Мирзохалим Каримов: Кыз күйүтү

Кыз күйүтү Улуу агам үйгө ыраӊы кубарыӊкы кирип келип: –Энемди ооруканага жаткырышты, – деди оор улутунуп. Бейкапар олтурган жаным, муну укканда чочуп кеттим. Жүрөгүм негедир ийне сайгандай катуу туйлап алды. «Доктурга көрүнүп кайра келем дебеди беле…» Эртеси мектепке да барбай, ооруканага кандай жетип келгенимди өзүм билбейм. Босогодогу нөөмөтчү аялдан айттырып жиберген соӊ, эки көзүмө жаш толуп, күтүп турдум мостоюп. Арадан кыйла убакыт өткөндөн кийин, жасалма жылмайып чыктыӊыз эне. Бир эле күндүн ичинде анардай жүзүӊүздүн кызылы качып, өӊүӊүз аза түшүптүр. Мага жакыныраак келип, көзүмдөн аста өөп, оттой кызып турган мээримдүү алаканыӊыз толугу менен…..