Ризван Исмаилова: “Куштар дагы эки-экиден учушат, ушуну такыр эсиңден чыгарба!”

“Куштар дагы эки-экиден учушат, ушуну такыр эсиңден чыгарба!” (“Августтун сегизинде” деген аңгемени окугандан кийинки ойлор) Аңгеме чакан болгону менен аябагандай түйшүктүү жанр. Көлөмү кичине же чоңдугуна карабайт, ички пайдубалындагы топурак, кум, таш, цемент ж.б. курулуш материалдары сыяктуу жана кандай устанын колунан чыкканы баалангандай, аңгеменин композициясына, тилине, баяндоо манерасына эң башкысы жазуучунун жеке стилине байланышат. Анын сюжетинен, композициялык түзүлүшүнөн алынган маани-маңыз жана идеясын ар бир окурман өзүнчө кабылдайт, өз алдынча чечмелейт. Жазуучу жана журналист Алимжан Алибековдун калеминен чыккан кызыктуу аңгемелерин социалдык тармактан окуп жүрөбүз. Айрыкча анын “Августтун сегизинде” аттуу аңгемеси окурманды толугу менен…..