Генрих Дик: Тоодогу балык уулоо

Акын, жазуучу, драматург, котормочу, коомдук ишмер, Украинанын эл аралык адабият жана искусство академиясынын мүчөсү Геннадий Дик – биздин жердешибиз. Кыргызстандын Талас жергесинде Ленинполдо туулуп, Советтер Союзунун мектебинен өтүп, 1979-жылы Пермь мамлекеттик университетин аяктаган. Адвокат, юрист кеңешчи болгон. 1993-жылы Германияга көчүп кеткен. Учурда Германияда жашайт, китеп чыгарган чоң басмакананы жетектейт. Анын чыгармалары дүйнөнүн көп тилдерине которулуп, айрыкча орус окурмандары тарабынан жакшы кабылданган. Көп макалалар жазылып, изилдөөлөр жүргөн. Айрыкча анын “Күмөндүү немис (Немец под вопросом)” китеби улуттук аң-сезим, өзүн-өзү таануу, адам тагдыры жаатында катмарланган түрдүү ойлорду камтыйт.

Генрих Дик

Тоодогу балык уулоо

Ичиндеги окуя ушул күндөрү Кыргызстанда болуп өткөн курч сюжеттүү аңгеме. Эки эркек жана аялдан турган (эрди-катын Германиядан келген) эс алуучулар тобу тоодон балык уулап, ага катар Ала-Тоонун кереметине бөлөнүп кайтуу үчүн аттанышат. Бирок көздөгөн жерлерине жетишкенде түрмөдөн качып чыккан кылмышкерлерге кез келишет… Балык уулоочулар кармалып, колу-буту байланып, туткунга түшөт. Эмне кылуу керек? Жагдайды оңоо мүмкүн эместей, бирок тоонун кайсы бир жеринде дагы бир киши жашырынып жаткан болот – качкын бандиттер тарабынан өлтүрүлгөн чабандын тууганы, кыргыз кызы. Ал туткундарды сактап калууга аракет кылат…

Эки жигит боз чопо дубалдын түбүндө туруп сүйлөшүп атышты. Сол жагында алардан эки кадам ары тайыз арыкта ылай суу шарылдап агып жатат. Батыш тараптан, аскалуу тоолордун капталынан, кыштактын үстүнөн салкын кеч тарткынчыктап кирип келатты. Койлор маарайт, коңшу көчөдөн өзөгүн айра айкырган эшектин үнү угулат.

–Демек, эртең менен, Михаил, – деди шыңга бойлуу, кой көз, чымыр денелүү адам маектешине кубаныч менен, колун ушалап. – Эртең балык уулоого түнөгөнү барабыз – тоого!

–Ооба, меники макул болду, – деди Михаил. Анын жогорку жаак сөөктөрүнөн нур жанып, жылмайганында мурутунун кара үлпүлдөк учтары өйдө серпилип турду. – Акыры ынандырдым. Сеники баары даяр да, туурабы?

–Эбак эле. Курттарды болсо эртең менен казып алам. Кандай дейсиң, Бертаны алып алсакпы? Ал маган тынчтык берген жери жок. Немисчесинен: “Мени бул жакка эмнеге апкелдиң эле? Уй менен жылкыны карасын деппи? Мындай рахат Германияда деле толо” – деп эле атат.

–Албетте, аялсыз жакшы болмок, – деп жооп берди Михаил үшкүрүнүп. –Балык уулоо сыяктуу иште алар жөн гана тоскоолдук. Бирок, бир чети, албай койсок дагы – сага анан кыйын. Мейли, бара берсин. Бирок тоолордо дабыш чыгарбасын. Эскертип кой муну, Володя.

–Ооба, айттым. Ал жагынан мактанып атат. Тоолорду өзүнүн жакындан карап алганына деле тоскоолдук керек эмес да…

Эркектер алдыдагы балык уулоого даярдыктарды көпкө талкуулашты, алар тарап кеткенде караңгы болуп калган.

Эртең менен эрте ошол эле дубалдын жанында жүрүшкө ылайык кийинген үч адам турду. Володя менен Бертанын артына илинип турган жапжаңы жашыл рюкзактары бар эле, алардан бүктөлүүчү таякчалардын учтары чыгып турган. Михаилдин оң ийнине жол баштыгы арта салынып, экинчи ийинине мылтык илинген.

-А мылтык эмнеге? – деди Владимир досуна учурашып атып.

–Менин Татьянам болбой койду – деди Михаил күлүп. – Облустук түрмөдөн бир нече бандит качып кеткенин ал кечээ радиодон угуптур. Аябай тынчсызданды. Кайра эле коё бергиси келген жок. Мен мылтык, гильзаларды алып, ага Ильяс менен түнөйбүз деп убада беришим керек болчу. Эсиңде барбы? Ал капчыгайда тентип жүрөт, биз ошерге барабыз да.

–Ооба, андан да жакшы! – Владимир кубанды. – Ильяс бизди кечкисин тамактандырат, анын кымызы дагы болсо керек.

–Кымызы бар – маа демектен куюнсаң болот – өзүнүн үйүр жылкысы бар да!

–Эмне, жылдыкпы? – деди Владимир. Анан аялына жүзүн буруп, орусча сурады: Как рюкзак, плечи не тянет?

–Нор–маль–но,– муундап жооп берди Берта. Анын толмоч, кызыл эриндери жылмая түштү. – Зво–я но–ша не тя–нет.

Орусча үйрөнүп атат! – сыймыктана түшүндүрдү Владимир досуна. Анан үчөө чаң баскан асфальт менен алыстан көрүнгөн тоолорду көздөй бет алышты. Бир сааттан кийин алар шаркырап аккан суусу бар капчыгайга жетип барышты. Эки капталдагы тоолор бийиктеп, тик болуп, жол – оор жүк ташыган унаалар менен басырылган таштак топурактуу жана ийри–муйру, кээде шымды түрүп, кайда басаарыңды тандап, суунун агымы азыраак жерлерден басып өтүүгө туура келгендей болуп экиге бөлүндү. Өткөндөн кийин алар бир канча убакыт аптаптуу күндүн астында буттарын жана шымдарынын суу болгон багалектерин кургатып отурушту. Тыныгуудан пайдаланып Берта бир дарактын түбүнө отуруп алып, сыйкырлангансып суунун бийлегенсиген кыймылын карап отурду. Михаил менен Владимир балык уулоого кетишти.

Көп балык кармагандан кийин алар капчыгай менен кысылган кичинекей ачык жерге токтоону чечишти, ал жерде суу менен жылмаланган бир нече чоң таш жарым тегерек болуп жаткан.

–Ein Hocker!* – Берта таштарды көргөндө кубанып күбүрөнүп, дароо алардын бирине отурду да, күйөөсү менен бирге шорпо үчүн балык тазалай баштады. Михаил дарыяны кечип өтүп, аскалуу бурулуштун артына көздөн кайым болду.

–Хо–ро–шо,– деди Берта күйөөсүнө күлмүңдөп, бычак менен балыкты кырып атып. – Здесь хо–ро–шо…

–Мен сага айтпадым беле!– жайнай түштү Владимир. – Бул тоолордон артык эч нерсе жок. А сенин Кыргызстанга келгиң келген жок эле.

–Heimat,– деди аял ойго бата.– Klar… Das ist deine Heimat*.

Михаил бир тутам чөптү кармап аянтчага жетип келди. Бир нече таштын ортосуна от жагып, үстүнө коюлган казанга суу куюп, көп узабай майлуу балык шорпосу даяр болду. Владимир тарелкаларга ысык даамдан куйду.

–Бул жерден Ильястын лагерине чейин дагы он беш чакырым – деп желим кашыктан этияттык менен ысык балык шорпосун ууртап атып Михаил жубайларга түшүндүрдү. Кечке жуук жетип барабыз.

–Ал мурдагыдай эле жалгыз жашайбы? – кызыга сурады Владимир.

–Жок, бир кыргыз кыз аган жабышып алган, өзүнөн жыйырма беш жаштай кичүү го. Ичке, сулуу – күйөөлөгөндөрдүн аягы жок. Бирок баарына эле ойлонбой “жок” дейт экен. Бизде аны Ильястын аялы экен деп да сөз чыгарышкан. Бирок мен буга анча деле ишене бербейм. Алардын мамилеси ата менен кыздыкындай эле. Кээ бирөөлөр анын ким экенин, кайдан келгенин билүүгө аракет кылышкан. Унчукпайт, сөз чыгара албайсың. Кимдир бирөөнүн кызыгуусу өтө эле тереңдеп баратса, Ильяс камчы менен чаап калат.

–А өзүң аны акыркы жолу качан көрдүң эле?

–Бир жыл мурда. Ал айылга аябай аз келет. Көбүнчө тоодо. Анын үстүнө менин ишим дагы кандай экенин билесиң: фермадан түз үйгө, үйдө болсо– огород, чарба дегендей. Конокко барбайм. Бул жерде баарыбыз жапайы болуп кеттик. Кээде эстейсиң, мурда кандай жашачу элек, бийге, дарыяга сууга түшкөнгө кандай жүгүрчү элек. Э–хе–хе… Биздин компания кыйрады: бири Германияга кетти, бири Россияга – жакшы оокат үчүн, жадагалса кыргыз достордун көбү деле тарап жок болду. Биздин айыл жок болуп баратат, жок болуп баратат…

–Балким сен деле бир жакка кетесиң? – деди Владимир капалуу жылмая. –Россияга же дагы башка жакка?

–Жок, мен бул жактан кетпейм. Жанымда бул тоолор жок болгонун элестетсем, чөгө түшөм. Анын үстүнө баары жаман деле эмес. Татьянам, балдарым бар. Мына, сен келдиң. Өкүнүчтүүсү, бат эле кайра кетесиң.

Түштөнүп бүтүп, алар асканын жанында өскөн эки кайыңдын түбүндө сөңгөгүнө далысын жөлөп отуруп калышты. Ошол маалда алыстан күркүрөгөн үн угулду. Жакындаган сайын күркүрөгөнү күчөп, анысы көп үн менен жаңырыктап, жана бат эле бул добуштан винттердин шырылдаганы даана угула баштады.

–Вертолет, – деди таңгалып Михаил. – Гм… Кайдан? Биздин райондо, менимче, бирөө да жок.

Мүнөт сайын шырылдаган үн күчөп, алар орундарынан туруп дарыяга чыгып баратканда көк асманда кызгылт сары түстөгү вертолёт көрүндү.

Буларды байкашты. Вертолёт акырын ылдыйлай баштады, анан ошол жерде эки жолу бурулуп, алардын башынан элүү метрдей өйдө көтөрүлүп, кайра көккө сызды.

–Алар бизди карады, – деди Владимир Михаилге. – Бирөөнү издеп жүрүшөт окшойт. Сенин аялың качып жүргөн бандиттер жөнүндө эмне деп атты эле?

–Так эсимде жок. Эки күн мурун абактан үч адам качып кеткен окшойт. Бирок алар тоого келишмек деп ойлобойм. Бул жерде бандиттерге кайдагы жашоо?

–Тоодо жашынган оңой да,– деди ойлуу Владимир. – Макул, кеттик андан ары. Биздин көп деле убактыбыз жок, ал эми тынып турбасак токтоосуз дагы жүрө албайбыз.– Ал аялына карады.– Сен кандайсың, аябай чарчаган жоксуңбу?

–Я мо–гу, мо–гу, – жылмайды Берта. – Только, по–жа–луй–зта, не бызтро.

Жолдон эки жолу тыныгып, төрт сааттан кийин алар ак кардын тактары бар учтуу таштары көктү көзөп өтчүдөй болгон тоо кыркасына жакындап келишти. Тоолордун этегинде чөп менен бадалдар жыш өскөн өрөөн жайкалып жатат. Бул жерге жеткенде мурдагыдай буркан-шаркан болбой жайылып аккан дарыядан анча алыс эмес жерде арык, чоң жылкылар багылат. Кээ-кээде катуу бышкырынган сулуу кызыл айгыр бээлерди тигиле карайт. Бийик асманда өз ээлигине көз салып бүркүт учат.

–Тигине, көрүп атасыңарбы,– тоолордун биринин этегин колу менен жаңсап көрсөтүп кыйкырды Михаил, – Ильястын боз үйү турат, жанындагы таштан салынган сарайга малын киргизет.

–Ich sehe nichts*,– жактырбай башын чулгуду Берта.

Владимир аялына жакын келип, башын аяр буруп, керектүү жакты каратты.

–Эми көрдүңбү?

–Да–ле–ко,– күлдү Берта. – Это еще да–ле–ко.

Жакында эс алышаарына кубанып, Михаил, Владимир, Берта үчөө Ильястын турагын көздөй ылдамдай басышты. Боз үйдүн чебер колдор менен кылдат жасалган оюулары көрүнгүдөй болгондо, Михаил катуу кыйкырды:

–Ильяс–аке! Меймандарыңды тос, Ильяс аке!

Үндөгөн жооп жок.

–Ал үйдө эмес окшойт,– боолголоду Владимир.

–Азыр көрөбүз,– деп күбүрөнүп Михаил боз үйдүн түндүгүн өйдө түрдү.

Ошол ирмемде анын көкүрөгүнө мылтыктын учу такалып, жана кимдир-бирөө акырын, бирок опузалап сүйлөдү:

–Ийиниңдеги мылтыкты чеч дагы, жерге ташта.

Ийининдеги мылтыкты жай чечип аткан Михаилди көрүп, Владимир аялына жүгүрүп келди да, анын ийининдеги рюкзакты жулуп алып, ага кыйкырды:

–Rehn zu Pferden! Weg von hier!*

Корккондон Бертанын көздөрү алая түштү, ал буйдалып калганча боз үйдөн колунда мылтыгы бар, бою пас, жырык эрин жана булуттанган көк көздүү бирөө чыкты. Кытмыр жылмайып, алгач эшиктин жанында капаланып турган Михаилди, анан Владимир менен Бертаны карады. Анын артынан дагы эки киши келди: бири узун бойлуу, кыркка жакындап калган, башындагы чачы чоң, экинчиси кыргыз, отуздарда, маңдайы бийик, бүркүт мурун. Үчөө тең бирдей кийинишкен: боз өтүк менен шым, эскилиги жеткен койчунун күрмөсүн ийиндерине ыргытып, жүндөн боо байлап коюшкан. Эркектердин белинде булгаары кынга салынган аңчылык бычактары илинип турат. Владимирге кыргыздын жүзү тааныш көрүндү.

–Оо, аял, туугандар! Аял! – деп кыйкырып жиберди эрини жырык жигит. –Булар менен аял бар экен! Кудай берди!

–Кыйкырба, Жырык,– деди чачы ылдыйлаган киши, жылмайып.– Биз сокур эмеспиз. Аял экенин көрдүк.

–Ох, керемет болсо керек! Ох, керемет! – баратып бийлеп, бандит Бертага жөнөдү.

–Шашылба, Жырык,– деди таз киши катуу сүйлөп. – Үлгүрөсүң.

–Коркпо, Улук, коркпо. Мен жөн эле көрөйүн деп атам. Тирүү аял көрө элегиме беш жыл болду.

Ал Бертага келип, жаагын сылады, андан кийин жамбашын кармайын деди эле, Владимир күч менен аны аялынан оолактатты.

–Эмне?! – жырткычтай болуп кыйкырган Жырык мылтыктын болтун булгалады. – Тийбейинби! Керек болсо азыр сени да өлүккө айлантам!

–Атпа! – кыргыз катуу кыйкырып, таз баштуу бандитке кайрылды:– токтот мобул келесоону, Улук! Октун үнүн кимдир-бирөө угуп калат.

–Бул менби, сволочь?! – Жырык мылтыгын кыргызды көздөй бурду. – Эх сен, орус кебетеси жок!..

–Жетишет, – деди Улук ачууланып. – Алдыбызда дагы көп нерсе бар, Сен бул жерде мылтыкты чукулайсың. Киргиз буларды боз үйгө, сүйлөшөбүз.

Жырык туткундарды боз үйдүн жарым караңгы жана салкын бөлмөсүнө түрткөндө, Улук эркектерге ийиндериндеги жүктү алып, килем төшөлгөн жерге отурууну буйруду да, өзү кире бериштин маңдайындагы сандыкка отуруп алып жылмайып сүйлөдү:

–Айткыла…

–Эмнени айталы? – деп сурады Михаил таң калып.

–Бул жерде эмне кылып жүрөсүңөр? Каяктан?

–Муну биз силерден сурашыбыз керек, мында эмне кылып жүрөсүңөр деп?

–Сен тилдүү экенсиң, карасам… А тилдүүлөр көп жашабайт. Суроого жооп бер, сенден  азырынча кишиче сурап атканда.

–Биз балык уулап жатканбыз. А биздин кайдан экенибиздин силерге кандай айырмасы бар?

–Жырык, буларды сыйпалап көрчү… – деп буйрук берди Улук. – Жандарында документтери бар бекен.

Жырык туткундардын жанын тинтип, айрыкча Бертаны көпкө сыйпалады. Владимир ордунан туруп, дагы кийлигишүүнү каалады эле, бирок кыргыз ага эскертүү катары башын чайкады.

–Аялда жана мобу мурутчанда эчтеме жок,– деди Жырык. – Ал эми сары чачтын ксивасы бар экен. Болгону биздики эмес – чет өлкөнүкү!

–Көрсөтчү! – деп буйруду Улук.

Ал Владимирдин немис паспортун көпкө текшерип, анан документти кыргызга берди:

–Окучу, Темир, сен арабыздагы эң сабаттуу эмессиңби.

«Темир? – Владимирдин башына кылт этти. – Байтемир эмеспи?».

–Бул немис паспорту,– деди Темир салмактап документти алып. – Бул адамдарга тийгенге болбойт, булар – чет элдиктер.

–Эмне айырмасы бар, биздикиби же башкабы? Унутпа, Темир, менин жогото турган эч нерсем жок.

–Бирок менин жогото турган нерсем бар! – кыргыз ордунан ыргып турду да, бычакты кынынан сууруп алды. – Эгер силер бул адамдарды шылдыңдай турган болсоңор, мен силерди тоодон ашырбайм. Ансыз да жетет…

–Үндөбө! – айкырды Улук, анан кичине туруп кошумчалады: – Жинди болдук, жетишет! Бычакты кат, Темир. Бул сволочторго тийбейбиз.

–А аялдычы? – Жырык титиреди. – Улук, аялдычы?!

–Оозуңду жап! – ачуулуу унчукту Улук. – Өлүп кетпейсиң. Менде бул «меймандар» боюнча жакшы идея бар. Булардын курсагын тойгузгула да, байлап салгыла, таң аткыча боз үйдө укташсын.

Жырык туткундарга бир нече кесим нан, үч бөтөлкө кымыз алып келди. Михаил менен Владимир тамакка киришишти, Берта ашка колун да сунган жок.

Алар тамактанып бүтүшкөндө, сырттан караңгылык кире баштады – түндүктөн жана  боз үйдүн шыбындагы кичинекей тешиктен гана жарык алсыз чагылып турду. Бир сааттан кийин аларды отурган жерлеринен эле колу-буттарын байлап, катар жайгаштырышты. Бандиттер жүн одеялдарды жамынып, сандыктын жанына жайгашышты.

Түнкүсүн Владимир капталына бирөө нукуганда ойгонду. Ал артында жаткан Михаилге мүмкүндүгүнүн болушунча башын буруп, кулагына акырын шыбырады:

–Мен уктум, бир жактан иттин үргөнү угулуп атат. Балким, бул Ильяс менен Сейде. Алар бизге жардам беришет деп эле ойлойм.

Владимир башын чайкап, шыбырап жооп берди:

–Булардын кандай беймарал уктап атканын көрүп атасыңбы? Тигилерди өлтүрүп салышкан окшойт. Балким, бир жерде байланып жатышат.

Михаил оор үшкүрүндү.

–Байтемир эсиңде барбы? – деп сурады Владимир.

–Мен аны дароо эле тааныдым. Бул – ошол.

–Ал булар менен кантип байланышып калды экен?

–Ким билет? Ал да бизди билди окшойт, болгону таанымаксан болуп атат.

Аңгыча бандиттердин бири одеялдын алдынан оодарылды. Владимир маңдайына жаткан аялына бурулуп, бардык денеси менен аган ыктап жатты. Боз үй сууктагандан сууктады. Кайсы бир алыс жерден аттардын кошкурганы угулат. Ал көзүн жумуп, артына байланып катып калган колдорун кыймылдатып, уктаганга аракет кылды, бирок майнап чыккан жок. Бири экинчисинен шумдук болгон кутулуу амалдары анын башында ойноп атты. Бирок боз үйдө байланып жатып, ал эмне кыла алат эле? Аны ойлоонун мааниси жок болчу, бирок керек учурду күтүш керек. Андан кийин ал көпкө чейин качандыр бир мектепте бирге окуган Байтемир жөнүндө ойлонду. Байтемир Михаил менен дос болчу, ошондуктан алар тыныгууда чогуу ойношуп, кыздарды шылдыңдашканы өзүнөн-өзү белгилүү…

Бешинчи класстан кийин Байтемир капысынан жоголуп кетти, Михаил ага анын ата-энеси менен кайдадыр Ысык-Көл тарапка кеткенин айткан. Жылдар өттү, ал эч качан Байтемирди эстеген жок, ал башка көп досторду күттү. Ал эми Германияга кетүү бала кездеги нерселерди кайдадыр кара дубалдын артына жылдыргандай болду. Бирок эми качан Кыргызстанга келгенден кийин балалык менен боз улан кездеги башка адамдар менен катар эчаккы унутулган Байтемир, бандит Байтемир пайда болуп атат.

Таң атты. Бандиттер ойгонуп, боз үйдөн чыгышып, эмненидир шыбырашып сүйлөшүп атышты. Кылмышкерлердин бири боз үйгө айдап кирген койдун маараганы менен жылкынын кишенегени угулат.

–Алар жолго даярданып атат окшойт,– деди Михаил.

Владимир ага жооп бергиси келди, бирок ошол учурда Берта акырын ыйлап баштады.

–Ich möchte nach Hause, – деп ыйлады ал. – Wladimir, bring mich bitte nach Hause!*

Ал акырын аялын сооротуп баштады. Бандиттердин бири түндүктү түрүп, боз үйгө кирди.

–Укта, өлүк,– Жырыктын үнүн угушту. – Булардын эч бир санаасы, түйшүгү жок. Тургула! Жандуураак!

–Адегенде чечкиле,– деди Михаил.

Жырык алардын буттарындагы түйүндөрдү чечип, туткундарды боз үйдөн жетелеп чыгарды. Чачыраган күндүн нурларынан көздөрүн жүлжүйтүп турган Владимир айланасына көз чаптырды. Эки бээнин жанында Улук турат. Темир сыңар тизелеп, бычакты чебердик менен алып, мууздалган койдун терисин сыйрып жатты. Дагы бир жаныбар өз кезегин капалуу күтүп турган.

Жырык аларга жерге жайылып жаткан кийиздин жанына отурууну буйруду да, колдорундагы жипти чечип, тамак алып келди. Алар шашып жей башташты.

–Карачы, Улук, бул бир туугандардын кийимдери кандай, – деди Жырык күтүлбөгөн жерден Михаил менен Владимирди көрсөтүп. – Бизге кийине турган убак эмеспи? Бизди бирөө көрсө, туристпиз, бирок бул экөө… түрмөдөн качкан уурулар!

–Кыйынсың,– деди Улук жылмайып. – Жакшы идеяң үчүн рахмат.

–Анан Темир аялды чечиндирип койсун,– Жырык шайырлана берди. – Ага башка кийим жок. Дегеле кыргызга кийимдин кереги эмне?

Темир башын көтөрүп, Жырыкты карай бурулду. Көздөрү жалт-жулт этип, колдору титиреп, бирок күтүүсүз келген ачуусун басып, койдун терисин сыйрууну уланта берди.

Улук менен Жырык туткундарды курал менен опузалап, эркектерди чечингенге мажбур кылды. Улук өзүнө Владимирдин кийимин тартып алып кийсе, чапчак келди. Михаилдин шымы, көйнөгү жана жүрүшкө кийген күрмөсү Жырыкка чоң келип калды – ал жеңи менен багалегин түрүп кийди. Владимир менен Михаилге бандиттер өздөрүнүн эски кийимдерин ыргытышты, Улук алардын кантип шымды кийип аткандарын карап туруп, сунушун айтты:

–Менин силерге, чет өлкөлүктөргө айтаар жакшы сунушум бар. Эки күндөн кийин силер өзүңөрдүн эркиндигиңерди сатып алсаңар болот – элүү миңге. А аялдын баасы өзгөчөрөөк болот, биз ага тийген жокпуз, намысын сактап калдык. Ал кымбатыраак турат. Силердин туугандарыңар силерди сатып алса – жашайсыңар. Болбосо – силерге башкача нерсени колдонобуз. Менин сунушумду ойлонуп көргүлө. Жакшылап ойлонгула… Кимге жазасыңар, эмне деп кабарлайсыңар. Мен дагы ойлоном, бул ишти кантип тууралаш керек.

–Сонун идея! – Сүйүнгөнүнөн секирип жиберди Жырык. – Сенин башың баш, Улук!

Болжол менен дагы эки саат өттү; бандиттер алыскы жол үчүн даярдыктарын көрүп бүтүштү: жылуу кийимдер, идиш, тамак-ашын жоош аттарга жүктөштү. Калган буюмдарын Владимир менен Михаил көтөрө турган рюкзактарга тыгышты.

Жолго чыгышты. Алдыда Михаилдин жүрүш сумкасын көтөргөн Темир атты жетелеп, жол баштап баратты. Башка атты Жырык жетелеп баратат; анын оң ийинине мылтык асылган. Туткундарды бандиттер бири-бирине чынжыр кылып илгерки кулдарды соодалагандай аркандашты. Кортежди Улук мылтык менен коштоп баратат.

Жыйырма мүнөттөй жолду басып, капчыгайга тереңдеп кирип барышты, Темир капыстан өйдө жактан койчунун камчысы чыгып турган кичинекей үйүлгөн таштын жанына токтоду, жанында эски мергенчилик кур жаткан экен.

—Оо, Жараткан! – деп катуу кыйкырды. – Бул эмне?

Бандиттер менен туткундар үйүлгөн таштын жанына токтошту. Жырык чочуп айланасын карады, Улук бир нече секунд туруп, таң калып, анан мындай деди:

–Кеттик андан ары! Карай турган эч нерсе жок. Жырык, сен акыркы барасың. Анан айланаңды жакшылап кара.

–Ильястын камчысы менен куру,– шыбырады Михаил.

Владимир башын ийкеди, учурдан пайдаланып, аялын бооруна кысып:

–In den Bergen sind die Leute. Wir kriegen Hilfe…*

–Силер малчыны эмнеге өлтүрдүңөр?– калчылдап сурады Темир. – Минтпеш керек болчу…

–Оозуңду жап, козел! Азыр сенин каныңды ичем! – Улук айкырып, мылтыктын оозун кыргызга каратты.

–Өлтүр! – деп кыйкырды кыргыз. – Бирок унутпа, тегерегиңдин баары – тоо!

–Макул, кеттик… – Улук мылтыгын түшүрдү. – Бирок сен да биз менен баратканыңды унутпа. Сен дагы биздей эле кылмышкерсиң.

Алар андан ары жөнөштү. Темир жолдон чыгып, топту араң байкалган чыйыр менен улам жогору, карлуу чокуну карай баштап баратты. Күн чаңкайып тийип тургандыктан, көк асман улам кадамдаган сайын жакындагандай, жакында аган кол менен жетчүдөй, ал жолчуларды күмүштөнгөн тоо чокуларына өткөрбөчүдөй туюлат.

Бертанын артынан тоого чыгып баратып Владимир коркунуч менен мындай кыйын жолго ал канча убак чыдаар экен деп ойлоду. Ар бир кадам сайын аялдын жүрүшү улам оорлоп, анын деми тез жана үзгүлтүксүз болуп жатты.

Тилекке каршы, Жырык биринчи болуп тыныгууну ойлоду. Ал бир аз селдейип, абадан ышкырык менен дем алып, Темир эс алуу үчүн ыңгайлуу аянтчаны тандаары менен ташка отура алып, армандуу күбүрөнүп койду:

–Эх, азыр анаша болгондобу…

Калгандары да аскадан он метрдей алыс акырын отурушту, арттарында боз, пирамида сымал аска көтөрүлгөн; андан ары кар баскан, көгүш тоолор көрүнүп турду.

Бир маалда пирамида түрүндөгү таштын кичинекей аянтчасында колунда мылтыгы бар, эркектердин кийимин кийген кара тору кыз пайда болду, анын бутунда төкөрөңдөгөн карышкыр ит айланып жатат.

–Эй, адамдар! – аял аларды чакырды. – Ильясты эмнеге өлтүрдүңөр?

Темир чыңалып, колдорун көтөрүп, бирок күчү кетип калгансып кайра түшүрдү…

–Сейде, бул сенсиңби? Сейде… – оозунан сөз ыргыды.

–Да, бул менмин, Байтемир! Эмнеге, айтчы, сен, анан бул экөө, – ал Улук менен Жырыкты жаңсап көрсөттү, – Ильясты өлтүрдүңөр?

–Мен минтейин деген эмесмин, ант берем сага!

—Атып сал, энесин урайын! – болушунча айкырды Улук колундагы мылтыкты чечкинсиз айлантып карап турган Жырыкка.

Мылтыктын үнүнөн чыккан жаңырык тоону каптады. Ит жетелеген аял аскадагы бойдон жок болду.

–Эх, жайладың! – эрдин кесе тиштеп, үн катты Жырык.

–Атканга кантип колуң барды? – кыргыз ордунан ыргып турду. – Сен эмне, менин аны менен сүйлөшүп атканымды көргөн жоксуңбу?!

–Улук буйруду,– колун жаңсады Жырык. – Андан сурап ал.

Темир эңкейип, мылтыктын оозун өзүнө тартып алды. Ал аны Жырыктын колунан дээрлик жулуп алды, бирок Улук аны башка мылтыктын кундагы менен чаап калды. Оозун ачып, көзүн ала качкан кыргыз чөпкө жыгылды.

–Тезирээк бул экөөнү чеч, – деди Улук колу менен Михаил менен Владимирди көрсөтүп. – Темирди сүйрөп кетишет. Биз бул жерде бутага окшоп отурабыз…

Аянт бат эле бошоп кетти. Алдыда, таштардын арасындагы ийри-муйру жолдо Улук аттар менен кетип баратты. Владимир сол колу менен Темирдин башын кармап, оң колу менен тулкусун кысып, артынан жөнөдү. Кыргыздын бутун Михаил кармады. Топту Берта менен Жырык жаап баратты.

Бир маалда Темир көзүн ачты. Владимир аны токтотуп, жерге түшүргүсү келди. Кыргыз башын чулгуп, антпе дегендей ишаарат кылды.

–Мен Улукту алам, – деп шыбырады Темир. – Жырыктын мылтыгын ал.

Владимир башын ийкеп, эки жагын карады.

–Сейде! Кайдасың, Сейде? – деп кыйкырды Темир эсине келгендей түр көрсөтүп.

–Тургузгула аны,– деди Улук бурулуп, аттарды токтотту. Жакын жерде бирөө эки жолу ышкырды. Бээлер тынчсызданып, акырын кишенешти. Жырык тынчсыздана айлананы карады. Улук айкырды:

–Бул ошол, бул жаңкы кыргыз аял! Жырык, туткундарды байла. Темир, бери кел.

Темир Владимирге көз кысып, Улук турган жакты карай кадам шилтеди. Жырык анын колун аркасына кайрымай болгондо, Владимир күч менен аны курсакка түртүп, мылтыгын тартып алууга аракет кылды. Михаил кармашып аткандардын жанына чуркап келип, Жырыкты оң колдон алды. Октун атылганы угулду. Михаил ооруганынан катуу кыйкырып, титиреп кетти. Владимир досуна карап, мылтыгынын оозун бир саамга кое берди. Жырык учурдан пайдаланып, куралды четке ыргытты.

–Бертаны алып бул жерден кач! – деп кыйкырды Владимир ийини жарадар болгон Михаилге, Жырык менен күрөшүп атып.

Владимирдин башынан дагы бир ок жаңырганда, ал жаш бандит менен күрөшүп бүтөйүн деп калган. Алардын артында Улук турган.

–Эмне?! – көздөрүн тостойтуп, жапайыланып кыйкырды бандит. – Мени жоготоюн дедиңерби? Ооба, мен азыр экөөңдү тең иттей кылып атып салам!

–А, балким, чын эле, жайлап салабыз экөөнү тең? – деди да Жырык жерде жаткан Владимирди тепкилей баштады.

–Жетишет, токтот, – деди Улук. – Андан көрө карачы, Темир эмне болуптур. Мен аны өлтүрө сабап салдым окшойт. Ал өлгөнгө дагы эрте, бизге али керек.

–Эх, аялдын качып кеткени кандай өкүнүчтүү, – ооз учунан күбүрөндү Жырык. – Көңүлүбүздү ачпайт белек…

Владимир кыйынчылык менен ордунан турду да, отуруп калды. Жырык Улукка Темирди алып келди. Кыргыздын башындагы жарадан сарыккан кан бетинен агып кетти.

–Сен муну эмне кылгансың? – деп сурады Жырык.

–Дагы кагышып кеттик. Эмне, Темирушка, жаман болуп атасыңбы? – кыргызды карап, шылдың аралаш күлдү Улук. – Өз кишилериңе каршы чыгуу кандай экенин жакшы эстеп каласың…

Мына, абдан жакын, үч жолу катуу ышкырык чыкты. Ага чейин жайбаракат туруп калган бээлер капыстан тапталган жол менен ылдыйды карай учуп жөнөштү. Алар тебелеп кетчүдөй атырылып жөнөгөндө, тургандар коркуп артка чегинип жатышты.

–Азаматсың, Сейде! Жоокер Сейде! – деп толкунданып кыйкырып жиберди кыргыз.

–Оозуңду жап! – Улук жинденгенден титиреп жатты. – Бардык запасты түгөттүк. А сен, кыргыз, бизди бул жакка сүйрөп келдиң… Анан сатып кеттиң… Жырык, бул экөөнү байлап сал, биз кетишибиз керек.

Жырык шашылыш түрдө туткундардын колун байлап, өздөрү болсо тоону карай жылып жөнөштү. Улук, башы айланганын жашыра албай, көп убакта артка кылчактап карап атты. Алар дагы элүү метр басып өтүштү. Улук Жырыкты четке алып чыгып, бирдемелерди шыбырады.

–Мени кечир, Володя, – деди Темир, бандиттерди сактана карап. – Биздин жолугушуубуз жакшы болбой калды…

–Азыр муну сүйлөшкүдөй убакыт эмес, – колун шилтеди Владимир. – Кандай деп ойлойсуң, булар бизди эмне кылганы атышат?

–Менимче, алар бизди кайра артка, Ильястын конушуна кайтарганы атышат. Азырынча тоодо Сейде жүргөндүктөн, алар бизге эчтеке кыла алышпайт.

Ал ортодо бандиттер сөздөрүн токтотуп, куралдарын алмашышты дагы, андан кийин Жырык аркандан тартып туткундарды ары жагы үрөй учурган бийик аска болгон жапыз өскөн дарактардын түбүнө сүйрөп барды.

Улук жолдо турган бойдон катуу кыйкырды:

–Сейде! Биз сени менен сүйлөшөлү дегенбиз, Сейде!

Аял жооп бергенче, ал бул сөздөрүн үч жолу кайталаганга туура келди:

–Мени менен эмнени сүйлөшөйүн деп атасың, жаман адам?

–Менде мында дагы эки туткун бар. Алардын бирин бошотуп алгыдай бийлигиң бар. Сен запастары менен аттарды бизге кайтарасың– мен бир адамды бошотом.

–Ишенбе ага! – болгон үнү менен кыйкырды Темир: – Ал алдап атат!

Жырык болгон күчү менен Темирди бетке муштады.

–Оозуңду жап, сволочь, өлтүрөм!

–Эгерде сен аттарды кайтарып бербесең, – кыйкырганын улантты Улук, – анда он беш мүнөттөн кийин бирөөнү атам!

Тынчтык өкүм сүрдү. Улук Жырыкка жакындап келип, эки бандит тең куралдарын камданып, аялдын үнү чыккан жакты карай тынчсызданып карап башташты. Владимир байланган колдорун буруп, саатына карады. Мүнөттөр зымырап өтүп, жүрөгү дүкүлдөдү. Кайсы бир жакын жерде бир удод бир нече жолу кыйкырды.

Улук дайындаган мөөнөт бүтөөрүнө саналуу гана мүнөттөр калганда, жолдо жүктөрү бар эки ат пайда болду. Бир ит чуркап келе жатты. Бээлер акырын басып өйдө көтөрүлүштү. Анан аттар асканын жанындагы бир топ адамды кууп жетип калышты. Владимир алардын артында бирөө турганын көрдү.

–Уруксат бер, аны бутка тебейин, – деп шыбырады Жырык Улукка.

–Коё тур…

–Кач, Сейде! Алар сени өлтүрөт! – деп болгон күчү менен кыргыз кайра кыйкырып жиберди.

–Камалгандарды бошоткула! – деди Сейде, үнү катуу, токтоо.

–Биз саган бирөөн гана убада кылганбыз.

–Мага экөө тең керек.

–Немисти чеч, – деп буйрук берди Улук Жырыкка жана анын түйүндөрдү кантип чечип жатканын байкагандай түр көрсөтүп, тез эле аттарды көздөй чуркап, алардын оң жагына айланып өтүүгө аракет кылды. Аны көздөй бир карышкыр чуркады. Жырык Улукка жардам берүү үчүн жылып кете жаздады эле, бирок Владимир эки колун бийик булгалап, өзүнүн колунан Темирдин колуна чейин тартылган арканды Бандиттин мойнуна ыргытты. Кыргыз Владимирдин ниетин түшүнүп, анын айласын кайталады; аркан сыйыртмактай болуп Жырыктын мойнуна илине түштү, үчөө дарактардын жанына жыгылды. Атышуу болду. Андан кийин дагы. Ит үрдү. Аттар катуу кишенеп, коркуп кетишти. Жырык кыңылдады. Владимир бир аз туруп, Улуктун тоого чуркап баратканын көрдү. Аны менен жылкылардын ортосунда таштардын үстүндө кансыраган карышкыр жатат. Бир маалда бандит бурулуп, көздөрү жиндидей жалтылдап, мылтыгын ийнине такап, оозун өзү тарапка бурду. “Баары!” – деп ойлоду Владимир. Сейденин да бутага алганын көргөн жок. Эки ок дээрлик бир убакта тийди. Улуктун мылтыгынын оозунан чыккан октон жыгач сынды, бандит титиреп, чуркап жөнөдү, бир секундда таштын артына көздөн кайым болду. Улуктун мылтыгынын огу Жырыкка тийип, ал титиреп барып унчукпай калды.

Тынчтык өкүм сүрдү. Владимир көзүн жумду, анын тирүү экени ага укмуштай көрүндү. Көзүн ачса, Сейде алардын үстүндө эки жылкыны байлап кармап туруптур. Аял унчукпай ийнинде илинип турган чабандын баштыгынан бычакты алып, колундагы жипти кесип алды.

–Сейде, мылтык бер. Мен аны сага алып келем, Сейде, – деди Темир. “Кылмышкер башка кылмышкерге аңчылык кылбайт”, – деди аял капаланып.

Владимир Темирди карады. Кыргыздын көзүнөн жаш куюлуп, Темир башын көтөрбөгөн бойдон күбүрөндү:

–Сеники туура…

Анан ордунан туруп, көңүлү чөккөн бойдон басып кетти.

–Михаил менен менин аялым кайда экенин билбейсиңби? – деп сурады Владимир Сейдеден, жерден туруп атып.

–Алар боз үйгө кетишти, – деди аял. – Кабатыр болбо, мен ал кишинин жараатын таңдым, ал баса баштады. Сен дагы шашыл.

–А сизчи? – таңгалып сурады Владимир.

–Мен Батыр менен коштошушум керек,– деди да, жаагын анын жумшак капталына басып, иттин жанына жатты.

Владимир жерден мылтыкты алып, өлүп жаткан Жырыктын белиндеги патронташты чечип, жогору – кардуу чокуларды карай кеткен жолду тиктеген бойдон куралын камдап калды. Сейде өйдө тураары менен ал өйдө жөнөдү. Темирди кууп жетип, Владимир аны ийинден тарта кучактап, алдын көздөй бир нече кадам басышты.

–Мага кечирим жок, – деди кыргыз, анын көздөрү жашка толгон. – Бул жакка бул адамдарды мен алып келдим, анан алар Ильясты өлтүрүштү, алар Сейдени да, силерди да өлтүрүшү мүмкүн болчу…

–Болду муну сөз кылбачы, – деп суранды Владимир.

Жаркыраган күн зенитинде тоңду. Анын нурлары менен жылынган боз таштар тымтырстыкта тынч уктап жатышты..

–Байтемир, бул адамдардын арасына кантип түшүп калдың? – деп сурады Владимир боорукер жылмайып.

–Байтемир? Туура, мен Байтемирмин… Мени ушинтип чакыр. Кантип түшүп калдым? Чын эле билгиң келип атабы? Бизде Союзда кымгуут заман башталган кезде мен техникумду бүтүргөм. Кыргызстан өз алдынча мамлекет болуп калды, андан ары эмне болоорун эч ким билген жок. Бизди, техникумдун бүтүрүүчүлөрүн, ар кайсы айыл-кыштактарга бөлүштү, барсамбы, барбасамбы деп көпкө ойлондум. Шаардан жумуш тапкан жокмун, ишканалардын баары жабылып атты, анан мен бир ай бою тентип, кандайдыр бир киреше издеп бийик тоолуу совхозго – чектелген жериме барууну чечтим. Совхозго келгенимде, таңгалган нерсем, кубанып тосуп алышты – мал чарба комплексинде иштегенге жөнөтүштү. Эң алыскы сүт фермасынан мен татынакай Сейдени жолуктурдум – ал өзүнүн агасы Осмон менен музоолор багылган жерде иштейт экен. Аны көрүп, башымды жоготтум, менин фермага келбей калган бир дагы күнүм болгон жок. Кызды көрүп калсам, аябай бактылуу болчумун. Бирок анын жанына барып, бирдеме айтканга чечкиндүүлүгүм жеткен жок. Мындай кылганга кыйын болгону бир чети менин тартынчаактыгыман, ошол эле учурда анын аркасында көлөкөдөй болуп дайыма агасы ээрчип жүргөндөн болду. Анан бир күнү фермага келсем, анда Осмон жок болуп чыкты. Ал ооруп калыптыр, ошентип кыз менен сүйлөшкөнгө менде мүмкүнчүлүк болду. Тартынчаактыгымды жеңип, ага келдим, анан бир он мүнөттөй ар нерсени сүйлөштүк. Анан мен аган аны менен күн сайын көрүшкүм келгенин айттым.

–Бул мүмкүн эмес, – деди ал кабагын чытып.

–Эмнеге? – деп таңгалдым мен.

–Муну түшүндүрүү маган оор, андан көрө сурабай эле койчу.

Дагы эки күн Осмон фермада болгон жок. Дагы эки күн тагдыр маган бакыт берди, анан үчүнчү күнү кыз иштеген корпуска келгенимде капысынан Осмондун кызды кучактаганга аракеттенип атканын көрдүм. Сейде аны колу менен түртүп кыйкырып атат:

–Болду, сураныч, болдучу!

–Эмне кылып атасың, Осмон! – деп кыйкырдым мен. – Сен эмне? Ал сенин карындашың да!

–Жогол мындан, – сөгүнүп баштады Осмон. – Бул сенин ишиң эмес.

–Менин ишим! Мен аны сүйөм. Угуп атасыңбы, Осмон, мен аны сүйөм, ага үйлөнгүм келет.

–Жок, буга мен үйлөнөм!

–Эмне деп атасың, Осмон?! Акылың ордундабы! Сен кантип карындашыңа үйлөнөсүң?

–Карындашымбы, жокпу – айырмасы жок! Кандай болбосун, мен баары бир аны аял кылып алам.

Ушундай кызыктай сөздөрдү сүйлөп, Осмон музооканадан атып чыкты, экөөбүз калып калдык.

Сейде ыйлады. Мен анын жанына барып, жаш салаалаган жүзүн көкүрөгүмө бастым.

–Мен сени сүйөм, Сейде, – дедим мен ага. – Мага турмушка чыкчы.

–Чын эле сен ошенткиң келеби? – деди ал. – Бирок болбойт го. Менин жашоомдо кандайдыр бир сыр бар. Мен сага бактысыздык алып келем, Байтемир, андан көрө мени жайыма кой…

–Мага баарын айтып берчи, – деп сурандым. – Менин сүйүүм сени жылытат.

Ал бир канча секунд үндөбөй туруп, анан буларды айтып берди:

–Мен аз эле нерсени билем… Жыл сайын менин ата-энеме кандайдыр бир киши келет, алар аны менен көпкө чейин сүйлөшүшөт. Ал келээрден мурун мени укмуш бир кулпуртуп кийинтишет, кооз зер буюмдарды тагынтышат, болгон жумуштардан бошотушат. Ал эми качан ал келгенде мени үйдөгү эң жакшы бөлмөгө отургузушат. Бир күнгө мен эч нерсе кылбаган ханыша эле болуп калам. Кичинекей кезимде мен бул күн келээрде аябай сүйүнчүмүн. Ал мага укмуш бир окуя, керемет болчу. Бирок сегиз жашка чыкканымда капысынан терезеден капкара болгон кайгылуу көздөрү бар мурутчан жүздү көрүп калдым. Аябай корктум. Мен кыйкырып, бөлмөнү айланып чыктым. Андан бери мени бул бөлмөгө камашса эле мен акырын терезеден шыкаалайм. Бирок ал киши андан бери терезеге келбейт. Кээ бирде гана эшиктин жанынан жумшак дабышын угам. Бул күн өтөөр менен менин үстүмдөгү кымбат көйнөк, зер буюмдарды шыпырып алышат да, мен кайра акылы жок бузулган жаман кыз Сейдеге айланам. Мен апамдан бир нече жолу сурадым:

–Бул киши менин күйөөмбү? Силер мени ага берем деп койдуңарбы?

Анын ачуусу келип, мени жаакка чапкылап баштайт.

–Сенин эмне ишиң бар! Эч кандай киши да, күйөө да жок. Эгерде ушундай тантыган сөздөрдү сүйлөп, же бирөөнө ойдон чыккан бирдемелерди сүйлөсөң, мен сени камчы менен өлөөрчө сабайм.

Жакында ал киши биздикинде кайрадан пайда болду, менимче, Осмон бир нерсени угуп калып, ошондон бери башкача. Мурда менин ар бир кыймылымды карап эле жүрсө, эми маган асылып баштады. Мен ага ойнош болушум керек экен, келесоо… мен анын кылык-жоругу жөнүндө ата-энеме айта албай атам. Алар ишенбей, мени урушат го деп атам.

–Эртең, – дедим мен, – ата–энеңдин үйүнө келип, алар менен сүйлөшөм.

–Алар сенден калың талап кылышат, – капалуу жылмайды Сейде. – Чоң калың. Мага көп эле киши куда түштү, бирок эч кими андай чоң калыңды бере алган жок…

–Сен эмнеге айылдык кеңешке кайрылып көрбөйсүң, – дедим мен, – болгонду айтып? Мага руксат бер, барып, айтып берейин…

–Сага ким ишенет? Атам айылдык кеңештин төрагасы менен аябай дос.

–Баары бир, бир нерсе кылса болот. Көрөсүң, мен бир нерсени ойлоп табам, – деп мен музооканадан ишенимдүү чыктым. Эшиктин оозунан кыткылыктаган Осмон менен көрүштүм.

–Мен баарын уктум, – деди ал. – Сен аны албайсың, байкуш!

–Аны көрө жатабыз! – дедим мен Сейде үчүн тоону томкороор ишеним менен.

Бирок кийинки күнү эртең менен Сейде, Осмон, ата-энеси болуп, оокаттарын жүктөп бир жакка кетишкенин билдим. Өзүмдөгү почта ящигинен Сейденин мага жазган катын таптым; ал: «Мен сени сүйөм, Байтемир. Бирок татаал тагдыр бизге каршы болсо, эмне кылабыз. Мени издебе. Ушул жакшы болот» – дептир. Мен дароо эле совхоздон иштен чыгып, толук үч жыл бою Сейдени бүтүндөй Кыргызстандан издедим. Жүрөгүмдүн жарым бөлүгү кызга болгон сүйүү менен жанса, калган жарымы Осмонго болгон жек көрүүгө толду. Баарына ал күнөөлүүдөй сезилди. Түшүмө бир шумдуктар кирет. Осмон аны зордуктап атат, бөлмөгө Сейденин ата-энеси баш багып, күлкүдөн чачышат.

Не деген гана айылдарды аралабадым, не деген гана тоо жолдору менин кадамымдын дабышын угушкан жок! Мен толук үмүтүмдү үзүп калган кезде капысынан бир жолу Талас өрөөнүндөгү бир автобус аялдамасынан Осмонду көрүп калдым. Ал мени көрүп эле качып жөнөмөй болду, мен аны дароо кууп жетип, жакадан алып Сейдени сурадым:

–Айт, Сейде кайда?

Ал менин бетиме күлүп карады:

–Сага менин ойношум Сейде керекпи? Мен сени ага апарам. Эгер мага төлөп берсең аны сага ойногонго берем…

Менин көздөрүм караңгылап кетти. Чөнтөгүмдөн бычак алып чыгып, Осмондун курсагына матырып алдым.

Андан кийин сурак болду. Жаш тергөөчү такып сурайт:

–Айт, айтчы мага, эмнеге Осмонду өлтүргүң келди?

Мен ага эчтеке деген жокмун.

Мени соттошту; судья өкүмдү угузуп атканда мен кыйла жылдардан кийин биринчи жолу кайрадан Сейдени көрдүм. Ал залда ата-энесинин жанында кара кийинип туруптур. Мен аны көзүмдү албай карадым. Эки-үч күндөн кийин апам мага транзиттик абакка келип, Сейденин “Бул дүйнө таш боор болгондой эле сен дагы таш боорсуң”  деген кыска сүйлөм менен жазылган катын берди.

Соттун өкүмү боюнча мен түрмөдө жети жыл отурушум керек болчу. Андан ары жашагым келген жок. Алгачкы күндөрү өзүмдү өлтүрсөм деген ой келди. Бирок айлар, жылдар өтүп атты, мен көнүп кеттим: эртең менен жумушка барам, кечинде – казармага; азык-түлүк, керебет бөлүштүрүү. Жашоо эмес эле, жаман түш. Бир күнү жумуштан кийин мага Жырык деген лакап аты бар Мальцев деген туткун келди.

–Биз уктук, Темир, – деди ал, – сен тоолордон көп басыптырсың. Биздин сага ишибиз бар…

Мальцев мени түрмөнүн Улук деген лакап аты бар авторитетине ээрчитип келди. Ал болсо мага Жырык менен анын качуусуна жардам беришимди суранды. Аларга Өзбекстандын тоолору аркылуу аларды качырып ийе турган коштоочу керек экен. Ойлонуп көрөйүн дедим. Чынын айтсам, качкым келген жок. Атам өлгөн, энем кээде жолугууга келип турчу. Менин эркиндикте кылаар эмнем бар эле? Бирок дал ошол күнү мен капысынан энемден кат алдым. Атам өлгөндөн кийин ал биздин айылга көчүп барган. Энем Ильяс койчу айылга кайсы бир жактан Сейде деген жаш кызды алып келгенин жазыптыр. «Мен аны көчөдөн бир жолу көрүп, дароо тааныдым. Бул кыз – Осмондун эле карындашы. Мен жакындап барсам, Сейде буркурап ыйлап, бетин жоолугу менен баскан бойдон качып жөнөдү. Ошол бойдон аны көргөн жокмун. Ал дээрлик бардык учурда Ильяс менен тоодо, капчыгайда», – дептир энем.

Кайра Сейдени көрөм! Өмүрүмдө жок дегенде эми бир жолу Сейдени көрөм… Бул үчүн мен көп нерсеге даяр болчумун. Мен Улук менен жолугуп, ага алар менен бирге бараарымды айттым. Ага картадан маршрутту көргөздүм. Ага мен тоодон бир киши менен жолугушум керектигин айттым.

–Сен мага убада бер, – деп талап кылдым, – сен бул адамга жана анын туугандарына зыян келтирбейсиң.

–Бул жөнүндө тынчсызданба, – деп күлдү Улук. – Биз сейилдегени бараткан жокпуз, анан бизге ашык татаалдыктардын эмне кереги бар?

Эки жумадан кийин үчөөбүздү акыр-чикир салган машине менен түрмөнүн аймагынан чыгарып салышты. Мен түрмөдөн качуу мынчалык жеңил болот деп эч качан ойлогон эмесмин: Улук эки кароолчуну сатып алып, алар бизге эркиндикке чыкканга жардам беришкен экен. Мен Улук менен Жырыкты ушул капчыгайга келе турган жолго салгам. Экинчи күн ортологондо Ильястын лагерине жеттик, ошол маалда анан ал жакка вертолет келип калды. Чоң таштардын аркасында жашынып, биз милиционерлердин кантип Ильяс менен сүйлөшүп атканын көрдүк. Алар түшкү тамагын ошол жерден жеп, учуп кетишти.

–Мен койчуга жолугуп келейин, – дедим Жырык менен Улукка. – Силер көрүнбөй бул жерде отуруп тургула. Мага акча бергиле, андан ат, аны-муну сатып алганга аракет кылалы.

–Сен биринчи сүйлөш, – мыйыгынан күлдү Улук, – анан келип акча алып кетесиң.

Мен таштардын арасынан ачыкка чыгып, Ильястын боз үйүнө жөнөдүм. Койчу боз үйдүн жанында пиалага буркуратып куюп чай ичип отурган. Сейде эч жерден көрүнгөн жок. Биз учураштык.

–Сен кимсиң? – кыргызча сурады аксакал.

–Менин атым Байтемир. Мен сизден бир нече ат жана кой сатып алайын дегем, Ильяс аке.

–Сен мени кайдан билесиң?

–Мен мектепте окуган кезде, сиз колхоздо койчу болуп иштечүсүз, Ильяс аке.

–Сен жанагы түрмөдөн качып чыккан Байтемир эмессиңби? – капысынан түз эле сурады койчу.

–Ооба, ошол…

–Жаман адамдар менен байланышып алдың сен, Байтемир. Маган милициядагылар айтышты, сенин жолдошторуң – апийим боюнча соодагерлер. Алардын бирөө, жанагы улуусу көп кишинин канына забын болгон.

–Сиз, мурда Сейде маган айтып берген адам эмессизби? – кызуулана сурадым мен, капыс келген божомол башымда ойной түштү. – Айыпсыз кызды көргөнү анын ата-энесине жыл сайын сиз келчү эмес белеңиз? Айтсаңыз, ага сиз кандай калың төлөдүңүз, Ильяс аке?

–Сен Сейдени билесиңби? – койчу колдорун көкүрөгүнө кысты. – Сен жанагы ал айтып берген Байтемирсиңби?

–Ооба, так ошол.

Мен сөзүмдү улагыча, абышка кырылдап барып, отурган жерине жыгылды. Анын далысында бычак чыгып турат.

–Бычакты сен укмуш саясың, Улук, – чөптүн арасынан чыга келген Жырык аны мактады.

–Үч жыл деңиз аскеринде… Жакшы мектеп болгон, – деп Улук дагы ордунан турду. Андан кийин мага карап мындай деди:

–Мына, ишти жөндөдүк. Акча дагы керек болбой калды.

–Силер эмне кылдыңар?! – деп кыйкырдым мен. – Муну эмне өлтүрдүңөр? Сен мага убада бербедиң беле, Улук!

–Сен билесиңби, мени эмне үчүн азыркыга чейин атышкан эмес? – мыйыгынан күлдү Улук. – Мен күбөлөрдү тирүү калтырбайм. А убада деген… Ага ишенген киши келесоо!

«Мен кандай келесоомун, – ичимден коркунуч менен ойлодум. – Ким менен байланышып, кимге ишенгенди тааптырмын… Ушул тегеректе Сейде болсочу? Ал эмне болот?!»

Мен боз үйгө ыргып кирип, ичин карадым. Бактыма жараша, ичинде эч ким жок экен.

Артымдан боз үйгө Жырык кирди, андан мылтыкты көрүп кубанып кыйкырды:

–Улук, бизде эми мылтык бар! Мында жылуу кийим-кече да бар экен– чапанбы, дагы башка…

–Тинт, дагы балким бирдеме табасың, – үн катты Улук.

Андан кийин алар Ильястын сөөгүн бир жакка алып жөнөштү. Жырык менен Улук боз үйгө келээри менен силерди көрүп калдык.

Бул кайгылуу окуяны угуп, Владимир чыйыр жол менен акырын бараткан Байтемирге кайгылуу карады. Ал ага эмнени айтып, кантип сооротот? Ал, Владимир, эки жумадан кийин кайра ток, кооз Германиясына кетет, ал эми бул, акыркы жылдардагы өмүрү бүт адам чыдагыс азапка малынган адам кайра түрмөгө түшөт.

Аларды чыйыр жолдо Сейде эки ат менен кууп жетти. Владимир аялга кызыгуу менен карады. Жанагы уккан нерселеринен кийин ал аялдын өмүрүндөгү бардык нерселерди билгиси келди. Кыргыз аял болсо чарчаңкы: көзүнүн алдылары кара-көк тартып, ийиндери шалпайган.

–Мен муну издегем, – кайгылуу айтты Сейде Владимирге. – Бирок бул үчүнчүсү аябай жашыныптыр.

–Мындай тобокелчиликке эмнеге бардыңыз? – ачууланып кыйкырып жиберди Владимир. – Колунда курал бар да!

–Мен андан коркпойм, – аттан түштү аял. – Мен аны баары бир табам, бүгүн болбосо, эртең.

–Сиз мени кечирип коюңуз, – капысынан суроого батынды Владимир, – Ильяс аке сизге ким болчу эле?

–Ильяс – маган атамдан дагы кымбат, – акырын унчукту аял. – Анын жанында жашоо бакыт болчу. Ильяс тоолорду, өзүнүн мекенин сүйчү, ал адамдарды сүйчү…

–Сиз көрдүңүзбү, аны кнтип өлтүрүштү?

–Жок, мен Батыр менен аңчылыкта жүргөм. А кечинде үйгө келсем, ит таштардын аркасында оролуп жаткан Илиястын сөөгүн тапты. Түнкүсүн мен аны атка өңөрүп башка жакка апардым, жерге көмдүм, анан киши өлтүргүчтөрдү бийликтин колуна өткөрүп берем деп убада кылдым.

–Ильясты мен өлтүргөн жокмун, Сейде! – катуу кыйкырып жиберди Байтемир. – Мен алардын өлтүргөн жатканын билген жокмун. Ишен мага, Сейде!

–Бул эми эмнени өзгөртөт? – чарчаңкы сурады аял. – Сен өзүң качандыр бир адамды майып кылгансың, ошондой үрөй учурган нерседен кийин дагы эмне үчүн анткениңди айтып убара болгон жоксуң. Ошондуктан сенин киши өлтүргүчтөр менен келгениңе деле таңгалбайм.

–Бирок сен билесиң да, эмне үчүн мен Осмонду майып кылганымды. Сен эч нерсе билбейсиң да! Мени уксаң, суранам, укчу!

Владимир Сейде менен Байтемирдин ачык сөзүнө тоскоол кылбайын деп астыга кетти.

Ал тез басып, тааныш жол менен Ильястын боз үйүнө келди. Боз үйдүн кире беришинен аны кубанган Берта тосуп алды.

–Schatz! Das kann ich nicht glauben. O, Gott, sei dank!*

Ал башынан сылап, эркекти тынымсыз өпкүлөп атты, бир аз басылгандан кийин сурады:

–Und wo sind die beiden Kirgisen?*

–А Михаил кана? – жооп бергендин ордуна Владимир суроо узатты.

–Боз үйдө, – күлмүңдөдү Берта. – Кы-мыз ичип атат.

Владимир боз үйгө баш бакты. Михаил төшөк жамынып жерде жатыптыр, анын баш жагында бош чыны турат.

–Сен кандайсың? – деп сурады Владимир.

–Ийинден жараат алдым, –Михаил ачуулуу жылмайды. – Калгандары кайда? Өзүң кантип бошонуп кеттиң?

–Анан, анан… – кол шилтеп койду Владимир. – Баары жакшы. Улук качып кетти… Сен бир аз чыда, – ал бир аздан кийин кошумчалады. – Байтемир Сейде менен келсин, анан мен жардам сурап айылга кетем.

–Ох, маган Татьянадан келет жардам, – деп үшкүрдү Михаил.

Владимир боз үйдөн чыгып, чекесин күндүн көзүнөн колу менен калкалай, Байтемир менен Сейде келээр жакты карады. Анан акыры ал аттардын алдында келаткан эки адамдын сөлөкөтүн айырмалады.

Бир маалда мылтыктын катуу үнү жаңырды. Алыстан бир адам чайпалып барып кулады.

Владимир жардамга умтулду.

–О байкушум, Байтемир! – Сейде чөгөлөп, жаш кыргыздын башын жөлөп турду. – Жок дегенде бир сөз айтчы, мен дагы сени сүйөм, угуп атасыңбы! Мен сени абдан сүйөм…

Ал ордунан ыргып турду да, алаканын жайып, аргасы түгөнө катуу кыйкырды:

–О Кудай, аны менден ала көрбө!

Владимир кыргыздын үстүнө эңкейип, койчулук күрмөсүнүн бүчүлүгүн чечти да, көкүрөгүндөгү кансыраган жараатты карады. «Жүрөккө тийбептир» – деген ой башына келди. Ал ордунан туруп, аттын жүгүн түшүрүп, баштыктардын биринен бандиттердин жолго даярданганда салып койгон таңуу материалдарын таап, жараатын этияттык менен таңып койду. Анан Байтемирди кучагына алып, боз үйгө ылдамдап басты. Сейде ыйлаган бойдон ага жакындап, катар басты.

Он мүнөт өтпөй Сейденин жардамы менен Владимир атка минип, болушунча камчыланып капчыгайга кирип кетти. Өрөөндө чарчап, дел болгон бойдон келатып айылдык милиционердин үйүнө туш келди. Жакшы адам экен, ал облуска шашылыш чалып, жылмайып Владимирге билдирди:

–Вертолет чыкты! Милиция менен кошо дарыгер келет.

Владимир башын ийкеп коюп жолго чыкты, күйүккөн атты ооздуктап, чарчагандан теңселип, жарылган асфальт жол менен Михаилдин үйүнө жөнөдү. Пирамида кейиптенген теректердин жалбырактары акырын шуудурайт. Тоодон сыдырым жел урат. Өрөөнгө тынч, бейкапар кеч келди.

Татьяна алча дарагынын астында кичинекей отургучка отуруп алып, жыты буркураган чоң алмаларды майдалап туурап отурган экен. Владимирди көрүп ордунан турду, анын толмоч жүзү таңгалгандан кериле түштү:

–А Михаил кана?

–Сен толкунданба, – уялып жооп берди Владимир. – Аны кичине жарадар кылышты… Аны эртең областтык ооруканадан көрөбүз.

–Эмне, жарадар кылыштыбы?! Ох, силердин ушул балыкчылыгыңар… Мен ага айткам да, айткам…

–Сен андан көрө атты сугарып, чөп бер, – Владимир сөзүн бөлүп, чылбырды берди да, андан ары көчөгө чыкты…

***

Эки ай өттү. Владимир кечинде өз үйүндө диванда отурган. Берта ашканада өзүнчө алек. Ал эртең менен аялы почтадан алып келип берген Михаилдин катын эки жолу окуп чыкты. Жумуштан келсе, Берта конвертти кубанычтуу булгалап тосуп алган.

Ал конвертти ачып, катты үн чыгарып окуду: «Саламатсыздарбы, кымбаттуу досторубуз Владимир менен Берта! Силердин чыдамыңарды кетирбей, дароо ишке өтөйүн. Силер, албетте, милициянын Улукту тоодон силер кете электе эле издеп баштаганын билесиңер. Көпкө чейин издеп, акыры аны илбирс жутуп койгон го деп издегенин токтотушкан. Анан мына үч жума болду, Сейде көздөрү алактап жулмаланган аны биздин милицияга алып келди. Айыл бүт аны карагысы келди эле, милиция жолоткон жок. Качан гана бандитти алып кеткени облустан милиция келгенде гана биз аны көрдүк. Аянычтуу эле бирдеме болуп калыптыр! Эски дымагы менен текебердиги кайда кеткен. Ал эми, түшүнүктүү – тоолор жаман адамдарды жакшы көрбөйт.

А Байтемир ооруканада жатып айыгып, ошо менен жок. Аны баарыбыз эле билип турабыз, Сейде менен тоонун бир жеринде жүрөт. Аны бирок азырынча эч ким издеген жери жок. Биз мында бүт айылдыктар ага ырайым кылуусун өтүнүп Президентке кат жаздык. Бишкектен бир чоң келиптир, сыйлап, аттап-тондоп узатсак, жардам берем деп кетти. Сейде келип, биздикине кирип калат, чай ичебиз, сүйлөшөбүз, сени, Бертаны эстейбиз. Ал бизге өткөн турмушунан бир нерселерди айтып берип калат. Бул сулуунун көрбөгөнү көр экен! Багып алган ата-энеси ага жарык көргөзбөптүр (Золушка жөнүндөгү жомокту эсте). Бирок биздин Сейдебиз андан да жаман турмушту көрүптүр. Өзгөчө Осмондон; ал капысынан карындашы эмес экенин билгенден эле тынчтык бербептир. Эми Осмон деле жыргаган жок – майып деп айтышат, Ош облусунда жолдордо тентип жүрөт дейт.

Биздин Ильяс койчу болсо жыл сайын Сейденин баккан ата-энесине аны карагандыгы үчүн көп акча берчү экен. Тиги кишилер болсо мындай акчаны алып, жокту билишпептир: таттуу жеп, таттуу уктап. Ильяска болсо: «Мына, жыргап-куунап жашап атат, кийинилүү, курсагы ток». А чындыгында кызга келген акчадан өзүнө кыпындай да жумшалчу эмес экен. Качан кыз 21ге чыкканда Ильяс аны өзүнө алып кетиптир. Мурда ушундай сүйлөшүлгөн экен. Биз тааныштардан уксак, жетимге берилген акчалар Сейдени баккан ата-энеге деле буюрбаптыр. Алар болгон акчасын жеке ишканага салса, ал – мына сага, күйүп кетиптир! Сейде, алтын кыз, муну билгенде, аларга почтадан акча которуптур. Ал Осмонго дагы жардам бергени жүрөт. Ага эмне дей аласың?

Сейденин ата-энеси жөнүңдө бизде эч ким эч нерсе билбейт. Айылда көрүнгөндүн башын айтып атышат. Айтымдарга караганда, Ильястын карындашы бар болчу экен – айдай сулуу. Он алтыга чыкканда ал келишкен жигитти сүйүп калып, андан боюнда болуп калат. Атасынын жини келип, аны өлтүрмөк болот. Бирок Ильяс карындашын тоого катып, ал кыз төрөйт. Төрөттөн бир нече күндөн кийин өлүп калат. Ильяс колундагы ымыркай менен калат. Эмне кылсын? Ата-энесине алып барып бере албайт… Ошондо ал кичинекейди биз тарапка алып келип, жаңы эле уулдуу болгон жаш үй-бүлөгө берген экен. Бирок, мунун баары чынбы, калппы, эч ким билбейт. Эми анын чын-төгүнүн кантип билесиң? Ильяс аке жергиликтүү эмес болчу – ал Алма-Ата тараптагы бир жактан дешчү. Сейде бул жөнүндө унчукпайт, эч кимге эч нерсе дебейт. Балким, өзү деле эч нерсе билбейттир. Жайында кайра келгиле, тоого балык уулаганы чыгабыз. Менин Татьянам болсо унчукпай калган, мурдагыдай наалыбайт. Балык уулаганга жиберет».

Владимир катты четке жылдырып, ашканага жөнөдү.

–Кандай дейсиң, келаткан жайда Кыргызстанга барабызбы? – деп сурады Бертадан.

–Nein! – башын чайкады ал. Андан кийин жылмайып сөзүн улады: – Андан көрө бизге келишсин. Сейде менен Байтемирди дагы чакырганды унутпа. Келип, Германияны көрүшсүн.

Ein Hocker!* – (*Отургуч – нем.)

Das ist deine Heimat* – (*Ата журт! ТүшүнүктүүБул сенин ата журтуң. – нем.)

–Ich sehe nichts*, – (*Я не вижу. – нем.)

Rehn zu Pferden! Weg von hier!* – (*Аттарды көздөй жүгүр! Кач! – нем.)

Ich möchte nach Hause, – Wladimir, bring mich bitte nach Hause!*(*Я хочу домой. Владимир, я хочу домой. – нем.)

In den Bergen sind die Leute. Wir kriegen Hilfe…* – (*Тоодоадамдар. Бизге жардам беришет. – нем.)

Schatz! Das kann ich nicht glauben. O, Gott, sei dank!* – (*Кымбаттуум! Ишене албайсың. Кудайга шүгүр! – нем.)

Und wo sind die beiden Kirgisen?* – (*А кыргыздар кана? – нем.)

Которгон: Аида Эгембердиева

“Генрих Дик: кыргыз кайрык” (2023) китебинен