Мирзохалим Каримов: Кыз күйүтү

Кыз күйүтү

Улуу агам үйгө ыраӊы кубарыӊкы кирип келип:

–Энемди ооруканага жаткырышты, – деди оор улутунуп.

Бейкапар олтурган жаным, муну укканда чочуп кеттим. Жүрөгүм негедир ийне сайгандай катуу туйлап алды. «Доктурга көрүнүп кайра келем дебеди беле…»

Эртеси мектепке да барбай, ооруканага кандай жетип келгенимди өзүм билбейм. Босогодогу нөөмөтчү аялдан айттырып жиберген соӊ, эки көзүмө жаш толуп, күтүп турдум мостоюп. Арадан кыйла убакыт өткөндөн кийин, жасалма жылмайып чыктыӊыз эне. Бир эле күндүн ичинде анардай жүзүӊүздүн кызылы качып, өӊүӊүз аза түшүптүр. Мага жакыныраак келип, көзүмдөн аста өөп, оттой кызып турган мээримдүү алаканыӊыз менен башымды сыладыӊыз.

–Сизге эмне болду эне? Көрүнүп кайра келем дебедиӊиз беле? – сурадым аёолуу тиктеп.

–Кабатыр болбо кызым, бир аз дарыланышым керек экен. Кудай буюрса эмки жумада сакайып чыгамын.

Таӊга жуук туруп бышырган куурма атала куюлган идишти баштыктан алып узаттым.

–Бул эмне? – деп сурадыӊыз таӊыркап.

–Куурма атала жасаган элем, – дедим өпкөм көөп.

–Жеӊеӊчи? Ал эмне кылып жүрөт?

–Кечээ энесиникине кеткен.

–Мм, мени өлөт деп, сүйүнчүлөгөнү барган турбайбы, – дедиӊиз да, жеӊиӊиздин учу менен көзүӊүзгө тегеренген жашты сүрттүӊүз.

Экөөбүз көпкө чейин сүйлөшүп олтурат болчубуз, бирок жанагы жаагы басылбаган нөөмөтчү аял ыктыярыбызга койбой сизди улам-улам жемелей бергенинен аталаны алып, палатаӊызга кирип кеттиӊиз.

Ооруканадан чыгып үйгө келсем, жеӊем өзүнчө эле жинденип, идиш-аяктарды чагып жиберчүдөй шарактатып жууп жаткан экен. Энесиникинде мурдагыдай көп жүрбөй тез эле жетип келиптир негедир. Дарбазадан киргенимде эле бакырды:

–Кыз бала да сендей болобу, тобо? Атала жасайм деп казанды түбүнө алдырган бойдон жадыратып таштап кете берипсиӊ? Малай жеӊем жууп коёт деген окшойсуӊ.

Мен унчукпай үйгө кирип кеттим. Агам бечара кыязы тамак да ичпестен жумушка кеткен окшойт: көрпө-төшөгү алиге чейин жыйыла элек. Чай кайнатылып, дасторкон жазылбаган сыяктанат. «Энем үйдө болгон күнү агам ушинтип тамак ичпестен жумушка кетет беле?» деп ичимди ит талагандай сумсайып турганымда, жеӊем жуулган идиш-аякты көтөрүп, ичкери кирди.

–Ушу сен тамак жасай алат белеӊ? Ооруканага ким тамак ташыйт? Ал жерде үйдүн тамагынан да жакшы тамак берет го, – деди мага алая карап.

–Баса, тиги жүкалдыздын астындагы сандыктын ачкычын ала келбедиӊби? Менин инимдин аялынын таежеси өтүптүр, ошого бир кийимдик кездеме алып барышым керек. Бу силерде өлүк-тирикке катышуу деген жок турбайбы. Энеӊ баарын сандыгына катып коюп, башкаларга бармагын кысып көрсөтөт. Бу дүйнө бардык адамдан ашып калган деп көп сайрадым. Үйдөгү нерселердин бардыгын бизге эле тапшырып коюп, сыйыӊыз менен төрдө отуруӊуз дегем. Мына эми…

Жеӊемдин заардуу сөздөрү күйбөгөн жеримди күйдүрүп, күл кылып жиберди. «Мына эми…» дегени эмнеси?

Шолоктоп ыйлап ийдим.

–Сизге энемдин эмне зыяны тийди? Кой оозунан чөп албаган момун кайненеге алымсынбасаӊыз, бөлүнүп жашаӊыз, – дедим мен да бош келбестен.

–Бөлүнүп жашайлы дегениме сенин бир тууган агаӊ көнбөсө кантейин? Ал теӊдүүлөрдүн бардыгы өзүлөрүнчө түтүн булатышып, ээн-эркин жашап жатышпайбы.

–Максатыӊыз ушул болсо, дагы бир жылча чыдап турсаӊыз, кичүү агам аскерди бүтүрүп келгенден кийин бөлүнүп чыгасыз. Ага чейин эгер сизге үй оокаты оорлук кылып жатса, биз сизди мажбурлабайбыз. Мен өзүм деле…

–Э, койсоӊчу, сенин колуӊдан бир иш келгенде, мен минтип малай болуп жүрбөйт элем. А балким мен келин болуп келгенче баарын жасап жүргөн чыгарсыӊ? Эми болсо…

Жеӊем ичиндеги арыз-арманын ыгын таап туруп айтып алды. Мен чыдап тура албастан, сыртка чыгып кеттим.

Бечара атам жайлоодо жүрөт. Энемдин ооруп калганынан дареги жок. Агам болсо, эртелеп жумушка кеткен. Эмне кылышымды билбей, саргайдым. «Жайлоого барып, атама кабарласамбы» деген ойдо короодон теӊселип чыктым. Аӊгыча агам келип калды.

–Ооруканага бардыӊбы? – деди мага жалооруй карап.

–Ооба.

–Энем жакшы элеби?

–Жакшы эле экен.

–Азыр каякка баратасыӊ?

–Жайлоого. Атама барып келейин дедим эле.

–Мейли, барсаӊ баргын. Мен азыр ооруканага жөнөйм. Ии, айтмакчы, атама айт бир семизирээк койду союп ала келсин, энеме садака берип коёлу.

–Макул.

Агам үйгө кирди, мен жайлоого жол алдым.

Түш ооп калган маалда журтка жеттим. Ар дайым эшик алдында күтүп турчу сиз жок элеӊиз, эне. Мындайга алгачкы жолу дуушар болгонум үчүн босогодо олтура калып, буркурап ыйлап жибердим. Көрсө, бул үйдүн куту да, жылуулугу да сиз экенсиз. Мен аны эми билдим.

* * *

Сабактан чыгарым менен адегенде ооруканага барам, андан соӊ үйгө келем. Классыбыздагы кыздардын ичинде ойноок, шок кыз мен эмес белем, эми болсо тилимди кесип, шагымды кимдир бирөө кайрып таштагандай, эч нерсеге көӊүлүм чаппайт. Тунжурап отура берем партамда. Курбуларым күн сайын энемди сурашат. Ошондо гана аларга бирдеӊкелерди сүйлөбөсөм, калган учурларда эч кимге унчукпайм. Ойногум да келбейт. Кусалык, түйшүк менен уланган бир айды мына ушинтип өткөрдүм.

Ооруӊуз бара-бара күчөгөндөн улам сизди райондон борбордогу ооруканага которушту. Бизден кыйла алыстап калдыӊыз. Бир күнү агамдан акча алып, эптеп-септеп борборго да бардым. Калааны көрөлек жаным, оорукананы сурамжылап жүрүп, араӊ таптым. Үстүмө ак халат жамынып алдыӊызга кирсем, керебетте жалдырап жатыптырсыз. Бөтөн кеселдердин бардыгы эле ары-бери басышып жакшына жүрүшсө, бир гана сиз… дубалды тиктеп, ойлуусуз. Арык денеӊиз жука жамынчынын астында кыймылсыз, капкара чачыӊыз жаздыктын үстүндө чачылып жатат. Менин кирип келгенимди жүрөгүӊүз сезди окшойт, колуӊуз менен жаӊсап чакыргандай болдуӊуз. Жаныӊызга акырын басып келдим да, тизелеп олтура калып, шолоктоп ыйлап жибердим. Арыктап териси гана калган колуӊузду өпкүлөп, ыйымды түк басалбадым. Сооротууга дарманыӊыз жетпегени үчүн мага кошулуп сиз да ыйладыӊыз. Көзүӊүздөн аккан ысык жаш жаздыкка шыр-р куюлат. Бул биздин үн-сөзсүз, көз карашыбыз менен сүйлөшкөнүбүз эле. Сиз мени, мен сизди түшүндүм.

Ошол күн 1-апрель болчу. Ооба, 1-апрель.

Үйгө келсем, агам менен жеӊем аябай урушушкан окшойт, жеӊем мени баякүнкүдөн да жаман маанайы менен күтүп алды.

–Көрөм али, сен да мага окшоп бирөөнүн келини болосуӊ. Ошондо кайын сиӊдиӊ жөндөн-жөн сени агасына жамандаса кантер экенсиӊ? Эмне үчүн өгүнү жөн кетпестен, агаӊ экөөбүздү уруштуруп коюп кеттиӊ? Бир тууган агаӊдын турмушун бузгуӊ келдиби? – деди, кудум кармап турган нургучун башыма уруп жиберчүдөй долуланып. Мен эмне деп жооп кайтарууну билбей, селейип калдым.

Агам кечке жуук жумуштан өӊгүрөп ыйлап келди. Жеӊеме жаман карап койду да:

–Менин паспортумду алып бер, – деди.

Жеӊем төбөсүнө чырак жангандай ордунан тура калып, ичкерки бөлмөдөн агамдын паспортун таап берди.

–Сакиш, сен барып фермадагы таекемди чакыргын.

–Ал мага аёолуу тиктеп, үйдөн чыгарды. Мен таекемди тез эле чакырып келдим. Экөө энемден кабар алабыз деп жөнөп кетишти. Үйдө жеӊем экөөбүз калдык. Жеӊемдин кубанганын айтпа: тим эле терисине батпайт. Негедир мага да жакшы мамиле жасап калды. Муздаткычтан талуу эт алып, таттуу сорпо жасады. Экөөбүз аны чогуу олтуруп ичтик.

–Ай, кыз, – деди ал астыртан көз агытып, – сен эми чоӊоюп калдыӊ, бир сөз айтсам капа болбо дагы. Кимдин ата-энеси бул ааламга түркүк болуп, түбөлүккө жашап жүрөт дейсиӊ. Агаӊдын бул түрүнөн, кыязы энеӊ…

–Эмне?! – Колумда кармап турган пияла ысык чайы менен жерге түшүп кетти. – Кантип эле?..

Жеӊем башка сөз сүйлөгөн жок. Мен анын ушул суук сөзүн уккандан кийин таӊ агарып атканча ыйладым. Эртелеп тышка чыксам, атам бечара короодо ары-бери басып жүрүптүр. Жүгүрүп барып моюнунан кучактадым да, шишиген өпкөмдү басалбай, өӊгүрөп ыйлап кирдим.

–Ата! Энеме эмне болуптур! Эми аны көрө аламынбы?

Атам башымды сылагылап, мени сооротууга аракеттенди:

–Койсоӊчу, кызым! Энеӊ жакшы болуп калган окшойт, агаӊдар бүгүн алып келишет.

Атамдын кучагынан суурулуп чыктым да, жеӊемдин алдына чуркап кирдим:

–Эмне үчүн калп сүйлөйсүз? Энем тирүү экен го! – дедим жинденип.

–Чын элеби? Ошондой эле болсун, ылайым! – Жеӊемдин өӊү кумсарып, мени сыртка ээрчитип чыкты. Атамдын жанына басып келип, калп эле жер тиктемиш болду. Атам ага караган да жок.

Кечке жуук эне, агамдар сизди ооруканадан алып келишти. Мен аябай сүйүндүм. Анткени сиз үйгө келдиӊиз. Бирок абалыӊыз начар эле. Кыштактагылардын бардыгы бир четтен кирип, алыӊыздан кабар алышты. Тууган-уруктарыбыз негедир биздин үйдөн узабай коюшту. Үчүнчү күн дегенде ыраӊыӊыз биротоло кубарып, тилден да калдыӊыз. Кечке маал аялдар мени алдыӊызга жетелеп келишип, «энеӊе бир нерсе деп, көӊүлүн көтөр» дешти. Сиздин көӊүлүӊүздү көтөрө турган мен, төшөгүӊүздүн четине олтуруп, оозума сөз кирбей селейдим. Көздөрүмдү үзбөй тиктеп турдум. Сиз да мага карап турдуӊуз. Анан «бара кой кызым» дегендей колуӊузду жаӊсадыӊыз. Бир аял оозуӊузга суу тамызып, чекеӊизде нымшыган терди кургатып жатты.

Ошол күн эч эсимден кетпейт. Түнкү саат он экиден өтүп калган маалда улуу агам кокус эле «эне жөлөгүм!» деп үстүӊүзгө кулап түштү. Мен жүрөгүмө ок кадалгандай зырп этип алдым. Ички-тышкы үйдө отурушкан аял-эркектин баары дуулдап тура калышты. Кулагым шуу этет. Эшикте да, үйдүн ичинде да ый менен өкүрүк. Мына ошондо бир жолу катуу бакырып жибердим, бирок дагы эле эч нерсеге түшүнө албастан, кулагым шуулдайт. Жалдырап сизди гана тиктеймин. А сиздин көздөрүӊүз негедир алсыз жана кыймылсыз. Аялдар үстүӊүзгө үйрүлүп түшкөн агамды ажыраталбай убара. Эне менен баланын бөлүнүшү кыйын экенин мына ошондо бир билдим.

Өкүрүк барган сайын күчөп жатты. Арык денеӊизди ак шейшеп капталган төшөккө ороп, далиске алып чыгышканда гана…

Бул бизден биринчи жана акыркы жолу ажырашыӊыз экенин каяктан билиптирмин?! Мына ошондон кийин гана эсиме келип, сиз жаткан жерди бек кучактап, жытыӊызды жыттап озондодум. Ох, таш боор өлүм! Сизди бизден түбөлүккө ажыратты! Түнү бою жаныӊызда олтуруп, эки бетимди кызыл-жаян кылып тытсам да, кан какшап зарласам да, бу бейбапа дүйнөгө нааразы болсом да, сиз жок дегенде бир жолу да көзүӊүздү ачып, мага карап койбодуӊуз.

Таӊга жуук Жаӊылдын энеси мени бооруна басып, короонун орто ченине курулган боз үйдүн ичине жетелеп кирди. Бир суюк нерсени оозума куюп жатып: «О, таалайсыз, ыйлай берип өзөрүп калба дагы» дегенин гана билем. Кийин ал таекем менен агамды да жетелеп келип, кеседеги суюк нерсени жуткурду. Жаныбызда олтурган аялдардын шыбырашканы да эсимде: «Ай, ботом, тиги келини айбан сымал нерсе турбайбы», деп бири бетин карманса, экинчиси: «Ошону айтайын деп олтурдум эле, жок дегенде кайненесинин урматы үчүн жакшыраак ыйлаганын да көрбөдүм. Келин деген мына ушундайда ыйлап-сыктаса. Безирейип олтурганы-олтурган. Бутуӊ сынып калгыр чай демдеп, алыстан келгендерге дасторкон жазууну да ойлобогонунан биротоло ыкласым кайтты», – деп жакасын кармайт.

Эртеси үстүнө тукаба жабылган табытыӊыз түш ченде эшик алдында аманат гана турду. Жүзүӊүздү ачышпады. Эки аял мени боз үйдүн ичинен сыртка жетелеп чыгышты. Жанымдын барынча зарлап бакырайын десем, алкымыма бир нерсе кептелгендей үнүм чыкпайт. Табытыӊызга өзүмдү чабайын деп алга жулунсам, эки колумдан бек кармап турушкан аялдар коё беришпеди. Баш жагыӊызда агам, атам жана таежем үчөөсү жетим калган жаш балдардын сыӊарындай муӊайыӊкы тиктеп турушту. Анан, качан гана табытыӊызды жерден так көтөрүшкөндө, алкымымдагы нерсе тамагымдан ары өтүп кеткендей, үнүм катуу чыкты. Мына ошондо ыйладым. Аялдардын колунан бошонуп чыгып, каалгага жете берген табытыӊызга чуркап келип жармашканымда, жанагы аялдар артымдан жетип келишип, артка тартышты. Элдер менин какшаганыма карап турбастан, бейитти көздөй чубуруп кете беришти.

* * *

Өлүмдүн өксүгү, күйдүрүп күл кылган күйүтү абдан оор экен: көрсө, кыйынчылыктын көбү али алдыда туруптур.

Үйдө саналуу гана жан калдык. Атам бир-эки жумадан кийин үстүндөгү кир көйнөктөрү менен малына кетти. Жеӊем болсо, эӊсеген максатына жеткендей, кабагы ачылды. Агама мурдагыдай катуу тийбейт. Аскерде жүргөн кичүү агама кабар беришкен жок. Сиз аны кандай жакшы көрөт элеӊиз? Ал да сизди бир күн көрбөсө, жегени аш болчу эмес. Мына, эми ал бечара келсе…

Бара-бара элдин аягы суюлду. Күндүзү анча деле сезилбейт деӊизчи, түн кирсе эле болду – үйдүн ичинен тышка чыга албаймын. Коркомун. Эгер чыкчу болсом короого тигилген боз үй, кулагыма ошол күнкү аянычтуу үндөр угулат. Көрсө энеке, сизди аябай сагыныптырмын. Сүрөтүӊүздү көрпөнүн ичине катып алып, өпкүлөп уктап калам. Эртеси көздөрүм шишип, ач бойдон мектепке кетем. Тамагымдан наар өтпөйт.

Кыштан бир эптеп жазга чыктык. Атам май айынын орто чендеринде элдин бир короо коюн алып, жайлоого көчтү. Мен болсо айылда калдым. Сабактардын бүтүшүн чыдамсыз күтүп жүрдүм. Эртерээк каникулга жетсем, атама кетип каламын деп, эки көзүм төрт. Айылдан алыстасам эле күйүтүм унутулуп калчудай сезилет. Бирок бул күйүт менин жүрөгүмө түбөлүк өчпөс мөөрдөй басылганын, эртеӊ бой жетсем мени эрке кыздардай башымдан сылап тойлочу энем жок боло турганын ойлогонумда, жүрөгүм канталап кетет.

* * *

Күттүргөн үч айлык каникулга да жеттим. Кубанычым кучагыма батпай үйгө сүйүнүп келсем, ичкерки бөлмөнүн төрүндө илинип турчу сиздин сүрөтүӊүз жок. «Муну ким алды экен?» деп капаланып турсам, жеӊем жаныма басып келип:

–Ай, кыз, сүрөттү мен катып койдум, – деди жойпуланып.

–Эмне үчүн?! – Жаным чыкканынан кыйкырып жибердим эле, ичкерки бөлмөдөн агам жүгүрүп келди.

–Эмне болду, Сакин? – деп сурады ал чочуп.

–Мага ачууланып жатат, – жеӊем менден мурда озунуп, жаагын жанды. –Энемдин сүрөтүн алып бекитип койгонум үчүн.

–Неге бекитесиӊ? – Күтүлбөгөн жерден бир чоӊ жаӊжал башталды. Агам жеӊемди колунан кармап сыртка чыгарып жиберди. «Кетип жоголгун!» деди. Анан энемдин сүрөтүн өз ордуна мурдагыдай кылып илип койду.

–Сен мага түшүнбөстөн айкырып жатасыӊ! – деди жеӊем ичкери кирип келип. – Карындашыӊ көргөн сайын ыйлабасын деген ойдо.

–Актанбагын, акмак! Сенин ичиӊде кандай иттин өлүгү сасып жатканын жакшы билемин. Бар ары, көзүмө көрүнбөгүн.

Агам аны артынан түрткүлөп, кайра чыгарды тышка.

–Сабактарыӊдан бошогон болсоӊ, кийим-кечеӊди салыштыргын. Атама кетесиӊ. Атам бечаранын ахвалы не болду экен… – Ал акыркы сөзүн айтып бүтө электе көзүнө жаш алды.

Түштөн кийин агам мени жайлоого бараткан аяш атамдын аялына кошуп, атама жөнөттү. Жолдо кубанып келаттым. Көптөн бери кабагымдын ачылганы да ушул болсо керек. Бирок бул кубанычым алыска узаган жок: баары менин ойлогонумдай болуп чыкпады эне. Ар дайым боз үйдүн босогосунда ийик ийрип олтуруп, мени жылуу күтүп алчу сиз жок элеӊиз. Боз үйдүн ичине баш баксам, зындандагыдай жымжырт. Денемди кайрадан титирек басты. Түндүктүн жапкычы алигиче ачылбаптыр. Төрдөгү текчеде беш-алты жууркан төшөк эрбейип, каршы-терши жыйылып турат. Жуугусуз идиш-аяктар ар кайсы жерде жадырап жатат. Ортодогу төгөрөк стол да негедир көзүмө алдакандай көрүнөт. Атамдын кирдеген көйнөктөрү жана байтабалары кереге баштарында илинүү, аларды жууп-тазалаар киши жок.

Коомайсына кийиздин четине тизе бүгүп олтурдум. Жымжырттык, жүрөктү эзген жымжырттык. Оо, кудай ай, береке чачкан үй кана? Эне, сизди жайлоодо деп келсем, бул жакта да жок турбайсызбы? Эми кайдан издейм сизди? Кайдан табам? Канчалык какшасам да, баары бир сизди табалбай турганымды билсем да, негедир кайра-кайра эӊсей берем, үмүт менен жол карай берем.

Ылаажы канча? Ыйлап-ыйлап, зарлап-зарлап, акыры ордумдан турдум да, адегенде идиш-аяктарды, анан атамдын кир-когун суу жылытып жуудум. Боз үйдүн ичиндеги сиз өз колуӊуз менен жасаган туш кийизди жана ным тарткан төшөкчөлөрдүн бардыгын аптапка алып чыгып жайдым. Сиз ар дайыма мага насаат кылчусуз: «Үйдүн ичин чыныдай таза, пакиза тутуу керек» деп. Өзүӊүз да аябай пакиза аял болчусуз. Эгер жерге бир күкүм нан түшсө, ошону дароо алып койчусуз. Төшөктөрдү маал-маал аптапка жайып, чаӊын күбүп, кебездерин камырдай көптүрүп, кечинде үйгө ташып кирчүсүз. Бир күндө үйдүн ичин канча жолу зерикпестен шыпырганыӊыз эсимде. Бирок мына ушул пакизалыгыӊыз, бейсарамжалдыкты жактыра бербеген азадалыгыӊыздын айынан жеӊеме анчейин жага бербегениӊизди жана көп жолу жаман көрүнүп, тазалык жөнүндө ага насаат айтканыӊызды али унуткан жокмун. «Айтпасам дилим күйөт, айтсам тилим күйөт» деген макалды жеӊеме айткан болчусуз. Анан мага да тазалык жөнүндө көп акыл-насааттарды айткансыз. Мен аларды түбөлүккө унутпаймын. Сиздей эне, сиздей үйдүн куту болууга умтуламын.

Боз үйдү жыйыштырып болгонумча күн кылкылдап, уясына батты. Кыштактан ала келген нерселеримди дасторконго коюп, атама бир чыны умач атала жасадым. Аз гана шортек сорпо жасайын десем, үйдө тырмактай да эт жок экен. Бечара атам ай, нандары да катып калыптыр. Анын бул үйдө кантип тиричилик кылып жүргөнүнө түшүнбөдүм. Куру чай менен катуу нандан бөтөн тамак жебейт окшойт. Сиз үйдө болгонуӊузда, ал ушундай абалга калат беле?

Үйдөн чыгып, кемегенин жанында сумсайып олтурдум. Бет алдымда алыска созулган кеӊ, жапжашыл талаа жатат. Андан ары бөксө тоолор. Тоолордун боорунда атамдын бир сүрүк малы жайылып, оттоп жүрүшөт. Тээ булактын жака белиндеги арчалуу жылганын орто ченинде атамдын токулуу аты аркандалып турганын көрдүм. Эми эле ордумдан туруп ошоякка барайын деп жатканымда, кайдан-жайдан атам өзү келип калды. Чуркап барып, анын тер жыттанган ичке мойнун бек кучактап, өпкүлөдүм.

–Сакиним, качан келген элеӊ? – деди адатынча бешенемден сылап.

–Түшкө жуук.

–Курсагыӊ ачтыбы?

Башымды чайкадым. Анын ушунчалык жүдөп, арыктап калганына жүрөгүм түтпөстөн, көзүмө жаш алдым. Ал өзүн калп эле бакубат көрсөтүп, «жүүнүӊдү бошоштурба» дегенчелик бооруна кысты.

–Агаӊдын ахвалы кандай? – Мени алаксытуу үчүнбү, айтор өзүн кайраттуу кармап сурады ал.

–Сак-саламат, – дедим жоолугумдун учу менен көзүмдүн жашын сүртүп.

* * *

Азалуу күндөр биринин артынан бири ушинтип өтүп жатты. Атам түнкүсүн мени бооруна басып уктайт. Кээде көзүнүн жашы мурутунан ылдый сарыгып бетиме тамганда, жүүнүм бошошуп кетет.

–Ата, – дейм коӊур үн менен мойнунан жыттап.

–Эмне, кагылайын?

–Энемди аябай сагындым. Мени жакага жөнөтүӊүзчү, жок дегенде анын сүрөтүн көрүп, кайра тез эле келейин.

Атам көпкө чейин ойлуу турат да:

–Айланайын, сен кетип калсаӊ менин шорум курубайбы? Жалгыз таштабастан, мага эш болуп жүрсөӊчү, – дейт көөдөнү көөрүктөй көтөрүлүп.

Ал андан башка эч нерсе айта албай эриндери бүлкүлдөп, ичинен билдирбестен өксүп алат. Мени көрбөсүн, билбесин дейби, башын тескери буруп, эзилип ыйлайт. Ошондо эмне үчүн бул сөздү айттым экен деп, өзүмдү-өзүм жемелейм. Анан, арадан бир аз убакыт өткөндөн кийин:

–Мейли ата, кетпей эле коёюн, – дейм жаш баланы соороткондой, армандуу үн чыгарып.

Күндөр мурдагыдай эле өтө берди. Буга чейин түйшүктү көрбөгөн жаным, аябай азап тарттым: уй саай албаймын, аны атам бечара үйрөтүп койду. Өзү үйдө болгондо мага зарыкпастан чаканы сууга чайкап, уйду дароо эле саап коёт. Нан бышырсам чийки бойдон калат же тузу кем. Айтор, өзүмдүн кылган ишиме өзүм канааттана албай, атама сездирбестен ыйлап алам.

Бир күнү атам эртеӊ менен малын жайытка айдап чыгууга камынып жатып, менин көзүмө өтө аянычтуу тиктеди да:

–Мейли кызым, үйгө барсаӊ барып келе кал, – деди үнү киркиреп.

–Жок, каникул бүткөндө барам, – деп чечкиндүү жооп бердим эле кабагы бир аз ачыла түшүп, атын камчылаган бойдон жайытты көздөй сүрүлүп бараткан малдын артынан жүрүп кетти. Мен ага көпкө чейин тиктеп, нечен жылдар бою ушинтип мал багып жүргөнүн ойлодум. Мен эс тарткандан бери анын мал бакканын билем. Андан мурдагысын сураган жокмун. «Мал дегенде жанын да берет атаӊ» деп айтып калчусуз го, эне. Ошол сөзүӊүз али да эсимде.

Жазгы каникул мына ушундайча өтүп, окуу башталды. Атам жакадагы мал фермага көчүп түштү. Кантсе да кыштакка жакын жер эмеспи, анча-мынча жеӊилдик болду. Сабактан чыгарым менен фермага барып тамагын жасап, кир-когун жууйм. Бирок эне, баары бир сиз бар кездеги жылуулук жок.

* * *

Бүгүн түшүмө кирдиӊиз. Бу жолку түшүм мурдагыларга түк окшошподу. Башыӊызга ак элечек кийип, ак боз атка минип алыптырсыз. Мага улам жакындап, көздөрүмдө көлкүлдөгөн жашты жана бутумдагы ириӊдеген жараны көргөндө, кирпиктериӊиздин арасынан жаш агып:

–Неге ыйлайсыӊ, кызым? – деп сурайсыз аттын үстүнөн эӊилип жатып.

–Өзүм эле, – дейм башымды жерге салаӊдатып.

–Бутуӊа эмне тийди? – Көк-ала болуп ириӊдеген жарама аянычтуу көз кадап, бооруӊуз ооруду. А мен болсо, адатымча унчукпайм. Сизди көргөнүм үчүн ааламга батпай кубанам.

–Мейли кызым, – дедиӊиз саамдан кийин тереӊ улутунуп, – сени кудайга тапшырдым.

Чочуп ойгонсом өӊүм эмес, түшүм экен. Арманыма чыдай албастан, түн жарымында төшөктөн турдум да сүрөтүӊүздү издеп таап, көпкө тиктедим. Тоюп-тоюп өөп алдым.

Быйыл жаздын алды менен бейитиӊизге келсем, үстүӊүздөн эки кызгалдак өсүп чыгыптыр. Алардын тамырлары сиздин жүрөгүӊүзгө туташканбы, айтор, экөө канга боёлгондой кыпкызыл. Талаа гүлүнө өч эмес белем, бу саам колдорум шалдайып, сумсайып карап тура бердим аларды. Үзгүм келбеди. Өзүлөрү бышып, үстүӊүзгө үрөн төгүшсө, эмки жылы да гүлгө оронуп жатасыз деп ойлодум.

Эне! Сиз мени ар дайым «жөлөгүм» деп эркелетчүсүз. Көрсө, ал жөлөк мен эмес, сиз экенсиз. Биз менен түбөлүккө кош айтышып кеткениӊизден кийин, баары кулап түштү. Кызым чоӊойсо берем деп сандыгыӊызга катып жүргөн алтын сөйкөлөрүӊүз да, шакектериӊиз да, кымбат баалуу кездемелериӊиз да жер жуткандай жок болду.