Атакул Жакыпов: Куштарды узатып кайдадыр, турамын муңайым ыр ырдап

Жашыл арал

Күү сиңип жашыл жаздын кайрыгынан

нур шимип алмончоктой ай нурунан,

көгөрүп өсөбүз биз үрөндөрдөй

Күн өпкөн Ата Журттун айдыңынан.

 

Койнунда тосуп таңды, атчу күндү

өткөрүп күндөй алтын жаштыгымды,

гүлүңдү жыттап мейкин талааңдагы

ырыңды ырдаганга бактылуумун.

 

Бой керип өсө берген күндөн-күнгө

балкытып бакыт нурга жүрөгүңдү,

Ата Журт ушундай бир асыл нерсе

Ата Журт ырга толгон жашыл дүйнө.

 

Күү сиңип жашыл жаздын кайрыгынан

нур шимип алмончоктой ай нурунан,

көгөрүп өсөбүз биз үрөндөрдөй

Күн өпкөн Ата Журттун айдыңынан.

 

Мен шоокумду сүйөм жазгы түндөгү

Мен шоокумду сүйөм жазгы түндөгү:

ай терметкен теректердин шуудурун,

нур шимирип жылдыз чеккен дайрадан

ат акырын шылдыратат суулугун.

 

Козу-Баглан өмүр алып аккансыйт

уйкудагы өрөөндөрдү жаңыртып,

ай талаадан жалгыз кулун кишенейт

алыс калган балалыгын сагынтып.

 

Обонунда жалаң арзуу, сагыныч…

кошуна кыз мынча бүгүн кусалуу,

шоокумдарда балкып чексиз суналат

айлуу жолдор алыстарга узарып.

 

Түнкү гүлдүн таажысында шүүдүрүм

тоолук кыздын мойнундагы шурудай,

бойго жеткен кыздар көлгө келишет

боюн жууп айдын аппак нуруна.

 

*****

Жашыл толкун жээкти уруп тынымсыз

деңиз бүгүн бир башкача шарпылдайт.

Канаттарын күнгө күүлөп акырын

келгин куштар күн батышка кайтууда.

 

Күбүп жаткан жалбырагын эң соңку

күзгү токой күңгүрөнөт шуулдап.

Аалам азыр бир ажайып керемет,

кечки күндүн албырттаган нурунда.

 

Сейрек болот мындай сулуу көрүнүш

же жазда эмес, же жайда эмес, кыш алды.

Мунун өзү эске түшөр көп ирет

сагынычтуу сарсанаанын жышааны.

 

Токой, деңиз күңгүрөнөт, шарпылдайт

сезим толгон бир зор агым тартылбайт.

Кызыл өмүр, кызык жашоо кол булгайт

кылкылдаган горизонттун артында.

 

Кечки сүрөт

Кыз. Булак. Чака.

Жалбыздын аңкыган жыты.

Балбылдап

күн боёйт чачын ал кыздын

көзүнөн өөп албырган,

 

көйнөгүн чайып нурларга

шоодурак, сары, кырмызы

жоолугун желге булгалап

жоодурап турган.

Кыпкызыл

булуттар чөгүп түбүнө

чакада асман чайпалат,

ай-талаа жапан бир үндө

обонун кыздын кайталап…

 

Ооруканадагы түн

Чөйчөгүнө толуп алып чолок жаш

чакыраят көздөр шыпка тигилип,

чаап өтөт тээ алыстан, алыстан

аргымагын азынатып тирүүлүк.

 

Кайда кезиң ойноп жүргөн шоктонуп

кайда мезгил менменсинген, чиренген?

Бүлбүл жанып жарыктыктын оттору

үмүт соолуйт үзүп алган сирендей.

 

Турмушундай кетилген да, жешилген

терезеде ай иймейет ороктой,

ай нурундай ичкиң келет шимирип

ар тамчысын өмүрүңдүн коротпой.

 

Оош-кыйыш жолдорунда тагдырдын

ары чуркап, бери чуркап күн өткөн

кездериңди эстеп сары чырмооктой

сары санаа өсүп чыгат жүрөктөн.

 

Чакырайып көз кадалат дүйнөгө

бет алдыдан өтүп жаткан дүңгүрөп,

жашоо барбы эртең жарык турмушка

өмүр барбы, сүйүү барбы? Ким билет…

 

Элегия

Куштарды узатып кайдадыр

турамын муңайым ыр ырдап,

жүрөктү эзгилеп баратат

кеч күзгү көңүлсүз шыбыргак.

 

Сагыныч жыттанып аңыздар

сапсары, мендеги санаадай

кусалык өрт койгон каректе:

бүбүлдөйт бозомук талаалар.

 

Келгиндер кетишкен алыстык

агарат бакыттын жолу окшоп,

ыйлагым келет мен негедир

шолоктоп, шолоктоп, шолоктоп.

 

Куштарды узатып жапжалгыз

турамын муңайым ыр ырдап,

көңүлдү үшүтүп бүтүрдү

шыбыргак, шыбыргак, шыбыргак.

 

*****

Ай калкыйт көктө, жел эзип

айдың көл бети иримдейт,

апакай ууз денесин

аймалап кыздын киринген.

 

Шоокумда түнкү мунарык

шоолалар ойнойт куушуп,

көл менен кызды кубанып

көгүлтүр нурга жуушуп.

 

Көл жатат тунук иримдеп,

кыз турат жээкте киринген,

көйнөгү, чачы, жоолугу

көгүлтүр нурга дирилдеп.

 

*****

Азоо, жапан жылкылар азынаган

кайда чаап баратат, жарып түндү.

Коога толгон сезимин жашыра албай,

дүйнө бүгүн не мынча күрүгүлүү.

 

Айды чапчып алчудай атырылып,

мынча ээлигип, не мынча окторулат?

Куйрук, жалын шуулдап сапырылган

шамал үзүп кетеби? Токтогула!

 

Кайсы опаасыз тагдырды беттеп алып,

кайда чаап, ээлигип барасыңар.

Калбагыла кан жолдо жетпей калып,

жетпей калып тагдырдын марасына.

 

Азынатып тизгинин бура тарта,

азоо, жапан турмуштун окторулган,

жапан тоодо жашаган жапан аттар,

токтогула, бир азга токтогула!

 

Август боёктору

Дайра бою. Жээкте кум эшилген

шоокуму жок мурдагыдай шарпылдак,

күрпүлдөбөйт таң эртең, же кечинде

буркулдаган буура кези тартылган.

 

Көңүл калган адамындай акырын

салкын тартып муздап барат ысык жай,

чайпап, чайкап тунуп калган акылын

чарпаяда чалдар ичет ысык чай.

 

Жайлоо жолу. Чабдар атта койчуман

үргүлөгөн уулун келет өңөрүп,

узун жолдо узун-узун ой чубап

өмүрүнүн өрдөп калган тереңин.

 

Камчы өрүмдөй жалгыз аяк ичке жол

кайра дагы буюрабы келүүнү?..

кечмеликте келин ойлуу ничке бел

ат суулугун шылдырт-шылдырт кемирип.

 

Бакта алмалар бышып калган кыпкызыл

кызылынан уялгансып албырат,

чаңкаганга чала кымыз жуткузуп

чанач чайкап чаарала чал турат.

 

Козу-баглан. Тал чыбыктар. Көпүрө

Күн батарда манаттанып кызарып

Козу-Баглан өрөөн жарып толкундайт,

жээгинде көкүлүндөй кыздардын

тал чыбыкты суу өпкүлөп, солкулдайт.

 

Солкулдатып, тал чыбыкты солкулдак

күүгүм кечте чачын жазып узартып

күндөр кайда көпүрөдө олтурган

күн кызарып, күндөн да сен кызарып.

 

Күлкү конуп ууртунда албырган

көпөлөктүн канатындай дирилдек,

көздүн нурун көпкө тиктеп талдырбай

көз ирмемче убакытка илинбей.

 

Өткөн ошол унутулгус бир ирмем

жан дүйнөнү толкундатып дайрадай,

келе берет улам толкуп иримдеп

көкүрөктү солкулдатып кайрадан.

 

Козу-Баглан. Тал чыбыктар, көпүрө

албырттаган кечки күндүн манаты,

сенин демиң сиңген назик көкүрөк

кыйгач учкан көпөлөктүн канаты.

“Айрылыш жолдор” китебинен