“Алтын калем” адабий сыйлыгынын жеңүүчүлөрү сыйланды

12-декабрь – Улуттук адабият күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, министрликтин алдындагы Улуттук адабиятты өнүктүрүү борбору, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу биргеликте уюштурган салтанаттуу иш-чара Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өттү. Министрдин орун басары Түмөнбай Колдошов, Жазуучулар союзунун төрагасы Нурланбек Калыбеков калемгерлерди бүгүнкү майрамы менен куттуктады. Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө жыл сайын уюштурулуп келген республикалык “Алтын калем” адабий сыйлыгынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Конкурстук негизде ыйгарылган сыйлыкка драма жанры боюнча 8 автор, поэзия жанры боюнча 29 автор, проза жанры боюнча 19 автор чыгармалары менен катышкан. Калыстар толугу менен…..

12-декабрь – Адабият күнү менен куттуктайбыз!

Урматтуу калемдештер, Жалпыңыздарды бүгүнкү “Адабият күнү”  менен куттуктайбыз! Сиздер, ар бир жазган чыгармаңыздардын ар сабына түнөп, түн күзөтүп, күн кечирип түйшөлүп отуруп, окурмандардын колуна тапшырасыздар. Ошол чыгарманын багы ачылса, сиздердин багыңыздар ачылып, жылдызыңыздар жанат. Андыктан ар бир жазган, жараткан эмгегиңиздердин акыбети кайтып, адамзатка жарыгы тийип турсун демекчибиз. Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун Башкармалыгы калемгерлерди колдоо, чыгармачылыгына шарт түзүү, шыктандыруу максатында алгылыктуу иштерди аткарып келе жатат. 2 жылдан бери Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен “Алтын калем” республикалык адабий сыйлыгын уюштурууну колго алып, поэзия, проза, драма толугу менен…..