Бейшебай Усубалиев: Таяк

Таяк

(аңгеме)

Уктатпачы мени, жазгы жаан,

Жашыл дүйнө шаңын самайык

(Айгул Узакова)

Тунук акын Айгүл Узакованын жаркын элесине

−Тим эле укмуш! Уксаң эми… Кичине көңүлдөнүп уксаң, тим эле укмуш ай!.. – деп аптыга сүйлөп, бирде каткырып, кайра эле бышактап ыйлап ийип жатып, бул окуяны бир кезде чогуу иштешкен Айгүл айтып берген эле. Көңүл коюп угумуш болуп отурганым менен, мен анда анча деле назар тиккен эмесмин. Көрсө…

Окуя мындайча башталыптыр.

Дөң-Алыш айылын өрдөй кеткен кара жолдо бир маршрутка келатты. Ичинде – жүргүнчүлөр. Бир кезде алды жактан үч караан көрүндү. Үчөө тең, убадалашып алышкансып, жанталаша кол булгалашып жол тосуп калышты. Бош орундар бар болчу. Шоопур жым дей түштү. Аларга жетип-жетпей эле токтотту. Үчөө бирдей ээрчишип кирип келишти. Улуурагы алтымыштан өтүп калган кызыл жүздүү адам экен, ал алдыңкы орунга отура кетти. Жанындагы байбиче аны таңдана карап койду. Тиги экөө, келин менен жигит, шоопурдун жанында күймөлүп калышты. Келин – алдыда, жигит – артта. Келин шоопурга мойнун созду да, шыбырай баштады, акыры:

−Унутпасаңыз, байке… Үчүнчүсү… – деди жалбаргандай. – Үчүнчүсү… Унутпасаңыз – үчүнчүсү…

Шоопур түшүндүм дегендей, башын ийкегиледи. Келин акча сунду. Шоопур алды да, көз кыйыгы менен заматта санай түшкөнсүдү.

−Эмне? – деди анан келинге суроолуу карап. – Бир эле киши дебедиңби, анан үч кишинин…

−Ооба, ооба, байке. – Келин негедир шашкалактай кетти. – Биз калабыз, тиги атага эле… Сиз унутпасаңыз экен, үчүнчүсү…

Шоопур таңдана башын ийкеди. Артта турган жигитке эми жан кирди, ал да алдыга обдулуп:

−Түшүндүңүз да ээ, – деди сурангандай. – Үчүнчүсү…

−Түшүнмөк тургай, мээме орноп калды… Силердин үчүнчүңөр…

Санаалары тынгандай, келин да, жигит да баягы абышкага баштарын созуп:

−Жакшы жетип алыңыз, ата, – дешти жарыша.

−Айланайындар!.. – Абышка жооп кайтарбастан, өзүнчө ушинтип шыбырап койду.

Маршрутка ордунан козголду. Тигилер кол булгалашып калышты. Абышка эч кимге назар бурбады. Жанындагы байбичеге карап да койгон жок. Шашып жаткансып, башын ойдолото, эки жагын элеңдей карайт. Ичи тыбырчылап жаткандай. Селт эте түшөт да, мойнун созуп, обдула алды жакты карап калат. Аңгыча бир тоонун тумшугу көрүндү. Абышка ордунан шак турду да, шоопурга жалооруй:

−Айланайын, өтүп кеткен жокпузбу?

−Кайдан өтмөк элек! Мени эмне… Бул биринчиси эле. Дагы экөө бар. Үчүнчүсү – сиздики…

−Аа… – Санаасы тынгандай отуруп калды.

Көп өтпөй экинчи тоо көрүндү. Абышка кайрадан обдулуп келатканда, шоопур кабагын чытый карап койду эле, ордуна отура кетти. Ичинен бирдемелерди күбүрөп келатты. Маршрутка жылып бараткандай сезилди. Чыдабай кеттиби, шоопурду көздөй дагы обдулуп калды.

−Ой, жарыктык, – деди шоопур аягандай башын чайкап. – Экинчиси дебедимби. Мен бул жерден миллион жолу өтөм. Кантип унутуп калайын, сиздики – үчүнчүсү…

Абышка кайрадан отуруп калды. Өзүнчө шыбырап койду:

−Ошентсе да…

Байбиче сырдуу тиктеп калды. Абышка башын ары буруп кетти. Үчүнчүсү эмне дешкенсип, отургандардын баары аң-таң.

−Аксакал! – деди аңгыча шоопур сүйүнчүлөгөндөй. – Сиздики мынакей… – Колун тоону көздөй жаңсады.

Ушинтти да, маршруткасын тык токтотту.

Абышка көзгө илешпей, учуп чыкты.

−Он-он беш мүнөт боюңарды жазып, эс алып алгыла, – деди шоопур.

−Улам эле жаза беребизби? – Артта отурган бир кыз күңкүлдөй кетти.

Шоопур үндөбөй, олурая карап койду. Абышка бул маалда тоодогу көрүстөнгө жакындап калган эле. Эл топурап жерге түшө баштады. Түшүп баратып, маңдайындагы көрүстөндү көргөндө, токтоп калышат да, бирөө ичинен, бирөө угуза күрсүнө кетет:

−Көрүстөн!..

−Эс алчу жер эмес эле, бул жер мүрзө го!.. – деди баягы кыз.

−Мүрзөдөн ыйык эмне бар!.. – Байбиче күңк этти.

−Мүрзө ыйык болсо… – Кыз жүзүн бырыштырып алды.

Май айы аяктап бараткан. Жер көпкөк. Асман да. Кооздук, сулуулук айы. Эл эки жагын карай башташты. Бейиттер тоо боорунан жарымынан өйдө, тоого чыга бериште, башталыптыр. Бирок ал бүтүндөй тоо боорун ээлеп алгандай көрүнөт экен. Ошондуктанбы, көзгө биринчи эле бейиттер чалдыгат. Эл аларды бир карап алышты да, анан эки жагын элеңдей карай башташты. Көпкөк. Эл топ-топ болуп бөлүнүп туруп калышты. Байбиче менен кыз өзүнчө турушту. Байбиче бейиттерди карап, оозун кыбыратты да, эки алаканын жая жүзүнө тарта кетти. Кыз да аны туурады.

−Элден айланса болот, – деди байбиче кызга карап, ыраазы болгондой. – Карачы бейиттерди, тоо боорунда. Көзгө шыдыр эле чалдыгат. Бир карап, бата кыла өтсүн дегени да. Эл… – Негедир үшкүрүнө кетти.

−Мындан бөлөк жер жок беле?.. Тоо…

−Бейиттер аяк баспаган жерде болгону эле жакшы, кызым.

−Баары бир да! Бутуң басабы-баспайбы, өлүктөр жатат да. Алар эчтекени…

−Ок! – Байбиче так секирип кетти. – Андай дебе! Өлүктөр эмес, арбактар!..

−Арбактар!..

Кыздын кыжынганы байбичеге катуу тийди:

−Сен мүрзөдөн башканы көрбөйсүңбү, кызым?!

−Эмнени көрмөк элем!..

−Тегерек-четиңди карачы. Көпкөк шибер. Тигине, карасаң, гүлдөр да жайнап калыптыр. – Не дээрин билбей буйдала түштү да, көктү тиктеди. – Жок дегенде, асманды бир карап койчу. Карачы, көпкөк асманды, аппак булуттар чалып… – Дагы тынып алды да, кызды эркелеткендей. – Өзүң да жапжаш, жакшынакай экенсиң. Анан жакшы нерселерди да… Карачы, аппак булуттар аста жылып бараткансыйт…

−Булуттар! Алар да чубашып бейиттерге окшош экен.

−Деги сен кандай немесиң, бирдеме болсо эле бейиттер! Бейиттен бөлөктү көзүң көрбөйбү? Айланайын, тегерек-четиңди бир карап койсоң боло…

−Караганда…

Ушул маалда бакылдаган үн жаңырды:

−Тиги киши эмне мынча жоголду ыя?

Ушуну эле күтүп аткансып, кайсы бир топтон бирөө шоопурга бир тийди:

−Деги тигиниң эмнеге кетти эле?

−Куран окуп коёюн деген.

−Ой, куранды ушул жерден деле окуса болот эле да!

−Анысын мен кайдан билмек элем. Өзүңөр деле көрдүңөр го, тыбырчылап улам-улам сураганын…

−Суранса эле токтото бериш керекпи?

−Деги сен мусулмансыңбы?

−Мусулман болсом эле… Момунча кишини күттүрүп… Кээ бирөөнүн шашылыш иши бар да. Көрүнгөн жерден токтотуп…

−Көзүң көрсө, бул жер көрүнгөн жер эмес. Бул – көрүстөн. Мен ким болбосун токтот деген жерден токтоймун. Токтобой коюуга менин акым жок. Бул – закон! Зарыл ишиң болсо, сага да токтотмокмун.

−Көрүстөнгөбү?

−Көрүстөнгө!..

Шоопур колун шилтеп, басып кетти. Тиги киши тостоюп туруп калды. Дал ушул маалда кайсы бир топтон бир жигит суурулуп чыкты да:

−Мынчалык кечикпейт эле, ал киши шейитке окуп жатат окшойт. Анын өскөн тырмактарын алып, чачын алып…

−Шейити эмнеси? – Кыз кыжына байбичеге кайрылды.

−Киши колдуу болуп кеткендер, кызым.

Кыз бул сөздү түшүнбөйбү, элее карап калды.

−Тиги… Өз ажалынан эмес, – кемпир тике айта албай, буйдалды, – бирөөнүн колунан ажал тапкандар… – Өзүнчө шыбырады. – Шордуулар десең…

−Андайлар азыр толуп жатпайбы, анан…

−Ок!.. Андай дебе!

−Ие, айланайын, – деди токтолуп калган бир киши, жигитке карап: – Ой, көр эмне, ачып-жаап тургандай картөшкөнүн ороосу беле. Айтат десе эле…

Айрымдары күлүп жиберишти. Кичине жайлана түшкөндөй болушту.

−Билбейм, – деди жигит өзүнчө күбүрөнүп. – Шейит кеткендердин чачы, тырмагы өсүп кетет. Аларды алып туруу мойнуңдагы парз экен. Атам айткан. Анан мен…

Жигит ыңгайсыздана, четке чыга берди. Эл бир азга дымый түштү. Тынчтыкты баягы кыз бузду. Саатын карап:

−Ай, кудай ай, кечикмек болдум окшойт. – Титирей. – Сөзсүз кечигем! Тигиниңер… −Бейиттерди көздөй колун жаңсай кетти.

−Ок! Бейиттерге колуңду жаңсаба!..

Байбиче кыйкырып жиберди. Анан кызга карап:

−Эмне эле чыйпылыктап жатасың, айланайын!

−Свадьба!.. – Үнү алсыз чыкты.

−Аның эмне?

−Жолдош кызым турмушка чыкмак. Мен анын подружкасы болмокмун да… – Кыздын көзү жашылдана түштү. Байбиченин да тынчы кете түштү.

−Аның качан башталат эле?.. – деди кызды аягандай.

−Саат кечки алты жарымда.

−Ие, кокуй, – деди байбиче санаасы тынгандай. – Азыр түш да боло элек да. Алтыга чейин жөрмөлөп барсаң деле жетишесиң да…

−Ушу кейпим мененби?

−Кейпиң сонун эле турат, айланайын.

−Сонунбу? Элдин баары карашып… – Кыз ыйлактай, баш-аягы жок сүйлөп кирди. – Мен желмогуздай болуп кирип барсам анан… Чачымдын кейпи бул, тырмактарым… Саат үчкө жазылып койгом, кичине эле кечиксем… – Селт эте, башын чайкап-чайкап ийди.

Байбиче кызды тигиле карап турду да, өзүнчө сүйлөнүп алып, кызга:

−Саа тиги да жакпаса, бу да жакпаса, деги эмне жагат саа, кызым?

Кыз эмне дээрин билбей, муунуп калды.

Булардын кагылышуусун жанатан бери байкап турганбы, ушул маалда жүзүнөн баары төгүлүп тургансыган, күлмүңдөгөн бир сары чийкил жигит жетип келди да:

−Туура айтасыз, апа!-деди шаңдуу. – Чын эле, буларга эмне жагат? Жанагы менин чычкандай болгон кызым да айламды алты кетирип бүттү. Баарын алдына жайнатып жайып койсом да, дагы бир нерсеси кемип калгансып, жуткунат да турат!.. – Айласы кеткендей, колдорун эки жакка жая кетти.

−Эми теңирим ургаачыны ошондой жаратып койгон тура… – Байбиче кимдир бирөөнү актап, дагы бирөөнү жактыра бербегендей, кобуранып алды.

Жигит муну күтпөгөнбү, мостоюп туруп калды да, өзүнчө күбүрөнө өз тобуна басып кетти.

Кыз саатын бир карап алды да, дагы кимиси эмне деп жиберет дегенсип, атайы элден оолактап турган шоопурдун жанына барды.

−Байке… – деди жумшак гана. – Мен тиги саат үчкө чач тарачка жазылып койгон элем, кичине кечиксем эле…

Шоопур, эми мен эмне кылам дегендей, эки ийнин куушура кетти.

−Байке…- деди кыз ого бетер жалооруй. Мүрзөлөргө колун жаңсай: – тигиниңиз…

Ушул маалда байбиченин калтаарый чыккан үнү чаңк этти:

−Ок! Мүрзөгө колун жаңсачу эмес!

Кыз селт эте түштү да, колун тартып алып:

−Байке… – Тигиниңиз чын эле келбейт окшойт. – Чымыркана. – Таштап кете бербейлиби, өзү эптеп…

Шоопур башка жегендей теңселе түшүп, катып калды.

−Көрүстөнгөбү?! – деди анан титирей. Бир азга буйдала түштү да. – Көрүстөн деген ресторан эмес да!..

Шарт бурулуп басып кетти. Кыз туруп калды. Саатын дагы бир тигиле карап алды да, байбичени көздөй жөнөдү.

−Сиз… – деди ага жетип-жетпей жатып, -баары сонун деп, көңүлүмдү жубатып, мени алдап…

Эмнени айтып жатасың дегендей, байбиче кызды таңдана карап, туруп калды. Аңгыча:

−Алдап дегениң мага жакты! – деген жагымдуу үн баарын жалт каратты. Жанатан бери топко кошулбай, четте турган бир салабаттуу киши күлүмсүрөй басып келди да:

−Карындашым! -деди түз эле кызга. – Карындашым, мен кичине кызуумун дечи, ошентсе да оюмдагыны айтып коёюн, мен өзүм жаш көрүнгөнүм менен, башымдан не деген шумдуктарды өткөргөн жанмын. -Башын чайкагылай. – Оо-оо… Карындашым, бул дүйнөдө кимди болбосун алдап коё алган, жана да эч кимге алдатпаган бир гана жандык бар… – Ойлонгонсуп, үндөбөй калды.

Баары жооп күткөндөй дымыды.

−Ал – аялдар!.. – деди  тиги үшкүрүнө олуттуу.

Элдин баары күлүп ийишти. Бир даары деги бул эмнени айтып жатат дегенсип элейишти.

−Мен эч кимди алдай элекмин! – деди кыз актангандай.

−Анда тиги… Сенин күйөөң…

−Кайдагы күйөө!.. – Кыз ызалана кетти. – Мен турмушка чыга элекмин.

−Мына!.. Мен да ошону айтып жатам. Демек, сен али аял боло элексиң. – Элди бир сыйра тегерете карап алды. – Күйөөгө чыга электер, анан таптакыр чыкпагандар бу… кандай десем…

−Келатат!.. – деди аңгыча бирөө тоо жакты карап. -Шыбырады. – Ке-ла-тат…

Баары жалт карап, элейип туруп калышты. Абышка баспай эле, каалгып учуп келаткандай көрүндү.

−Эмне талып калдыңар?-деди шоопур шаңдуу. – Кана, түшкүлө… Эми эле “эми качан?!”-деп жанымды сууруп алчудай болуп атпадыңар беле.

Эл топурап түшө баштады. Абышка кирди да, ордуна отурду. Эч кимге назар бурбады. Демиге түшкөн экен, анысы басылган соң гана:

−Өхш!-деп оор үшкүрүнө кетти.

Маршрутка солк эте түшкөндөй болду. Байбиче селт эте, ары жылды. Эл, эмне болуп кетти дегенсип, алды жакка моюнун созуп калышты.

−Байбиче, – деди абышка жүзүн ага буруп, – байбиче, эми арманым калган жок десем болот… – Ойлуу үндөбөй калды.

Байбиче таңдана карап калды.

−Байбиче,-деди ойлуу, – бир окуя болгон эле, бир жылга чукулдап калды. – Кичине тынып алды.−Неберемдин тоюн өткөргөнү калдык. Бешик тоюн. Ниетимде мен өзүм өткөрсөм деп жүрчүмүн. – Күрсүнө кетти. – “Мен өзүм өткөрөм!..”-дедим. Эч кимиси унчукпады, сүйлөөгө шаасы жетпей калды көрүнөт. Мен демите айттым да. Ошентип, таң азандан мал базарга жөнөп калдым. “Кам ура бергиле,-дедим, – мен бир жараган ирикти…” – “Ирик өтө кымбат, анан…” – деди уулум, жаман көзүм менен бир карап койдум эле, үндөбөй кала берди. Кымбаттыгын мен өзүм деле билчүмүн, азыр баары эле кымбаттап жатпайбы…

−Аа, каран күн десең… – Байбиче өзүнчө күңгүрөнүп койду. – Деги арты…

−Жараган ирик жети жарым миң сом деп уккам.  Менде сегиз миң сом бар эле, кымбаттаса көп болсо ушунча болор дедим. Мал базарга келип кыдыра баштадым. Бир эле ирик өзгөчө көрүнүп, көзүмө түшүп туруп алды. Сөзсүз ушуну алам дедим. Сурасам – сегиз миң эки жүз дейт. Соодалашсам, деги эле түшө турган түрү жок. Аңгыча эл да суюла баштады. Эми жалынып-жалбара баштадым. “Жигит, мендей деле атаң бардыр,-дейм, жибип кетеби деп, – неберемдин бешик тою эле… Жетпегенин, той бүтөрү менен эле…” Жок, башын чайкаганы чайкаган. “Мени далайлары күйгүзүп кеткен!..” – дейт кыжына. Айлам кетип калды, карайлап ары-бери чуркай баштадым. Тааныштардан бирөө көзгө илинсечи. Базардын тиги башына бир чыгам, бул башына бир чыгам. Карайлап калганыңда, эмнеге келгениңди унутуп да калат окшойсуң, байбиче…

−Унутуп калбай, карайлап турсаң… – Байбиче аягандай башын чайкай кетти.

Акыры соксоюп баягы өзү эле калды. Дагы бардым. Жалынып-жалбара баштадым. Былк этпейт. Эртең эле берем десем да болбойт. Ашыкча берейин десем да баш чайкайт. Айланайын, бешик күтүп калды десем да былк деп койбойт. Кайра: “Бүгүн албаса, эмки базарда баса калып алышат,”-дейт жанымды күйгүзүп. Бир маалда кетем дей баштады. Баягы эле сөзү: “Эмики базарда…” Ичимден кан өтүп кетти. Кичине аярлай тур, мен азыр… деп жалынып кирдим. Анан базардын чок ортосуна чуркап келдим да, каккан казыктай эле катып калдым. Эмнеге келдим эле деп коём. Аңгыча кире бериштен бирөө кол булгалагандай болду. Эңги-деңги жетип бардым. Карыя экен. Жүзүн деле караганым жок, карасам да көрө алганым жок дегеним да. Көз тунарып турса. Ал эмне дегендей ээк каккандай болду. Мен ошондо эсиме келе калып, жөн-жайымды кобурай баштадым. Карыя чөнтөгүнөн бирдеме алып чыккандай болду, сыягы, капчык окшойт. Андан бирдеме сууруп алды да, мага сунду. Шып эле илип алып, баягыны көздөй жүгүрдүм. Орто жолдон кайра бурулуп, карыяга жете бергенде:

−Дөң-Алыш… Калмырза… – деп койду ал.

Мен шыдыр эле түшүндүм, дөң-алыштык Калмырза деген киши тура дедим да, кайра баягыга жеттим. Акча ошондо эсиме келип, алаканымды ачтым. Бирөө тартып алчудай болуп бырыштыра кармаган экенмин. Эки жүздүктөн экөө экен. Өзүмдүкүн коштум да, колуна карматтым. Чынын айтканда, той жакшы өттү, байбиче… – Ойлуу үндөбөй калды. – Элди узатып койгондон кийин эле, – деди селт эте. -Жүрөгүмдү бир нерсе таарып кеткендей болду. Карыз алганым, анан баягы карыя эсиме шак дей түшкөн, көрсө… Карыз жөнүндө эч кимге ооз ачкан эмесмин да. “Карыздап алып келген экенсиң да!..” – деп айтабы деп чочулабадым деле. Айтып эле көрүшсүнчү!..

−Айтып койсоң деле болмок экен, бөлөк-бөтөн киши болбосо… Жаныңды жөндөн жөн эле кыйнап… – Байбиче аягандай үн катты.

−Айтып койсом деле болмок дечи, андан мени эч ким деле чаап ала алмак эмес… Бирок… – Дагы тынып алды. – Бирок… байбиче, билесизби, айтууга дитим барбай койду. Дитим… – Үнү каргылдана түштү. – Анан катуу жыгылдым, байбиче, өмүрүмдө мындай жыгыла…

−Ок!.. Эмнеден? – Байбиче кепти үздү.

−Төшөккө жатып калдым, бийбиче… Ары барып эле бери келдим окшойт. Көкүрөгүмдө ошондо мобул үч нерсе уюп турду десең: карайлап ары-бери чуркаганым, карыя, анан карыз алганым…

−Айтып эле койсоң болмок да, – байбиче дагы эле аягандай өкүндү, – бөлөк-бөтөн болбосо…

−Өзгөчө карыя!.. – деди тиги анын сөзүнө көңүл бурбай. – Карыя… – Кичине тынып алды да. – Эми ойлосом, ошол карыя мени өлүмдөн сууруп алды окшойт. Болбосо… – Башын чайкай кетти.

Байбиче коштогондой башын ийкегилеп койду.

−Ошол, байбиче, анан бир айда өзүмө келдим окшойт. Турарым менен эле жөнөйүн дегем. Каруум жок. Жете алчудай эмесмин. Антип-минткиче жарым жыл өтүп кетиптир. Көкүрөгүмдө эле турат. Бирдеме ичип жатканда эсиме түшө калса, тамак өтпөй алкымга туруп калат десең… – Негедир көтөрүлө кетти. – Колумда жок эмес, бардар элемин. Анан ээ, эмне болсо, ошол болсунчу дедим да, бүгүн таң азандан жөнөп калдым. Эч кимге айтканым жок, эмнеси болсо дедим да…

−Ок!.. Ошентчү беле, дайнын айтпай… Сакалдуу эле киши…

Дитим барбай койду деп жатпаймынбы, байбиче… Дитим… – Эмне эле түшүнбөй жатасың дегендей, үнү дирилдей чыкты, бүт денеси титиреп кеткенсиди.

Байбиче башын ийкегилеп койду.

−Үйүн тез эле таптым. Бирок сурагандарымдын баары эле мени үрпөйө карашты. Бу эмнеси деп өзүмчө таң калып коём. Дарбазасы ачык экен, бир келин эшигин шыпырып жүрүптүр, – жанагы мени узатып келгенчи, ошол, – мени көрүп эле, элее карап туруп калды. “Калмырза карыяга келдим эле, үйдөбү?”-дедим. Ого бетер элее карады да, “мен азыр”-деп коюп үйгө кирип кетти. Үйдөн жанагы жигит, – мени узатып келди го, ошол, – экөө ээрчишип чыгышты.Ошондо эле жүрөгүм бир булкуп алды, көңүлүм айный түштү. Бирок сыр бербедим. “Атамды ээсине бергенбиз, жарым жылдан ашып калды…” Жигит ушинтти да, үйгө кириңиз дегендей ишарат кылды. Сураган кишилердин баары эле үрпөйө карашканы ошондо эсиме түштү. Жетимишке келсем да, маа эс деле кирбептир да. Болбосо, бирөө-жарымынан сурап деле койбоймунбу, эмне эле үрпөйөсүңөр деп. Билип алганымда, өкүрүп түшпөйт белем!.. –  Муштумун түйө, тизесин муштагылай кетти. –  Мени кудай алганда!.. Куран окутуп, кирип-чыккандардын аягы үзүлө элек көрүнөт, дасторкон жайылып, чайы даяр экен. Бата тилеп, куран окудум. Экөө мени таңдана эле карашат. Сурагандан ийменишти окшойт. Куран окуган соң, мен жөн-жайымды айттым. “Карыя менен бир ооз да сүйлөшө албай калдым…” – дедим каңырыгым түтөй. “Атам көп сүйлөчү эмес. Кийинчерээк эрмеги эле базар болуп калган. Жүргөн-турганы деле тың эле, анан эмне болуп кетти-билбейм… Эми карылык да… Акылы тунук бойдон кетти. Сексен тогузда деп жерге бердик… Айтпадымбы, ата, көп деле чечилип сүйлөшчү эмес. Кээде эле тиги келини менен сырдашып калганы болбосо…” Жылмая келинчегине карап калды. Анын көзү жашылдана түшүп, бир эчкирип алды.  Ушуну эле күтүп жаткансып, жанатан бери батына албай турган жаным: “Карыяга карыз элем”,-деп камдап барган акчамды сунуп калдым. Уулу туйлап албайт, карызын кечип койгом деп. Болбой эле, куран окутуп кой, айланайын, атайы менин атымдан, бул карыз эмес… деп жатып араң алдырттым. Анан жүрөгүм элеп-желеп болуп эле, ошол карыянын бейитине куран окушум керек деген ой пайда боло калды. Мен өзүмө-өзүм ээ боло албай калдым. Жигитке айтсам, “ата, ушунуңузга эле ыракмат, биз ыраазыбыз. Бейитине жете албайсыз го, кыйналып каласыз”, – дейт. Мен да так секирдим, болбойт дедим, көксөм суубайт дедим, кайсы жерде экенин айтып эле кой, мен жетем дедим, өлсөм да жетем дедим. “Ата, – деди жигит, – бул айылда бир атадан тараган үч уулдун урпактары жашайт. Ошол үч уулдун урпактарынын ар биринин өзүнчө көрүстөнү бар. Биз үчүнчү уулданбыз, биздики үчүнчү көрүстөн…” – “Айланайын, – дедим мен жалдырай, сөзүн үзүп, – маа ошол үчүнчү көрүстөндөгү карыянын бейитин эле болжолдоп айтып кой, мен таап барам, кыйналсам эмне экен, атайы келсем…” Жигит аргасы түгөнгөндөй келинчегин карап калды, ал да жигитке, – күйөөсү экен, – сурангандай тиктеди, экөө тиктешип калышты. “Болуптур, – деди анан күйөөсү, – мен өзүм деле апарат элем, өтө зарыл ишим бар. Кечээ эле барып, куран окуп келдим. – Ойлонуп туруп, башын чайкай. – Мүрзөлөр тим эле жайнап кетиптир, ата, мен жаңыларын айтып жатам. Бул жерде, айылда дегеним, билинбейт экен, көрсө. Тирүүлөр менен жүрөсүң да.Анан баары эле тирүү жүргөндөй сезиле берет экен. Көрүстөнгө барганда билет экенсиң, билинбей эле, көрүнбөй эле, жаңылары жайнап кетиптир. Бейиттерди айтам. Бүгүн койсоң, эртең таппай калчудайсың жашырган кишиңдин мүрзөсүн… Агам туура кылыптыр, атамдыкына, болбой жатып, бир таякты сайдырып койгон… Туура кылыптыр, таппай калмак экенмин…” Мен сүйүнүп кеттим: “Ошо таяк менен табам дедим. Таяк болбосо деле, тапмакмын”- дедим. Анан жөнөп калдык. Билесизби, байбиче, эшикке чыгарым менен, кайрадан жүрөгүм элеп-желеп болуп эле, алып-уча баштады. Кудайым өмүр берсин, экөө тең ыйманы ысык жандар экен, карыянын келин-уулун айтам. Жана мени салып жиберишти го, – ошолор. Өзгөчө келиничи… Айланайын, өмүр берсин. – Байбиче жакка кыңкая, шыбырай кетти. –  Токтобой коёбу деп чочулашты окшойт, шоопурга кошумча акча бериштиби деп калдым… Анан билбейм, бул жерден кантип чыктым, бейиттерге кантип жеттим – эсимде жок. Учуп эле жүрүп отурдум окшойт. Быяктан билинбейт экен, тоонун үстүнө чыкканда тим эле жайнайт. Бейиттерди айтам. Дал болуп эле туруп калдым. Анан баласынын айтканы эсиме түштү, “таяк сайып койгонбуз.” Өрдү көздөй жөнөдүм. Чын экен, көп өтпөй таякты көрдүм соройгон. Жеттим да, топурагын жыттап, куран окудум. Жалпы арбактарга деп да окудум окшойт. Уулу туура айтыптыр, жаңы бейиттер… Эми эле жерден өнүп чыга калгансып, топо эле жыттанат, айланайын байбиче…

−Ошону айтпайсыңбы… – Байбиче өзүнчө күңгүрөндү. – Башың маң: карысы деле кетип жатат, жашы деле кетип жатат. Мурда кичине сакалдуулап алчу эле… Эми… – Үшкүрө кетти.

−Анан силерди эстей койдум, ие кокуй, тиякта мени акыйып күтүп отурушпайбы дедим да, ордумдан шак эле ыргып турдум. Кайра учуп келаткансыдым. Сизге калптыр, маа чын, билесизби, байбиче, мени менен кошо баягы таяк да учуп келаткансыды. Мага дем берип, коштоп келгендей болду. Болбосо… – Башын чайкагылай кыйлага турду да. – Эми, байбиче, өлсөм да арманым жок!.. – Отургучка чалкалай кетти да, дымып калды.

−Ок… – деди байбиче алсыз. – Пенденин оозунда болсо… – Сөзүнүн аягына чыккысы келбегендей, терезе жакты ойлуу тиктеп койду.

Абышканы уккандар болдубу, же жокпу, айтор абышка менен кошо баары жымжырттыкка чөгүп кеткенсиди. Маршрутка элди тартпай эле, мотуйган жымжырттыкты алып бараткансып, кыбырагандан кыбырагансыйт.

Көрүстөн болсо үлбүлдөп алыста кала берди…

22.05.22 саат – 22:37 – 08.03.23. саат – 11:40