Профессор Лайли Үкүбаева ТҮРКСОЙдун Алтын медалы менен сыйланды

23-декабрда Түрк дүйнөсүнүн маданий кызматташуу эл аралык уюмунун (ТҮРКСОЙ) баш катчысы Султан Раев профессор, филология илимдеринин доктору Лайли Үкүбаевага ТҮРКСОЙдун Алтын медалын тапшырды.

Сыйлык Л.Үкүбаевага Түрк дүйнөсүнө, кыргыз адабиятына жана айрыкча, Айтматов таанууга сиңирген эмгеги үчүн ыйгарылды.

Профессор, адабиятчы Лайли Үкүбаева Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы, жазгыч акындардын чыгармачылыгы, кыргыз адабиятынын тарыхы, азыркы адабий процесс ж.б. багыттарда жазылган 18 фундаменталдуу изилдөөлөрдүн автору, өзүнүн илимий мектеби бар устат жана педагог.

Учурда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде эмгектенип келет.