Умар Нусубалиев: Өзүңдү сүйүп өтүү үчүн мага, Өмүрдө билбейм канча сентябрь бар?..

Сом курттар

Кууратып жалбыракты, чөптү жеген,

Курттар бар эсеби жок көп түрлөгөн.

Талдын дагы, теректин да,

тамырын жеп өстүрбөгөн.

 

Ак курт бар, кара курт бар,

сары курт бар,

Алардан жийиркеничтүү,

Жаралды жаңы курттар.

 

Өрүктү курт жегендей,

Өлкөмдү курттар жеди.

Алманы курт жегендей,

Ата-Журтту курттар жеди.

 

Сомкурттар кайнап-кычып кыжылдашкан,

Сомкурттар былжып-сасып быжылдашкан,

Жаланышып, жанталашып,

жутунушуп сомдорду жутуп аткан.

Оролушуп жыландардай,

уюгунда уюп жаткан.

 

Сомкурт… сомкурт… сомкурттар,

Сомду жеген,

Коон жегендей,

Коомду жеген…

 

Тойбос курттар силерди,

Тоо жерип койсо экен,

Жегич курттар силерди,

Жер жерип койсо экен.

Соргуч курттар силерди,

сормо саз сорсо экен.

Сомкурт, сомкурт… сомкурттар,

Сорулуп бириң калбай,

Соңку курт болсоң экен!

 

Күз күнүндө

Бишкектеги салкын суз ушул күздөн,

Бир жылуулук кимдендир күтүп жүрөм.

Адамдардан адамдык жүрөк сезбей

Автобуска ар күнү түшүп жүрөм.

 

Толгон элдер көчөдө тегеренет,

Толкунданам көңүлүм элеп-желеп.

Токтоп салып кетчүдөй бүт ызамды,

Троллейбусту токтоткум келе берет.

 

Тагдырымдан көп адам алдаганда,

такыр дилден ишеним калбаганда.

Таза көңүл бар жерге алпарчудай,

Таксиге чалгым келет кайра-кайра…

 

Тагдыр тагы

Аз эмес айып күнөөбүз,

Ак эмес сен да, мен деле.

А бирок бизге бул өмүр,

Апапак сүйүү берди эле.

 

Тар турмуш неге таптатат,

Тебелеп тепсеп гүлзарды.

Ак сүйүү биздин таптаза,

Ак кийим өңдүү булганды.

 

Капыстан тосуп күнүмдү,

Карарган күүгүм кеч кирди.

Көлгө окшоп турган сүйүүмдү,

Көлчүктөй кечип кеттиңби?..

 

Өткөнчө өмүр жармашып,

Өкүнүч тордон чыгалбай.

Өтөрмүн ачуу заар чачып,

Өзүмдү чагып жыландай.

 

Калайын мейли көп түтөп,

Кагаздай күйүп өрттөлүп.

Сөөгүмдөн бери эзсе да,

Сүйүүнү калбайм жек көрүп…

 

Мен сүйгөн сулууга

Жаш сүйүүм жумшак соккон желдей өттү,

Жаштыктын жалын күнү сен деп өттү,

Өкүнүч отун жагып алоолонтуп,

Өчүрбөй кеттиң эркем мендеги өрттү.

 

Эки жан. Эки жүрөк… элеп-желеп,

Эң назик сезимдерди багар элек.

Экөөбүз баратканда катар басып,

Эки кол канатка окшоп калар эле.

 

Сулуулук жуурулушуп таза тунук,

Сүзүлгөн кирпигиңде калар туруп.

Турмушту күлкүң менен шаңдандырып

Турарсың турпатыңдан көз тайгылып.

 

Ак жүзүң миң түрлөнүп, миң кубулуп,

Ар баскан кадамыңды сүйүү кылып.

Өтөрсүң тал-тал тарап сулуу чачың,

Өмүрдү өзүңө окшоп сулуу кылып.

 

Биздин кино

Актрисам баш ролдогу,

Аябай жакшы ойнодуң.

Жаш сулуу жашоодогу,

Жүрөккө так болгонун.

 

Жаш жигит жалындаган,

Жанында сенек жандын.

Ой басып калып калган,

Образын мен аткардым.

 

Ар кимдер жанталашкан,

Азгырды сени күн-түн.

Чалышып туш тараптан,

Чакырды ролго түркүн.

 

Бир көзүм чыккансып мен,

Бүк түшүп сынып турдум.

Картадан уткансып сен,

Каткырып күлүп турдуң.

 

Тагдырым көңүл жанчып,

Турсам мен кайгы тартып.

Концертте отургандай,

Кол чаптың шатыратып.

 

Той болмок үйлөнүүгө,

Тасма эң узун эле.

Сен жүрчү ал кинодо,

Секунд да кызык эле.

 

Турмушта жакпай турган,

Терс ролду алчу болбо.

Жүрөгүң каалап турган,

Жетсең дейм жакшы ролго.

 

Күтөмүн бир күн болот,

Көңүлүм кубанат деп.

Бүтпөстөн биздин кино,

Бир күнү уланат деп.

 

Бир кезде уланат деп…

 

Бир кечте

Бир кечте сен сүйүүмдү жерге чаптың,

Бир кечте мен гүлүмдү жерге чаптым.

Бийикте турган биздин бийик сүйүү,

Бир кечте бир күндө эле жерде жатты.

 

Ал кечте рамкадагы сүрөт сынган,

Ал кечте таттуу кыял тилек сынган.

Айнектей ошондогу быркыраган,

Айнектей быркыранып жүрөк сынган.

 

Бир жүрөк сынган ошол сендик эле,

Бир жүрөк сынган ошол мендик эле.

Ал сынган жүрөктөрдү бириктирүү,

Биз жасар сүйүүдө чоң эрдик эле.

 

Ал кечте мендей ыйлап жаштык үнү,

Мен чапкан гүлдөй жерде жатты сүйүүм.

Ал ыйым ал көз жаштар меники эмес,

Ал ыйым ыйы болчу ак сүйүүнүн!

 

Сезимдеги сентябрь

Сентябрь… сенин келер күнүң эле,

Сентябрь… күтүү, үмүт, сүйүүм эле.

Сен келчү, сени көрчү сентябрды,

Сезимим толкуп канча күттүм эле.

 

Көңүлдү толкундантып сен келериң,

Көп күтүп сентябрды дегдегенмин.

Сен келдиң, сентябрь да келди күткөн,

Сен бирок мени менен кездешпедиң.

 

Өзгөчө муздак жааган суз жамгырлар,

Өтүштү сентябрдан соңку сааттар.

Өзүңдү сүйүп өтүү үчүн мага,

Өмүрдө билбейм канча сентябрь бар?..

 

Сени көп күтүп балким мен жаңылдым,

Сезбедиң сүйгөн жандын сен кадырын.

Сезимде калып калды бир өмүргө,

Сенсиз бул өткөн менин сентябрым.

 

Сезимде калды сенсиз сентябрым.

 

Ыйлаган ыр

Уурдаттым кымбат бактым,

Ушул кез кайгылуумун.

Узун түн ыйлап жаздым,

Ырын бул айрылуунун.

 

Поезддер көп каттаган,

биз жүрчү темир жолдой.

Сен укпай жалынганым,

Сезимиң темир болду.

 

Эч кимден алалбас мен,

Эрдиңдин даамы калды.

Эч жерден табалбас мен,

Колуңдун табы калды.

 

Күкүмдөй үбөлөнүп,

Каламбы бириге албай.

Муңканып жүрөр көңүл,

Муңдуу бир музыкадай.

 

Шам өчкөн айсыз түндө,

Шамалдай шуулдап турсун.

Бул өмүр түгөнгөнчө,

Бул ырым ыйлап турсун!

 

Бир сезим

Өзүңдү көргөн алгачкы

Өмүрдүн эстеп бир кечин,

Деңиздин толкуганындай,

Денемде толкуйт бир сезим.

 

Бурулуш жолу тагдырдын,

Буюруп сени сүйүүнү.

Бул турмуш мага ыйгарды,

Булуттай таза бир сүйүү.

 

Жаркытып жашап жашоону,

Жадырап жүрсөң жаз күздө.

Талааны көрктөгөн гүлдөй,

Тагдырды көрктөдүң күндө.

 

Өзүңдү көргөн алгачкы,

Өмүрдүн эстеп бир кечин.

Деңиздин толкуганындай

Денемде толкуйт бир сезим.

 

Жалган жашоодон чын сүйүү таптым

Жалган жашоодон чын сүйүү таптым,

Тар жолдо бастым, таш жолдо бастым.

Тагдырдан тапкан таза сүйүүнүн,

Таттуусун эмес, ачуусун таттым.

 

Катаал жолунан кайтпай сүйүүмдүн,

Кар жолдо бастым, канча жүгүрдүм.

Кымбат сүйүүгө туш кылып турмуш,

Кыска өмүрдө узакка сүйдүм.

 

Көңүлгө сактап сүйүүмдү жаркын,

Көздөгөн жолду көшөрүп бастым.

Күнөөгө толгон жашоодон ушул,

Күнөөсүз таза бир сүйүү таптым.

 

Жалган жашоодон чын сүйүү таптым.