Алик Акималиев: Кел, ойнойбуз ушуну (балдар үчүн)

Мен бешик термете алам, а сенчи? Жел бешиги термелип, Жер бешиги термелип. Ай мончогу байланып, Күн мончогу айланып. Ал-лей, ал-лей, ай бөбөк, Ал-лей, ал-лей, ай бөбөк. Бешик боосу бек болсун! Бейкут күн-түн көп болсун! Бала мышык талашып, Бал каймагын жеп койсун! Ал-лей, ал-лей, ай бөбөк, Ал-лей, ал-лей, ай бөбөк. Аймончоктой алтын бол! Күнмончоктой күмүш бол! Анан бизге чачырап, Акылдуу бол! Сулуу бол! Ал-лей, ал-лей, ай бөбөк, Ал-лей, ал-лей, ай бөбөк.   Асан-Үсөн Булут ыйлап басылып, Күн күлүңдөп чачылып. Ой, ой! Кызык! Асманда, Кылыч турат асылып.   Түрлүү түстүү шоолалар, Көк толугу менен…..

Казат Акматов: Мансапкор күчүк (тамсил)

Мансапкор күчүк (тамсил) Короочу деген бир күчүк атак-даңк жөнүндө көп ойлончу болду. Өзү аябагандай уйкучу. Керээли кечке уктайт. Анан ойгонсо эле атак жөнүндө ойлоно кетет. Бир күнү ал атасына келип “музыкант болом” деген тилегин айтты. Атасы менен энеси ошого аябай сүйүнүшүп, Короочуну дароо эле музмектепке жетелеп барышты. Ал жерде келгендердин жөндөмүн текшерүүчү мугалим болот экен. –Кана, күчүгүм, рояльдын баскычтарын мен баскандай басып до-ре-ми-фа-соль-ля-си деген үндү чыгарчы, – деди мугалим. Күчүк дароо макул болуп рояльдын баскычтарын басса эле ав-ав, ав-ав деген добуш чыгат. Эки-үч саатча убара болду мугалим. Бирок күчүктөн ав-авдан толугу менен…..

“Бир ырдын сынагы” жыйынтыкталды

2020-жылдын 25-ноябрь күнү ички иштер органдарынын күнүмдүк турмушун, ишмердүүлүгүн, эрдигин даңктоо жана Кыргыз милициясынын образын ачып берүү максатында уюштурулган поэзия жанрындагы “Бир ырдын сынагы” аттуу конкурстун жыйынтыгы чыгарылды. Бул конкурска жиберилген чыгармаларды тандоодо атайын топ түзүлүп, кара кылды как жарган калыстар тобунун курамына Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунан жана ИИМдин кызматкерлеринен кирген. Калыстар тобунун курамына Жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков, төраганын орун басары Керимбек Кадыракунов, акын, филология илимдеринин доктору Аида Эгембердиева, КРнын Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясынын башчысы Нурбек Маамытбаевдер мүчө болушту. Бүгүн салтанаттуу түрдө милициянын жаркын образын ачып, анын толугу менен…..

Акын Жолдошбек Бузурманкулов дүйнөдөн өттү

Кыргыз адабияты оор жоготууга учурады КРнын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, акын Жолдошбек Бузурманкулов дүйнөдөн өттү. Бузурманкулов Жолдошбек Карабалаевич 1946-жылы Талас облусунун Талас районунда жарыкка келген. 1965-жылы орто мектепти аяктаган. 1966-1969-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1969-2005-жылдары КРнын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматында иштеген. Эмгек жолунун 36 жылын милицияга арнаган акын 2005-жылы ардактуу эс алууга чыккан. Милициянын полковниги. 18 медаль, ок атуучу эки курал менен сыйланган. “Долондон канатымды кайрып алдым” (Ильястын ыры), “Жүрөккө сүйүү из салса” ж.б. элге кеңири таанымал отузга жакын обондуу ырлардын автору. Төрт адабий китеп чыгарып, окурмандарга толугу менен…..

А.П.Чеховдун “Кутучадагы адам” китеби кыргыз тилинде жарык көрдү

Акын Таштанбек Чакиевдин котормосунда А.П.Чеховдун “Кутучадагы адам” аттуу китеби жарык көрдү. Китепте дүйнөлүк адабияттын ири өкүлү А.П.Чеховдун тандалма аңгемелери киргизилген. Чыгармаларда ак менен кара, өмүр менен өлүм, адамгерчилик менен наадандык, боорукердик менен ташбоордук өңдүү турмуш философиясы таасын чагылдырылган. Эскертүү: Китеп аз санда чыгарылгандыктан китеп дүкөндөрүндө азырынча жок, автордун өзүнө кайрылыңыздар.

А.П.Чехов: Альбом

Альбом Катуурак шамал болсо кулап калчудай кейиптенген Кратеров деген титулдук кеңешчи алдыга бир кадам таштады да, Жмыховго бурулуп: -Улуу даражалуум! Бизге көрсөткөн аталык камкордугуңуз жана узак жылдарга созулган жетекчилигиңизди эске алып… -Он жылдан ашык мөөнөткө созулган, – деп кошумчалай кетти Закусин. -Ооба, он жылдан ашык убакытка созулган жылдарды эске алып, биз, cиздин кол алдыңызда иштегендер, биз үчүн салтанаттуу… мына… ушундай  күнү сизге болгон терең урмат-сыйыбыздын белгиси катары, бардыгыбыздын сүрөтүбүз салынган мына бул альбомду белек кылуу менен дагы далай жылдар бою, кандай десем… көзүңүз өтүп кеткиче биз менен бирге болууңузду каалай толугу менен…..

С.Рысбаевдин “Бүтпөй калган өмүр” аттуу китеби жарык көрдү

КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, балдар жазуучусу Сулайман Рысбаевдин “Бүтпөй калган өмүр” аттуу китеби жарык көрдү. Бул китепте өткөн кылымдагы элибиздин башынан кечирген алаамат күндөрдөгү кыйынчылыктары, ошондой шарттагы адамдык кудурет, вазипа, жана адамгерчилик сапат, өмүр үчүн күрөш, адам өмүрүнүн бүтүшү жана бүтпөшү тууралуу философиялык идея берилген “Бүтпөй калган өмүр” аттуу повесть, бүгүнкү күндөгү жаштардын жаңылыштыктары, турмуштагы ач көздүк, абийир тазалыгы жана кылмышка жараша элдик жаза – элден чыгаруу жазасы тууралуу жазылган “Тукуянсыз” аңгемеси камтылган. Китепти 1000 нускада “Жамгыр” басма үйү чыгарган. Китеп окурмандар үчүн “Шанс” китеп дүкөнүнө сатыкка коюлду.

Атакул Жакыпов: Куштарды узатып кайдадыр, турамын муңайым ыр ырдап

Жашыл арал Күү сиңип жашыл жаздын кайрыгынан нур шимип алмончоктой ай нурунан, көгөрүп өсөбүз биз үрөндөрдөй Күн өпкөн Ата Журттун айдыңынан.   Койнунда тосуп таңды, атчу күндү өткөрүп күндөй алтын жаштыгымды, гүлүңдү жыттап мейкин талааңдагы ырыңды ырдаганга бактылуумун.   Бой керип өсө берген күндөн-күнгө балкытып бакыт нурга жүрөгүңдү, Ата Журт ушундай бир асыл нерсе Ата Журт ырга толгон жашыл дүйнө.   Күү сиңип жашыл жаздын кайрыгынан нур шимип алмончоктой ай нурунан, көгөрүп өсөбүз биз үрөндөрдөй Күн өпкөн Ата Журттун айдыңынан.   Мен шоокумду сүйөм жазгы түндөгү Мен шоокумду сүйөм жазгы толугу менен…..

Акын, КРнын Мамлекеттик гимнинин авторлорунун бири Ш.Кулуев дүйнөдөн өттү

Кыргыз адабияты оор жоготууга учурады. Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, акын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимнинин авторлорунун бири Шабданбек Кулуев 78 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Акын Шабданбек Кулуев 1942-жылы 1-январда Жумгал районунун Чаек айылында туулган. 1966-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин механика-математика факультетин аяктаган. Эмгек жолун 1963-жылы Суусамыр өрөөнүндөгү 8-март, Каракол башталгыч мектептеринде мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1969–1990-жылдары Жумгал районунун Жумгал, М.В.Фрунзе атындагы орто мектептеринде тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары, директор, 1990–2006-жылдары Жайыл районунун Түркмөн атындагы орто мектебинде математика мугалими болуп иштеген. Республикалык “Кыргыз туусу” гезитинин штаттан тышкаркы кабарчысы болуп иштеген. толугу менен…..

Догдурбек Юсупов: Куйкум

Чоңоёт деген ушул -Ий-е-е, кемпир, чыга түшүп жонубуз, узарат деген ушул, кадимкидей колубуз, – деп Балпыкең, сөзүн салмактуу баштаптыр. Кубангандан толкундап, кадамын кере-кере таштаптыр. Кыбыңдатып көзүн, улантат дейт минтип сөзүн: -Уулубуз чоңоюп, эр жетет деген ушул, тамеки тарта баштаптыр. Ушул уулдан ишенимим чоң, сөзүн угуп койбойт, өзүмөн башканын. Тим эле суктанасың, окуп көрсөң, тоголок арыз жазганын. Байкап көрсөң, куп гана, өзүмдү тартканын. Карабайсыңбы аракты, ичиркенип койбой, дал мага окшоп, чоң ыстыкан менен, көмкөрүп ичип жатканын.   Жалгыз арман -Ыя, Балпыке, сенин жоктур арманың, импортный буюмдар дайыма алганың, жапондук магнитофонду көтөрүп толугу менен…..