Рахат Аманова: Аа, ошону айтсаң, кемпир

Аа, ошону айтсаң, кемпир Калың дубалы терезелердин текчесинен баамга урунган эски үйдүн айнектери бууланып, оймоктой бөлмөнүн ичи кайнайт. Колго оңдуу үчүн малакай, тебетей, калпак, жоолук, кол капты коё салганга ыңгайлуу, майда- барат буюм- тайым коюлган текчелерге канча жылдан бери буу тамчылай берип, тактайынын боёгу өчүп калган. Айнек пардалардын кыймасы жипке өткөрүлүп, эки жагынан мыктарга байланган жерин көк басып, катып калган эле. Кемпирге гүлү жакпай бузулган крепдешин көйнөгүнөн тигилген кыска, окшош пардалар үч бөлмөдө көп жылдан бери тагылып турат. Жатарда таш көмүрдүн чогуна каланган көңдүн табынан темир меш дуулдап, үстүндө капкагы толугу менен…..