Темирбек Алымбеков: Жүрөктөсүң асылзат, Жүрсөңөр болду жайдары

Урматтуу айымдар, сиздерди 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен чын дилден куттуктайбыз! Аялзатынын адам жашоосунда орду чоң. Сиздер үйдун куту, ааламдын көркү, сүйкүмдүү жар, мээримдүү эне болуп, жашообуздун ажарын ачып турасыздар.  Биз мырзалар, аялзатынын мээриминен, жылмаюусунан кубат алып, эрктүү, күчтүү болуп, сиздердин бейгам, бактылуу жашооңуздар үчүн бардык шартты түзүүгө аракет кылып келебиз. Энелерибизди, эже-карындаштарыбызды коргоо жана бакубат жашоосу үчүн жоопкерчилик алуу ар бир эр азаматтын башкы милдети.  Сиздерге бекем ден-соолук, жаркын маанай, үй-бүлөлүк бакыт каалайбыз! Ар бир күнүңүздөр майрам болсун!

Урматтоо менен, КРУЖС Башкармалыгы 

Байдылда Сарногоев

Аял, аял

Жалаң жакшы, жаманы жок аялдын,
Жан жыргалы, жароокери адамдын.
Турмуш көркү, дүнүйөнүн туткасы,
Yйдүн куту, апакеси балаңдын.

Жаман дебей, жакшы дедим баарысын,
Акыйкаттап айтпайт дебе калысын.
Кетирсе да бир ката эмес, миң ката,
Кекээрлебей кечирип кой анысын.

Аял, аял.., айтар сөзүм менин миң,
Сенсиз секунд жашай албайт көрүндүм.
Элжиретип эркелеген назыңа
Эркек болбой, таш болсом да эрирмин.

Өлүм парз го өкүмүнө көнөрмүн,
Кез жеткенде келбес жайга жөнөрмүн.
Ошондо да жыйып соңку күчүмдү,
Аял сени бир жалт карап өлөрмүн!

Зайырбек Ажыматов

Эреркөө

Эх апаке, апакем ай, апам а-ай,
Эмгегиңе татыр эмгек жасабай.
Тентип жүрөм жарык издеп, ыр издеп.
Тек гана бир жөн адамдай жашабай.

Тири шумдук кездер коштоп ыргагын,
Тирүүлүгүм азабым да жыргалым.
Баарын сизге айтып туруп апаке,
Шолоктоп бир келет анан ыйлагым.

Ыйламакмын кур намыска кыйылбай,
Ыйламакмын алкымыма муунбай.
Бирок ал ый болбойт апа тек гана,
Бала кезде ыйлап жүргөн ыйымдай.

Болот анда сагыныч да, бук дагы,
Болот анда сиз билбеген бүт баары.
Болот анда атакемдин капилет,
Бала бойдон бул өмүрдөн учканы.

Ал көз жашым боз тумандуу күндөрүм,
Ал көз жашым дос-туугандан күйгөнүм.
Агып турмак ар бир тамчы жаш менен,
Айтылбаган арман муңу дүйнөнүн.

Ошол ыйга көөдөн тиреп жашаган,
Жан сыздатпас сизден бөлөк жат адам.
Баардык бугум, баардык муңум арылмак,
Бала кездей сооротсоңуз,  эх анан!

Атантай Акбаров

Керемет жан

Керемет жан, керемет жан, керемет!..
Сендей мага эч ким илхам бере элек.
Клеопатра, Ак мөөрлөр өтсө да,
Сендей пери бул жарыкка келе элек.

Бул дүйнөңбү, а дүйнөңбү, баарыбир,
Сүйөм сени! Эч маанисиз калганы.
Сени сүйгөн жүрөгүм миң бактылуу!
Сени көргөн көзүмдүн жок арманы.

Мен колума калем алгам, а балким,
Маңдайыңа сенин таалай жазышка,
Мейли, мейли өмүр сен деп агылса,
Мейли, мейли, жүрөк сен деп жарылса.

Ай болом да, терезеңдин түбүнөн
Түнү бою кетпей коём көшөрүп.
Кайып болуп кетким келет дүйнөдөн,
Жалжал көзүм, жалгыз сени көтөрүп.

Темирбек Алымбеков

Өзүмө жана аялга

Кана Темир токтолбой карма калам,
Жан элең өзүңдү, элди алдабаган.
Жетик болсоң көргөзгүн мүнөзүңдү,
Жеңил сөздүн кайыгын айдабаган.

Анты болот ыр дегендин ач сырыңды,
Алың келсе жазсаңчы жакшы ырыңды.
Эңгилчек басып кеткен жүрөгүңдү ач,
Эске салган качаңкы таш кылымды.

Колдон келген иш болсо түк аянба,
Берем дедиң ыр жазып бир аялга.
Качан болсо салты эле азаматтын,
Каалаганын карматкан сулууларга.

Беш күн болду аял ырды күткөнүнө,
Сен жүрөсүң күчүң салып мүштөгүңө.
Аруу күтсө ырыңды кандай бакыт,
Андай кезде акындар иштегиле!

Келгилечи кайдасыңар чымындарым?
Келбесеңер жакшы го кырылганың.
Жарышып сага жакчу ойлор келет,
Жазгычакты чыгабы чымын жаным!

Акылдуу сөздү сүйбөйм билесиң да,
Арнайм сага кадимки саптарымды.
Карап туруу мен үчүн андан кызык,
Каткырып, жыргап окуп жатканыңды.

Жүрөктөсүң асылзат

Паранжа деле такпадык,
Паранда учуп өталгыс,
Пакса тамга катпадык.
Абалтан эле кыргыздар,
Абийирин коюп өзүнө,
Аялды эркин сактадык.
Ак жүзүнө суктанып,
Жерден теңдеш табалбай,
Жеткизе Айга мактадык.

Энебизге ийилдик,
Эжебизге сүйүндүк.
Кызыл гүлдөй садага,
Кыздуу болсок жалындык.
Канатыңдай учаарга,
Карындашка кагылдык.
Саамайы сүйкүм жар күтүп.
Саат өткөрбөй сагындык.
Сүрдөнтүп турган жүрөктү,
Сүйүүгө далай чалындык,
Кыргыз атың өчүрбөй,
Кылымдарга кетилбей,
Кыраңда Айдай жаңырдык.

Кантсе дагы эркектер,
Кадырына жетпедик.
Каректен жашын төгүлтүп,
Катыра канча сөкпөдүк.
Кол көтөрүп кээ бирде,
Кодура чөптөй тепседик.
Анан,
Жыргатып ийчү немедей,
Жылаан чагып алгансып,
Жылына бир жол эстедик.
Колдорун кармап болбойбуз,
Кошомат жагын ойлойбуз,
Коюучудай эстелик.

Аялдын бүгүн майрамы,
Аркы-берки кеп козгоп,
Айтпайын сөздү кайдагы.
Жүрөктөсүң асылзат,
Жүрсөңөр болду жайдары!