Шарль Перро: Өтүкчөн мышык

Шарль Перро (1628-1703) Өтүкчөн мышык Тегирменчи өзүнүн үч баласына тегирменди, эшекти жана мышыкты мураска калтырды. Бир туугандар дароо эле атасынын мурастарын бөлүштүрүүгө киришишти: улуусу өзүнө тегирменди, ортончусу эшекти, ал эми кичүүсү мышыкты алды. Кичүү баласы өзүнө мышык тийгенге аябай эле капа болду. –Байкелерим тың жашап кетишери талашсыз, – деди ал. – Ал эми мен өзүмдүн мышыгымды союп жеп, терисинен кол кап тиге турган болсом, ачкадан өлөрүм анык. Мышык бул сөздөрдү укса да, шек билдирбестен, минтип айтты: –Сен капа болбо, төрөм. Андан көрө, мага мешок жана токойду аралап басканга жарагыдай өтүк толугу менен…..

Мирзохалим Каримов: Кыз күйүтү

Кыз күйүтү Улуу агам үйгө ыраӊы кубарыӊкы кирип келип: –Энемди ооруканага жаткырышты, – деди оор улутунуп. Бейкапар олтурган жаным, муну укканда чочуп кеттим. Жүрөгүм негедир ийне сайгандай катуу туйлап алды. «Доктурга көрүнүп кайра келем дебеди беле…» Эртеси мектепке да барбай, ооруканага кандай жетип келгенимди өзүм билбейм. Босогодогу нөөмөтчү аялдан айттырып жиберген соӊ, эки көзүмө жаш толуп, күтүп турдум мостоюп. Арадан кыйла убакыт өткөндөн кийин, жасалма жылмайып чыктыӊыз эне. Бир эле күндүн ичинде анардай жүзүӊүздүн кызылы качып, өӊүӊүз аза түшүптүр. Мага жакыныраак келип, көзүмдөн аста өөп, оттой кызып турган мээримдүү алаканыӊыз толугу менен…..

Темирбек Алымбеков: Жүрөктөсүң асылзат, Жүрсөңөр болду жайдары

Урматтуу айымдар, сиздерди 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен чын дилден куттуктайбыз! Аялзатынын адам жашоосунда орду чоң. Сиздер үйдун куту, ааламдын көркү, сүйкүмдүү жар, мээримдүү эне болуп, жашообуздун ажарын ачып турасыздар.  Биз мырзалар, аялзатынын мээриминен, жылмаюусунан кубат алып, эрктүү, күчтүү болуп, сиздердин бейгам, бактылуу жашооңуздар үчүн бардык шартты түзүүгө аракет кылып келебиз. Энелерибизди, эже-карындаштарыбызды коргоо жана бакубат жашоосу үчүн жоопкерчилик алуу ар бир эр азаматтын башкы милдети.  Сиздерге бекем ден-соолук, жаркын маанай, үй-бүлөлүк бакыт каалайбыз! Ар бир күнүңүздөр майрам болсун! Урматтоо менен, КРУЖС Башкармалыгы  Байдылда Сарногоев Аял, аял Жалаң жакшы, жаманы жок аялдын, Жан жыргалы, толугу менен…..

Жумабек Токтогазиев: Жолбун

Жолбун (аңгеме) …Эгер, Алдар-Көсө кокусунан тирилип кетип, бул мытайым президенттин алдынан карпа-курп чыга калса, аны дагы далысынан жылуу-жумшак таптап: «Жумурай журтубузга атыңыз даңаза болуп туруп, тирүүлөй тозоктун бул жарык дүйнөсүнө кайрадан келип калганыңызга бир чети таң калып турсам, экинчи жагынан Сизге боорум ооруп, эңшерилип жатат. Сиздин ордуңузда мен болсом, бир жетип, бирде жетишпей чыркырап жашап жаткан мындай жашоодон кечип, жылуу-жумшак жаткан жеримди муздатпай кайрадан барып көрүмө жатып алмакмын. Себеби, ал жерден артык бейишти бул жарык дүйнөдөн издеп таппайсың… Жаткан жериңиздин топурагы торко, кыштын сөөк кайрыган суугунда жып-жылуу, күндүн жайкы мээ толугу менен…..

Бектурали Исамидин уулу: Бузук телефон

Бузук телефон Ар кимдин ырыскысы ар тараптан, ар кандай жолдор менен табылат. Бирөө кара жумуштан, бирөө таза жумуштан, бирөө акылы менен, дагы бирөө жакыны менен, бирөө басып жүрүп буту менен, бирөө кол коюп калемдин учу менен, бирөө бийлеп жүрүп, бирөө сүйлөп жүрүп акча табат, албетте жанды багат. Иштеген ишим үчүн нааразы болбоймун, келечектен үмүтүм чоң, жакшылыкты болжоймун. Жашап келем эл жашаган катарда, жумушум жеңил, телефон оңдойм базарда, кейибейм капаланып заманга, алдыга жылуу үчүн аракет керек адамга, бирок ишеним болуусу зарыл, ташталган ар бир кадамда. Бул жумушту аркалоо үчүн билимим жок толугу менен…..

Элмира Ажыканова: Бала

Бала Кээде жалдырама тийгенсип олтуруп калат Бурма. Үйдө жалгыз калганда ушинтип нес болуп калчу болду. Бул чын эле анын тагдырыбы же узакка созулган түшпү? Айтор тумандын ичинде жүргөндөй. Баарысын  акыл менен билип турат дечи. Ооба, өлгөндүн артынан эч ким өлбөйт экен. Керек болсо өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып, ачыкка чыга келген ачуу чындыкка да баш ийип макул болот экенсиң. Аттиң, өмүрдүн ушунчалык учкулдугун карасаң… Бурма менен Аскарбек кече эле таттуу арзышып, жаштыктын жаркыраган көчөсүндө кол кармашып жүрүшпөдү беле?! Айрылышаар күн келерин ким ойлоптур. Жылдар ушунчалык тез агыптыр. Он беш жыл он толугу менен…..

Генрих Дик: Тоодогу балык уулоо

Акын, жазуучу, драматург, котормочу, коомдук ишмер, Украинанын эл аралык адабият жана искусство академиясынын мүчөсү Геннадий Дик – биздин жердешибиз. Кыргызстандын Талас жергесинде Ленинполдо туулуп, Советтер Союзунун мектебинен өтүп, 1979-жылы Пермь мамлекеттик университетин аяктаган. Адвокат, юрист кеңешчи болгон. 1993-жылы Германияга көчүп кеткен. Учурда Германияда жашайт, китеп чыгарган чоң басмакананы жетектейт. Анын чыгармалары дүйнөнүн көп тилдерине которулуп, айрыкча орус окурмандары тарабынан жакшы кабылданган. Көп макалалар жазылып, изилдөөлөр жүргөн. Айрыкча анын “Күмөндүү немис (Немец под вопросом)” китеби улуттук аң-сезим, өзүн-өзү таануу, адам тагдыры жаатында катмарланган түрдүү ойлорду камтыйт. Генрих Дик Тоодогу балык уулоо толугу менен…..

Ризван Исмаилова: “Куштар дагы эки-экиден учушат, ушуну такыр эсиңден чыгарба!”

“Куштар дагы эки-экиден учушат, ушуну такыр эсиңден чыгарба!” (“Августтун сегизинде” деген аңгемени окугандан кийинки ойлор) Аңгеме чакан болгону менен аябагандай түйшүктүү жанр. Көлөмү кичине же чоңдугуна карабайт, ички пайдубалындагы топурак, кум, таш, цемент ж.б. курулуш материалдары сыяктуу жана кандай устанын колунан чыкканы баалангандай, аңгеменин композициясына, тилине, баяндоо манерасына эң башкысы жазуучунун жеке стилине байланышат. Анын сюжетинен, композициялык түзүлүшүнөн алынган маани-маңыз жана идеясын ар бир окурман өзүнчө кабылдайт, өз алдынча чечмелейт. Жазуучу жана журналист Алимжан Алибековдун калеминен чыккан кызыктуу аңгемелерин социалдык тармактан окуп жүрөбүз. Айрыкча анын “Августтун сегизинде” аттуу аңгемеси окурманды толугу менен…..