Гүлзада Станалиева: Мурза Гапаровдон Кавабатага, Кавабатадан Дзэнге

Мурза Гапаровдон Кавабатага, Кавабатадан Дзэнге Мурза Гапаровду тамшанып окубаган кыргыз окурманы дегеле жоктур деп ойлойм. Себеби, анын өзгөчө сезимталдык менен сүрөттөгөн турмуш көрүнүштөрү окуган адамдын жан дүйнөсүн башкача бир арууланууга жетелеп, табышмактуу ааламга баш бактырып, гөзөл бир дүйнөнү ачып эс-акылды дендароо кылат. Мындай дендароо эстетикалык таасирдин өзү эмей эмне?.. Ошентип, эстетикалык сыйкырга байланып-багынып калган окурман чын-чынына келгенде, тили бал, дүйнөсү купуя жазуучу Мурза Гапаровдун чыгармаларынын маани-маӊызын, адабияттын тили менен айтканда, көркөм идеясын деле жакшы аӊдап-түшүнө албай калышы мүмкүн. Анын себеби, Гапаровдун түрдүү дүйнөлүк адабияттын бай казынасын казып окуп, алардан өздөштүрчүсүн толугу менен…..