Темирбек Алымбеков: Жүрөктөсүң асылзат, Жүрсөңөр болду жайдары

Урматтуу айымдар, сиздерди 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен чын дилден куттуктайбыз! Аялзатынын адам жашоосунда орду чоң. Сиздер үйдун куту, ааламдын көркү, сүйкүмдүү жар, мээримдүү эне болуп, жашообуздун ажарын ачып турасыздар.  Биз мырзалар, аялзатынын мээриминен, жылмаюусунан кубат алып, эрктүү, күчтүү болуп, сиздердин бейгам, бактылуу жашооңуздар үчүн бардык шартты түзүүгө аракет кылып келебиз. Энелерибизди, эже-карындаштарыбызды коргоо жана бакубат жашоосу үчүн жоопкерчилик алуу ар бир эр азаматтын башкы милдети.  Сиздерге бекем ден-соолук, жаркын маанай, үй-бүлөлүк бакыт каалайбыз! Ар бир күнүңүздөр майрам болсун! Урматтоо менен, КРУЖС Башкармалыгы  Байдылда Сарногоев Аял, аял Жалаң жакшы, жаманы жок аялдын, Жан жыргалы, толугу менен…..

Улуттук адабият күнү менен куттуктайбыз!

Урматтуу калемдештер, Жалпыңыздарды бүгүнкү “Адабият күнү”  менен куттуктайбыз! Сиздер, ар бир жазган чыгармаңыздардын ар сабына түнөп, түн күзөтүп, күн кечирип түйшөлүп отуруп, окурмандардын колуна тапшырасыздар. Ошол чыгарманын багы ачылса, сиздердин багыңыздар ачылып, жылдызыңыздар жанат. Андыктан ар бир жазган, жараткан эмгегиңиздердин акыбети кайтып, адамзатка жарыгы тийип турсун демекчибиз. Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун Башкармалыгы калемгерлерди колдоо, чыгармачылыгына шарт түзүү, шыктандыруу максатында алгылыктуу иштерди аткарып келе жатат. 3 жылдан бери Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен “Алтын калем” республикалык адабий сыйлыгын уюштурууну колго алып, поэзия, проза, драма толугу менен…..

Улуу жеңиш күнүңүздөр кут болсун!

Урматтуу мекендештер! Кадырлуу калемдештер! Бүгүн, 9-май Жениш күнү менен чын дилден куттуктайбыз. Кезинде душман менен салгылашып кан кечип жүрүп бизге бүгүнкүдөй жаркын күндү алып берген аталарыбызга түбөлүк таазим кылуу менен Улуу Жеңиш майрамы кут болсун демекчибиз. Урматтуу биздин баатыр аталар, энелер силер согушта кыпкызыл өрт кечип, кан кечип жүргөн талаалар эрдигиңердин аркасында бүгүн кыпкызыл гүлгө оронуп турат. Гүл заманды тартуулаган силер менен чексиз сыймыктанабыз! Эрдигиңерди эч качан унутпайбыз! Улуу согуш өчүрө албаган демиңерди, алалбаган өмүрүңөрдү убакыт уурдап жыл өткөн сайын катарыңар суюлуп барат. Андыктан көзү тирүүлөргө сый урмат көрсөтүп, көзү толугу менен…..

“Алтын калем” адабий сыйлыгынын жеңүүчүлөрү сыйланды

12-декабрь – Улуттук адабият күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, министрликтин алдындагы Улуттук адабиятты өнүктүрүү борбору, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу биргеликте уюштурган салтанаттуу иш-чара Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өттү. Министрдин орун басары Түмөнбай Колдошов, Жазуучулар союзунун төрагасы Нурланбек Калыбеков калемгерлерди бүгүнкү майрамы менен куттуктады. Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө жыл сайын уюштурулуп келген республикалык “Алтын калем” адабий сыйлыгынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Конкурстук негизде ыйгарылган сыйлыкка драма жанры боюнча 8 автор, поэзия жанры боюнча 29 автор, проза жанры боюнча 19 автор чыгармалары менен катышкан. Калыстар толугу менен…..

9-май – Жеңиш күнүңүздөр кут болсун!

Урматтуу мекендештер! Кадырлуу калемдештер! Бүгүн, 9-май Жениш күнү менен чын дилден куттуктайбыз. Кезинде душман менен салгылашып кан кечип жүрүп бизге бүгүнкүдөй жаркын күндү алып берген аталарыбызга түбөлүк таазим кылуу менен Улуу Жеңиш майрамы кут болсун демекчибиз. Урматтуу биздин баатыр аталар, энелер силер согушта кыпкызыл өрт кечип, кан кечип жүргөн талаалар эрдигиңердин аркасында бүгүн кыпкызыл гүлгө оронуп турат. Гүл заманды тартуулаган силер менен чексиз сыймыктанабыз! Эрдигиңерди эч качан унутпайбыз! Улуу согуш өчүрө албаган демиңерди, алалбаган өмүрүңөрдү убакыт уурдап жыл өткөн сайын катарыңар суюлуп барат. Андыктан көзү тирүүлөргө сый урмат көрсөтүп, көзү толугу менен…..

Айтыңыздар маарек болсун!

Урматтуу мусулмандар, Урматтуу калемдештер, Мусулмандардын ыйык Орозо айт майрамы менен куттуктайбыз! Рамазан айында, орозо айтта адам баласы бири-бирин кечирип, жакшы тилек менен бири экинчисинин үйүнө конокко барып, жакшы каалоолорун айтып, “айт маарек болсун” деп, айттап келишкен. Элибиздин эзелтен келе жаткан бул салты ар дайым биримдикте, ынтымакта болууга үндөп келет. Мындай улуу күндө элибизге тынччылык, берекеси төгүлгөн бейпилчилик, ынтымак каалайбыз. Ылайым элибиз, жерибиз ар кандай кырсыктардан, апааттардан алыс болсун. Айтыңыздар маарек болсун! КРУЖС Башкармалыгы

Нооруз майрамыңыздар кут болсун!

Урматтуу мекендештер, Кадырлуу калемдештер, Баарыңыздарды улустун улуу күнү – Нооруз майрамыңыздар менен куттуктайбыз! Нооруз жаңы жылдын, күн менен түн теңелген жаңы күндүн майрамы. Токчулуктун, молчулуктун, берекенин майрамы. Жер жарылып чөп чыккан жадыраган жаздын, жаңылануунун, жаңыруунун майрамы. Ата бабаларыбыз бул күнү кош өгүзгө соко кошуп жер бетин жаңы жылдын эсебинен алгачкы ирет тилип, эгин айдашып, апаларыбыз көжө, сүмөлөгүн жайнатып, жаңы кийимдерин кийип жакшы тилек менен майрамдап келишкен. Бүгүнкү күнү да ошондой шаң, маанай менен майрамдап келүүдөбүз. Нооруз майрамына карата канчалаган үйдө сүмөлөк кайнатылып, канча тилектер айтылат. Жүздөгөн, балким миңдеген энелер элге, толугу менен…..

Маданият кызматкерлеринин күнү менен куттуктайбыз!

Урматтуу маданият өкүлдөрү, Кадырлуу калемдештер, Баарыңыздарды бүгүнкү 2-октябрь – Маданият кызматкерлеринин күнү менен куттуктайбыз! Улут өз наркын, дөөлөттөрүн сактай алганда гана улут катары сакталып калаары ааламдашуу доорунда биротоло айкын болду. Улуттун дал ушул баалуулуктарын коргоп, көрөңгөсүн кемитпей турган маданият өкүлдөрү эмеспи. Унутта калып бара жаткан маданият менен анын өкүлдөрүнө соңку жылдары көңүл бурулуп, мамлекет тарабынан камкордукка алына баштаганы дагы жакшы жышаан. Бүтүндөй бир улуттун улуу жоопкерчилигин көтөргөн эмгегиңиздерден баар таап, эң бийик сыйлык – эл журттун алкышына арзыңыздар. Бабаларыбыз “элде болсун, эл ичинде бизде болсун” демекчи, дүйнөдө тынчтык болуп, жергебиз толугу менен…..

Абдиламит Матисаков: Биздин майрам эсиңиздеби?..

Биздин майрам эсиңиздеби?.. Ата, бүгүн майрам. Салып жиберген куттуктоомду алдыңызбы? Адатынча, чериңиз жазылганча эки-үч сапар окутуп, кайра-кайра “башка жазылган сөздөрү жок бекен? Ден-соолук, тиричилигин деле айтып койбойбу, чунак бала. Төртүнчү жылга аяк басты. Майрамдарда такыр келе элек. Бала кезинде томураңдатып, жанымда ээрчитип майрамдатчумун” деп айланаңыздагыларды күлдүрүп, кеп салып бергендирсиз. Эсиңиздеби, мен майрам күндү кандай кубаныч, элирүү менен күтчүмүн. Эртең менен кулагыма акырын шыбырап ойготконуңузда, көчө балдардын шаттуу үндөрүнө толуп калар эле. Тамакка да көңүлүм чаппай шаша берчүмүн. –Барасыңар эми, атаң экөөңө да, баарыңа да жетет майрам, – дечү апам жака-башымды толугу менен…..

Майрамыңыздар менен урматтуу калемгерлер

Урматтуу калемдештер, Жалпыңыздарды бүгүнкү “Адабият күнү” майрамыңыздар менен куттуктайбыз! Сиздер, ар бир жазган чыгармаңыздардын ар сабына түнөп, түн күзөтүп, күн кечирип түйшөлүп отуруп, окурмандардын колуна тапшырасыздар. Ошол чыгарманын багы ачылса, сиздердин багыңыздар ачылып, жылдызыңыздар жанат. Андыктан ар бир жазган, жараткан эмгегиңиздердин акыбети кайтып, адамзатка жарыгы тийип турсун демекчибиз. Сиздерге бекем ден-соолук, узак өмүр, чыгармачылык эргүү, зор жетишкендиктерди каалайбыз. Ылайым, ыр жандуу элибиздин багына бараандуу эмгектерди жаратып, эсен болуңуздар. Майрамыңыздар кут болсун! Урматтоо менен, КРУЖС Башкармалыгы Бүгүн “Адабият күнүнө” карата А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында салтанаттуу иш-чара толугу менен…..