Кыргыз адабиятчысынын китеби Түркияда жарык көрдү

Белгилүү окумуштуу, адабиятчы, филология илимдеринин доктору, профессор Лайли Үкүбаеванын “Чыңгыз Айтматовдун каармандарынын көркөм дүйнөсү” аттуу китеби Түркияда жарыкка чыгып, түрк окурмандарынын колуна тийди. Аталган эмгек улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесине карата Анкара шаарындагы белгилүү “BENGÜ’ басмаканасында басылып чыкты. Кыргыз адабиятчысынын бул илимий китебин Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин доценти Халит Ашлар түрк тилине которгон.

Лайли Үкүбаева: Акын Бектуруш Салгаманинин бейнесине сүртүмдөр

Акын Бектуруш Салгаманинин бейнесине сүртүмдөр Азыркы оомалуу-төкмөлүү заманда кыргыз көркөм  сөз өнөрү арабасын кылдыратып, эзелтеден берки эпикалык бай дүйнөбүздүн түндүгүн түшүрүп, коломтосун өчүрбөй келатканына мен кыргыз жараны катары да, адабий ишке тиешеси бар кесипкөй инсан катары да миӊ мертебе шүгүрчүлүк кылып келем. Анткени эгемендиктин алгачкы жылдарында биринчи сокку биздин экономикабызга эле эмес, ошону менен катар эле маданиятыбызга тийгени да күнү бүгүн эстен кетпейт. Жылмалабай ачыгын айтсак, ушу бүгүнкү күндө да жыргап кеткен абалда эмеспиз. Башкасын айтпаганда да, акын-жазуучуларыбыздын чыгармаларын калайык калкка тааныштырып, байма-бай жарыялай турган, дамамат чыгып туруучу бир дагы толугу менен…..

Лайли Үкүбаева: Көркөм котормонун залкары – Мырзаян Төлөмүшов

Көркөм котормонун залкары – Мырзаян Төлөмүшов 2022-жылдын 20-ноябрында кыргыз элинин таланттуу уулдарынын бири, залкар котормочу, КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер Мырзаян Төлөмүшов 80 жашка толуп, кутман курагын белгиледи. Ал 1942-жылы Нарын областынын Тянь-Шань районуна караштуу Кум-Бел айылында туулган. 1961-жылы Казан-Куйгандагы Оттук орто мектебин бүтүргөндөн кийин Кыргыз мамлекеттик университетине (университет ал учурда ушинтип аталчу) филология факультетине кирген, бирок ошол учурдагы аскердик тартипке ылайык 1963-1966-жылдары Советтик армиянын катарында кызмат өтөөгө туура келет. Армиядан кайтып келип, 1966-жылы окуусун университетте кайрадан улантат. Биз, курсташтары, Мырзаян Төлөмүшов менен ошол мезгилдерде таанышкан элек. Мырзаян байке (бизден толугу менен…..

Профессор Лайли Үкүбаева ТҮРКСОЙдун Алтын медалы менен сыйланды

23-декабрда Түрк дүйнөсүнүн маданий кызматташуу эл аралык уюмунун (ТҮРКСОЙ) баш катчысы Султан Раев профессор, филология илимдеринин доктору Лайли Үкүбаевага ТҮРКСОЙдун Алтын медалын тапшырды. Сыйлык Л.Үкүбаевага Түрк дүйнөсүнө, кыргыз адабиятына жана айрыкча, Айтматов таанууга сиңирген эмгеги үчүн ыйгарылды. Профессор, адабиятчы Лайли Үкүбаева Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы, жазгыч акындардын чыгармачылыгы, кыргыз адабиятынын тарыхы, азыркы адабий процесс ж.б. багыттарда жазылган 18 фундаменталдуу изилдөөлөрдүн автору, өзүнүн илимий мектеби бар устат жана педагог. Учурда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде эмгектенип келет.

Лайли Үкүбаева: Чыңгыз Айтматовдун романдарында азыркы учурдун глобалдуу маселелеринин көркөм иликтениши

10-июнь Чыңгыз Айтматовду эскерүү күнүнө карата жазылган Филология илимдеринин доктору, профессор Лайли Үкүбаеванын “Ч.Айтматовдун романдарында азыркы учурдун глобалдуу маселелеринин көркөм иликтениши” аттуу макаласын сунуш кылабыз. Чыңгыз Айтматовдун романдарында азыркы учурдун глобалдуу маселелеринин көркөм иликтениши Чыңгыз Айтматов жазуучу-философ катарында чыгармачылык өмүрүндө дайыма адам жана адамзат жашоосунун эң бир терең сырларына сүңгүп кирип, алардын нары татаал, нары карама-каршылыктуу, өтө курч жагдайларын көркөм иликтөөнүн жардамы менен жогорку, эң жогорку көркөм-эстетикалык, философиялык деңгээлде ачып берүүгө аракет кылып келди. Өз чыгармаларында каармандарынын кубаныч, азаптарын өтө баамчыл, терең психологиялуу сүрөттөө менен гана чектелгени жок. Жазуучу аны толугу менен…..

Лайли Үкүбаева: Элдик нукура талант – Сардарбек Рыскулов

Жазуучу Сардарбек Рыскуловдун 100 жылдыгына карата “Кашка ат Карагер жорго” аттуу чыгармалар жыйнагы жарык көрдү. Бул китепке буга чейин бир нече ирет басылган белгилүү повесть, аңгемелери, драма, интермедия жана ырларынын топтому киргизилген. Ошондой эле эл оозунан алынган санжыра, уламыштар жана өзүнүн тагдырындагы өзгөчө кырдаалдарды чагылдырган аңгеме баяндары камтылган. Кара сөздүн чебери катары окурмандардын жүрөгүнөн түнөк таап, кеңири чөйрөдө көп ирет окулган чыгармалардын автору катары таанылган С.Рыскуловдун китеби бардык окурмандарга арналат. Аталган китеп боюнча адабиятчы, филология илимдеринин доктору, профессор Лайли Үкүбаеванын жазган макаласын сунуштайбыз. Элдик нукура талант – Сардарбек Рыскулов Жазуучу толугу менен…..

Лайли Үкүбаева: Тоолор улам бизден алыстаган сайын бийик көрүнөт

Тоолор улам бизден алыстаган сайын бийик көрүнөт Касым Тыныстановго 120 жыл Адамзат жашоосунда бардык эле адамдын тагдырына “биринчи” болуу шыбагасы тие бербейт. “Биринчи” болуу кокустукпу, зарылдыкпы, мыйзам ченемдүүлүкпү? Ырасында бул суроого оңой-олтоң эле “мынакей”, “мындай” деп так кесе жооп бере коюш да мүмкүн эместей көрүнөт. Анан калса “биринчилик” да салыштырмалуу нерсе го. Бирок да “аксиомага” айланган, эч бир кынтыксыз, талашсыз, “биринчилердин” бардыгы да чындык! Аны канча мезгил өтсө да тана албайсың, төгүнгө чыгара албайсың. Биринчиби, биринчи! Кыргыз элинин тарыхый – коомдук өнүгүүсү менен эриш-аркак жаралып, анын тагдыр – таржымалынан ажырагыс толугу менен…..

Лайли Үкүбаева: Мелис Абакировдун повесттери: кѳркѳм чеберчилик маселелери

Мелис Абакировдун повесттери: кѳркѳм чеберчилик маселелери 1990-жылдары дүйнѳдѳгү улуу державалардын бири деп эсептелген СССР ѳзүнүн табигый жашоосун токтотуп, СССРдин курамындагы союздук республикалар деп аталган ѳлкѳлѳр саясий-коомдук турмуштун жаңы тилкесинде жашоого ѳтүүгѳ тарыхый шарт түзүлдү. Эгемендүүлүккѳ ээ болгон Кыргызстан да ѳз алдынча «арабасын» кылдыратып, туңгуюктан жол табуунун аракетинде болду. Мурда Коммунисттик партиянын жетекчилигинде келген, келечеги «айкын коммунизм» болгон мамлекеттер үчүн бул тарыхый жаңы шарт жашоо-турмуштун бардык сфераларында болуп кѳрбѳгѳндѳй жаңы кыйынчылыктарды алып келди. Албетте, анын ичинде калктын рухий байлыгын түзгѳн адабият, маданиятка да оор болду. Совет адабиятынын ѳнүгүш багыттарын аныктаган, совет толугу менен…..

Лайли Үкүбаева: “Тарыхтын актай барактарын” талбастан тактай берген Роза эже

“Тарыхтын актай барактарын” талбастан тактай берген Роза эже Өткөн жылдын аягында белгилүү инсан, педагог, окумуштуу Роза Төрөкуловна Айтматованын атасы жөнүндөгү эскерүүлөрү кыргыз жана орус тилдеринде жарык көрдү. (“Атам жөнүндө” Б.: – 2020, “Мой отец  как государственный деятель” Б.:- 2020). Бир тууган жээни, жазуучу Асан Ахматов менен авторлош болуп жазган “Ата –Бейит” (Бишкек.-2020) романы жана өзүнүн өмүр жолун чагылдырган “Өмүр белеси” аталышындагы мемуары да жазылып бүтүп, окуучулардын колуна тийди. Ошентип өткөн жыл Роза эже үчүн чыгармачыл түшүмдүү жыл болду десек болот. Аталган китептер туурасында алдыда далай кеп-сөз болуп, пикирлер айтылары турган толугу менен…..