ТҮРКСОЙ эл аралык уюму тарабынан жарык көргөн китептердин бет ачары өттү

Бүгүн А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында ТҮРКСОЙ эл аралык уюму тарабынан жарык көргөн китептердин бет ачары болуп өттү. Иш чарага ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы С.Раев, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, акын-жазуучулар, авторлор катышты. С.Раевдин демилгеси менен кыргыздын 50дөн ашуун акындарынын ырлары түрк тилине которулуп “Кыргыз акындарынын антологиясы” деген ат менен жарык көрдү. Мындан тышкары “Чыңгыз Айтматов”, “Жолон Мамытов”, Касым Тыныстановдун “Касым ырлары”, А.Акбаровдун ырлар жыйнагы китеп болуп басылган.  Китептер А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасына, КР Улуттук жазуучулар союзуна тапшырылды жана авторлорго берилди. 

Жаныбек Өмүралиевдин чыгармачылык жолугушуу кечеси өттү

Чыгармачыл чөйрөгө “Юморалиссимус” деген ат менен таанылган Жаныбек Өмүралиевдин чыгармачылык жолугушуу кечеси өттү. Бул жолугушуу кечени Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу “Сармерден” ресторанынын ээси Д.Орозалиевдин колдоосу менен уюштурду. Жолугушууга калемдештери К.Бакиров, К.Кадыракунов, Д.Керимов, Ө.Тиллебаев ж.б. акындар, автордун туугандары, “Жаңы толкун” адабий клубунун чыгармачыл жаштары катышты. КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков өз сөзүндө адабиятка активдүү аралашып жүрүп, узак жылдар чыгармачылыктан алыстап кеткен таланттарды кайрадан эл алдына алып чыгып, шыктандыруу максатында ай сайын бирден автордун чыгармачылык жолугушуу кечесин уюштуруп турарын билдирди. “Таанышың барда таңкасың, таанышың жокто маңкасың”, “Галстугу бар экен, калыстыгы жок экен” деген саптардын толугу менен…..

Профессор Лайли Үкүбаева ТҮРКСОЙдун Алтын медалы менен сыйланды

23-декабрда Түрк дүйнөсүнүн маданий кызматташуу эл аралык уюмунун (ТҮРКСОЙ) баш катчысы Султан Раев профессор, филология илимдеринин доктору Лайли Үкүбаевага ТҮРКСОЙдун Алтын медалын тапшырды. Сыйлык Л.Үкүбаевага Түрк дүйнөсүнө, кыргыз адабиятына жана айрыкча, Айтматов таанууга сиңирген эмгеги үчүн ыйгарылды. Профессор, адабиятчы Лайли Үкүбаева Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы, жазгыч акындардын чыгармачылыгы, кыргыз адабиятынын тарыхы, азыркы адабий процесс ж.б. багыттарда жазылган 18 фундаменталдуу изилдөөлөрдүн автору, өзүнүн илимий мектеби бар устат жана педагог. Учурда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде эмгектенип келет.