Шарль Перро: Өтүкчөн мышык

Шарль Перро

(1628-1703)

Өтүкчөн мышык

Тегирменчи өзүнүн үч баласына тегирменди, эшекти жана мышыкты мураска калтырды.

Бир туугандар дароо эле атасынын мурастарын бөлүштүрүүгө киришишти: улуусу өзүнө тегирменди, ортончусу эшекти, ал эми кичүүсү мышыкты алды.

Кичүү баласы өзүнө мышык тийгенге аябай эле капа болду.

–Байкелерим тың жашап кетишери талашсыз, – деди ал. – Ал эми мен өзүмдүн мышыгымды союп жеп, терисинен кол кап тиге турган болсом, ачкадан өлөрүм анык.

Мышык бул сөздөрдү укса да, шек билдирбестен, минтип айтты:

–Сен капа болбо, төрөм. Андан көрө, мага мешок жана токойду аралап басканга жарагыдай өтүк алып бер. Ошондо сен өзүңдүн анчалык эле жаман мурас албаганыңды билесиң.

Мышыктын ээси анын айтканына ишенерин же ишенбесин биле албай, ыргылжың абалда болду. Бирок, анын келемиштер менен чычкандарга аңчылык кылган учурдагы ар кандай амалкөйлүктөрүн эстеди да: “А балким, Мышыктын чындап эле жардамы тийээр!” деп ойлоп койду.

Төрөнүн бергендерин алары менен дароо өтүктү кийе коюп, капустаны мешокко салды да, асынып алып, токойго жөнөдү. Ал жакта коёндор оголе көп боло турган.

Мышык калп эле өлүмүш болуп, көк чөптө сулап жатты, арадан көп өтпөй, бир жаш дөдөй коён мешоктогу капустаны жейм деп, колго түштү. Мышык арыдан бери мешоктун оозун бекем байлай койду.

Иши оңунан чыкканга чексиз кубанган Мышык падышанын сарайына барды да, ага киргизүүнү суранды.

Аны дароо падышага алпарышты. Мышык падышага ийилип таазим этип, минтип айтты:

–Улуу урматтуу падышам! Менин төрөм бул коёнду сизге белекке берип жиберди.

–Андай болсо, төрөңө айтып бар, берип жиберген белеги үчүн чексиз ыраазымын.

Мышык элпек жүгүнүп, сарайдан чыгып кетти. Арадан бир нече күн өткөндөн кийин бийик өскөн буудайдын арасына жашынды да, капуста салынган мешоктун оозун ачып койду.

Бул жолу эки кекилик колго түштү. Мышык аларды алып, токтоосуз падышага жөнөдү.

Падыша ал кекиликтерди да кубануу менен кабыл алып, Мышыкка шарап куюп берип сыйлоого буюрду.

Ошентип, эки-үч ай бою Мышык өзүнүн кожоюну Карабастын атынан падышага ар кандай илбээсиндерди алпарып жүрдү.

Мышык күндөрдүн биринде, падыша өзүнүн ай десе аркы жок, күн десе көркү жок сулуу кызын алып, дарыянын жээгине сейилдөөгө барарын угуп калды. Анан өзүнүн кожоюнуна айтты:

–Эгерде менин айтканыма көнсөң, өмүр бою бактылуу болосуң. Бүгүн дарыянын мен көрсөткөн жерине сууга түшүүгө баргын, андан аркысын өзүм билем!

Карабас төрө Мышыктын тилин алып, иштин эмне менен бүтөрүн билбесе да, дарыяга барды.

Ал сууга түшүп жаткан учурда, падышанын чүмбөттөлгөн арабасы да ошол жерге келди.

Мышык күтүп жаткан, чүмбөттүү араба жакындар замат ал үнүнүн жетишинче катуу кыйкырды:

–Жардам бергиле! Жардам бергиле! Карабас төрө сууга чөгүп баратат!

Падыша кыйкырган үндү угуп, арабадан башын чыгарып карады. Ал бир нече жолу өзүнө кекилик-чилдерди алып келип жүргөн Мышыкты таанып, нөкөрлөрүнө Карабас төрөгө жардам берүүгө буюрду.

Кожоюнду суудан алып чыкмакчы болуп, Мышык чүмбөттүү арабага келип, сууга түшүп жаткан төрөнүн кийим-кечесин бүт бойдон уурулар алып кетишкенин, үнүнүн жетишинче “Уурулар! Уурулар!” деп катуу кыйкырганын айтты.

А чындыгында, айлакер Мышык өзү кийимдерди чоң таштын алдына катып койгон.

Падыша өзүнүн кол алдындагыларына, дароо барып, кийимдеринен төрөгө тандап алып келүүнү буюрду.

Төрө кийинген соң, падыша аны менен жайдары сүйлөшүп, чүмбөттүү арабага отуруп бирге сейилдөөнү сунуш кылды.

Тегирменчинин уулу аябай сымбаттуу, сулуу эле. Падыша берген кийимди кийген соң, ал ого бетер сулуу болуп, аны көргөн ханыша эстен танып, ага ашык болуп калды.

Ойлогон ою толугу менен ишке ашып жатканына Мышык аябай сүйүндү. Ал чүмбөттүү арабанын алдында чуркап баратты, шалбаада чөп чаап жүрүшкөн чалгычыларды көрүп:

–Эй, чалгычылар! Эгерде, силер, бул жер Карабас төрөнүкү деп айтпасаңар, ажалыңардан мурда өлөрүңөрдү билип койгула! – деди, коркутуп.

Араба шалбаага келгенде, падыша бул жер кимге таандык экендигин сурады.

–Карабас төрөнүн жери! – деп жооп кайтарышты Мышыктын коркутканынан улам үрөйлөрү учкан чалгычылар.

–Бали, төрө, шалбааңыз аябай сонун экен! – деди падыша.

–Айтканыңызда калет жок, падышам! Жыл сайын бул жерде ушундай чөп чабык болот.

А Мышык бул жолу да алдыда чуркап баратып, орокчуларды көрдү да:

–Эй, орокчулар! Эгерде силер падышага бул талаа бүт бойдон Карабас төрөнүн жери деп айтпасаңар, бүт баарыңды кескилеп өлтүрүшөт, – деп кыйкырды.

Падыша талаадан өтүп баратып, бул жер кимдики экенин билүүгө кызыкты.

–Карабас төрөнүкү, – деп жооп беришти орокчулар.

Падыша бул ирет да төрөнүн талаасы аябай жакшы экенин кайталады.

Мышык болсо, демейдегидей чүмбөттүү арабанын алдында чуркап баратып, ким жолукса да, мурдагы сөздөрдү кайталоону буюрду. Падыша чындап эле Карабас төрөнүн байлыгына таң калганын жашыра албады.

Мышык чуркап жүрүп отуруп заңгыраган сарайга да жетти. Ал эми, сарай болсо, дүйнөдөгү ашкан бай киши жегичтики боло турган. Жанагы падыша көрүп келаткан жердин баарынын ээси ошол Киши жегич болчу.

Киши жегич түрдүү жырткыч айбандарга айлана аларын Мышык күн мурунтан сураштырып билген. Ал, Киши жегичке барып, үч бүгүлүп салам берип, заңгыраган сарайдын ээсинин ден соолугун сурабай кете албаганын айтты.

Киши жегич Мышыкты аябай жакшы кабыл алып, сарайда эс алып кетүүсүн өтүндү.

–Мага, сиз кааласаңыз ар кандай жырткыч айбанаттарга айлана турганыңызды айтышты, – деди Мышык. – Ырас эле Сиз арстанга же пилге айлана аласызбы, чындыгын айтыңызчы?

–Бул чындык! – деп жооп берди Киши жегич каардуу үн менен. – Азыр сенин көз алдыңда арстанга айланам. Жакшылап карап тур!

Алдында турган олчойгон чоң арстанды көрүп, Мышыктын жүрөгү түштү, дароо үйдүн чатырына чыга качты, бутундагы өтүгү анын жылмакай чатырда жүрүшү үчүн абдан ыңгайсыз эле.

Киши жегич кайрадан адам кейпине келгенде, Мышык акырын чатырдан түшүп келип, аябай коркуп кеткенин айтты.

Киши жегич катуу каткырды.

–Сизди, абдан кичинекей жандыктарга да, мисалы, келемишке же чычканга айлана алат деп айтышкан болчу. Мен буга ишене албай турам!

–Ишенбейсизби? – деп корс этти Киши жегич. – Азыр өз көзүңүз менен көрөсүз!

Ошол замат ал кичинекей чычканга айланды да, ары-бери жүгүрүп жүрдү.

Мышык чычканды көрөрү менен аны баса калып, жеп жиберди.

Ошол учурда падыша өтүп бараткан. Ал Киши жегичтин эң сонун сарайын көрүп, ага кайрыла кетүүнү чечти.

Мышык көпүрөгө жетип калган чүмбөттүү арабанын дабышын угуп, чуркап алдынан тосуп чыкты.

–Кош, келиңиздер, улуу урматтуулар, Карабас төрөнүн азем сарайына, – деп айтты.

–Айтыңызчы, Карабас төрө! – деди Падыша. – Бул сонун сарай да сиздикиби? Өмүрүмдө буга окшогон укмуш сарайды көргөн эмесмин! Уруксат болсо, сарайдын ичи менен таанышалы.

Төрө жаш ханышанын чүмбөттүү арабадан түшүшүнө жардамдашып, экөө падышанын соңунан баратышты.

Алар Киши жегичтин меймандары үчүн чүйгүн тамак-аш даярдалган кенен залга киришти. Киши жегичтин меймандары өздөрүнө арналып даярдалган эртең мененки тамакты ичмекчи болуп жатышкан, бирок сарайда падыша бар экендигин угушуп, кирүүгө батына алышпады.

Падыша, Карабас төрөнүн өзүнө эле эмес, анын толгон байлыгына да суктанып жатты. Падыша беш-алты жолу шараптан ичкен соң:

–Урматтуу төрө, эгерде сиз менин кызыма үйлөнүүнү кааласаңыз, мага айтыңыз! – деди.

Төрө жетине албай, көрсөткөн сый-урматы үчүн таазим этти да, чексиз ыраазылыгын билдирип, жан-дилинен макул болду. Ал ошол эле күнү ай чырайлуу ханышага үйлөндү.

Ошондон кийин, Мышык өзгөчө сый-урматка арзып, чычкан аңдыганын токтотту. Кээде гана көңүл ачкысы келгенде эрмек кыла турган.

Которгон: Байтемир Асаналиев