Нуриза Өмүрбаева: Оо, ошондо кандай керек болчусуң! Мени мендей сактоо үчүн өзгөртпөй

***** Чарчатат ушул турмуш башаламан, Жашаймын күндү узатып, таңды тосуп. Арманым, арызымдан тажабаган, А деңиз жанымдагы жалгыз досум.   Жашоонун жасалмалуу шаңы менен, Көөнөргөн көңүлүмдү алдап келдим. Жандарды жүрөгүмдү тааный элек, Жарыгым тийбей мен да жандап көрдүм.   Боштукка боюн таштап, жылдар өлөт, Үлбүрөп чырак өчөт түнөгүмдө. Күнүмдүк жанган отко жылынам деп, От жакпай койгон экем жүрөгүмө.   Жарыкка батпаган жан кайда батат? Жалган деп жашаганым чыным экен. Сурабайм бакыт. Бактым алда качан, Кудайдын колдорунан чыгып кеткен.   Ыйласам болмок бүгүн себебим көп, Баягы оттуу нур жок карегимде. Жашоонун өзү толугу менен…..