Абдыкерим Муратов: Түш кууган күн

Түш кууган күн

Эгемали жанын сыйпалап зайыбынын ысык танаси колго урунбаганга чочуп кетти. Көзү пар ачылды. Акыры кырк жыл болду. Мындай болгон эмес. «Туруң, атасы, намаз убактысы болуп калды» дейт эле зайыбы ошол кырк жылдан бери. Мал издеп ойду – ой, тоону – тоо кыдырып, бутун тарта албай келгенде да, арапаликта ашка көп тоюп алып, ашказаны оо бир убакка чейин өйкөп чыкканда да, кар аралаш көмүр келип, шыбыргакта бир машина көмүрдү жалгыз өзү чаркардын бурчуна ташып чыкканда да – иши кылып качан болбосун, сааркы үрүл-бүрүлдө Алиймасы намазга ойготкондо ооналактап жата бербейт, шарт турат да, төшөктөшү ылымылык кылып койгон абдестедеги сууга даарат алып, намазга жыгылат. Өмүрү Алиймадан башка жатып көргөн эмес, өмүрү сааркы багымдатын каза кылган эмес.

Эшикке чыгып Эгемали күндөгү ордунан абдестени алып, дааратка жөнөдү. Суунун табы кайта түшүптүр. Алийманын турганына анча болуп калгандай чамасы. Ары-бери көз агытса зайыбы тамарканын аягынан өткөн суунун боюнда отуруптур. Ошол жакка басты Эгемали. Аны көрө сала Алийма ордунан ыргып өйдө боло берди да:

-Турдуңузбу, атасы, – деди, өзүн күнөөкөр санап калпка жылмайымыш этип.

Эгемали унчукпады. Бир аз таарынганын туйдурду. Ойготуп койбогонго нараазыланды.

-Ушул түшүм ушул түн менен, ушул кара суу менен кетсин! – Алийма суу ууртап оозун үч жолу чайкап, ары карап бүркүп таштады. Анан үйдөн ала чыккан илгертеден урунбай эле жаванда турган жыгач кесеге арыктан суу сузуп алды. – Башымдан тегеретип коюңузчу, атасы! – Мелт-калт суу куюлган идишти күйөөсүнө сунду.

-Жаман түш көрдүңбү? – Эгемали ушинтип бир ооз гана сурады да, «биссимиллдасын» айтып, кесени Алийманын башынан жети жолу тегеретти да. – Түкүр! – деди корстоно.

Алийма кеседеги сууга үч жолу түкүрүнүп койду. Эгемали «жаман түштөрдү, жамандыктарды алып кет» деп сууну арык бойлой узатасынан чачты да, жыгач кесени ошол эле жерге – чөп үстүнө көмкөрүп коюп, артын карабай келе берди…

 

*****

Алийма намаздан кийин кичине кыңкая калып тук этип алып, анан уйларын сааганы, падага кошкону чыкчу.

Бу жолу жаткан менен уйку качты. Таңкы түшү эсинен кетпей койду.

Түшүндө Эски-Ноокаттын базарын көрдү. Базардын ортосунда бир тамаркадай жер ачык эле да, ошону айланта кечинде маңдайы түшүрүлүп жабылып коймо дүкөнчөлөр салынган, оо өйдө жагы бир аз дөңүрөөк келип, ошол жердеги төрт-беш касапкана-дүкөндө эт сатылат. Жаш убакта атасы экөө ошол жердеги атасынын өзбек досуна эт алганы барышчу. «Кандай, ашина» деп атасы базардын баарына угуза бака-шака түшөт, «Эй, келиң, келиң, Баргыбай дос, келиң» деп касапчы кайрак ташка курчутуп аткан узун бычагын ары коё коюп, төш тийиштирип, далы таптап учурашат. «Келиң, буякка өтүң, бир пияла чай куюп берейин» дейт досу, атасы көнбөйт, «Гөштүн якшисидан эки кила тартың» дейт. «Хоп». Досу илинип турган эттин ар жеринен алып, таразага коёт да, кагаз калтага салып, досунан колуна карматып, пулун алат. Үйгө келгенде эле апасы Таасил урушуп калар эле, «Дос болбой куруп калсын, жөн эле томук салып коюптур» деп. Атасы карс-карс күлөт, «Касапчы энесине да сөөк тартат» деген ушул да, кемпир, мейли эми, кийинкиде карап алам…

Кийинкиде дале ошол…

Ошол эски базарды, ошол касапчыны көрдү түшүндө Алийма. Атасы экөө ошол касапчыдан эт алды. Оротодогу ачык жерде куду илгеркидей бир байлам суу агып атат да, анын жанында жети жыл мурда бу дүйнөдөн өтүп кеткен агасы Тойгон бирөө менен урушканы чокулашып турат. Атасы аны да өзүнө чакырып алды, анан Алиймага этти берип, экөөнү ээрчитип кетти. Кайда кетти, эмнеге кетти түшүнбөдү…

Алийма жата турайын деп балышка баш коёру менен ушул түшү дагы бир сыйра көз алдына келди. Эски-Ноокаттын эски базарын куду илгеркидей көрдү. Өлгөн атасы менен өлгөн агасын ээрчип кеткени… Алар ээрчитип кеттиби, же өзү ээрчип кеттиби – ажырата албай калды. Ушул жерди эстегенде эле Алийманын жүрөгү кысылып, денесин калтырак басат.

-Уктабадыңбы? – Эгемали намаздан кийин бир аз уктап кайра турду. – Жүр, уйларды ийитип берейин.

Экөө уйларга торпокторун салып, Алийма көөмүш уйду сааганга отурду. Эки жолу колунан чакасы ыргып, биринде сүтүн да төгүп алды. Мындай болчу эмес. Сегиз жылдан бери ушул уйду саайт, бир жолу же куйругу менен чапкылабайт, же бутун көтөрө койбойт. Бүгүн минтип чакасы ыргып, сүтү төгүлүп атат…

Уй саап атканда да Алийманын көз алдына түндөгү түшү кайра келе калды: Атасы ак шалбар, ак жегде кийип алыптыр, башында да аппак топусу бар экен. «Арбактардын кийими го» деп ойлогон Алийма.

Атасы түшүнө көп эле кирчү. Айрыкча өлгөн жылдарында. Түшүнө кирген сайын күбүрөнүп куран окуйт, же «атасы, бир тилебат кылып коюңуз» деп байынан суранат. Анан ошол күнү жыт чыгарат: боорсокпу, каттамабы, пиябабы, шорвобу – бир нерсе кылат да, дакталып аткан майдын жытын искеп атасын ойлоп көпкө үнсүз отурат.

Апасын такыр билбей калды, андан ажыраганда өтө кичине эле, атасы башка төшөк жаңыртпай Тойгон экөөнү элден кем кылбай кийинтти, ичинтти. Ошогобу – атасын көп ойлонот.

Алийма түшүн көп кармайт. Бир жолу түшүндө Тойгон агасын көргөн, төрт-беш кара мал айдап тоо аралап кетип атат, ошондон бир жума өтүп-өтпөй агасы төшөк тартып жыгылды, кесели ошондой экен.

Анан дагы бир күнү түшүндө маңдайкы тиши түшүп калды. Чочуп ойгонуп, түшүн сууга айтып отурса кабар келди, азыр эле агасынын көзү жумулуп кетиптир…

«Ээрчитип кеткени эмнеси» деп жиберди үнүн чыгарып саалган сүттү тартып жатканда да. Анын доошун эч ким укпады. Уга турган жанында киши жок эле. Чалы экөө гана жашайт.

Анан анын оюна балдары келди. Эркектен, ырас, бир гана баласы бар. Бар менен жоктун ортосу. Аты – Жаныш. Туулганда пайы бар эле, Байыш деген, кудай анысын буларга ыраа көрбөдү. Эгизден жалкы калгангабы – кичинесинен эрке өстү Жанышы. Үч аял алды. Бири да токтободу. Биринин да согончогу канабады. Ушул баласынын булар менен бирге жашайт дегени эле болбосо, үйдө анда-санда көрүнүп жок болот, кайда жүргөнүн жөндүү айтпайт. Өзү жакшы эле бала, бир айыбы – ичип алганда чыгат. Эки эже, бир карындашы бар, бири-бирин эш кылып кыйла жыл болду, иштейбиз деп бир гөргө кеткен, ошол жактан эрге тийишти, балалуу болушту, айылга келсе үч-төрт жылда классташтардын жолугушуусу деппи, досторубуздун тою деппи – келип калышат, атам менен апама келдик дешпейт. Ошолорго айткан, Жанышты да ошол жакка алып кетип иштеткиле деген. Кыздардын улуусу Канайым, «ал жакта эркек балдарды милийсалары кармай берет, документин бузуп, кайра айдап ийет» деген, кийинки кызы Эркайымы болсо боорукер кыз «акамди алып кетем, бутума туруп алайын» деген, андан бери же бутуна турбайт, же жыгылып калбайт – жүрөт. Үчүнчү кызы – Жаныштын карындашы ачык айрым неме «Аныңарды ал жакка алып барып, башыма балээ кыламбы, ансыз да мындай балээлердин биринен кутула албай жүрөм» деп так кесе айтып салган. Ошентип, баланын ал жактан да жолу болбоду.

«Ушул баланы үйлөп коюш керек эле» деген ой келди кокус эле Алиймага. «Атасы ээрчитип кетип атпайбы, кокус, кой, андай болбосун, бирок болуп калсачы, касаптын чийки эт бергени да жакшы эмес – же оору, же өлүм». Бүгүн эле, азыр эле бармак болду. Кайда болмок эле, өйдөгү көчөдөгү Пазилеттикине, кызы эки баласы менен эрден ажырап келиптир деген каңшаарды кулагы эшитип калды кечээ эле. Ошону уулуна ынатып келейин деди. Ынабаса да, айтып көрөйүн деди. Эки баласы да даяр экен. Чалы экөө эле багып алат өгөйлөбөй.

Сүттү шаша тартып бүтүп, сүт тарткан машинаны анан жуурмун деп жайына эле коюп сыртка чыкты. Пазилеттикине жөнөдү. Жолдо баратканда да түндөгү түшү, аппак кийимчен атасынын кыпкызыл эт көтөртүп, эчак өлгөн агасы экөөнү бир жакка ээрчитип баратканы… Кызык, колундагы эт малдыкы беле, жандыктыкы беле – биле албайт, кыпкызыл болчу. Ошол түш эч эсинен кетпей туруп алды…

Алийма барган жөнүн Пазилетке да, анын кызы Ырсалатка да айтты. Экөө тең тарс секирип жок дешпеди, көрөлү дешти, балаңыз өзү бир келсинчи дешти. Кудай урган баласы жөн бармак беле, ичип алып, ар нерсени сүйлөп барат да… Ушулар көнсө ылайыктуу жер эле. Кечинде Эгемалиге айтып, молдо кайнисин ортого салып, дагы бир барышат, буйруса, жакшы келиндүү болушат…

Кудуңдап келе жатканда да Алийманын түндөгү түшү оюн капыс эле чырмап калды. «Жаман түшүңдү сууга айт» дешчү эскилер. «Түштүн моюну кылдай, ары-бери жорула берет» дешет эле. Ошолорду эстеп шар аккан суунун кыргагына отура калып, түшүнүн эстеген жерлерин бүт сууга айтып берди. Үн чыгарып айтты. Айтып бүтүп турмуш агымындай айланган көк иримди карап кыйла отурду. Бир убак үйдө сүт тарткан машинанын жуулбай калганы эсине келип, жер таяна дармансыз ордунан оор козголду…

Үйүнө кошуна кемпир кошо кирди. Кээ-кээде сүйлөшүп кетет курган жалгыз бой неме. Сүт машинанын табактарын жууганча кумганга чай кайнатып жаңы тартылган каймак менен нан койду коноктун алдына. Экөө көпкө аны-муну сүйлөштү. Алийма кошунасынын көп сөзүн кулагына иле бербеди, түндөгү түшү анын оюн да, тигинин сөзүн да бузуп кетип атты.

-Имне эле болуп атасың? – деди бир нерседен шек алгандай кемпир.

Алийма сыр бербемиш болгону менен ичтен кыжалаттык булкуп чыкты. Айтты. Түшүн эстегенче айтып берди.

-Ушундай түш көрдүм! – деди аягында улутунуп да, калтырап, коркконун да билдирип.

-Сен да кызык катын экенсиң, – деди кошунасы, – түшкө нелер кирип, нелер кетпейт. Мен да таң атканча түш көрө берем, бирин да кармап кала албайм. Адамдан жашы өйдөлөгөн сайын түшүңө өлгөндөр көп кирет, каяктагы унутуп калган кишилер менен жүрө бересиң. Буйруса, жакшы болот экен, сени атаң менен агаң колдоп жатыптыр…

Бул сөзгө Алийманын ичи кичине жылып калды. Мурда да ооруп калса, атасы түшүнө кирип, ошонlон кийин жакшы болуп кетчү.

Болбой эле сарт бешим оой ордунан ыргып турду. Ичинен жеп аткандай болду бир курт кирип алып. Сай-Көчөдөгү Амира кемпирдикине жөнөдү. Бала-чаканы эмдеп-домдоп, киринелеп койчу ал эжеси. Түш да жоруйт деп уккан. Барары менен эле экөөнүн алдына бир кеседен пиява келди. Алийманын жумурунан бир ууртам өтсө кана. Отуруп берди.

-Келип калыпсың? – деди Амира кемпир кеп баштап.

-Түндө бир жаман түш көрдүм.

-Анда коё тур! – Амира кемпир белин түздөмүш болуп сыртка чыкты. Очоктон бир уучтай күл алып келди. – Ушул күлгө айт, түшүңдү!

Алийма үн чыгарбай кобурап, өрүктүн бозоргон күлүнө түшүн айтып чыкты. Айтып болдум дегендей кылганда Амира кемпир аны кагазга ороп, Алийманын колуна карматты.

-Азыр мындан чыкканда ушул бойдон сайдагы сууга ыргыт, жаман түшүң ошол бойдон агып кетет.

Алийма ошондой кылды. Күл салынган гезит акканы менен түш акпай койду. Сайдын ар-ар жерине токтоп, кайра-кайра түшүн айта берди. Ар айткан сайын кайра башына, көзүнө жаңыланып келип аткандай.

Үйүнө малдар келерде жетти. Мал менен кошо Эгемали да кирип келди.

-Имне болду, ыраңың азып калыптыр го? – деди абышкасы жубайына кадала карап.

Ичи толуп турган Алийма көзүнө жаш алды. Баарын айтты: түшүн айтты, коркуп атканын айтты, келин издеп өйдөгү көчөгө барганын айтты, түш жорутканын айтты. Кыздарынын карабай кеткенин айтты, уулунун тентип калганын айтты. Айтып бүтөр эмес, арманы толуп калыптыр. Бир убак аялына жини келген Эгемали этек кагып туруп кетти да:

-Түшүң түлкүнүн богу! Өзүң!.. – деп эшикке басты.

 

*****

Шам аралаш бир пас жата турайынчы деп Алийма бир кат эле жакандос салып, турган жеринен эле коомай кыңкайды…

Ошол жатышта атасы келди да, ээрчиткен бойдон алып кетти…