Жумабек Токтогазиев: Жолбун

Жолбун (аңгеме) …Эгер, Алдар-Көсө кокусунан тирилип кетип, бул мытайым президенттин алдынан карпа-курп чыга калса, аны дагы далысынан жылуу-жумшак таптап: «Жумурай журтубузга атыңыз даңаза болуп туруп, тирүүлөй тозоктун бул жарык дүйнөсүнө кайрадан келип калганыңызга бир чети таң калып турсам, экинчи жагынан Сизге боорум ооруп, эңшерилип жатат. Сиздин ордуңузда мен болсом, бир жетип, бирде жетишпей чыркырап жашап жаткан мындай жашоодон кечип, жылуу-жумшак жаткан жеримди муздатпай кайрадан барып көрүмө жатып алмакмын. Себеби, ал жерден артык бейишти бул жарык дүйнөдөн издеп таппайсың… Жаткан жериңиздин топурагы торко, кыштын сөөк кайрыган суугунда жып-жылуу, күндүн жайкы мээ толугу менен…..