Жумабек Токтогазиев: Жолбун

Жолбун

(аңгеме)

…Эгер, Алдар-Көсө кокусунан тирилип кетип, бул мытайым президенттин алдынан карпа-курп чыга калса, аны дагы далысынан жылуу-жумшак таптап: «Жумурай журтубузга атыңыз даңаза болуп туруп, тирүүлөй тозоктун бул жарык дүйнөсүнө кайрадан келип калганыңызга бир чети таң калып турсам, экинчи жагынан Сизге боорум ооруп, эңшерилип жатат. Сиздин ордуңузда мен болсом, бир жетип, бирде жетишпей чыркырап жашап жаткан мындай жашоодон кечип, жылуу-жумшак жаткан жеримди муздатпай кайрадан барып көрүмө жатып алмакмын. Себеби, ал жерден артык бейишти бул жарык дүйнөдөн издеп таппайсың… Жаткан жериңиздин топурагы торко, кыштын сөөк кайрыган суугунда жып-жылуу, күндүн жайкы мээ кайнаткан аптабында көлөкө болуп берген түбөлүктүү мындай жайда бейкапар жата бермекмин… жарыктыгым» – деп аны дагы алдап, өзүнөн башкага бул жарык дүйнөнүн ыракатын ыраа көрбөй, жаткан көрүнө аны кайрадан сылык-сыпаа киргизип салып, жаны тынмак… Ал гана эмес, Элге шум болуп көрүнүп калган бул президент, жексурун Азезил периштенин өзүн дагы ачык эле коркутуп-үркүтүп, түбөлүк көрүнө кууп, киргизип таштамак.

* * *

Президент көз кайкыган кара топурактуу жерден тартып, тоо таяна берген бөкөлөрүнө чейин буурчактын түр-түр сортун эктиртип, анан да кол алдындагыларга катуу дайындап, күр түшүмүнө келгенде эсеп жеткис акчасын өз чөнтөгүнө салуу туурасында тегерегиндеги кошоматчыларына каймана кебин айтып отурду. Анын мындай ишке баруусунун маңызы – «Президент болсо да, дыйканчылык ишке алектенген жөнөкөй эле адам тура»… деп, калайык калкы билсин деген гана сасык ою болчу. Ага эмне, буурчактын тонналаган уругун сатып алыппы. Жерин айдатып, жайдын мээ кайнаткан ак саратанында, Күнгө күйүп, отоо чөптөрүнөн арылтып, суу талаштарда кызыл чеке болуп мушташып, маңдай терин агыза эчен кайтара сугармак беле. Ошондой азаптуу иштеринин баарысын-баарысын тиги кошоматчыларынын кошоматчылары бүтүрүп беришет да… Мезгил өтүп, жакында анын кызылын жыйнап, анан иргектеп, сатуу гана түйшүгү калган болчу. Анын бул сөздөрүн айлана-тегерегиндегилер илгиртпей, жарым ооз сөзүнөн эле түшүнүшүп, саздуу камыштын үлбүрөгөн үкүлөрүн шамал ийе теңселтип жаткандай, кайран алтын баштарын тынымсыз ийкегилеп жатышкандардын бири:

–«Жетинин бири – Кыдыр» демекчи, Сизди кошсок, биз туп-туура жетөө экенбиз… таксырым. Айтканыңызда калет жок, баарысы – бири да калбай орундалат – деп, алардын бири сөзүнүн аягына чыгып-чыкпай жатканда, кошоматчыларынын бири тигинин оозунан сөзүн жулуп кетти:

–Эй, сен эмне деп эле дөөрүп жатасың!.. Сенин Кыдырың ким болуп калыптыр. Эгер билсең, Президентибиз Кыдырыңдан жогору, Кудайдан да артык көрөм. Жаныбызда эле жүргөнү менен, кааласа бизди кыпкызыл эле чылк алтындын үстүнөн бастырып салат. Сом жөнүндө сөз кылбай эле коёюн… Евро, долларың кеппи. Же алар сенин көзүңө көрүнбөй калганбы?! Сенин эмне деп эле сүйлөп жатканыңды кандай түшүнсөк болот?..

Тигинин бул сөзүнө Президент менен башка дагы бешөө кумсара аны коштой «дуу» эле дей түштү.

–Ырасын айттың… Кыдырың сага деги эмне кылып берип жатыптыр?!. Мунун кыдырчылына эмне берет экенсиң? Сенин оюңча Президентибиз сага мындан артык дагы эмне кылып бериш керек эле?.. Кошоматчылардын дагы бири жагына жагалмайланып киргенде президенттен башка берки бешөөнүн баштары жерге тийгенче ийилип, тигинин сөзүн кубаттай Президентке жагынуунун айласында бири-биринен сөз талаша «дуу» сүйлөп киришти:

–Сен дагы туура, калыс сөзүңдү айтып салдың. Андай чындыкты азыр бетке айтып койбосок, анан качан айтмак элек!..

–Ооба, ооба ырас эле айтасыңар. Президентибиздин арты менен түкүрүгүбүз элге дары болуп, биздин дегенибиз – деген, айтканыбыз-айткан болуп жатпайбы… Чынында деле биз буга чейин ким элек? Кийип турган байпагыбызга чейин манат болуп калбадыкпы… «Жетинин бири – Кыдыр, Сиз Кыдырсыз» деп Президентке жагына сүйлөйүн дегендин жаагын жап кыла «кынына» киргизип салды, тигилер аны жактырбай.

–Мырзалар, мырзалар!.. Силер баш аламан сүйлөп, Президент мырзаны, анан да, өзүңөрдү-өзүңөр алдап жатасыңар. Ошол силер жана Президент мырзабыз айтып сөз кылып жаткандай, тоо этектеттире – бөксөлөрдүн чыбырларына чейин айдап-сепкендердин баарысы буурчак эмес…

–И, буурчак эмей ал эмне?.. Деги эмне дегени турасың, буурчак менен мистенин айырмасын билер бекенсиң сен… Кошоматчылардын бири тигиге кекээр карады.

–Сөзүмдү бөлбөңүз, сиз… Силер жанатан бери буурчак деп сөз кылып жаткан көп жылдык түшүм берүүчү мисте дарагы, ал буурчак эмес… Ошол жерлерге мындан үч жыл мурда кадимки эле мистенин уругу себилген. Алар азыр көйкөлүп өсүп келе жатат. Менин баамымда аны менен сиздердин бир дагы кабарыңар жок баштанат. Же билбей калдыңарбы? Дагы айтып, эсиңерге салып коёюн. Мен агрономмун, жана дагы багбандык адистигим да бар. Аны беш жыл окуп чыккам. Мисте менен буурчактын айырмасы асман менен жердей. Бири – жер жемиши, бири – мөмө жемиши. Бул боюнча тажрыйбам мол – жетишерлик. Илимий кандидаттыгымды дагы эбак жактагам. Мисте көп жылда барып, анан мөмөсүн бере баштайт. А, силер эмне деп жатасыңар?!. – деп барып, тиги өзүн-өзү араң дегенде токтотту.

Президент баш болгон алтоо тарап анын мындай сөзүнө ачууланыша, тигини кекээр карап калышты. Ортодогу өтө ыңгайсыз абалды бештин бир «булбулу» буза:

–Сен эмне деп эле дөөрүп жатасың?!. Каяктагы жети атам укпаган, билбеген мистеңди айтып… Буурчактардын уругун бөксөлөтө сээп жатканын учурунда барып көрбөсөм да, ага баш көз болуп турбасам да, чабармандарымды тындырбай чабагандатып жиберип, көзөмөлгө мына мен алып тургам. Ал жерге буурчактардын уругун эккени чын экенине ишенимдүү жигиттерибизге ишенебизби, же сага окшогон агроном сөрөй, кандидат сөрөйгө ишенебизби?!.

–Эгер мага ишенбей жатсаңар, анда атайын комиссия түзүп жибергиле, алар аныгын айтып берет.

–Сен айткан комиссия ал жакка качан барып келет!.. Биз ал жерден өтө эле алыс турабыз – деп, Президент тараптын дагы бири агрономго каршы көп иттин бири сыяк үрүп жиберди.

–Андай болсо, азыр телефон чалып, срочно аскерий вертолётту жибере салгыла. Комиссия аныктап келсин, биз күтө турабыз – Президент бурк этти.

–Ага чейин биз мында эмне кылабыз? – тигилердин бири Президентке жароокерлене карады.

–Эмне кылчу элек, мындайда… Баягыдай да… коньяк, чехтин пиволорун, куурулган, же ташкордого эзиле бышкан козуну, болбосо күрпүнү алдырып келе салгыла… жаш козунун куурдагын дагы унутта калтыра көрбөгүлө…

–Президент мырзабыз туура айтат, телефондоруңарды тез-тез чалып жибергиле. Баарысы… баарысы бул жерде жомоктогудай даяр болсун… мындайда күжүрмөн болуу керек… – деп, опурулду бештин дагы бири.

* * *

Тигилер той түшүп жатканда буурчак, же мисте экенин аныктоочулар тоо тараптан бат эле келип калышты.

–Кана, эмне экен?.. Президент чыдабай тигилерге суроо салды.

–Кайдагы мистени айтып жатасыңар, буурчак эле экен… Ушунча элди убара кылып, бул агроном мырза бизди, айрыкча Сизди – Президент мырза, чындап эле шылдыңдап жатса керек – деп, Президентти тигиге өчүктүрө козутуп, так кесер сүйлөп салды, комиссиянын бири.

–Мен айтпадым беле… агроном сөрөйүбүз эч нерсени билбейт деп, бештин бири кайрадан тиги агрономду шылдыңдай карап, басынта сүйлөдү.

–Силер барган жердин баарысына мисте эгилген. Буурчак эмес, мисте! Буурчактын бири дагы жок, ал жерде. Бүт баарысы мисте, мисте баарысы! Тоо жаба эгилген мистени буурчак эмес экенин далилдеп, ишендире албай жаткан агроном, көпчүлүккө каршы тура албай күйүп кетти.

–Ошол сен жанталашып айткандан кийин, мистеби же буурчакпы, аныгын билиш үчүн, бир жоон топ комиссияны иштеринен чакыртып жибербедикпи. Баргандардын ичинен көбүнүн адистиги агроном. Өзүң айткандай, алар илимдин кандидаттары, докторлор. Эми биз сага ишенелеби, же тиги илимдин адамдарына ишенелеби?! Президент ачуулана тигиге акшыя тиктеп калды.

–Президент мырза, алар жандарын жеп, жалган айтып жатышат. Буурчак жок, ал жерде, мисте өсүп турат – агроном чыдабай кетти. Эми дагы бир ирет таптакыр башка адамдардан топтоп, мисте менен буурчакты айра билгендерди ошол жерге кайрадан жиберип көрөлү – ал тигилерге ишенбей, андан катуу өтүндү. Мындагылар экинчи комиссияны да уюштура салып тоо тарапка жөнөтүп жиберишти. Алар дагы ошол эле вертолёт менен бир заматтын ичинде барып келишип, бир ооздон:

–«Ал жерде буурчактар эле көйкөлүп өсүп турат. Аны мисте деп ким айтып жүрөт?» дешип келишти, экинчи жолу жиберген комиссиянын «оёндору». Жиберилген бул экинчи комиссиядан акыйкат сөз угам деп жаны жай таппай күтүп жаткан агроном мындай жоопту күтпөгөн болчу. Эми ал өз көзүнө гана эмес, өзүнө-өзү ишене албай туттугуп:

–Силер дагы кызылдай гана жалганды айтып келдиңер. Же болбосо – тоо тилкесинен мен билбеген, мен көрбөгөн жана да мен барбаган башка бир жерине эккен буурчактарга силерди адаштырып, кайта-кайта алып барып жатышса керек. Мен билген жерде мисте гана өсүп турат, ал жерге ат тезегин кургатпастан барып көрүп эле жүрбөймүнбү. Президент мырза, мен сизден акыркы жолу суранам, ушул саам жалаң агрономдон турган үчүнчү комиссияны түзгүлө, аларга мен өзүм кошулуп барайын. Барып келген эки комиссияга тең мен ишенбей калдым.

–Эгерим сен айткандай, ошондой эле болсо, жалаң агрономдон турган жаңы комиссияны түзүп, кайрадан жиберем. Өзүң дагы кошулуп бар. Вертолёт белен турат. Мырзалар, мына бу агрономду өзүңөр менен кошо алып кетип «же нары, же бери» кылып келгилечи! Президент аны жаман көзү менен акшыя карап «бурк» этти.

* * *

Үчүнчү жаңы комиссия вертолёт менен шыр эле жөнөп кетти. Баягы жерде болушту. Тоо таяна берген бөксөлөрүндө мисте жайнап өсүп турат.

–Мына, айтпадым беле, булар кайдан жүрүп силерге буурчак болуп калсын. Баарысы мисте. Көп жыл бою мөмөсүн берүүчү дарак.

-Сен эмне деп эле ойду-кырды дөөрүп, көзүбүз менен көрүп турган бизди будамайлап, далбастап адаштырып жатасың. Биз дагы бул боюнча илимий даражалуубуз. Сенин даражаңдан да бийик. Анан калса, кызматтарыбызга жараша мамлекеттик эң жогорку наамдарыбыз дагы бар. Аларды так ушул Президентибиз берген. Бул бир кылка өнүп келе жаткандын баарысы – сен жанталаша талашып жаткан мистең – буурчактар. Дагы айтамын, сенин мистең эмес – буурчактар булар! Президент тараптын бири тигини итче баса калды.

–Силер эмне, ушул убакка чейин буурчак менен мистенин айырмасын айра билбей – маң баш болуп калдыңар беле?.. Деги силер талаага чыгып, талаада болуп көргөнсүңөрбү? Дагы мамлекеттик жогорку сыйлык, наамдарыбыз бар дейсиңер, уялбай. Ал мамлекеттик жогорку сыйлык, наамдарды өзүң айткандай силерге, ушул Президентиңер бергенин да билем. Атайын жиберилген үчүнчү жолку бул комиссиянын да бүт баарысы тигини каратып туруп жектеп, мазакташып киришти.

-Ошол сен айткан мамлекеттик жогорку даражадагы сыйлык, наамдарды Президентибиз өзү айкөлдүк кылып, сага эмес, мына бизге ыйгарган. – Сен эмне, машаяксыңбы, же анын баласысыңбы?! Деги сен бизди, болбосо Президентибизди шылдыңдап, мазактап жаткан жоксуңбу?! Бул «акылдуу» кулдун үнүн Кудайына жеткире колу, бутун парчалап, жанчып мистесинин түбүнө тирүүлөй бакыртып көмүп салгыла! Үнүнөн көп кечиктирбей, жаны дагы Кудайына удаа эле тез жетсин!. Биз менен, Президент мырзабыз менен жаакташып, жак дегенин бербегендердин түбү – мына ушуну көрүшөт. – Эгер сен билсең, биз туура эмес болсо да жак дегенибизди бербеген ак сөөк элиталардан болобуз. Кана, кимди күтүп турасыңар?! Аткаргыла, айтылгандарды! Бул туурасында Президентке мен өзүм гана жооп берем. Алардын дагы бири өктөм сүйлөп, милдетин алгандай буйруду. Жарданып тургандар мындай «оозеки өкүмдү» кечиктирбей так аткарып салышты.

* * *

Тигил шордуунун үй-бүлөсү аны ошол күндөн ана келет, мына келип калат деше үмүттүү жол карап жүрүп көп күндөр бою күтүштү. Бирок тиги, үйүнө кайтпай ың-жың дарексиз болуп кетти. Көргөн билгендер болсо… дегендей сурамжылашты. Акырында барып алар Президенттин өзүнө такалышты. Андан оңгулуктуу жооп угабыз деп үмүт кылышкан үй-бүлөсү: «Маркумду мамлекеттик саясый ката кетирген. Эл душманы. Жерибиздин – Ата Журтубуздун бүтүндүгүнө, элибиздин жакшы жашоосуна көз артып, доо кетирип, жик салган. Саясый качкын, биз дагы ага иш козгоп, эл аралык – мамлекеттер аралык издөө салып жатабыз» деген жүрөк үшүн алган жалган жалааны мойнуна илип салды. Тиги шоруң каткыр – «саясый качкын» тоо этегиндеги көз кайкыган кара топурактуу жерде – чакатайдын чак түшүндө колу, буту жанчыла сындырылып Кудайга үнү жеткиче бакырып жатып, кайсы бир мистенин түбүндө тирүүлөй көмүлүп калганын үй-бүлөсү билишкен да, шекшишкен да жок.

* * *

«Изсиз, ың-жың жоголуп кетти»… деген маркумдун мисте түбүндөгү түбөлүк жаткан жайынан тартып, тээ түпкүрдөгү аркайган аска зоолуу Ала-Тообуздун кыркаларынан алтынды казып алып, бөлүштүрүүнүн кесепетинен анын күңгөй-тескейлериндеги оттуу чөптөрү куурап, токойлуу арча, кайыңдары соолуп, өзөндөрү акырындап өлүү суу болуп, токол тоолорго айланып бараткан тарапка көз чаптырып турган бул Президенттин мисте менен да, буурчак менен да, алсырап токол болуп бараткан тоолор менен да, эли, жери менен да кылчалык иши жок: «Бул тоолордон мен дагы канча тонна алтынды «энчиме» басып калганга үлгүрөм»… деп, убайым тарта, ушул мунарык басып турган Улуу Тоолорубузга серепчилей көз тутуп ойго батып турган эле…

* * *

Президенттик кызматка кокустан келген бул жолбун Президент кыргыз кырка – Ала-Тообузга моюндаш – так кыр жонунан чек аралары бөлүнгөн коңшу мамлекеттердин кайберен тукумдары ушул тушта да үйүр-үйүрлөрү менен от кууп, биз тарапка ооп келе жаткандарга көз салып турган тиги өлкөнүн азаматтары атайын аскерий вертолётторун күркүрөтө жандай айдап барып үркүтүп, өздөрү тарапка кайрып турушат. Ал гана эмес, алар биз тараптан от кууп, тигилердин чек араларына жакындап калган үйүр-үйүр кайберен тукумдарына вертолёттору менен эңиштете кууп барып, өздөрүнүн жерин карай күргүштөтө үркүтүп, айдап кетип жаткандарын билип турса дагы, анысы менен кылдай да иши жок. Жана да, бул Президент: Туш-тушубуздан ач чөөлөрдөй болуп, чек арабызга ыкыс бере басмырлап кирип келишип, бир укум жерибизди талашып, каалаган учурда маал-маалы менен адамдарыбызды терип кетип жан таслим кылып жатышса да, чымын конгончолук маани бербеген, түпкүлүгүн устукандап иликтей-жиликтей келгенде – дайым элге кас болуп жаралган дили бузук, каны бузук жото-теги бөлөк, элди карып кылууну күсөп жүргөн Президент болчу…

* * *

Арийне, мисте же буурчак эгилген жерге Президенттин өзү эле эмес, айланасындагы кошоматчылары да бир жолу басып барышып, көрүп дагы коюшпаган. Ал гана эмес, өздөрү айткан жер – кайсы жерде экенин билишкен да эмес. Президенттин кошоматчылары тек кана: «Сиздин урматыңызга өзүңүз бек дайындаган кара топурактуу жерден тээ тоо бөксөлөрүнүн өңүрүнө дейре чабагандап барып жүрүп, буурчактардын жаңы сортторунун үрөнүн сээп таштадык. Буйруса, андан аябагандай мол түшүм алып, энчиңизге ыйгарып салабыз» деген сайпана кошоматчылары карандай жалган кептери менен «өмүрү үрөн себилбеген жерди айтышып», аны маарытып, курсант кылып коюшкан болчу.

* * *

Эртеби, кечпи бул жолбун президенттин өзү дагы ушул жалган дүйнөдөн так кетип, бир саржанчалык чыкпаган караңгы көргө этеги жок, жеңи жок жака бели бүлдүргөсүз кепин кийип, түбөлүк жатып каларын капарына алып да койгон жок…

10-сентябрь – 30-декабрь 2021-ж. «Арашан»