Нарсулуу Гургубаева: Мен Кудайга салып турсам сыртымы, Не Кудайдай жалгыз болуп көрүндүң?!

***** Аяп турдуң, аяп турдум… Билгендей, Кар аярлап жаап жатат ал тургай. …Кеткен сенсиң кезегинде бир келбей, Кеткен менмин кезегинде таптырбай…   …Сен бир киши азыр калбаат, бүлөлүү калып кеткен далдаасында жылдардын… Улам үйлөп колун, көөнүн, жүрөгүн, мен болгону үшүп турган бир жанмын…   Эми айтсак, айтпасак не өзгөрөт? Сүйүү дайым бүткөн жерден башталат. Бул сүйүүгө туруксуздар сөз берип, Айыптуулар гана алдында актанат.   …Кардан парда кайкып турган мунарык, Кайрылышка чейин гана көз жетет… …Качандыр бир ушул сүйүү тууралуу, “оо, жөн эле, жөн эле бир сөз” дешет…   Кабагыңда кардын толугу менен…..