баш мүлжүп отурат. Колунда жалт-жулт эткен алтын бычак. Эки жамажайын кез-кез ыржыйтып, союлган түлкүдөй ыржактап күлөт. Ойноктогон көздөрү жан-жагын тинтий карап, маңдайындагынын бирин калтырбай байкап отурат. Ичинде баарын билип, көзү баарын көрүп турса дагы эчтемке сезбегендей, түк эч нерсе болбогондой жайбаракат кейипте жайлана түшкөн. «Эмне болсоңор ошо болгула, кардым тойсо болду» дегендей, жылуу-жумшакты оозуна коомай тыгат. Арып-ачып, азып-тозуп келе жаткан калк менен таптакыр иши жоктой башын төмөн салып, аларды карагысы да келбейт. Маңдайында оң тизесин баса отурган Далдыр акын сыраяктагы салкын кымыздан ууртап коюп, арноо ырын төгүүдө. Анда-санда домбурасын кагып-кагып жиберип, илхамын чакыргандай кукулуктай басып, кошкурунуп коёт.

Жакын калды арабыз,

Бейиш-Төргө барабыз,

Ал да сиздин аркаңыз!

Ашуу бербес аскадан,

Алып өттүң элди аман,

Ал да сиздин аркаңыз!

Жер басып тирүү жүргөнүбүз,

Адам болуп өмүр сүргөнүбүз,

Бул да сиздин аркаңыз! – деп калпты чындай, аксакты тыңдай кылып, сагызгандай сайрап жатыр. Кысынып-кымтынаар түрү жок, айткан сайын ойкуштанып, жин-шайтанын чакырган бакшыдай кутурууда.

Мактоого каадаланган көсөмдүн жүзү бал-бал жайнап, көздөрү күлүмсүрөй ирмелет. Мактаган сайын копшулуп-копшулуп алат. Манчыркана көөдөн керип, чалкалай түшөт.

Бала жан-жагына жалтаңдай каранат. Какыр талаа, эрме чөл. Чаң басып, тозоңу тоз болгон талаа-түз ажар-көркүнөн айрылып, жүдөп-какай түшкөн. Тегеректин баары куураган кара такыр, кылтыйган көк жок. Учкан куш, жүгүргөн жандык да көрүнөр эмес.

– Ата, – деди этегинен тартып, – Мына, ашуудан ашып түшсөк, ырыска кеңелебиз, байлыкка белчеден батабыз дегени кайда көсөмдүн?!.

– Ээ, балам-ай, мен сага бул жөн гана алдоо деп айткан жок белем. Дал ушундай болорун билгем да.

– Анда неге айтпадыңыз элге, эмнеге алдын-ала эскертпедиңиз?!

– Кимге?

– Кимге болмок эле, көсөмгө да. Минтип адашпайт элек го!

– Ээ, балам-ай, ал менин сөзүмдү укмак беле…

Капилет, арт жактан баш вазирдин аюудай айкырган ачуу айгайы угулду:

– Мынабу жапжашыл жайыкка карагылачы! – деди ал куу такырга көз кагып.

– Ой-баай, кандай жапжашыл!.. – деп коштоп коё берди көпчүлүк.

Эч нерсеге түшүнбөгөн бала атасына карай мойнун буруп:

– Кайдагы жапжашыл жайыкты айтып атат? – деди аң-таң кала.

– Бу атаңа наалат, көздөрүн жылтыратып коюп жалган сүйлөп жатыры. Анын калп экенин өзү деле, мынабу аны коштоп турган эл да жакшы билет. Бирок айла канча, мындай калп сөйлөө биздин элде салтка айланган алда качан. Эми ошол салтты бузуу кыйын-ов, кыйын! Буга таң калуунун кажети жок. Бат эле сенин да таза ниетиң жуулуп, бара-жүрө көнүп кетесиң. Биз баарыбыз тең калп күлүп, жалган сүйлөөгө абдан көнүккөнбүз!

– Тетиги чытырман токойду көрүп турасыңарбы?! – деди дагы баш вазир таздын чачындай ар-ар жерде карайып көрүнгөн бирди-жарым караган-сөксөөлдөрдү көрсөтүп, – Анда учкан куш менен жүгүргөн аңдын нечен түркүм түрү бар!

– Ооба, көрүп турабыз, башаке. Кандай гана калың токой! Куштар менен аңдарын айтсаң! – деди баары жабыла коштоп, – Кандай гана ажайып көрүнүш!..

– Аркы шаркырап агып жаткан шаркыратманы көрүп турасыңарбы?

– Кайсы, кайсы?.. – деп чуралдап коё берди таңдайлары кургап, эриндери кезерип чаңкап турган журтчулук чыдамсыздана тыбырашып.

– Тигине, тээтиги… ары жактагы! – деди баш вазир көңүл жетсе да, көз көрбөс алысты колу менен нускай.

– Ии, көрдүк! Көрүп турабыз! – деди көпчүлүк каздай чурулдашып.

Капилет ортого бою бир карыш жылмаңдаган бир жылтыр кара суурулуп чыгып:

– Суусунун даамы кандай керемет, бал татыйт, ов! – деди эле, баш вазир ага күлүмсүрөй карап:

– Сен өзү боло турган бала экенсиң, чортамандар арасында не кылып жүрөсүң?!. Дасторконго кел! – деди мырза марттыгын көрсөтүп, – Сенин ордуң мынабу жакта! Мындан ары сен биз менен бирге жүрөсүң!..

Жылтыр каранын артынан кере-кере баса Нагыз акын да топту жарып ортого чыкты. Жүзү кубарып, кара-көк тарта туттугуп кеткен. Чоктой тутанган көздөрүнөн жаанын жебесиндей болуп учкундар атылат.

– Эй, кызталактар, эмнени көкүтүп жатасыңар? Кайдагы жашыл жайык, кайдагы чер токой, кайдагы аң-куш, кайдагы шаркыратманы көрүп турасыңар? Көздөрүңөрдү ачып карасаңарчы! Кубарган куу такырдан башка түк эчтеке жок ко, неге калп айтасыңар?! – деди баш вазирге карап, – Каңырсыган куу такырга алып келгендерине уялгандын ордуна, бейишке чыгаргандай өрөпсүйсүңөр! Көз көрүп турса калп айтып жатканыңар кандай?!.

Баш вазирдин кабагы шалбырап көзүнө түшүп кетти. Колу-буту дирт-дирт этип, жин ургандай калчылдай баштады. Башы калтылдап, эриндери титиреп, көзү чанагынан чыга:

– Акмак! – деп айгай салды, – Сөзүңдү токтот! Антпесең, жаныңды жаннатка жиберем!

– Ай, бечара, – деди көпчүлүк үрпөйүп, – Бир балээге тушукпаса болду!.. Куураган куу такыр, аны биз деле көрүп турабыз… Бирок муну ачык айтып не керек?!..

Ачууга ууккан эр көкүрөк Нагыз акын тилин тартаар эмес. Колун шилтеп коюп, энтиге сүйлөп жатты.

– Эл кайгыга уугуп кан жутуп жатса, силердин тойлоп жатканыңар кандайча? Каратаман калктын камын ким ойлойт?!. Ач-жылаңач, арып-ачып келатышат. Баарын тең көрүп-билип турасыңар го!.. – деди баш вазирге көзүнүн каарын чача. – Бирок, тилекке каршы, эли кандай болсо, ханы да ошондой! Бардыгына биз өзүбүз күнөөлүүбүз – өтөле жоош калкпыз! Кекиртегибизге канжар такалып турса дагы бир кыймылдап койбойбуз го, таңгөрү!

– Ой, атаңдын… сага жал бүтөйүн деп калган экен! Элдин жагдайы жаман эмес! Ишенбесең, өздөрүнөн сурайлыкчы! – деди да, элге бурулуп, – О, калайык, жагдайларыңар кандай, чыны менен арып-ачып келе жатасыңарбы?

– Жок, башаке, ал не дегениңиз, жагдайыбыз өтө жакшы. Сиз сурагандан кейин огобетер жакшырып калды, – деди бир тапаны.

– Жегенибиз алдыбызда, жебегенибиз артыбызда! – деди дагы бир куу сүрөөн.

– Тоюп алып, суукка тоңбой секирип турабыз! – деди дагы бир ээн оозу.

– Мына, көрдүңбү? – деди баш вазир Нагыз акынга сустая карап, – Сен эмнеге калп айтып атасың, ыя?! Бардык чындыкты мынабулар айтып атышат го!..

– Чындыктан айланып кеткирлер, булар Кудай урган суу жукпас келжиректер эмеспи! Мен баарын тең өз көзүм менен көрүп келе жатам!.. Чылгый калптар. Силердин Бейиш-Төргө баштап бара жатканыңар да жалган.

– Анда кайда бара жатыптырбыз?

– Силер калкты тозокко алпаратасыңар!

– Эмне дебатасың, иттин гана баласы!.. – Баш вазир колундагы өрмө камчы менен Нагыз акынды төбөгө тартып-тартып жиберди.

Оозу-мурду канжалап кеткен Нагыз акын теңселип барып өйдө болду. Башы айланып, көзү караңгылай түштү.

– Кана, эми эсиңе түшкөн чыгар, биз элди кайда баштап бара жатабыз? – деди баш вазир үнүн бастатып.

– Тозокко… – Акын араң-араң үн катты.

– Бейиш-Төргө, иттин баласы… – Баш вазир акынды дагы бир-эки ирет камчы менен башка-көзгө тартып-тартып жиберди да, чыдамсыздана айгайлап коё берди, – Бейиш-Төргө, иттин баласы!… Бейиш-Төргө…

– Бейиш-Төрдө силерге орун жок! Анткени баарыңар калп айтып, жалган сүйлөйсүңөр! Баарыңар тең күнөөкөрсүңөр! Силер оңбогондой адаштыңар! Бейиш-Төргө эмес, тозокко барар жолго түшүп кеттиңер!

– Ай, мынабу абдан кутурайын деген экен, ээ! Мен сенин… азыр… үнүңдү өчүрөйүн!.. –Ызага албан бууккан баш вазир белиндеги канжарын сууруп алды да, акындын жүрөк тушун бойлото уруп жиберди. – Жаныңды жаннаттан изде!

Нагыз акын тизелей берип, эт-бетинен кулап түштү. Канжардын кызыл канга боёлгон учу аркасынан атып чыкты. Ошондо да кыңк этип үн чыгарган жок. Тек, акырын «Мен гана Бейиш…» дешке чамасы чак келди. Ошол жаткан боюнча кыймылдаган жок.

– Чындык өлдү! – деди атасы небересинин башынан сылап. – Чындык барда калп байкап жүрчү эле, эми чайкап жүрө турган болду. Калптын таңы атып, бу жалганды таманына баса турган күн тууду.

– Эми эмне кылабыз? – деди бала жалтаңдап.

– Эми жаныбыз кааласа да, каалабаса да калп менен өбүшүп өмүр сүрөбүз! Анткени жан таттуу, эч ким Нагыз акындын кейпин кийгиси келбеси белгилүү!.. – деди карыя көөдөнү айрылып кетчүдөн бетер аяр дем алып.

– А калп айткым келбесечи?

– Калп айткың келбесе, үндөбө. Унчукпоонун өзү да акылмандыктын белгиси!

– Унчукпай кантип өмүр сүрөбүз!

– Өмүр сүргүң келсе, үндөмөк түгүл, калп сөйлөөгө да үйрөнөсүң, балам! Өмүр сага эмес, сен өмүргө ыңгайлашасың! Бул өзгөрбөс өмүр заңы. Ыңгайлашпагың келбесе, көрдүң го не болорун!..

Бала каткырып күлүп жиберди. Баш вазир камчысын үйрүй, акыраңдап жете келди.

– Ай, бокмурун, кимди мазак кылып ыржаңдап атасың? – деди алп кара куштай түнөрүп.

Баланын жүрөгү түшүп, өңү кубарып кетти. Шашканынан:

– Тойгонума мас болуп турам! – деди карыны курулдап турганына карабай. Алгач ирет калп айтты.

– А, ошондойбу?! – деп арамзалана жылмайган баш вазир кайра бурулду.

Ал эми кара таандай көпчүлүк бугун чыгарбай ичине катып, дабыш чыгарбай турду. Калктын көз жашынан кара топурак коюу баткакка айланып бара жатты…

Кайдан чыкканы, кай жактан келгени белгисиз, бир алп кара куш көчтү пааналай жырык жарташка барып конду. Көздөрү ойноктоп, жан-жагын тинтий карайт. Эч кандай кайып-каскактын жоктугун сезген сыяктуу. Уялаштарын чакыргандай бир-эки жолу шаңкылдап добуш чыгарды эле, кузгундар кара курттай каптап кетти. Тарпка үйүлгөндөй топ-тобу менен топурап учуп келип, тегеректи тооруй башташты. Атайылап той тойлоого жыйналгандай моюн-баштары кылтылдап, чекир көздөрү жылтылдап, бүйүрлөрү сүлкүлдөп, бөтөгөлөрү бүлкүлдөп, секин кагып канатты секирип жүрү…

Көчтөн бираз артта калган зымырык куш менен алты баштуу ажыдаар олжодон кур кала тургансып шашып келет… Чалынып-тура эптеп жете келишти да, даяр ашты күтө ууртунан куюлган шилекейлерин кулк жутуп, эриндерин жаланып коюп отурушту…

Казакчадан которгон: Капар Токтошов