Абдиламит Матисаков: “Атамды көргөн өлбөсүн…”

(аңгеме) Үйүбүз жогорку көчөнүн эң башында. А автобус үч көчө ылдый, дүкөндүн оозуна токтойт. Айылыбыз чоң, узун-узун алты көчө, а автобус бир жерге (дүкөндүн оозуна дебедикпи) токтоп өтөт. Биздин көчөнүн аксакалдары үмүт кылышабы, кээде: “О шопур бала, карыганда кыйраңдатпай жогорку көчөгө бир токтоп кой, кемип калбайсың” дешип калат. Анда автобус менен бир болуп келаткан кары-картаң жаалап, шопурдун ордуна өздөрү эле жоопту “катырып” коюшат. –Ысыгында ушул жерден түшүп калсаңарчы! –Же Папанга кошулуп барып, тамаша кылып келесиңерби? –Көтөр чыптаңды, кадам сайын сага токтоп жүрөлүбү!.. “Об-бо закүнчүлөр ай, өкмөттүкүн өзүнүкүндөй көргөн ушулардыкы жаман толугу менен…..