Профессор Лайли Үкүбаева ТҮРКСОЙдун Алтын медалы менен сыйланды

23-декабрда Түрк дүйнөсүнүн маданий кызматташуу эл аралык уюмунун (ТҮРКСОЙ) баш катчысы Султан Раев профессор, филология илимдеринин доктору Лайли Үкүбаевага ТҮРКСОЙдун Алтын медалын тапшырды. Сыйлык Л.Үкүбаевага Түрк дүйнөсүнө, кыргыз адабиятына жана айрыкча, Айтматов таанууга сиңирген эмгеги үчүн ыйгарылды. Профессор, адабиятчы Лайли Үкүбаева Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы, жазгыч акындардын чыгармачылыгы, кыргыз адабиятынын тарыхы, азыркы адабий процесс ж.б. багыттарда жазылган 18 фундаменталдуу изилдөөлөрдүн автору, өзүнүн илимий мектеби бар устат жана педагог. Учурда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде эмгектенип келет.

Түркияда жарык көргөн “Кыргыз поэзиясынын антологиясы” китебинин бет ачары өтөт

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу ТҮРКСОЙ эл аралык уюму менен бирге 2022-жылдын 24-декабрында саат 11:00дө А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасынын Ч.Айтматов залында С.А.Раевдин демилгеси менен Түркияда жарык көргөн “Кыргыз поэзиясынын антологиясы” китебинин, бул китеп менен катар “Чыңгыз Айтматов”, “Жолон Мамытов” китептери, К.Тыныстановдун “Касым ырлары” жана А.Акбаровдун ыр жыйнагынын бет ачары өтөт.  Катышууну каалагандар үчүн эшик ачык.

Абдымомун Калбаев: Талаада турам, торгойдун ырын тыңшап, таянып кетмениме

Дыйкан – ал мен Таң. Шүгүрчүлүк ушул таңга жеткениме. Талаада турам, Торгойдун ырын тыңшап, Таянып кетмениме. Каниет кылып өмүрүм жеткенине.   Ал түндөрдү сагындым Түн. Жылдыз толо асманда, Көзүн ымдайт жымындап, Биз энчилеп алган жылдыз жаш чакта, Сырдашчубуз келечекке кол сермеп, Кыналышып кош жылдызга айланып, Кыял менен учуп кетип жатаарда, Уктачу элек жылдыз нурун жамынып. Ал түндөрдү жатам азыр сагынып.   Фантазия кыялдарым Бийлеп алган кыялымды фантазия болмуштар, Ынандырып санариптик жаңы термин конуштар. Ылдамдыктын заманыбы, кыялдан да учкулураак, It заман бүт өзгөртүп дүйнөнү, аттар дагы электрондук коюлат.   Айтты деген, толугу менен…..

Умар Нусубалиев: Өзүңдү сүйүп өтүү үчүн мага, Өмүрдө билбейм канча сентябрь бар?..

Сом курттар Кууратып жалбыракты, чөптү жеген, Курттар бар эсеби жок көп түрлөгөн. Талдын дагы, теректин да, тамырын жеп өстүрбөгөн.   Ак курт бар, кара курт бар, сары курт бар, Алардан жийиркеничтүү, Жаралды жаңы курттар.   Өрүктү курт жегендей, Өлкөмдү курттар жеди. Алманы курт жегендей, Ата-Журтту курттар жеди.   Сомкурттар кайнап-кычып кыжылдашкан, Сомкурттар былжып-сасып быжылдашкан, Жаланышып, жанталашып, жутунушуп сомдорду жутуп аткан. Оролушуп жыландардай, уюгунда уюп жаткан.   Сомкурт… сомкурт… сомкурттар, Сомду жеген, Коон жегендей, Коомду жеген…   Тойбос курттар силерди, Тоо жерип койсо экен, Жегич курттар силерди, Жер жерип койсо экен. толугу менен…..

Бейшебай Усубалиев: “Жаныңыз кыйналып калат”, же бир күнкү сабактан бир үзүм

“Жаныңыз кыйналып калат”, же бир күнкү сабактан бир үзүм (Өскөн Даникеевге) Мени тикирее карап отурган студенттериме тамашалай кайрылдым: -Деги силер кыргыз элинде Айтматовдон бөлөк жазуучулар бар экенин билесиңерби? -Билебиз, билебиз… -Мисалы, кимди? -Мисалы, Даникеевди. Анын “Кыздын сырын” баарыбыз окуп чыкканбыз. Өткөн жылы эле. Алдыда отурган кичинекей кыз ишенимдүү да, сыймыктуу жооп берди. -“Кыздын сырынбы”?… Мен ушинттим да, анан сөзүмдү улабай, ойго чөгүп кеттим. Бул чыгарманы мен да  окуган элем. Анда мен да дал ушул студенттердей куракта болсом керек. Күнү бүгүнкүдөй көз алдымда. Кыш болчу. Нарын шаары аппак карга чулганган. Мен толугу менен…..

Алтынай Темирова: Кумурска – токой сакчысы

Кумурска – токой сакчысы (Балдардын куурчак театры үчүн пьеса) (Чек ара, экология, достук, жана ынтымактык, коомго пайдалуу болуу жөнүндө) Башкы каармандар: –Сакчы кумурска –Чатырчан кумурска –Аары –Даң-дүң (мүйүздүү жалтырак коңуз) –Ийнелик, Эпизоддук ролдордо – Ак булут, Кара булут. 1 – көрүнүш: Декорацияда жап-жашыл карагай токой, арасында чоң-чоң гүлдөр бар. Чек ара сакчысы болгон кумурска ырдап чыгат: Күзөттөмүн ыр ырдайм, Кырлар ашып эч тынбайм. Гүлдөр менен достошом, Чек арада таң тосом.   Жешилсе да чокоюм, Токоюмду коргоймун. Тазалайт ал абаны, Көрктөп тоону-талааны.   Бардык жанга достонмун, Жамандыктан коргоймун, Кезип тоону-талааны, Душмандардан толугу менен…..

Гүлзада Станалиева: Жолдогу тагдырды жазган акын

Быйыл мыкты жаңы чыгармалардын авторлоруна ыйгарыла турган 2022-жылдагы “Алтын калем” сыйлыгынын поэзия номинациясындагы жеңүүчүсү акын Нарсулуу Гургубаева болду. Анын бул жеңишке жеткирген жаңы ырларын кийинчерээк талдап чыгып, өзүнчө сөз кыларбыз. Азыр акындын 2016-жылы жарык көрүп, окурмандардын көңүлүн өзүнө дароо бурган, анын акындык дараметинин деңгээлин таасын көрсөткөн “Алыстагы ак жарык” ыр жыйнагы тууралуу мурда жазылган макалабызды кайра толуктап сиздерге сунуштагыбыз келди. Бул макалабыз “Алтын калемге” татыктуу деп табылган Нарсулуу Гургубаеванын чыгармачылыгынын өзгөчөлүгүн кайсы бир деңгээлде ачып берүүгө өбөлгө түзөр деген үмүттөбүз. Анда эмесе, аталган жыйнак тууралуу сөзүбүздү баштасак. Сөзгө алынган жыйнактын толугу менен…..

Нарсулуу Гургубаева: Мен Кудайга салып турсам сыртымы, Не Кудайдай жалгыз болуп көрүндүң?!

***** Аяп турдуң, аяп турдум… Билгендей, Кар аярлап жаап жатат ал тургай. …Кеткен сенсиң кезегинде бир келбей, Кеткен менмин кезегинде таптырбай…   …Сен бир киши азыр калбаат, бүлөлүү калып кеткен далдаасында жылдардын… Улам үйлөп колун, көөнүн, жүрөгүн, мен болгону үшүп турган бир жанмын…   Эми айтсак, айтпасак не өзгөрөт? Сүйүү дайым бүткөн жерден башталат. Бул сүйүүгө туруксуздар сөз берип, Айыптуулар гана алдында актанат.   …Кардан парда кайкып турган мунарык, Кайрылышка чейин гана көз жетет… …Качандыр бир ушул сүйүү тууралуу, “оо, жөн эле, жөн эле бир сөз” дешет…   Кабагыңда кардын толугу менен…..

Абдыкерим Муратов: Түш кууган күн

Түш кууган күн Эгемали жанын сыйпалап зайыбынын ысык танаси колго урунбаганга чочуп кетти. Көзү пар ачылды. Акыры кырк жыл болду. Мындай болгон эмес. «Туруң, атасы, намаз убактысы болуп калды» дейт эле зайыбы ошол кырк жылдан бери. Мал издеп ойду – ой, тоону – тоо кыдырып, бутун тарта албай келгенде да, арапаликта ашка көп тоюп алып, ашказаны оо бир убакка чейин өйкөп чыкканда да, кар аралаш көмүр келип, шыбыргакта бир машина көмүрдү жалгыз өзү чаркардын бурчуна ташып чыкканда да – иши кылып качан болбосун, сааркы үрүл-бүрүлдө Алиймасы намазга ойготкондо ооналактап жата толугу менен…..

“Алтын калем” адабий сыйлыгынын жеңүүчүлөрү сыйланды

12-декабрь – Улуттук адабият күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, министрликтин алдындагы Улуттук адабиятты өнүктүрүү борбору, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу биргеликте уюштурган салтанаттуу иш-чара Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өттү. Министрдин орун басары Түмөнбай Колдошов, Жазуучулар союзунун төрагасы Нурланбек Калыбеков калемгерлерди бүгүнкү майрамы менен куттуктады. Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө жыл сайын уюштурулуп келген республикалык “Алтын калем” адабий сыйлыгынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Конкурстук негизде ыйгарылган сыйлыкка драма жанры боюнча 8 автор, поэзия жанры боюнча 29 автор, проза жанры боюнча 19 автор чыгармалары менен катышкан. Калыстар толугу менен…..