КР Эл баатыры Т.Сыдыкбековдун 15 томдук китеби жарык көрдү

Бүгүн, 12-апрелде Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармаларынын 15 томдук жыйнактар китебинин бет ачары өттү. Иш-чарага Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, Кыргыз Республикасынын Баатырлары Медеткан Шеримкулов, Алиясбек Алымкулов, академик Абдылдажан Акматалиев, Роза Айтматова, Сыртбай Мусаев, Кулубек Бөкөнбаев, Кыргыз Республикасынын эл акындары Надырбек Алымбеков, Анатай Өмүрканов, Кыялбек Урмамбетов, Жогорку Кеңештин депутаттары ж.б. бир катар коомдук ишмерлер, илим жана маданият чөйрөсүндөгү көрүнүктүү инсандар катышты. Иш-чарага министрдин биринчи толугу менен…..

“Эне тил жана руханий маданият” аттуу жыйын өткөрүлдү

Кыргызстанда жашаган этностордун эне тилин өркүндөтүү боюнча жана 21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө карата өткөрүлүүчү иш чаралардын 1 айлык планынын алкагында КР Улуттук жазуучулар союзу, А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасы, Улуттук адабиятты өнүктүрүү борбору биргеликте “Эне тил жана руханий маданият” аттуу жыйын өткөрдү. Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары К.Кадыракунов модераторлук кылган жыйынга төрага Н.Калыбеков, КР Эл жазуучусу М.Абакиров, КР Эл акындары Т.Закирова, К.Култегин, ф.и.д. профессор А.Эгембердиева, балдар акыны, улуттук жазуучулар союзунун катчысы Ж.Акаева китепкананын эмгек жамааты жана студенттер катышты.  Жыйында адабий баяндамалар жасалып, акын-жазуучулар эне тилдин азыркы толугу менен…..

Түркияда жарык көргөн “Кыргыз поэзиясынын антологиясы” китебинин бет ачары өтөт

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу ТҮРКСОЙ эл аралык уюму менен бирге 2022-жылдын 24-декабрында саат 11:00дө А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасынын Ч.Айтматов залында С.А.Раевдин демилгеси менен Түркияда жарык көргөн “Кыргыз поэзиясынын антологиясы” китебинин, бул китеп менен катар “Чыңгыз Айтматов”, “Жолон Мамытов” китептери, К.Тыныстановдун “Касым ырлары” жана А.Акбаровдун ыр жыйнагынын бет ачары өтөт.  Катышууну каалагандар үчүн эшик ачык.

Улуттук китепканада Жазуучуларды колдоо марафону өтүүдө

Бүгүн А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзун колдоо боюнча марафон башталды. МарафондуЖазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков ачып берип, өтүп жаткан марафон ийгиликтүүболушун каалады. Маданият, маалымат, спорт жана туризм министринин катчысы Б.Секимов катышты. Марафонго жалпы акын-жазуучулар, белгилүү адабиятчылар, коомдук –мамлекеттик ишмерлер, ишкерлер ж.б катышууда. Кыргыз Республикасынын Эл акыны М.Ааматов: “Бул марафон адабияттын ойгонушу болсун, акын-жазуучуларга шарттар түзүлүп, дүйнөлүк деңгээлге чыга турган чыгармалар жазылсын” деген тилегин билдирди. Марафон кечке чейин уланат.

Марафондун өтө турган орду А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасына которулду

Урматтуу мекендештер, Урматтуу калемдештер жана адабият сүйүүчүлөр, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу 2022-жылдын 9-декабрында саат 10:00дө марафон өткөрөт. Марафондун өтө турган орду өлкөбүздө өтүп жаткан ЕАЭБ саммитине байланыштуу Мамлекеттик тарых музейинен А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасына которулду. Катышуучуларды Улуттук китепканадан күтөбүз. Марафондун максаты: КРнын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкармалыгынын “Мамлекеттик имараттар департаменти” мамлекеттик ишканасына 2018–жылдын 31–декабрына карата коммуналдык төлөмдөргө болгон 1457071 (бир миллион төрт жүз элүү жети миң жетимиш бир) сомдук карызын төлөө; КР Улуттук жазуучулар союзунун материалдык жана техникалык базасын чыңдоо; Улуттук адабиятты колдоо. 1934 – жылы уюшулуп, 2004 толугу менен…..

Акын Алымкан Дегенбаева 80 жашта

КР Улуттук жазуучулар союзу менен А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасы акын, котормочу, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер Алымкан Дегенбаеваны 80 жылдыгы менен куттуктап, автор менен жолугушуу уюштуруу. Аталган китепкананын Ч.Айтматов залында өткөн жолугушууга КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары К.Кадыракунов, кыргыз эл акын-жазуучулары, замандаштары, күйөрмандары жана И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин студенттери катышты. Жолугушуу кечеге КРУЖС поэзия секциясынын башчысы, акын, ф.и.д. А.Эгембердиева модераторлук кылып, келген меймандар А.Дегенбаеванын чыгармачылыгы боюнча кеңири сөз кылышты. Өз сөзүндө К.Кадыракунов авторду 80 жылдык мааракеси менен куттуктап, адабиятка сиңирген көп жылдык эмгеги үчүн КР Улуттук толугу менен…..