Кубат Оторбаев: Аманат

Аманат
(Аӊгеме)
Ошол жылы Эркинбекке эс кирди…
Мындан бир аз күн мурда эле таӊ заардан каш карайганча айылдын үй бетин көрбөгөн чыт курсактары менен бозала чаӊда оюндан колу бошобой, жашоо деген ушул экен дегенсип дооран сүрүп жүргөн. Эми күнүмдүгү таптакыр башка нукка түшкөнсүдү, турмушу таанылгыстай өзгөрдү.
Ошол жайда Эркинбектин жан-дүйнөсү эле аӊтар-теӊтер болбостон өзүнүн да сырткы түспөлү кадересе башка адамга айлангансыды: бою теректей термелип, үстүӊкү эрдинин өйдө жагына балапан түктөрдүн ордуна кайраттуу кара кылдар темгилдеп, үнү корулдап, колдору аттиштей арбайып, далысы кеӊейди.
Эӊ эле өзгөргөнү – анын жан-дүйнөсү болду. Ага таасир берген ой күн уясынан чыга электе жылуу төшөнчүдө уйкуга чумкуп жаткан адамдын үстүнө шыргалаӊ муздак сууну жаба төккөндөй селт эттирди. Ошондо ал же бакырарын, же ыйларын, же там башына чыгарын, же апасына дароо чуркап барып этегине жашынарын, же атасына тез арада даттанарын билбеди. Барайын деди – эс тартып келаткан курагы жол бербедиби, айтор, ал ошол ою менен жекеме жеке калды…
Ал күнү Эркинбек адатынча короодо мал тейлеп жүргөн. Элетте тестиерлер кол арага жарагандан алмаштыргыс күч – суу ташып, мал карап, бала багып, бакчада бел ийип, отун жарып, от жагып, окуудан тышкаркы убак-сааттын көбү мээнет үстүндө. Короодо колуна күрөк алып, уйдун астын тазалап аткан.
Сүт-каймагы ток кармаганы менен уй ыплас эле мал, анын астын байма-бай кургактап турбаса жылдын кай мезгилин алба бир заматта чыла басып кетээри бар.
Эркинбек улам бир нерсени ойлонуп, кыял-кыбаанын жип учугуна азгырылып, мээси чыӊалып, кабагы түйүлүп, санаалары санга ажырап кирди. Анан анын оюна капысынан өмүр, анан өмүрдөн кийин эмне бар деген ой «тарс» эте келди. Муну ал бала болуп балтырын толтурганы ушул бүгүн, ушул саат, ушул мүнөттө биринчи жолу ойлонду. Мадыра башы бул ойдон жарылып кетейин деди, балким ал жумуртканын кабыгындай, же жел үйлөгөн шардай, же көчөдө өздөрү буту талыганча кубалап жүргөн топтой болсо эбак эле «барс» деп жарылып кетет беле?! Ким билсин? Иши кылса ал оюнан колундагы күрөгү ыргып кетти, кадимкидей күрөгү шалак эте түштү, күрөгү эле эмес өзү да араа менен кыйылган бай теректей шалак эте жерге тизелеп отура калды…
«Аа!» деди чыдабай… «Аа!» Көзү чанагынан чыкчудай кызарып, мээси чыӊалып, аза-боюн кара тер басты. Үстүнө бирөө бир араба жүк арткансып, тез эле чарчап, алеки саатта шалдырай кетти. Анан ал өзүнө келип, келгени менен өзүнө батпай, короого, там-ташка батпай көчөгө чыкты да ай талааны көздөй күйүгө чуркады.
Кыштактын четинде шоокуму аваздуу дарыя, андан ары көзүӊдүн кумарын тойгузбаган жоогазындуу талаалар. Анан андан ары бөлтөйгөн дөбөлөр, дөбөлөрдөн өйдө каркайган калбааттуу тоолор, азуусу ай жарган шамшарлуу аскалар. Кээ бир аптаптуу жайда гана кары кетпесе алардын ак шөкүлө жамынганы жамынган. Качан көрбө алардан кандайдыр бир сырдуу аян, табышмактуу обон келгендей.
Эркинбек эсин чыгарган алиги ойдон токтоно албай алгач сайга буту-бутуна тийбей чымылдап чуркап түштү да суу ортосундагы ак-карасы аралаш бурчук таштарды тере аттап, байпагы суу болгонуна кайыл шаша-буша аркы өйүзгө өттү. Желе жорткон сайын сууга чыланган багалеги эми боз топурак чаӊды жыйнап, анысы алеки заматта баткакка тоборсуду. Ага карабай чап бетке жүткүнө демиге чуркап, Эркинбек энтиге жар башына чыкты.
Чыйыр жол ошол гүл баскан, беде өскөн, чымылдык, каакым, сулусу аралаш талаадан жыландай ийрелеӊдеп илгерилейт. Бул топо жол да бул дүйнө канчалык байыркы, канчалык ак баш, канчалык какса болсо ошончо турмуш көрө жону жооруп, түбү ташыркап калган эле. Бул сокмо жол эмнелерди гана көрбөдү десеӊ – жөө-жалаӊдаганы да, ат бастырганы да, малы да, түнкүсүн жортуулга чыккан кашабаӊ, түлкү, чөөсү да ушул жалгыз аяк жолдун абанын согуп, акыбетин көрөт. Жол баарын үндөбөй көтөрөт.
Мына ошол жолдон бүгүн өмүр менен өлүмдүн ойрон салган оюнунан кача албасын биринчи билип-туйган бала качып келатты. Ал качкан сайын, энтигип, ынтыга оор дем ала кызарып, «үхүлөп», салып-уруп келатканы менен жанагы ой огобетер тереӊдеп, ырбап, жарааты ачылып, муунтуп келатты.
Бир эсе демигип, ошол ак карлуу, кеӊ кулачтуу колоттун арылдаган муздак жели сокконуна карабай ал да жетпей, көкүрөгү ачышып, көздөрү нымшып, же тердегени, же суу болгону белгисиз дендароо абалда.
«Эмнеге?!» деди ал бул суроону кайра-кайра кайталап, «эмнеге?!» «Эмнеге менден бир сурап койбойт?!» «Кайсы жазыгым, кетирген кемчилигим үчүн?!» «Жашоо эмне – жазабы?!» «Жаза болбосо анда жараткан соӊ эмнеге кайра… Эмнеге?!» Суроолоруна какап-чакап, дили дирилдеп, жүрөгү эзилип, эси айлан-көчөк алай-дүлөйлөп, бир албуут бороон аӊ-сезиминин аппак, назик гүлдөрүн жер менен жексендеп аткансыды.
Күн төбөдөн куйкалап, кайдан-жайдан адашып келаткансыган жапайы аарылардын дыӊылдагы менен чымылдактын чыйылдаганы болбосо айлана жымжырт. Баланын басыгы бирде текиреӊ-таскактап, бирде жайлап, бирде ылдамдап, ал ансайын ошол айланадагы жымжырттыкта анын дүкүлдүгөн жүрөгү түрсүлдөп, ошонун гана азоодой туйлаган ыргагы кулагын жарып жаткансыды. Бирок андан өтө «өмүр -өлүм, өмүр -өлүм» ойлору ошол коӊуздун дыӊылдаганы угулган тымтырстыкта бомба түшкөндөй кулак жарып, жүрөк таарып, аза боюн дүркүрөтүп, чочутуп турду.
Бала өлүмдөн үркүп, капысынан жолунан карышкыр чыкканда жалт бере удургуган топ үйүр жылкыдай, өмүрүндө туяк малып, туйлап турганда буйтка жерден кашабага алгач жолу капташкан кулундай чыӊырып, жалт бере чымылдап, качып келатты.
Ал келатып биринчи жолу, өмүрүндө алгачкы ирет ушул дайыма кызыл-тазыл гүлгө оролгон талаалардын четинде, болгондо да өзү карагатка, кожогатка чоӊ балдар менен самсаалап ээрчип алып миӊ жолу өтүп жүргөн топо жолдун боюнда эски мүрзө бар экенин алгач ирет назарына алып, аӊдады. Антти да жүрөгү жарылып кетчүдөй «шуу» деди. Эркинбек чындап коркуп кетти. Топурактан сокмолоп согулган, төбөсү урап түшкөн бейиттер ар кай жерде дөмпөйүп үнсүз. Бала чоӊ энеси үйрөткөн келмелерди эстей калып, аларды үзүл-кесил келтирип, шаша-буша эски мүрзөлөрдөн өтүп кетти.
Бир кыйла демиге чуркап отуруп, ал жайык талаанын ортосун жара аккан суу боюна жетип, эси оой арык четиндеги жыгач көпүрөнү байырлады. «Өхх!» деди ал, «өхх!» Көк кашка суу шылдырап, бир башкача добуш салып, таштан ташка урулган сайын бир калыптагы керемет авазын созуп жатты. Жыгач көпүрөнүн как ортосуна жетип Эркинбек буттарын салаӊдатып, сууну тиктеп отура кетти. Анан ал … эт-бетине тийбей шолоктой баштады…
Жүзүн жууган көз жашы ысык-суукка тотуккан боз шымына тамат, тамган орду каралжын такка айланып, тегереги кеӊейе жайылып барып, анысы кайра эле куйкалаган аптапка тоборсуй түшүп кургап атканы. Бул дүйнөнүн кечээ жакындагы эле жомокко окшогон ажайып ааламы көз жаш менен кошулуп, мал-карага кийген шымына тамган көз жашындай алда-кайда житип кеткенсиди. Мурда балага дүйнөнүн эки жерде эки төрт дегендей ачык, дааналыгы эми көз алдында бир заматта алай-дүлөйлөп, кара коюу туман баскан түнт токойго айланды. Эми ала салган суулар төөдөй-төөдөй таштарга урунганда жарылып, жаралган тамчылардай жан-дүйнөсү ар кай жакка чачырап, суроолору жылдыз сымал быжырап, анын бир да бирине жооп табалбай, Эркинбек ээнсиреп, жалгыз жанын өзү кажып, жалгыз өзү мүлжүп отурду.
Күн кыӊайып кызылы чырайына чыга баштады. Бала эсине келгенсип, өзүн колуна алып, кайраты калыбына кайтып, ордунан турду. Шымын күбүп, көйнөгүн оӊдоп, тээ куруттай аппак үйлөрү кымыӊдаган кыштакты карай жол алды.
Ал өзүн бүгүн чалма салынган кунанга окшотту. Чалма аны катуу муунтту. Жай бою көк көрпө жайлоонун ширин чөбүн, акактай таза көк кашка булагын жутуп, жүнү жылтырап, жону түзөлүп келген үйүр арасынан базарга деп союлган жаныбарларды көп эле көрчү. Андайда чалма салынып, топтошкон жигиттердин колуна түшкөн кунан, байталдар мойнуна оролгон аркан, жипке муунуп, көздөрү чакчайып, тиштери шакылдап, асман-айга жеткидей арткы буттары менен тик тура калып, кээде жерге бир оонап, кайра туруп, кайра качып, алапайын таппай, айласы кетип жатканын Эркинбек далай эле көргөн. Атургай өзү да эртелеп чоӊоюп, эр жеткиси келип, чоӊ кишилер менен аралашып, бычак, балта, чака-таштегин ташып жүрө берчү. Бүгүн эмнегедир ошол жыгылган теректей «күп» этип, боз ала чаӊга оролчу жылкыларга салынган чалма эсин эки кылып турду.
Эми ал бүгүн алгачкы жолу алдынан жолуккан аёосуз душман тапкансыды. Ага кантип жооп кайтарарды түкшүмөлдөп, бул дүйнөдөн таптакыр кеткиси келбеди. Кантип эле ушул ажайып айылын, тигил ак карлуу, азуусу бычак мизиндей аскаларды, алардын койнундагы бетегелүү жайлоолорду, шыӊгыр мөлтүр сууларды, гүлү аӊкыган талаа-түздү, көӊкөдөн ысык нанын чыгарып сындырып берген апасын, ат мингенге үйрөткөн атасын, классташ кыз Эркайымды, досу Ыскакты таштап кетет? Күчүгүчү?… Жаӊы үйрөтүлгөн жээрде тайчы? Күнүгө эки флягадан суу ташыган кара эшегичи? Жада калса ошону да эстеди… «Кантип… анан? Кантип? Өлбөстүккө жол барбы? Болсо керек, болсо керектир..»
Боз топурак жолдо, күн кыӊайып тоо башына отурайын деп калганда айылга келатып бала ушуларды ойлонду. Адатынча ал эски мүрзөнүн жанынан мурдагыдан да тезирээк шашкалактап өтүп кетти да андан ары шоокуму баягыдан да катуулап калган дарыялуу сайга түштү.
Айылга ал күн отуруп, каш карайганда келди. Үйгө киргенде дайымкысындай эле көртирлик менен алышып жаткан апасын көрдү. Апасы анын бир күндүн ичинде шапая түшкөн кебетесине абай салып, жүрөгү эзиле карады да:
– Эркинбек?! Тынччылыкпы? Сага эмне болду?! – деди.
Бала гүлдүү халат кийген апасына жетип аны кучактай кетти:
– Апаа! – деди ал өпкөсү көөп. – Апаа!
– Эмне болду, тегеренип кетейиним, эмне болду сага! Ким ал?! Ал ким сени?!.
– Апаа! – деди ал чоӊ кызыл роза гүлдүү жоолугун жыттап.
Андан тандырдын илеби урду. Бала чечилип айтпады, эне да ырбатып албайын дедиби, такып сурабады.
Ошондон кийин өӊү субагай тарта баштаган Эркинбек көзүнө жаш албай калды. Ал окуя аны акыркы жолу ыйлатты.
Ошол жайда Эркинбектин жан-дүйнөсү эле аӊтар-теӊтер болбостон тышкы түспөлү да өзгөрдү. Анын жүрөгү отко салынган койдун бөйрөгүнө окшоп улам катып бараткан болчу.
21.03.2023.